«Ойлонуп жолдо келатсам, «обгондоп» кетти булуттар…»

Өмүрбек Дөлөев 1947-жылы, 15-сентябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылында туулган. 1970-жылдын декабрынан ушул мезгилге чейин Ак-Талаа райондук «Айыл турмушу» газетасында адабий кызматкер, бөлүм башчы, анан 19 жыл бою редактордун орун басары болуп туруп, 1999-жылдан бери редактор.1982-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. СССР Журналисттер, СССР Жазуучулар союздарынын жана анын башкармалыктарынын мүчөсү. Ар кандай аталыштагы ыр жана кара сөз, балдарга жана чоңдорго арналган 25 китепке, обондуу 100дөн ашык ырларга жана 7 дастанга автор. Айрым ырлары орус, түрк, англис тилдерине которулган. Бүгүн ардагерлик куракта да колунан калемин түшүрбөй, Ак-Талаа райондук гезитинин башкы редактору кызматын аркалап келе жаткан кесиптешибиз, Өмүрбек Дөлөев агайыбызды 70 жылдык мааракесин утурлап,төр маекке чакырганбыз.

 

Жомокто калган балалык…

…Атам Дөлө аябагандай иштерман, өзгөчө от жылдыздуу адам болчу. Сексен жашында каза болду. Апам сөз билги, кимге болбосун анын кулк-мүнөзүнө жараша мунасалуу мамиле жасай билген, жүйөкеч, таза, сарамжалдуу, атамдан 17 жаш кичүү, атамдан айрыкча сыйды көргөн, өмүр бою урматталган, өңдүү-түстүү, сүймөнчүктүү аялзаты эле.

Ошол жомоктой жашоо балалыгым менен кошо жүрдү десем болот. Атактуу Арпа жайлоосуна көчүү, апам Сейненин алдыартында, алдына өңөрүлгөн же бешиги менен ээрге ыңгайлуу коюлган, тепейип учкаштырып алган, чоңурагыбызды тайга мингизип жылкы айдаган атам жетелеп, жүктүү аттар, чапчактай болгон бээлер, кээде нөшөрлөгөн жаан, Көк-Кыймадагы (жолу татаал, чубама, кыя ашуу) көчтүн кулашы, ашууну аша албай, өөнгө конуштап, катуу жаанда жүк түшүрүү, атамдын камбылдыгы менен тез арада сайма алачык жасай коюп, балапандарга окшогон бизди жамгырдан корголото, ага киргизип, анан жылкычылар болуп үйдү тиге коюшуп, жылкыларын да акмалап карашып, атам кайдан-жайдан экенин эч бир билгизбей дароо отун даярдап, отту алоолонто жагып, алеки заматта жанагы аба ырайынын бороончапкын мезгилин сыртка калтырчу эле.

Эртең менен көбүнчө жылкы дүбүрттөрүнөн ойгончумун. Атам, апам желеге кулундарды байлай коюшчу. Мен жылаңач чуркап барар элем. Атамдын канжыгасындагы ышкындан колума карматып, анан атына мингизип. жетелеп алып үйгө келчү. Жатканда жомок айтып беришчү.

 

«Мен издеген, мени издеген жол…»

Мектепте алдыңкылардын катарында, активдүү окуучу элем. Эсимде, 5-класстан интернатта экенибизде балдар болуп сабакка даярданып олтуруп, «Кыргызстан пионери» гезитин Байгазы деген жолдошум экөөбүз карасак бир ыр жүрөт. «Мындай ырды биз деле жазабыз да», – деп бирден ырды ошол жерден дароо жазып, ошол эле күнү почтодон салып жибердик.

«Жылдан жылга оңолуп,
сабакка көңүл буралы.
Даярдоону сабакты,
дайым ойлоп туралы» – деген саптары бар эле. Ырды жарыялабай, бирок мактап, «кабар да жазып тур» – деген жакшы маанай тартуулаптыр. Анын ырына кичиче сын көз салган экен. 11-классты бүтөр жылы май айында бутум сынып, балдар экзаменге көтөрүп барып турушту. Атам: «Балам, доктур бол, ошонун окуусуна бар», – деген сунушун кыйбай, көңүлүм кыргыз тили, адабияты боюнча мугалим болуу болсо да (журналистика анда дегеле ойдо жок) эки балдак менен Фрунзеге келип, мединститутка тапшырып, кулап калдым. Кыялым менен жарышып:

«Ойлонуп жолдо келатсам,
обгондоп кетти булуттар»
, – деп шофер болуп иштедим.

1976-жылы өтүп, 1982-жылы журналисттин дипломуна ээ болдум.«Ленинчил жаштын» 1969-жылдын 1-январындагы санына, болгондо да биринчи бетине «Алдыдагы өмүрлөр» аттуу ырым басылып чыкканда төбөм көккө жетти. Ошондон тартып бизге келип-кетип жүргөн Турарга, ж.б. акын жазуучуларга жолугуп, поэзия кечелерине катышып жүрдүм.

Ак-Талаага келип райфинбөлүмүндө иштеп калдым. Бир күнү гезиттин редактору Сапарбек Рыспаев мени чакырып, ордум гезитте экенин түшүндүрүп, райкомдун үчүнчү катчысына алып кирди. Ошентип, 1970-жылдын декабрында журналисттик ишке өттүм. Журналисттик иштин деми менен прозалык чыгармаларды колго алууга шарт табылды. Казыбек казалчы тууралуу «Казыбек. Канжандан чыккан казалдар» китебимди чыгардым. Ушул китептен кийин өздөрүндөгү кемкарчты толуктоо менен жазуучу Бактыбек Максүтов повесть, драма жазды. Бир катар аспиранттар окумуштуулук даражага ээ болушту. «Ак-Мөөр – Ак-Талаанын айпериси» аттуу тарыхый очерк китебим ошондой эле прозалык «Кулубай ата», «Ак-Талаа – куттун жергеси», «Көлдү айланган кут», «Жаңы кылымдын жалтанбас баатыры», «Кош бол, жазым!» аттуу даректүү баяндар, тарыхый адамдардын өмүр, турмуш жолдору жазылды. Ал эми «Ак-Талаанын аргымагы – дүйнөнү дүңгүрөткөн Жарыктөш» китебимде «Манас – 1000» тоюндагы дүйнөлүк жарышта озуп келген тулпар жазылган.

80дей ырыма, 7 дастаныма обон жазылып, ырдалып жүрөт.

 

Элеттик акын жана эргүү…

Ыр – бугуңду жазган, көркөм дүйнө кениңди түпкүрүңдөн аял-буялга келтирбей казган керемет нерсе окшобойбу. Кайберендейби, балыктайбы, оттойбу, аарыга жолуккан гүлдөйбү, ыр сабы же ыр жаратчу жаркын ой жүрөгүңө куттай түшө калат көлкүлдөп. Тутуп калуу, кармап калуу – бактың! Уйкудабы же уйкусоодобу, ошентет. Жаныңда фонарик, калем, кагаз. Кадимкидей ыр саптары куплет болуп ойдо токула калат. Кайталанып турат, жаныңды жаркыратып. Кудум ойгоо жүргөндөйсүң. Турайын десең, тим эле жатталып, катталып турат көңүлүңдө. «Эртең менен эле жаза коёюн», – деп, уктап каласың. Эртең менен эч нерсе жок, бүт өчүрүлгөн. Же той-тороподо, жамандык-жакшылыкта топ арасында, сыртта же үйдө олтурасың. Жаныңда жаракжабдыгың даяр. Дагы баягы түндөгүдөй ыр саптары «жаз» деп сагаалап турат көөдөнүңдү.

«Эми, эл көзүнчө уят го, анан эле унутпай жаза коем», – деп алданып, анан ал да ойдон кайым, таптакыр таппайсың. Ушинтип, эң жакшы деген ырларың ошондо өксүп, өмүр бою өкүнөсүң. А, колго түшкөн, тутуп калгандар сөзсүз алга жараша ыр болуп чыгат.

 

Эртең…

Бул милдеттүү, өтө чоң суроо. Эртеңге өмүрүң татыйбы? Эртең эстелип калгыдай жашай алдыңбы? Ар бир чыгармаңда ушул ой жаныңды эзери, аны өзүң эч качан билбегениң, ошого сарсанаа болуп жүрүп акыл-эстүү ар бир адам жарыкчылыктан узай берери өмүр мыйзамы го?..

Ар бир уул-кызың эл ичинде сенин эртеңиңде өзүн кандай орду менен алып жүрөт? Ата наамына шек келтирип, сени эртеңден сыздырып салбайбы? Эртеңиңдин маңызы мына ушунда…

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу», 09.08.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.