Сыр

Пайдасы жана курамы

Сырдын курамында этке караганда белок көп. Сырдын пайдалуулугу андагы белоктун организмге жакшы сиңгендиги менен түшүндүрүлөт. Химиктер сырдагы белоктун 98,5% сиңээрин далилдешкен.

Сырдын курамындагы май 30%га жакын. Ал эми май организм үчүн энергиянын булагы болуп эсептелинет. Сырда кальцийдин, фосфордун да чоң өлчөмү бар. Мындан тышкары, ал А жана В витаминдерине бай. Сыр бир гана даамдуу азык болбостон, тамакка болгон табитти ачып, тамак сиңирүүнү жакшыртат.

Тилекке каршы, сырдын пайдалуу касиеттери менен кошо терс жактары да бар. Анын курамында малдын майы болгондуктан, анда холестерин көп. Андыктан, сырды өлчөмүнөн ашыкча колдонуу кан тамырларда маселе жаратышы мүмкүн.

 

Үй шартында жасоо

Катуу сырды жасоо ыкмасы: Бышырылган 4,5 литр жылуу сүткө 2 пиала уютку кошуп, 15-20 саат жылуулап ороп коёсуз. Пайда болгон айранды эмаль идишке которуп, аны ичине суу куюлган чоң мискейдин ичине саласыз. Чоң мискейди отко коюп, ар беш мүнөт сайын температураны 2 градустан көтөрүп туруу керек. Жарым сааттан кийин чоң мискейдеги суу 38-40 градуска чейин ысыйт. Андан соң отту өчүрүп, кичине мискейдеги айран талаптагыдай коюу абалга келгенге чейин бир нече мүнөт күтө турасыз.

Андан соң кабатталган марляга куюп ороп, үстүн оор нерсе менен катуу бастырып коёсуз. Бир нече сааттан кийин сары суусу сырыгып бүткөндө марляны чечип, сырды бычак менен майдалайсыз. Ага 4 чоң кашык каймак май жана жарым чоң кашык сода кошосуз. Бул аралашманы да биринчи жолкудай кылып ысытасыз. Аралашмага жарым пиала каймак, 1 кичине кашык туз кошосуз. Ысытууда бирдей массага келгенче тынымсыз аралаштырып турасыз. Андан соң идишке куюп, муздак жерге коюп коёсуз. Муздаган аралашма даамдуу сырга айланат.

Жумшак сырды жасоо да катуу сырды жасагандай эле болот. Айырмасы, жумшак сырды оор нерсе менен бастыруу процесси бир саатка гана созулат.

 

Сактоо

Үй шартында жасалган катуу сырды сактоо мөөнөтү – 7-10 күн, жумшак сырды сактоо мөөнөтү – 2-3 күн. Сыр муздаткычтын эң астыңкы текчесинде полиэтилен пакетине оролгон калыбында сакталат. Эгерде муздаткыч жок болсо, сырды туздуу сууга малынган кездемеге ороп койсо да болот.

Сыр кургап кетпөө үчүн идишке салынган сырдын жанына рафинад кантынан эки тоголокту таштап, идиштин капкагын жаап коюңуз.
Кургап калган сырды кээде сүткө чылап, калыбына келтирүүгө болот.

https://www.super.kg/ сайтынан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.