Адабий сынак, №1

Урматтуу конкурсанттар, калыстар тобу, окурмандар, акын-жазуучулар, адабият таануучулар, КМБ сайтынын алкагында жарыяланган адабий Конкурска чыгармалар келип түшүп атат. Анда эмесе баарыңыздарды адабий талкууга чакырабыз. Конкурстун алкагында боло турган талкуулар адабиятыбызга кошкон салымыбыз болсун! Конкурсанттарга, калыстар тобуна жана кыргыз адабиятын көрөгөчтүгү жана көрөңгөсү менен көтөрүп, мыктыларды тандай турган окурман журтуна ийгиликтерди каалап кетебиз! 

№1

Кеп акчада эмес

(бай аялдын баяны)

Менин атым Сайкал. 50дөн эми гана ашканда өмүр менен өлүмдүн ортосунда чабалактап жатам. Мен эрте жашымда байыдым, көп акчаны жашыман кармадым. Университеттин экономика факультетин аяктагандан кийин салык инспекциясында инспектор болуп иштеп баштадым. Ошол жерден акча жасаганды үйрөндүм . Текшерүүгө барганда сөзсүс өз чөнтөккө акчаларды кымырчубуз. Текшерүүдөн чоң акчалар мамлекеттин казынасына эмес, ар бирибиздин чөнтөгүбүзгө түшчү. Бат эле үй, машина алып жеке эсептер банктарда ачылып, бапырап жашачубуз. Карапайым калкты көзүбүздүн үстү менен карап калдык. Жаш туруп жашыл акчаларга чөмүлдүм. Көрсө, бул акчалар да аздык кылыптыр. Бир тууган байкем мамлекеттик чоң кызматка көтөрүлдү. Ошондо ал Европа мамлекеттери менен тыгыз иштешти. Англиядан, Швецариядан инвестицияларды тартты. Мамлекетке деп берилген миллион долларлар мында да жеке чөнтөккө кирди. Байкем бир топ бизнес багыттарын ачты. Мага ишенип бийик үйлөрдү курууга тапшырмаларды берди. Толуп-болуп турган 35 жашымда Бишкектин ортосунда бийик кабат үйлөрдү курдура баштадым. Аял экениме карабай курулуш компаниялар менен келишим түзүп, жумушчуларды эки сменде күнү-түнү иштеттим. Бир жылдан кийин бир канча бийик үйлөр курулуп бүтүп, квартиранттар үчүн ижарага берилди. Алар ай сайын акча төлөп башташты. Көрсө акча төлөй албагандары да болот экен. Аларга кредит берүү үчүн кредиттик компания ачтым, бере албаса карыз болуп турсун дедим. Ал кийин банкка айланды.

Ошентип, карапайым калктын жонунан кайыш тиле баштадык. Кредит алам дегендин баары менде жашаган адамдар болуп чыкты, аларга кымбат пайыз менен насыя бердик, төлөй албагандар менен соттошо баштадык. Эки жактан акча түшө баштады. Кыргызстандын шартында эле миллиондор колдо айланды. Күйөөм эрте кайтыш болду, уулум, кызым бай жашоодо чоңоюшту. Байкемдин аркасы менен башка байкелерим да бизнестерин ачып, Кыргызстанга агылган акчаларды өз бизнестерине айлантышты. Чет өлкө ишенип берген инвесторлордун долларлары биз сыяктуу өз кызыкчылыгы үчүн иштегендерге таланып, кумга сиңген суудай майдаланып жок болду. Чет өлкөлөргө жасалган иштерди көрсөтүп, кадимкидей отчетторду бердик. Ал отчетттор өтөөрүн билген соң Ошко, Ысык-Көлгө мейманканаларды куруп, иштетүүгө бердик.

Чет өлкөлөрдү кыдырдык, тойлорду өткөрдүк. Адамдарга ат үстүнөн мамиле кылып калдык. Үйдөн чучук, казы-карта үзүлчү эмес. Тойго да көп барып, конокту да көп чакырчумун. Ар бир ишке ишенимдүү адамдарды коюп, үстүнөн көзөмөлдөөчүмүн. Дайыма сумкамда акчалар агылып турчу. Кымбат джиптерди минип, эмне маселе болсо, акча менен чеччүмүн.

Анан эле бир күнү элүүдөн жаңы ашканда… машина айдап баратып уктап кеттим. Кудай жалгап бордюрдан чыгып баратып ойгонуп, аман калдым. Аз күн өтпөй, жыгылып түшүп, бутумду кокустаттым. Катуу болбой, тез айыкты. Намазга жыгылдым, ал ортодо кичи Меккеге ажылыкка барып келдим. Соопчулук иштерди жасап, кетирген күнөөлөрүмө кечирим сурай баштадым. Бир күнү эле көңүлүм айланып, төшөккө жыгылдым. Барбаган доктурум калбады, эмне экенин эч ким билбеди. Табыптарга бардым. “Сени кара күчтөр окутуп жатышат, кредит төлөй албаган канча аялдар биригип алып сага каршы өлүмгө кара дубаларды окутушууда” деп айтышты. Оору жанымды чыдатпай, күндөн күнгө арыктай бердим. Стресске түшүп, элден кача баштадым. Акчам туруп, айла таппадым. Кантип эле диагноз табылбай калсын?, -деп кирбеген эшигим калбады. Акыры рак деп чыгышты. Оору кыйнай берди. Табыптан табыпка, доктурдан доктурга  бардым, ар түрдүү адамдарды көрдүм. Мурда билбей жүргөн жаңы жагдайлар ачыла баштады. Адамдардын асылын, акмагын көрдүм. Баягы толук жаным жок, ипичке болуп арыктадым. Банкты башкага өткөрүп берип, кредитке аралашпай калдым. Кудайдан жалбарып күнөөлөрүмдү кечир деп сурана баштадым. Күнү-түнү зыркырап ыйлайм. Акыры дүйнөдө таажы вирусу чыкты. Ушул маалда залалдуу шишик башымда экени аныкталды. бул өтө сейрек кездешчү миллион адамдын бирөөнөн табыла турган өтө оор, залалдуу рак экен. Дароо чет өлкөгө чыгып кетели дедик, бирок коронавируска байланыштуу чек аралар жабылды. Дагы күтүүгө туура келди. Ушул арада мен өмүрдү сүйдүм. Адамдарды сүйдүм. Туура эмес иштерди, коррупцияга батканыбызды, оңду-солду чачкан акчаларды, адамдарды ыйлатып, соттон сотко сүйрөгөнүбүздү эстедим. Бул убакыт менин артыма кылчая кароо үчүн Кудайдын берген атайын сыноосу экенин билдим. Адегенде белги катары кырсыктарды берип көрүптүр, аны сезбегенде чоң сыноо берген экен. Тирүүлүктүн чоң бакыт экенин сездим. Өлүп калсам, ушунча квартира, ушунча мейманкана, ушунча особняктар мага жардамга келбесин түшүндүм.

Мурда акчасы жок, карандай суу, кара нан менен отурган квартиранттарымды көргөндө ичимден текеберлене шылдыңдай күлчүмүн, азыр алардын ден соолугу чың, бети тунук, балдары менен бактылуу экенин эстегенде уялам. Көрсө ачкачылык да ден соолукка чоң жардам тура. Бизде кенен дасторкон деп ичпегенди ичип, очоктой семирип, бай манап, көпөс болгон экенбиз. Азыр байлыктын баары менин алдымда эч нерсеге арзыбай калды. Бул дүйнөдө акча биринчи орунда эмес экен. Адамдарга жакшылык кылуу, жөнөкөй жашоо, адамкерчиликтүү болуу, дайыма кудайды эске алуу, кечирим суроо керек экенин кеч билдим. Сиздер да жаңылып калбаңыздар. Жашоо ушунча таттуу, ушунча кызык. Бул жашоодо бактылуу, адамдар менен ынтымактуу жашап алыңыздар!

Соц тармактар:

Адабий сынак

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.