Офелия орошон талант эле

Кыргыздын улуттук театр өнөрүнүн гүлдөп өнүгүшүнө зор салым кошкон бир муун залкар режиссерлордун көзү өтүп кетти. Алар башка кесиптердегидей жүз-миңдеп саналышчу эмес. Колдун манжасындай аз болчу. Жалил Абдыкадыров, Бообек Ибраев Медербек Назаралиев, Эрменбек Токтогулов, Адылбек Дыйканбаев, Искендер Рыскулов… Ал убакта көрүүчүлөр театрга батпай, билеттер эрте сатылып, ар бир жаңы спектакль орчундуу окуяга айланчу. Офелия Эркинбаева ошол үзөнгүлөш иштеген курбалдаштарынын арасындагы жалгыз аял режиссер эле. Бир муун залкарлардын акыркысы, көзү тирүү көзүрү болчу. Тилекке каршы, Офелия эже быйылкы жылдын август айында, 80 жашка чыккан курагында оо дүйнө салып кете берди. О.Эркинбаеванын көзү өтүшү менен ошол бир муун режиссёрлордун тизмеси үзүлүп калды. Кайран дүйнө, кайталангыс таланттардын баарын “болчу” деп, өткөн чак менен эскерип отурабыз. КР эл артисти, даңазалуу режиссер эжебиз 60тан ашык дүйнөлүк, орус жана улуттук классикалык чыгармаларын сахналаштырды. Онго жакын пьесанын автору болду. Ал европалык үлгүдөгү атамекендик театр искусствосунун өнүгүшүнө жарым кылымдан ашык мезгил кызмат өтөдү. Эми минтип, баары тизилип учкан каркыралардай катарын бузбай өтүп кете беришти. Аларды эскерип туруу биздин милдет.

 

1-апрелдеги “өч алуу”

Бир жылдары Офелия эже менен Кыргызстан театр ишмерлер союзунда бирге иштеп, ага жакын болуп калдым. Ошондон болсо керек, кээде ээрчип алып, өзү тууралуу бир нерселерди сүйлөтүп алчумун. “Эже дагы айтып бериңизчи”, – деп кызыктуу кептерин угуудан тажабас элем. Ал азыркы Т.Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрында иштеп жүргөн кези. Таң эртең менен жумушка келе жатса, көчөдөн бир жигит: “Эжеке, сиздин капчыгыңыз түшүп калды” дейт. Ал артын караса, “Бүгүн 1-апрель эмеспи” деп, күлүп басып кетет. Эже театрга жүгүрүп кирип келип, дароо аксакал актерлорду чогултат. “Акебайлар, дейт демигип, Борбордук Комитет жактан жакшы кабар уктум. Компартиянын Борбордук Комитетинин Биринчи секретары Т.Усубалиев өзү кабыл алып, сүрсүп жаткан наам-сыйлыктарды берет окшойт. Аттуу-баштууларды келсин дептир. Кокуй тезирээк баргыла, кечиктиңер”, – деп шаштырып калат. Актерлордун айрымдары, үйүнөн орден, медалдарын алдырып, кээси такси чакырып чаап барып, кара костюм, ак көйнөктөрүн кийип келе коюшат. Бири эжени: “Угуп алып эмне эрте айткан жоксуң?” деп каарыйт. Жүрөктөрү дүкүлдөп, эргип шашкандардын он чактысы БКга жетип барышса, ал жердегилер чакырган эместигин айтышып, жолго салышат. Офелия эженин ал жоругун башкалары угуп алышып, “Окебай, ушуларды абдан туура кылдың. Өчүбүздү бир алып бердиң”, деп, кыткылыктап күлүшөт. Ал эми БКга баргандарга: “Ар дайыма наам-сыйлык сурап, даттанып бара берип көнүп калган жериңерге жарым саат отуруп келишсин, ак үйдөгүлөр арызчыларды сагынышкандыр деп ойлодум”, – деп 1-апрелди эске салып кутулуп кетиптир.

 

Бакен Кыдыкееванын “өрдөктөрү”

Гезитте иштеп калган жылдары деле Офелия эже менен маектешип калчумун. Бир ирет: “Бакен Кыдыкеевага коомчулук улуу актриса гана эмес, адамгерчилиги дагы бийик экенин айтып келишет. Мындай баа ага эмнеликтен берилген?”, – деп сурап калдым. “Мен анда Т.Габбенин “Альманзордун сыйкырдуу шакектери” чыгармасын репетиция кылып жаткам, – деп, сөз баштады ал. – Бакен эже канышанын ролунда болчу. Залда театралдык студиянын студенттери отурушкан. Репетиция бүтөр замат бир жакка шашып жаткан Бакен эже бир бутафорияны буту менен тээп чыгып бараткан. Мен аны дароо токтотуп: “Бакен эже, кайра кайрылып, тиги оокатты колуңуз менен көтөрүп, ордуна коюңуз. Ал тетрдын мүлкү эмеспи”, – дедим. Бакен эже болсо: “Ии, шашкалактап жатып, көрбөй тээп алган турбайымбы. Кечирип койгула айланайындар”, – деп кечирим сурады. Ошол жетимишинчи жылдары мен жаш режиссёр болчумун. Ал эми Бакен эженин даңкы ай чапчып турган кези эмес беле. Мүмкүн анын ордунда башка бирөө менин өзүмдү “ордума ортургузуп” коймок. А чынында улуу адамдар гана кектебейт, кечирим суроого эрки жетет. Ошол эле күнү кечинде чарчап театрда отурсам, Бакен эже келип: “Жүр, Окебай, кыздарды чогулт, өрдөктөргө түшүп ойнойбуз”, – деп, шаңкылдап күлүп калды. Ал театрдын жанындагы Панфилов паркындагы өрдөк кылып жасалган каруселдерге түшүп алып, кудум баладай ойногонду жактырчу. Ошентип кээде эжени ээрчип барып, өрдөк каруселдерге түшчүбүз”, – деп эскерген.

 

Жамановду жылан менен коркутуп

Залкар актер Сыдыкбек Жаманов жаш кезинде тоодо чөп чаап жүрүп, чарчаганда чалкасынан жатып уктап калыптыр. Бир кезде анын төшүнө кулачтай болгон жылан сойлоп чыгып, оролуп жатып алат. Чочуп ойгонуп, жыланды “шарт” таштап жиберип, кутулууга үлгүрүптүр. Ошондон кийин, ал өмүр бою жыландан коркуп жүрүп өткөнүн айтып калышчу. Анын бул окуясын тамашакөй актерлор жакшы билишчү экен. Бир жолу Офелия эженин алты жаштагы уулу Медет дүкөндөн жыгачтан жасалган оюнчук жылан саттырып алат. Апасын ээрчип театрга келген бала аны менен актерлорду коркутуп ойной баштайт. Ошол учурда ал кездеги жаш актерлор Имаш Эшимбеков менен Тургун Бердалиев экөө тамаша кылмакчы болуп, балага: “Тээтиги байкеңди барып коркутуп кел”, – деп, Жамановду көздөй жиберишет. Жаманов: “Айланайын, бул кимдин баласы эле менден ары алгылачы”, – деп, чуркаган боюнча театрдын фоесин аралай качат. Оюнчук экенин көрүп турса да “чын жыланга окшоп жатпайбы”, – деп, жүгүрүптүр.

 

Апамдын тарбиясы

– Апамдын көпчүлүк убактысы жумушта өтчү. Ошого карабай колго лагман чоюп, бешбармак, палоо жасап берүүгө түн болсо да убакыт тапчу, – дейт, режиссёр эженин уулу Эрик Тургунбаев. – Апамды ээрчип алып театрга барганды жакшы көрчүмүн. Анткени, ал жакта спектаклдерге колдонулчу жыгачтан жасалган сонун кылычтар, автоматтар, пулемёттор турчу. Булар мага чыныгы буюмдай сезилип, “мага ойноого беришсе”, – деп кыялданчумун. Декорациянын, бутафориялардын өзгөчө жыты болот. Бала чакта мага ошол сырдуу, кызыктуу атмосфера абдан жакчу. Спектаклдин каармандарынын сонун кемер курларын көрүп алып, “Кандай бактылуу адамдар ушуну курчанышат болду экен”, – деп ойлочумун.

– Апам агам экөөбүздү катуу кармап тарбиялады. Башталгыч класстарда окуп жүргөн кезим болчу. Бир классташым экөөбүз сабактан качып, “Люкс” дүкөнүнө бардык. Ал жерден мага оюнчук машина абдан жагып калды. “Кызыл машинаны сатып алсам, үйгө алып барып полго дырылдатып ойносом”, деп кыялданып кеттим. Мектепке келсек биздин класс физкультура сабагында экен. Кийим которчу бөлмөгө барып, классташ балдардын чөнтөгүн “тазалап”, тыйын-чакаларын алып жатканбыз. Ошол учурда уурулугум кармалып калып, ал кабар апама жетти. Эми мени кур менен далыман шапалак алат го деп жүрөгүм түштү. Апам кечинде тамакка отурганда, “Эми сени театрга алып барганымда ал жердегилер Офелиянын баласы ууру дешет”, – деп коркутуп айтты. Апамдын бул сөзү мага октой катуу тийди. Театрдагы Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова сыяктуу дөө-шаа артисттер “Офелия Эркинбаеванын уулу ушундай экен да…” деп, жаман көрүп жатканын элестетип жибердим. Ойлоп алып, уятымдан жүрөгүм “зырп” этип кетти. Көрсө, режиссер адам, адамдын жан дүйнөсүнө таасир эте турган жагдайды дароо табат турбайбы…

Апам драматург авторлор менен чыгар-маны талдап иштегенде эркектей болгон тике карап айтма курч мүнөзү сезилип турчу. “Бул пьесаңды сахналаштырууга болбойт. Мени кыйнабай алып кете бер. Сценадагы окуя конфликт аркылуу чечилиши керек. Анысы жок эле, былжыратып сүйлөтө берипсиң”, – деп айтып салчу. Төлөмүш Океев “Кызыл алма” фильмин тартып жаткан жылдар экен. Чыңгыз Айтматов тасманы тартуу учурунда келип көрүп: “Мен мындай жазган эмесмин, бул жерден чыгармамды чойгулап жибериптирсиңер”, – деп айтыптыр. Анда улуу режиссер Океев: “Чыкемдин быша элек алмасын бышырайын деп жатсам да жакпай койдум”, – деп коёт дейт. Айтматов кийин көрүп алып, “Деги силерге, режиссерлорго арга жок экен”, деп, ыраазы болуптур. Анын сыңарындай, апам да далай авторлордун чыгармасын чогуу бышырышып, сахнага алып чыкты. Миң кырлуу, миң түрлүү түйшүгү бар чыгармачылыктын табияты ушундай экен, – деп эскерет эженин уулу Эрик Тургунбаев.

 

Улуу актердун кичине ролу болбойт…

Бир жылдары кыргыз драма театрына иш менен барып калдык. Режиссер эже чоң залда Советбек Жумадылов менен кайсы бир спектаклдин эпизодун иштеп жатыптыр. Жумадылов болсо: “Азыр, капа болбой турчу. Кайра кайталайм”, – деп, кайра кирип-чыгып жатты. Иш аяктаган соң режиссер менен сүйлөшүп турдук. Ошондо Офелия эже: “Бул Сокебиз чыныгы улуу актер. Кечээги спектаклге көпчүлүк сценага артта найза көтөрүп турууга жаш балдар жетпей жатты эле, Бообек Ибраев: “Соке, капа болбой чыгып берчи”, – десе, Советбек костюм, паригин кийип келип туруп берди. Анда: “Кечээ келген баладай тигинде турганы эмнеси?”, – дегендер да болду. Эже бул тууралуу: “Кичине роль жок, кичине актер бар”, – деген ушул. Ар бир адам өз ишин жан дили менен сүйгөндө гана максатынын сересине жете аларын айтып калчу эле.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”, 23.11.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.