КР эл акыны Майрамкан АБЫЛКАСЫМОВА: «Жол турса басып тескери, жоголгон күндөр эстеби?»

Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова Кемин районунун Кызыл-Суу айылында 1936-жылдын 7-ноябрында туулган. Бүткүл союздук Ленин комсомолу жана Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн. Ырлары орус, украин, казак, монгол, немец, поляк,француз тилдерине которулган. «Атаке баатыр» драмасы Кыргыз улуттук академиялык драматеатрында коюлган. «Ардак белгиси», III даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланган.

– Көптөн бери кебиңизди укпай, сагындык? Ушу тапта эмнени ойлоп отурдуңуз эле? Келиңиз, маегибизди ошону менен баштайбыз?

– Азыркы тапта Жазуучулар союзуна мүчө болгон 600дөн ашуун акын-жазуучу бар экен. Көбү базарда картөшкө, ун сатып иштеп, тапкан каражаттарына кичинекей китеп чыгарып… ал да кандай китеп, деңгээли жакшыбы, жаманбы, болбой эле союзга мүчө боло беришиптир. Таң калдым. Бул – кыргыз адабиятынын эгемендиктен берки чар жайыттыгы, өз нугун таппай каржалып калганы го. Адабияттын кыйынчылыктан баш көтөрө албай калганыбы деп аябай кейип кетем. Бирок ак-караны билип, ажыратып таанып окуган окурмандар менен таланттуу, шыктуу жаштардын бар экенинен улам Кудайга шүгүр деп калам. Артыңда келаткан жаштардын күчтүү болгону – адамга кубат берет. Адабияттын, демек, эне тилдин келечегинен үмүт бар.

Сын демекчи, илгери Аалы Токомбаевди да сынга алып “тепкилешкен” учурлар болгон. Бир жолу телефон чалыптыр: “Менин досторумдун баары өлүп калды. Сүйлөшөөргө киши жок. Тирүүнүн өлүгү болуп үйдө отурам. Күндө келип турчу. Түштө кафеден тамак жебей, үйгө кел, кобурашып бирге чай ичели”, – дейт. Андан “Ала-Тоо” журналында иштеп турган кезим. Ошол кезде анан окурмандар менен жолугушуусун өткөрдүм. Сүрөтчүлөргө тапшырма берип дубал гезит жасатып: “Аалыкем сүйүүгө тойгон эмес” деп тема коюп, жалаң сүйгөн-күйгөн ырларын жаздырдым. Көңүлү көтөрүлүп, бир күлүп алсын дегеним да. Кечеде анан Аалыкенин чыгармачылыгы боюнча диплом жазгандар, кандидаттыгын жактагандар жалаң эле илимий докладдарды жасап киришти. Баарынын эле сөзү бири-бирине окшош. Эл тажайт да андайда. Анан мен чыгып айттым: “Ай, Аалыкенин тескери баскандарынын баарын мен билем. Булар окшош эле доклад жасап, мактап-жактай берип мээңерди ачыттыбы? Азыр мен жаман жактарын чукуйм”, – десем баары дуулдап, кол чаап жиберишти. “Аалыкени силер билбейсиңер. Бул киши – жөн жүрбөгөн киши. Ата Мекендик согушка барган эмес. “Таланттуу киши, сулуу киши” деп армияга албай коюшкан. Канчалаган кыз-келиндерди сүйгөн, сүйүүгө такыр тойгон эмес. Эми карыганда да жөн отурбай, “Эч ким карабай жатат” деп ыйлап: “Муңдашым Мунар кайдасың?” – деген ыр жазыптыр”, – десем өзү кошо күлүп жиберди. “Ишенбесеңер мына, – деп:

“Муңканып жалгыз олтурам,
Муңдашым мунар кайдасың?” – деп ырдап ийип, бир топ секетбайларын жатка окуп салдым. Чарчагандар жыргап күлүп, чыгып кеткендер кайра кирип кол чаап калышты. “Эми бул киши кылганын өзү деле мойнуна алат, – дедим.

– Улгайганда Кудайдан:

“Эстеби, жаным, эстеби?
Экөөбүз жүргөн кечтеги,
Жол турса басып тескери,
Жоголгон күндөр эстеби?” – деп кечирим сурап отурат. Азыр түн ичинде жоголо албайт.

– Мунар деген ким болгон? Аалы агайыбыздын байбичесиби?

– Жок. Башка. Аалыкем маалында абдан сулуу, шыңга бойлуу, жакшына жигит болгон да. Ага ашык болгондор, ал ашык болгондор да көп экен. Байбичеси болсо – казак кызы болчу. Мен билгенден ал Аалыкемдин чыгармачылыгын көп деле түшүнө алган жок. Аалыкемдин кадырын, чыгармачылыгын баалаган жагынан Тамара деген кызы кыйын чыккан. Кийин Аалынын музейин да ошол кызы ачты. Ал да өтүп кеткен. Андан көп өтпөй эле уулу Тараз да өттү. Тараз ошону сезсе керек, ооруп калып эле, шашкалактап: “Эже, сценарийин өзүңүз жазыңыз. Атамдын эскерүү кечесин өткөрөлү”, – деп калды. Бардык чыгымын өзү көтөрүп, мен докладын жасап, кечеси өттү. Ошондон кийин көп өтпөй эле кете берди.

– Ошол “Мунарым” деген ырына Асанкалый Керимбаев обон чыгарып, эми да эскирбей ырдалып жүрөт. Аалы агай өзү укту бекен?

– Обон жаңы чыккан кезде Асанкалый редакцияга келиптир: “Майрамкан эже, Аалы агайдын ырына обон жаздым. Өзүнө угузайын дедим эле, жардам бериңизчи?” – деп. Ал-жайын сурасам, бир өзбектин үйүндө акы төлөп жашап жүрүптүр. “Үй-жайым жок, ар кай жакта темселеп жүрөм, эже. Агайга ушуну бир угузуп койсоңуз”, – деди. Анан мен Аалыкеме телефон чалдым: “Аалыке, карыганда үйдө отуруп алып: “Мени эми эч ким карабай калды, муңдашым Мунар, кайдасың?” – деп муңканып жазган ырыңызга мыкты обон чыгыптыр. Азыр обончуну эрчитип барам, дасторконуңузга казы-карта койдуруп, күтүп алыңыз”, – деп. “Борс-борс” этип күлүп калды. Бардык. Айткандай эле дасторконун жайнатып, күтүп отуруптур.

Бир аз даам сызган соң: “Кана, эми “Мунарымды” ырдачы?” – деди. Асанкалый укмуштуудай берилүү менен ырдады. Аалыкем да ынанып, муюп угуп отуруп: “Балама кандай жардам берсем?” – деп калды. “Аалыке, баягы сулуулардын баары сизди карабай, чоң арман кылып жаттыңыз эле. Мына, сиздин сүйүүңүз музыкада жашай турган болуп калды. Бул балага бирок акча да, башка да белек бербеңиз. Ар кимдин үйүндө жашап, кыйналып жүрүптүр, үй жагынан жардам бербесеңиз болбойт”, – десем: “Мм… Арызыңды жазып, калтырып койчу”, – деди. Анда ал бүткүл союздук деңгээлде кадыр-баркы бар, анын үстүнө депутат эле. Тамара Асанкалыйды аркы үйүнө эрчитип кетип, колуна кагаз, калем берип, арызын жаздырып калды. Арыздын чекесине Аалыкем: “Менин кадырым үчүн”, – деп кол койду. Ошондон көп өтпөй эле Асанкалый эки бөлмөлүү үйлүү болгон.

– Өткөндө сөзүн Какен Алмазбеков жазган “Сагынам” деген ырды сизге арналган деп уктум эле?

– Ооба.

“Айылдын ары жагынан,
Алмалуу колхоз багынан.
Колума кызыл гүл алып,
Коштошкон күндү сагынам…”

Алмалуу – менин айылым. Илгери айылыбызда жапайы алма өсчү. Тээ тоого чейин жайылып өсөр эле. Аябай кеч бышчу. Биз анын бышканын күтпөй эле жеп алып, бетибиз кызарып, аллергия болуп кетчүбүз. “Булар көк алма жеп балээ болду”, – деп чоң атам бизди качырып, мектепке жакын жерге үй салып, алма бак тигип, тегерегине беде, гүл өстүрчү. Анан артисттер келип, үч күн концерт коюшту. Чоң атам бактын ичине боз үй тигип, артисттерди мейман кылат. Ошондо жатып алышып, ырдашат да. Какен Алмазбеков кичинекей бойлуу акын болчу. Көбүнчө обонго текст жазчу. Жапар Чабалдаев кайда барса жанына алып жүрөр эле. Анан эргип, обон келбейби. Какен Алмазбеков сөзүн жаза коет, Жапар экөөбүз да алымчакошумча кылабыз. Ошентип, ушул ыр жаралып калган. Кетерде элге жарыя кылып ырдады анан. Кийин ушул ыры менен комсомолдун кырк жылдыгына карата фестивалга катышып, биринчиликти алган.

– “Ай, күйдүргүм” деген ырыңыз да эскирбей жашап жүрөт?

– “Мен мококмун, кантейин,
Сен да экенсиң анчейин…
Өзүн суроо салбасаң,
Мен каш кантип серпейин?..”

Мунун обонун Түгөлбай Казаков жазган. Менин ырларымды Мукан Рыскулбеков менен Түгөлбай ырдачу.

– Балким бул ырдын чыныгы каарманы болгондур?

– Аялдардын көбү ушак айтат, ичи тар келет. Ошондуктан мен көбүнчө мырзалар менен дос болдум. Мына бул сүрөттөгү мени менен шыбырашып турган жигит – Валентин Распутин. Орустун белгилүү жазуучусу, публицист, коомдук ишмер. Сырымды билип алмай болдуң.

Валентиндин мага: “Жакшы көрөм” деп жазган каттары бар. Билчүмүн. Жакшы жигит болчу. Бирок тартынчаак эле. Жаныбыздагылар дайыма күлүп, тамашалашчу: “Экөөнүн шыбыры бүтпөйт”, – деп. “Ай, күйдүргүм” деген ыр ошол жигитке арналган.

Эки жыл болуп калды го, өткөнүнө, бечара. Ал каза болгондон кийин, биздин достугубузду Акбар Рыскулов тамашалап чалып жатпайбы: “Эже, сизге дагы бир көңүл айтайынбы, дагы бир жездебиз каза болуптур”, – деп. Мага жакшы мамиле кылгандын, ырымды баалагандын, досторубуздун баарын эле ошентип, тамашалап “жезделер” деп коюшар эле. “Эми эже, тирүүлөрү калдыбы?” – деп калышат. Жолдошум Сагын да ошол акындардын баары менен жакшы мамиледе эле. Чарчаган, капа болгон кезде: “Майрамкан, акындар качан келишет?” – деп сагынып калчу. Алардын ичинде Мар Байжиев агайыңар да бар. Менден да Сагын менен мамилеси мыкты болчу. Эми болсо балдарга: “Мар Байжиев эле жездеңер калды”, – деп тамашаласам: “Кудай ошону аман койсун”, – деп калышат. Айрыкча жаш өйдөлөгөн кезде курдаш адамдарыңдын болгону жакшы экен.

Дагы бир Владимир Санги деген орус жазуучусу бар. Ал дагы ошол Распутин менен бир жүрчү. Азыр Москвада балдар үчүн гезит чыгарат экен, анан ошого интервью берип, тээ жаш кезинде Кыргызстанга келип кеткендерин, менин ага көлдү көрсөткөнүмдү айтып: “Ушул акын менен кабарлаша албай калдым. Аманэсен бар бекен, ошонун амандыгын мага билдирип койгулачы?” – деген экен. Ал гезитти бир бала кармап алып, менин келиниме жолугуп: “Майрамкан эжеге мына бул гезитти бериш керек”, – деп коёт дейт. “Ой, аны мен берип коем, менин апам”, – деп алып келиптир келиним.

– Быйыл Мидиндин 100 жылдыгы белгиленип жатпайбы, бул акын менен да чогуу жүрүп, кебин угуп калдыңызбы?

–Жазуучулар Союзуна келгенде жаштар ага жакын, тегерете отурчубуз. Сөзүн угуп калалы дечүбүз да. Жаңы ырлары бар, жарыкка чыкпай турган “эшек дептери” бар. Жанындагылар менен тамашалашат. Мен билмексен болуп отуруп алып, уга берер элем. Күндө кеп тооруп жатышып, жанындагылар ичкиликке берилтип коюшту. Мидинге Байдылда Сарногоев, Салижан Жигитов үндөшүп калар эле.

Салижан куудул эле. Кулагын кармап алып, эки саптан ыр ырдап, бийлеп күлдүрө берчү. Бир жолу келип, мени ордумдан таппай калган го. Эски кемселим илинип турчу. “Майрам кайда кетти эле?” – десе: “Билбейбиз. Бир жакка чыгып кетти эле”, – дешет да. Тигилерди күлдүрүп жатып, анан чарчап кеткенде:

“Кептешейин деп келсем,
Кемселиң калып өзүң жок.
Кейкейип кайда жүрөсүң,
Ушундай экен дүйнө бок”, – деп жазып коюп кетип калыптыр. Ар бири өзүнчө кайталангыс адамдар… Бүгүн алардын көбү жок, аттиң…

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу», 18.10.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.