Кокон: Аялдардын бардыгы паранжычан Гүлчөтай болгон эмес

Сүрөттө: Элина Абай кызы Курманжан датканын ролунда. 2014.

Кокон хандыгында эрктүү, айдың айымдар арбын болгон. Кокон хандыгы доорунда илим-билимге жана руханий аруулукка чакырган атактуу айымдар тууралуу чакан баян.

 

Алгы сөз

Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы эгемендик доорунда гана жаңыча иликтене баштады. Бирок Кокон хандыгы доорундагы сабаттуулук, айдыңдык жана аны өнүктүрүүдөгү айымдардын ролу дагы эле үстүрт иликтенип келет.

Бир чети, Кокон хандыгынын жана жалпы Борбордук Азия хандыктарынын доорун падышалык Орусиянын оторчул дооруна караганда төмөндөтүп көрсөтүү далаалаттары бул хандыктагы маданий өрүштү калыс чагылдырууга жолтоо болгон. “Хандыктагы аялдар” десе эле көбүнчө орус совет көркөм тасмасындагы көп аялдын бири болгон укуксуз Гүлчөтай эске түшөөр эле.

Экинчи чети, кокон доорун калыс таразалап үйрөнүүгө көмөк кылчу далай жазма булактар жана архивдик даректер биздин күндөрүбүзгө жеткен жок. 1920-30-жылдары басмачылык кыймылы, атуулдук согуш жана алфавитти алмаштыруу жүрүмдөрү маалында далай арап жазмасындагы эстеликтер кароосуз калып, ойрон болгон же атайылап жок кылынган.

Ошого карабастан, бизге жеткен булактардын маалыматтары Кокон хандыгы жалаң гана согуштар уюштуруп, салыктын түрлөрүн таңуулаган мамлекет болбостон, мектеп, медреселер көп курулган, сопулук философиялык ойлорго каныккан жергиликтүү ойчулдар, акындар, калемгерлер калайыкты илим-билимге, көп тилди үйрөнүүгө чакырган орошон айдыңдык дүйнөсү да бар мусулман мамлекети болгонун айгинелейт.

Акын Арстанбек Буйлаш уулу (Бойлош уулу; 1824-1878) Кокон хандыгында болуп, Алымбек датканын көмөгүн көргөн.

Кокон хандыгы доорунда Самаркандын чыгышындагы Жызак тоолорунан Памир, Алай, Чыгыш Теңир-Тоо аймактарына чейин ири чөлкөмдөрдө байырлаган көчмөн жана отурукташкан кыргыздар да Ферганадагы маданий чөйрөлөр менен тыгыз байланышта болгон.

Ошол доордогу кыргыз айдыңдары жазма маданиятты өнүктүрүүдө жалпы чагатай жазма салтынын (анын ичинде ферганалык өзбек жана кашкардык уйгур жазма адабиятынын) таасирин да алгандыгы шексиз.

 

Кокон доорундагы сабаттуу айымдар.

Кокон ордосунда байырлаган ар кыл этностордун ичинен чагатай түрк жана фарсы тилдеринде чыгармалар жараткан далай акын айымдар чыккан.

Надира бегим. Кокон хандыгындагы айтылуу айдыңдардын бири – Омор хандын жубайы, Мадали хандын энеси Махлар айым (өзбекче ысымы Моҳларойим; 1792–1842) болгон. Ал теги боюнча Кокондо хандык сулалени негиздеген көчмөн өзбектердин миң уруусунан чыккан анжыяндык бек Рахманкул бий Ражаб бий уулунун кызы болгон.

Махлар айым Рахманкул бий кызы өзүнүн поэзиялык чыгармаларын көбүнчө “Надира” (“Надира бегим”; өзбекче Нодира) адабий ысымы (тахаллус) менен жазган. “Надир(а)” деген арапча сөз “көзгө басар”, “уникалдуу”, “ажайыптыгы боюнча жападан-жалгыз” деген маанини берет.

Махлар айым (Надира бегим).

Махлар айымдын “Камила” жана “Макнуна” деген адабий ысымдары да болгон. Анын чагатай түрк, фарсы тилдеринде жазган чыгармачыл мурасынын айрым бөлүгү биздин күндөргө сакталып жетип, Ташкен, Анжыян сыяктуу шаарларда ар кыл корлордо кол жазмалардын арасында сакталууда.

1822-жылы тактыга отурган уулу Мадалы хан (Мухаммад Али) эрезеге жете электе Махлар айым ордо иштерин башкарууга да катышкан. Кийин да уулуна кеңеш берип турган.

Орто кылымдардан бери эле мусулмандык окуу жайлардын туу чокусу – медреселер (арапча “дарс окуу жайы”) болуп келген. Улукбектин доорундагыдай шааниге эч көтөрүлө албаса да, бул медреселер Кокон доорунда да сабаттуулуктун жана илим-билимдин бешиги болгон. Аларда тарбияланган жана дарстар окуган далай айдыңдар түрк тилдеринен жана орток чагатай жазма адабиятынан тышкары арапча жана фарсыча адабият менен таанышуу мүмкүндүгүн алышкан. Ал түгүл бир нече тилдерде чыгарма жаза алгандары да болгон.

Махлар айым Кокон хандыгында жазма маданиятты өнүктүрүүгө, окуу жайларды (жогорку билим берген медреселерди) курууга салым кошкон. Маселен, ал «Челпек медресесин» жана «Махлар айым медресесин» курдурган жана Фергана өрөөнүндө илим менен өнөргө демөөрчүлүк кылган.

1842-жылы Коконго баскынчыл жортуул менен келген бухара эмири Насрулла өз доорунун айдың айымын уулу Мадалы хан менен чогуу өлтүрткөн.

Увайси. Кокон доорунда башка кыз-келиндерге окутуучулук кылган айымдарды (эжейлерди) «атун» деп аташчу («отун»; «отин»). Кийинчерээк каныша болгон Махлар айымдын окуткан эжейи – Жахан (өзбекче «Жахон»; 1879‑1845) деген маргалаңдык акын айым болгон. Анын адабий ысымы «Увайси» болчу. Жахан айымга оболу өз энеси Чыныбүбү (Чинни-биби) таалим берген.

Махлар айым (Надира бегим) өлкөнү аскери менен басып келген бухаралык эмир тарабынан өлтүрүлгөн соң, Жахан айым өзүнүн туулуп-өскөн шаары Маргалаңга кайтып, ошол жерде дүйнөдөн кайткан. Анын Увайси тахаллусу менен жазылган ырлар жыйнагынын («диван») ичинен үчөө сакталып жетти.

Дилшад айым. Кокон ордосунда теги тажик, бирок фрасыча гана эмес, чагатай түркчө да ыр жаза алган акын айым бар эле. Анын ысымы – Дилшад (тажикче «Дилшод»; 1801–1905/06) эле. Оро-Төбөгө Омор хан чапкын менен барып, аны 17 жашында туткундап, ордого алып келген. Ал Омор ханга тайманбастан ыр менен жооп берип, анын Оро-Төбөдө көп кишинин канына забын болгон мыкаачылыгын бетине айткан.

«Омор хандын буйругуна кылычтар жанды,
Көрдүм мен, ар сулуунун жүрөгүн жарды».

Андан соң өмүр бою Кокон шаарында жашаган бул акын жана агартуучу айым жарым кылымдай окутуучулук кылган (аны 891 кызга сабак өткөн дешет).

Дилшад айым Кокон шаарын поэзия чордону катары баалаган:

«Мен көптөн бери байырлап келе жаткан жана өмүрүмдүн турагы болгон Кокон шаары акындардын шаары да болуп саналат. Он эки дарбазалуу бул шаарда, (калктын) айтымында, төрт жүз кырк маале бар жана анын ар биринде акындар бар дешет…»

Дилшад айым акын аялдардын айрымдарынын ысымдарын атай кетет: Фидааия (Фидоия), Махин-бану, Хафиза-отун, Дилшаддын өзүнүн дареметтүү шакирттери Бахри-атунча жана Абар-атунча, ж.б. Дилшад айым Надира бегимге учурунда жолуга албай калганына арман кылган. Аны Дилшад айым «Фергана ээлигинин канышасы, мыкты табиттин жана поэзиялык шыктын жана обондуу ырлардын ээси» деп жогору баалаган.

Ал эми Зебунисса деген айым – XIX кылымда Кокон шаарында жашаган даңазалуу өзбек акын айымы болгон. Ал терең билимге да ээ болуп, аялдарды билимдүү болууга үндөгөн. Анын ырларында эркиндик жана адилеттик идеялары камтылган.

Орус чөлкөм таануучусу, өзбек тилин, чагатай жана фарсы жазмасын мыкты билген либерал-демократ Владимир Петрович Наливкин (1852, Калуга – 1918, Ташкент) өзүнүн жубайы Мария Владимировна менен биргеликте жазып, Казан шаарында 1886-жылы жарык көргөн «Ферганадагы жергиликтүү аялдардын турмуш тиричилигинин баяндары» («Очерк быта женщины оседлого туземного населения Ферганы») аттуу китебинде:

«Хорошо знающие грамоту женщины очень редки. Тем не менее в царствование Омар-хана (1816–​1821) в Кокане существовало две поэтессы: одна под псевдонимом Зиннэт, а другая – под псевдонимом Махзуна. Уверяют, что одна из них являлась ко двору хана в мужском платье, с открытым лицом и имел (генеральский) титул – датха. Произведения обеих вошли в Маджму-и шуара, сборник стихов, написанных, как самим Омар-ханом, так равно и его придворными поэтами». (Бул орусча түп нуска текстти орусча да билген окурман өз алдынча үңүлсүн үчүн атайылап кошумчаладык).

«Сабаты жакшы ачылган аялдар өтө сейрек. Ошого карабастан, Кокондо Омор хан падышалык кылып турганда (1810–1821) эки акын айым бар болгон: биринин адабий аты Зыйнат жана экинчисиники – Махзуна болчу. Ишендирип айткандарга караганда, бул айымдардын бири хан ордосуна эркек кишинин көйнөгүн кийип, жүзү ачык бойдон келчү экен жана (генералдык) даражасы – датка наамы бар экен. Бул эки айымдын тең чыгармалары Омор хандын өзүнүн жана анын ак сарай акындарынын калемина таандык “Мажму’-и шуара” деген ырлар жыйнагына киргизилген экен”. (Булак: Наливкин В.П., Наливкина М.В. Очерк быта женщины оседлого туземного населения Ферганы. – Казань, 1886. – Б. 190).

Махзуна. В.П.Наливкин жана анын жубайы эскерген “Махзуна” аттуу адабий ысымы бар акын айым – Мехрибан деген айым болгон. Ал молдо Башмандын кызы болгон. XIX к.жашаган Фазлий деген акын топтогон «Мажмуат уш-шу’ара» (“Акындар жыйнагы”) деген кол жазма китепте Махзуна айым “акылы жана таланты, даремети жагынан Зебунисса деген ысымдуу акын аялга тең келе алчу Кокондогу жалгыз акын аял” деп жогору бааланган.

 

Кокон хандыгындагы кыргыз айымдары

Өзбекстандын маданий тарыхынын мыкты адистери Галина Пугаченкова (1915–2007) менен Лазарь Ремпель (1907–1992) калыс белгилегендей, «Кокон хандыгында шаардыктардын (сарттардын) жана дыйкан тажиктердин курамына көчмөн өзбектер менен кыргыздар жаңы агым болуп кошула берген». Бул тизмеге, албетте, ферганалык түрктөр менен кыпчактарды да кошуу абзел.

Кокон ордосундагы ак сөөктүк жазма адабиятты, өнөрдү өнүктүрүүгө салым кошууда кийинчерээк теги кыргыз Жаркынайым сыяктуу башка канайымдар да Надира бегимдин (Махлар айымдын) жолун уланышкан.

Аким айым. Кыргыздын саруу уруусунун Аксы өрөөнүн жердеген баркы уругунун бийи Токтоназардын кызы болгон Жаркын айым (1802–1868) ордодо “Аким айым” (“Хаким айым”) ардак наамы менен белгилүү болгон. Аны тарыхчы Зиябидин Максым “Малика-йи шахбану” (“каныша” сөзүнүн арапча жана фарсыча маанилеш сөздөрүн удаа жазып) деп урматтап эскерет жана Жаркын айымдын атасы кыргыз бийи Токтоназар датка болгонун көрсөтөт.

(Тарыхчы, Кыргыз-Түрк Манас университетинин профессору Жээнбек Алымбаев Токтоназар датка Аксы өрөөнүндө байырлаган саруу уруусунун баркы уругунан болгонун тастыктап жазды. Айрым таластык калемгерлер Жаркынайымды таластык Асперди бийдин кызы катары көрсөтүшүүдө. Маселен, 2017-жылдын соңунда Таласта өткөн илимий жыйында ушул жоромол басымдуулук кылды).

Зыйнат. Жубайлар Наливкиндер эскерген Зыйнаттын айрым ырлары Ташкен шаарынын архивдеринде азыр да сакталуу. Өзбек окумуштуусу, тарых илимдеринин доктору Хайдарбек Назирбекович Бабабековдун жеке китепканасында сакталып турган кол жазмалардын ичинде 1775–1864-жылдарда жашаган акындардын чагатай түрк, өзбек, фарсы тилдериндеги ырларынан түзүлгөн жыйнакта Зыйнаттын «Бахру адабки…» сөздөрү м-н башталган ыры бар.

Бул ырда “(Дүйнөдө) Аба бар, болсунчу ал! Көлмөдө суу бар – карама-каршылыкка чек коюлаар” деген саптар да камтылган.

Эми бир олуттуу чегинүү жасап, Зыйнат айым тууралуу да өзгөчө сөз кылса болот.

Айрым калемгерлер аны да таластык бий Асперди Чот уулунун кызы катары көрсөтүшүүдө. Аны кыргыз аялдарынан чыккан биринчи датка айым деп да баалашат. Таластык калемгерлердин оюнча, атасынын азан чакырып койгон ысымы – Ак Зыйнат болгон жана анын атасы Асперди кыргыздын саруу уруусунун атактуу бийи болгон.

Зыйнаттын бала чагы Талас өрөөнүндө өткөн. Анын ордого келип, кийин ордодогу таасирдүү адамдардан болуп калышына өзбектин миң уруусунун өкүлү Шералынын 1842-ж. кыргыз жана кыпчак төбөлдөрүнүн колдоосу астында Кокондун хандыгына көтөрүлүшү себеп болгон. Зыйнат Шералы хандын жары жана болочокку хан Кудаяр хандын энеси Жаркынайымдын бир тууган эжеси катары Кокон ордосунда ишмердигин жүргүзгөн.

Демек, Зыйнат датка даражасын Курманжандан мурда алууга мүмкүнчүлүгү бар айым эле. Түздөн-түз Кокон ордосунда кызмат кылгандыгы да мындай даражаны тез алуусунун ыктымалдыгын көбөйтөт эмеспи.

Ал эми Жаркын айым менен Зыйнаттын кичүү замандашы Курманжандын саясий карьерасын тактоо үчүн Курманжандын күйөөсү, кыргыздын оң канатынын адыгине уруусунун өкүлү Алымбек датка Асан бий уулу (1799–1862) тууралуу азыноолак токтолууга туура келет.

Кокон тарыхын жаңыча иликтеген алгачкы докторлук диссертацияны 1998-жылы коргогон профессор Ташманбет Кененсариев ж.б. тарыхчылар жазгандай, Алымбек датка 1831-жылы Кокон ханы Мадалы хандын колунан “датка” наамын алган.

1832-ж. Мадалы хан 32 жаштагы Алымбек датканы Анжыян вилайетинин башкаруучусу, беги кызматына дайындайт. Аталган вилайетке Алай менен Ош аймагы жана Ак-Талаа, Жумгал, Тогуз-Торо, Куртка аймагындагы кыргыздар, ошону менен катар Фергана өрөөнүнүн бир булуңун түзгөн Анжыян аймагы толук кирген.

XIX кылымдагы тарыхка байланыштуу архивдик жана башка маалыматтарды иликтеген тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун жазышынча, 1842-жылы Алымбек датка өмүрлүк жары Курманжанды ээрчитип, белек-бечкегин алып, Шералы ханга салам айтып келген. Ордодон Курманжан Шералы хандын теги кыргыз жубайлары – Жаркын айым жана Соно айым менен таанышат.

Мындан сырткары ордого кошо келген Жаркын айымдын жакын тууганы Зыйнат (кийин датка атыгат) айым менен да Курманжан жакшы ымала түзүп, кыргыздын көрүнүктүү төрт айымы көздөрү өткүчө бири-бирин колдоп, хандыкты башкарууга жигердүү аралашып келишкен. Алымбек датканын ордо менен жакындашуусуна ушул мезгилден баштап Курманжан датка да жардамдашып, ордонун жашыруун сырлары менен кабардар кылып турган”, – дейт К.С.Молдокасымов.

Арийне, 1831-62-жылдары Алымбек датка саясий сахнада өзү жигердүү аралашып турган чакта, анын жубайы Курманжан айым “датка” наамына жете элек болчу; демек, “Зыйнат” адабий аты Курманжан датканын тахаллусу (адабий аты) болчу деген айрым калпыс пикирлерди Кыяс Молдокасымов сыяктуу тарыхчылар туура эле четке кагып келишти.

Зыйнат – акын Зыйнатпы? Ал эми Шералы хандын кайын эжеси Зыйнат өз ысымы менен ырлар жыйнагын жазганбы? Көп акындар адабий ысым колдонгон чакта, ал эмне үчүн өз атын колдонууга барган? Же Надира бегим менен замандаш болгон жана “Зыйнат” ысымын алган инсан – башкабы?

Наливкиндер ансыз деле Зыйнатты Омор-хандын доору менен чаташтырып жатышат, эгерде Зыйнат – анык акын Зыйнат болсо, анда ал Кокон ордосуна Омор хан өлгөндөн кийин 20 жылдан соң гана, 1842-жылы Талас өрөөнүнө келүүгө тийиш болгон (эгерде ал ага чейин эле таасирдүү төбөлгө турмушка чыгып, Кокон ордосунда Мадалы хандын тушунда эле кызмат кыла баштаган болсо, бир жөн. Андай болсо, Шералы тактыга отура электе эле анын кайын эжеси ордодо Мадалы хандын тушунда жашап калган деген бүтүмдү тастыктоочу кошумча тарыхый даректүү маалыматтар керек болот).

Биз да Зыйнат датканын өзү Зыйнат тахаллусу менен ыр жазган айым болчу деп ушунчалык даңазалап айткыбыз келет, бирок бул суроону азыр да ачык калтырууну эп көрдүк. Жаңы булактар керек. Кошумча иликтөөлөр абзел.

Ошону менен бирге, ырларды жазса-жазбаса да, Жаркынайымдын эжеси Зыйнат Кокондогу коомдук иштерге ачык катышкандыгын тастыктай кеткибиз келет. Ал кезде тийешелүү билими жок, сөзгө чечен боло албаган, уяң, коркок айым ордо ишинде ачык айрым саясий ой-пикирин таасын билдирип баш көтөрүп чыга алмак эмес.

Таласта элет жеринде эркин өскөн жана бийдин кызы катары мусулмандык таалим ала алган Зыйнат менен Жаркынайым ордо чөйрөсүндө эркин, азат, демилгелүү айымдардын турумун чыңдай алышкан.

Курманжан Датка П.Пеллио, К.Г.Маннергейм жана небереси менен. 1906.

Айтылуу Курманжан датка Маматбай кызы (1811–1907) да Алай жана Ош аймагында жогоруда айтылган кокон ордосундагы таасирдүү айымдардын илим-билимге жана инсандык эркиндикке чакырган салтын улантты. Оболу ал бул ишмердикти күйөөсү Алымбек даткага таянуу менен жүзөгө ашырса, 1862-жылы күйөөсү кутумда өлтүрүлгөндөн кийин Алайдын жаңы даткасы катары өз алдынча саясат жүргүзүп калган.

Борбордук Азиядагы чагатайча жазма булактарда жана кыргыз санжыраларында чагылдырылган Кокондогу айдың айымдар тууралуу маалыматтар падышалык Орусиядагы булактар тарабынан да тастыкталганын жогорудагы Наливкиндердин эмгегинен көрүп турабыз.

Айтмакчы, мурда бир макалабызда эскергенибиздей, Курманжан датка маркум күйөөсү Алымбек даткага таандык жана кийин да чогултулган бир катар архивдик жана башка даректүү кол жазмаларды бапестеп сактап келген.

Ошол кол жазмалардын арасындагы вакып-намалардын (мусулмандык диний диний мекемеге, мечит-медресеге арнап берилген мүлк тууралуу келишимдердин) биринин маалыматын колдонгон археолог Василий Лаврентьевич Вяткин (1869–1932) орто кылымдарда Улукбек Тарагай негиздеген Самаркандагы атактуу обсерваториянын калдыгынын ордун 1908-жылы тапкан. (Улукбек Мухаммед Тарагай 1394-жылдын жалган куран (март) айынын 22синде Ирандагы Султанийе шаарында туулган жана 1449-жылдын тогуздун айынын (октябрынын) 27синде Самаркан аймагында өлтүрүлгөн; ал – эмир Темирдин небереси, Борбордук Азиядагы көрүнүктүү математик жана астроном болгон).

Эмирзаада Улукбек Тарагайдын бул сүрөтү анын замандашы болгон мусулман сүрөткери тарабынан тартылган.

Бул окуяны кыскача баяндасак, самаркандык Абу Сайид Магзум деген жардамчысы ооруп калганда, В.Л.Вяткин аныи дарылоо үчүн Алайга чейин алып барган. Вяткин 1894-жылы Ош шаарында мугалим болуп да иштегендиктен, бул жакты жакшы билген. Оштогу аскер дарыгери да таанышы болгон.

Ошентип, Абу Сайид Магзум айтылуу Курманжан датканын Алайдагы жайлоодогу конушунда да болуп, саамал ичип дарыланган. Курманжан датка В.Л.Вяткинге жана Абу Сайидге меймандостук ызаат көрсөткөн. Абу Сайид – Самаркандын Заргарон деген бөлүгүндө жашаган каллиграф (арап жазмасын сулуу көчүрүүчү адис) болгондуктан, ар кыл ыкма менен арап арибинде ар башка тилдерде жазылган эски кол жазмаларды жакшы окуй алган.

Абу Сайид Магзумга Курманжан датканын конушунда 5 сандыкка топтолгон эски китептердин казынасын көрсөтүшкөн. Сакайган соң кайра Алайдан Самарканга кайткан чагында Абу Сайид беш сандыктын ичинен өзү иликтөөгө эч үлгүрбөгөн бешинчи сандыкты өзү менен ала кетет. Андагы эски вакып-наамаларды иликтеп жатып, Абу Сайид Магзум XVII кылымга таандык документти табат. Бул кагазда самаркандык бир жесир аял өзүнүн менчигиндеги жер тилкесин сопулук тарыкаттардын биринин дервиштеринин жайына соопчулук иретинде белек кылгандыгы тууралуу айтылган.

Мында эскерилген сөздөрдүн арасында Аб-и Рахмат (Об-и Рахмат, б.а. Ырайымдуу-Суу) арыгы жана “Тал-и Расад” (Тол-и Расад, “Обсерватория дөбөсү”, б.а. жылдызкана жайгашкан дөбө) деген жер аталышы учураган. Кийинки топоним жылдызкананын ордун аныктоодо ачкыч сөз болуп калды. Бул топоним унутта калып, алиги жер “Накш-и жахан” (“Дүйнө сүрөтү”) деп аталып калган болчу. Жергиликтүү калайык болсо бул жерде обсерватория болгонун эчак унуткарып, мында ыйык Кырк кыздын (Чил-духтаран) мазары жайгашкан дегенден башка эч нерсе айта алышпаптыр.

Академик В.В.Бартольддун колдоосу жана өтүнүчү менен В.Л.Вяткинге археологиялык казуу жүргүзүү үчүн атайын каражат бөлдүрүлгөн. В.Л.Вяткин мырза 1908–1909-жылдары Тал-и Расад дөңсөөлүү жайында жүргүзгөн казуу иштеринин натыйжасында Улукбектин обсерваториясынын ордун аныктап берген.

Демек, Алымбек датка менен Курманжан датканын чогулткан кол жазма байлыгынын аркасында илимде чоң ачылыш жасалып, Улукбектин жылдызканасынын калдыгы жайгашкан жер азыркы илим үчүн аныкталган.

 

Медресе курулушуна демөөрчү айымдар

Жогорудагы ар кыл фактыларга кошумчалай кетсек, Ташкендеги орус агартуучусу Фёдор Михайлович Керенский (1837–1912) өзүнүн 1892-жылы орусча жазган макаласында Кокон доорунда кээ бир канышалар жана хандардын жакындары болгон төбөл айымдар медресе курулуштарына демөөрчү болгонун эскерген. (Бул инсан – 1917-жылы Орусияда Убактылуу өкмөттү жетектеген айтылуу Александр Керенскийдин атасы эле).

Фёдор Керенскийдин белгилешинче, Омор хандын энеси Иззат-биби Кокон шаарында “Миң айым” медресесин курдурса, Шералы хандын жубайы жана Кудаяр хандын энеси Аким айым (б.а. Жаркын айым) шаарда эки чоң медресе курдурган.

Расмий кызматы деле болбогон бир катар бай айымдар Маргалаң, Канибадам сыяктуу жерлерде медреселер курдурушкан. Маселен, Канибадамда дамбылда Алимдин кызы Бүбү-Айым (Биби-ойим) курдурган медресе нечендеген кыздарга таалим берген (Надира бегим да алгач ушул жерде таалим алган дешет). 1941-жылы бул медресенин имараты сталиндик абакка айландырылган, кийинчерээк мында медициналык коллеж жайгашкан.

Канибадамдагы эски медреселердин бири. Согд облусу, Тажикстан. 30.10.2013.

Бул сыяктуу медреселердин көпчүлүгү (алардын ичинде Аким айым курдургандары да) кийинки доорлордо, анын ичинде атеисттик совет доорунда, ар кыл шарттарда буздурулган. Бирок бул имараттар жөнүндөгү тарыхый булактарда эскерилген мол маалыматтар Кокон хандыгы доорундагы айдың айымдар өздөрүн гана ойлобостон, башкалар да сабаттуу болушу үчүн медресе ачып кам көргөндүгүн тастыктаган баалуу дарекке айланышты.

Демек, чөлкөмдөгү жергиликтүү этностордун гаремдеги Гүлчөтайлар катары шылдыңга кабылган айымдарынын арасынан нечендеген зээндүү, дилгир, билимдүү, өнөрлүү, эрктүү, күрөшчүл инсандар, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, орустун Екатерина Дашкова (1743–1810) айымы сыяктуу сабаттуулуктун демөөрчүлөрү чыгышкан.

Алардын коомдук орчун салымдарын эскертпей туруп Кокон хандыгынын маданий жана социалдык турмушун калыс чагылдыра албайбыз.

Тынчтыкбек Чоротегин, “Азаттык”, 03.01.2018-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.