Зинакан Пасаңова:Турмуштун асма бактары (Кыска аңгемелер)

ЗИНАКАН ПАСАҢОВА

ТУРМУШТУН АСМА БАКТАРЫ

Аңгемелер

 МҮРЗӨДӨ ӨСКӨН ГҮЛДӨР

Чөбү тапталбаган жолдун нугун зорго таап, бутка ширелген тулаң чөптү жирей басып, атамдын жайына келаттык. Өмүрүмдөгү эң узак да, армандуу да, сагынычтуу да жол…
Атамды жерге бергенибизден кийин кыркынчы күнү ушул жол менен жайына келгеним эси-көөнүмдөн кетпей жүрөгүмө батып калган. Ошондо али балакатка жете элек сезимимди майыштырган кайгым кандай жаңы болсо, дөбөлөнө үйүлгөн боз топурак да ошондой жапжаңы жана таш боор, муздак эле. Мен үчүн аска-тоодой болгон адамды бизден айрып, кара жер алдына түбөлүккө чыккыс кылып жашырган Кудайдын улуу акыйкатын танып, каяша кылганым отуз жылга созулду…
Саргайыңкы тартып куурай баштаган чөптөр жаап калган жолдун билинер-билинбес нугу менен Тоголок-Дөбөдөгү көрүстөнгө чыгып бараттык.
– Бул жакка эч ким каттабай калганбы? – деп сурадым алдыда үнсүз жол баштап келаткан инимден. Тапталбаган жолду көрүп таң калдым.
– Бул көрүстөнгө азыр сөөк коюшпайт,- деди үкөм.
– Эмнеге?
– …
Кайталап сураган жокмун.Үкөмдүн үндөбөй калганында сыр бардай. Бул суроомо да, өмүр, өлүм жөнүндө чиеленишкен бардык туңгуюк ойлорума да атам жаткан жеринен тура калып жооп берчүдөй эрээркеген, кусаланган сезимге алдырып, толуп-ташып турам.
Бир таман жолдо каркырадай тизилишип, артыбызда келатышкан эки уулум, инимдин балдары өз ара кужулдашат. Алардын бир сөзү менин жүрөгүмө чагылгандын огундай болуп кадала түштү: «Таятамдын аты ким?» Ооба, алар Сизди көрүп-билишпей калышты, ата! Биздин көзүбүз өтсө алар Сизди эстей да, элестей да алышайт.
Үкөм көрүстөндүн темир эшигин чырмаган зымды чечип кирээрден мурун, үй ээсиндей сарамжалдык менен кире бериштеги коко тикенектерди жулуп, ары жак-бери жагын тазаламыш болду.
Мүрзөлөр эскире баштаптыр. Жыгач тосмолору чирип түшүп, кээ бирлеринин соройгон бирин-экин гана мамылары калган, жер менен жер болуп тегизделе баштаган билинер-билинбес дөбөчөлөрдү абайлап айланып өтүп, Сиздин жайыңыздын башына келдик. Көзүмө эң биринчи эле урунганы арча тосмонун бир жак капталындагы жыгачтын жерде жатканы болду. Жүрөгүмдүн бир жагы урап кеткенсиди.
– Оңдоп койбойсуңарбы?! – Кейип жибердим үкөмө.
– Жайды оңдобойт экен мусулманчылыкта. Молдодон да барып сурадык. «Болбойт» дешет, – деди ал бук болгон үнү менен. Жанымда тегерете олтурушкан балдарымдан, жээндеримден айбыгып, көз жашымды зорго тыйып турам. Бала чагымдагыдай эч кимден корунбай, уялбай өпкөлөп катуу ыйлап, өмүрүмдө көргөн бардык ызамды, өксүгүмдү, кейишимди жууп-чайып кете тургандай кылып көз жашымды селдетип төгүп алар ээн жерди да, муңдаш адамды да ушуга чейин табалбадым. Мен ыйласам бир гана Сиздин алдыңызга келип ыйлагым келчү, Ата…
О, акылманым, биз эс тарткандан баштап «Мен өлгөндө ушул жерге коесуңар» – деп белгилеп көрсөтүп жүргөн бийик дөбөдөгү жайыңызга күндүн нуру мурда тийип, жылгадан ылдый соккон айдарым шамал түз келип урунуп, жыпарын чачып турат экен. Сиз тирүү кезиңиздегидей эле эртели-кеч табиятка суктанып, улуу тоолордун койнунан суурулуп чыгып, айылды жарып өткөн кашка жолдон көзүңүз өтө бизди зарыгып күтүп, жашыл ааламга, тунук асманга, балбылдаган ай-жылдыздарга сонуркай тиктеп, ошондон каниет алып жашап жүргөнүңүздөй туюлуп кетти. «Мага темир-тезектен, таш-бетондон эстелик тургузбагыла» деген керээзиңизди эстедим. Үстүңүздөгү басаңдап чөгүп бараткан топуракка кадимки талаадагыдан эч айырмасы жок чөптөр, шыбак, бетеге, кызгылтым беде, кызыл, сары, көк теңге гүлдөр ыргалып өсүп турат. Дагы отуз-кырк жылдан кийин жаткан жайыңыз биротоло тегизделип, арча тосмолор да мезгилге туруштук бере албай кулап түшүп, өзүңүз сүйгөн табиятка айланып кетээриңизге аз калыптыр. Ал учурда биздин да көзүбүз өтүп, Сизди эстеген, жай башыңызга келип турган эч ким калбайт экен. Ошон үчүн эстелик койбогула деп катуу дайындап, даанышмандык кылган экенсиз.
Маркумдар жаткан мүрзөлөр качандыр бир убакты-сааты келгенде тегиз жерге айланып, урпактар үчүн эгин айдаар, чөп орулар, мал жайылар кадимки эле талаа болуп тирүүлүккө кызмат кылары табигаттын мыйзамы тура. Биздин айылда мындай эски көрүстөндөр көп. Аларда кимдер көмүлгөнүн азыр эч ким айтып бере албайт. Бул көрүстөндөргө каттаган жолдор да унутулуп, нугу эчак өчкөн. Ушул акыйкатты айтууга бая үкөмдүн оозу барган эмес экен. Мен да бул акыйкатка жетиш үчүн өтө узак жол басыпмын. Кээде тирүүлөргө караганда маркумдар улуу сабак берүүгө кудуреттүү болот окшойт.
Гүлдөр өскөн, күн тийип турган, жыпар жыттуу жел аймалаган көрүстөндөн кайтканда канча жылдаган убайымдын жүгүнөн, кусалыктан бошонуп, тирүүлүктү сүйүп, бир сөөмгө өсө түшкөндөй көңүлүм көтөрүлүп келаттым. Кайыр-кош, Ата!

 

ЖАЗ ЖОКТОГОН ГИЛАС

Быйыл жаздын ууз мезгилине көздөрүм тое куштарлана албай калдым. Аңдабай өткөрүп жиберген көктөм менен кошо бир түп кокон гиласты жоктодум.
Коңшубуздун короосунда өскөн менен бутак-шактары коргондон ашып өтүп, биздин айванды көлөкөлөп турчу. Эки аттам келген корообузда андан башка дарак жок эле. Кыштын керең уйкусунан ойгонуп, жан кирип, бөртө баштаган маалдан кызыл мончоктордой болуп мөлтүрөгөн мөмөсү бышканга чейин делебени козгоп улам түрлөнүп турчу кокон гилас эшик алдыбыздын көркү болгон экен. Кээде көрпенделик кылып дарактын жалбырактары, гүлдөрү, пыр-сырлары күбүлүп түшкөн алакандай тар жерди күнүгө эртели-кеч шыпыргандан тажап кетчүбүз. Ошондо коңшу үйдөн чакырылбай келген меймандай болгон гиласты өгөйлөп: «Кыйып салыңыз?» деп ээсине догурунуп калар элек.
Биздин сөзүбүздөн тажадыбы, кеч күздүн бир күнүндө иштен кайтсак, корообуз бутак-шактардан арылып, кеңирсий түшүптүр. Асман да ачылып, күндүн нурлары көбүрөөк тийгенсип калды. Жерди күнүгө шыпыргандан кутулдук. Мурда эле ушинтпей деп коебуз.
Бирок, гиластын кадыры жазында өттү. Аны дарактар жашылдана баштаганда, келгин куштар кайтканда жоктодум. Гиластын күн сайын жаңыланып турганын, бөрткөнүн, ак булуттай болуп текши гүлдөгөнүн, жалбырак байлаганын, мөмө түйгөнүн, көздү арбап мөлтүрөп бышкан мөмөсүнө таңда-кеч сонуркап тиктөөчү учурлар эңсетип жүрдү. Конолгосу жок короого куштар да байыр албайт экен. Шактарына түнөгөн парандалар таң супа салаар менен ойгонушуп, тирүүлүктүн жаңы күнүн сүйүнчүлөшкөндөй шаттана сайрашканына кумар болдум.
Жаз бою гиласты жоктоп арман кыла бердим. Күзүндө корообузга гиластын жаңы көчөтүн отургуздум.

 

ШАМАЛ УНУТКАН ТЕРЕК

Бак-шактуу чакан айылдын ортосунда куураган байтерек турат. Анын көктөбөй калганына үч жылдын жүзү болду. Теректин чырмаган дарты өзөгүнө жеткен сайын как болуп куураган бутак-шактары шамалга, жамгырга урунуп түшө берип, буура моюн жоон бутактары мунжудай болуп каржайып калган.
Ага көзүм түшсө эле качанкы бир кубаты ашып-ташып турчу өмүрүн кейиш менен эстебей кое албайм. Оо, биз бала чакта, мындан отуз-кырк жыл илгери эле айылдагы дарактардын алпындай сезилчү. Суналган кылда учун чалкалай араң тиктөөчүбүз. Коюу шактаган оор тулкусу шамал жүргөндө деңиздей шуулдап чайпалса, жалбырактары кол чабышкандай шатырашып, ансайын шамалды күчөтүп чакырып турчу. Эч бир дарактын жалбырактары теректикиндей ойноок болбойт. Эрке желге тынымсыз дилдиреген бариктердин бетине күндүн нуру ойноп, түнкү асмандагы жылдыздардай жымыңдашып көз уялтаар эле.
Бул теректин жаз менен жайдын нөшөрлөп төккөн жамгырына бой тосуп тунжурап турган учуруна да көп суктангам. Ал эми күзүндө жалбырак күбүгөн маалы өзүнчө шаанилүү. Үлп эткен желге сапырыла жабалактап жаап кирген асалдай тунук жалбырактары жерге килемдей болуп төшөлөт. Шагында куштар уялап, бир короо чымчыктардын конолгосу болгон. Балалык өмүрүмдүн, андан кийин кырчын жаштыгымдын жомоктой бир элесине айланган ошол теректин азыркы тагдырына анан кантип кейибейин?
Айылдын да буга тынчы кеткенине көп болду. «Айыл ичинде куураган терек турса жаман болот экен» – деген күбүр-шыбыр үйдөн-үйдү аралап, укканды бушайманга салат. Теректин мураскору Тенизбай акеге кулак кагышса: «Кыйбайм! Атамдан калган терек! Тура берсин!» – деп кызаңдап бериптир. «Атадан терек калмак беле, бала калат да» – дешип аксакалдар ортого салып пештешсе да ынабаптыр. Ошентип, куураган теректин наалаты Теңизбайга калган менен, анын түбүнө жеткен күнөөкөр адам эч нерсени көрбөгөн, билбеген болуп тымпыйып жүрөт.
Бул мындайча болгон эле. Теңизбай акенин атасы короолош олтурган бир тууганы Максыт менен батышпай, ата-бабасынан калган эски конушун жерип, көчө качканда, ушул тереги өскөн ордунда калып калган экен. Терек турган жерди Максыттын уулу ээлеп, там салды, бак тикти. Аталарынын аразы алардын көзү өткөндөн кийин балдарынын арасын да ансайын алыстатып, биротоло жат кылды. Бара-бара көлөкөсүнөн башка зыяны жок терек да өгөйлөнө баштады. Максыттын уулу бакчасында өскөн биртке картошка, сабизинен, алма-өрүгүнөн ырыскы талашып аба жутуп, суу ичип жатканына ичи тарыды. Колунан келсе отоо чөптөй тамырынан жулуп таштагысы келет, ов! Бирок, теректин мураскорунан коркот, эл-журттан айбыгат.
Акыры теректи жок кылуунун амалын тапты. Бөртө баштаган маалда түбүнөн кабыгын балталап кыйып койду. Аялы тамырына челектеп кайнак суу куйду. Теректин өзөгүн өрттөгөн дарт тез эле тулкусуна жайылып, өңдөн аздырды, жашоосун кыйды. Кийинки жылы көктөбөй калды. Биротоло куурагандан кийин шак-бутактары күбүлүп түшүп, куштар конорго сөөмөйдөй да илинчеги калган жок. Шамал жүргөндө деңиздей чайпалып шуулдаган терек эми эч нерсени сезбей селейип турат. Бир кезде ойноок бариктерине тийишип дирилдеткенге кумар шамал азыр жансыз терекке көңүлү чаппай айланып өтүп кеткенсийт.
Айылдын чок ортосунда куураган мунжу терек турат. Эки туугандын эрегишинен бейкүнөө терек өлдү. Ал ырыс-ынтымагын жоготкон тууганчылыктын, бузулган пейилдин, тар замандын эстелигине окшоп көргөн көздү жазалайт.

 

КӨЛДӨ КҮЙГӨН ЧЫРАК

Чыгыш Памирдин башталышы болгон Сары-Кол өрөөнү майда шагылдуу боз топурагынан, ачуу тийген күндөн, арыбай күнү-түнү жорткон шамалдан багы ачылбай, бозоруп турат. Бой алалышпай жапыз өскөн көөдө чөптөр: ала шыбак, терскен, баялыш ак кылкан анда-мында бир сербейет. Күнгө күйгөн, шамалга жаланган кара зоолор карашат алыстан калдайышып. Бирок табигаттан өткөн улуу сүрөтчү жок. Ушул жылан сыйпагандай куу талааларга салаадан чубуруп түшүп калган көз мончоктордой топ көлдөрдү ыроолоп коюптур. Сарезкөл, Адыңкөл, Булуңкөл, Жашылкөл, Ажыдааркөл, Каракөл, Ыраңкөл… Чоң-кичинеси болуп он бештей көл. Жапан табигаттын тынч кучагында куштарлана тургандары жок, асман, күн, ай жылдыздар менен тиктешип чалкып жатышат.
Кышкысын баары көк муштум болуп тоңуп, калың муз каптайт. Анан күн жылымта тартаар менен муздан бошонушкан көлдөргө алыстан кыйкуулашып топ-тобу менен учуп келишкен ак чардактар, турналар, жапайы ак, кара каздар, аңырлар жан киргизишет. Алар эң алгач жол башындагы Айдың көлгө конушуп, өргүү алышат. Суусу тунук, балыктары өрүлүп жүргөн көлдүн бетин бербей, ак жал толкундары менен кубалаша сагынычтарын жазышат. Ошентип келгин куштардын кайтышы менен Сары-Колдо жаз башталат.
Ошол топ көлдөрдүн бири Ыраң-Көлдүн суусу шорго толуп көрүмсүз көрүнгөн менен бешенесине бүткөн өзгөчө касиети бар. Жээгинде узун-кыскалуу болуп кыналышкан эки жалама аска таш турат. Алар «Чырак-Таш» деп аталат. Бийиктиги аркан бою келет. Ошол таштардын биринин орто четинде кол менен текче жасап койгондой коңул бүтүптүр. Андан кудайдын кудурети менен түн ичинде эки шам чырак күйгөндөй кызарган шоола көрүнүп турат. Алардын жарыгы көлдөн да чагылып көрүнөт. Көрүмсүз көлдүн ажары ошентип түн ичинде ачылат. «Ыраң-Көл» деп аталып калганы да ушундан уламдыр…
Анан кайсыл бир жылы чек арачы орустар көлдө күйгөн шам чырактардын кабарын угушуп, издеп келишет. Көргөндөрү аздык кылгансып, чыгып барып алып түшүү үчүн бири-бири менен мелдеше да кетишиптир. Оолуккандардын бирөөсү белинен жип менен байлатып алып, жалама асканын башынан ылдыйлап түшө баштайт. Коңулга жетейин дегенде жаза тайыппы, же мазардын касиети уруппу, кулап кетип, тил-оозго келбей жан берет. Калгандары ич күйдүлүктөн беш атаар мылтыктары менен жарык чыккан жерди аткылап киришет. Бир оокумда шамдын бири ок тийгендей «жалп» өчүптүр. Ошондо гана көксөлөөрү суугандай сөгүнүшүп жөнөп кетишиптир.
Ыраң-Көлдө азыр түнкүсүн жалгыз шамдын жарыгы чыгарын айтышат. Ал суудагы чагылышы менен түгөй болуп, бири Чырак-Таштын боорунан, бири шор көлдүн тереңинен кара түнгө шоола чачышып, жетим көлдүн ыраңын ачып турат дешет.
Сары-Колдогу топ көлдөрдүн ар бири жөнүндө айта келсе кайталангыс таржымалы бар…

 

ЖЫЛДЫЗ КАРАП ЖОЛ ТАПКАН МЫШЫК

Даңгидеги тогуз арык болуп бөлүнүп агып чыккан Ак-Бууранын башында жапайы тал, бадалдарга курчалып турган турна моюн аппак үй алыстан көрүнөт.
Дарыянын шоокуму беймарал жетип, серүүн шапатасы урган бул тамга быйыл чөп быша элек маалда келдик. Күкүктүн үнү ката элек экен. Үйдү айланчыктап кетпей, улам бир даракка конуп, бир күкүк тынбай таңшып жатты. «Күкүк!» деп демигип илеп тарткан сайын өпкөсү көбө түшөт. Анын зар каккандай муңдуу сайрашы жүрөктү «зырп» эттирип, качанкы унутта калган кусадар сезимди чакырат. Бирок, күкүктүн үнүнө берилген көңүлүбүздү ушул үйдүн таргыл мышыгы бузуп ийди. Ал биз олтурган мейманканага кериле-чоюла жай басып кирип, баарыбыз менен учурашкандай акырын мыёлоп койду. Маңкайып жүзү ачык, көңүлү кушбак экен. Жүнү кундуздай жылтылдап, агыш келген саңоор жүнү үлпүлдөйт. Сылап-сыйпалып жакшы багылганы көрүнүп турат. Биздин ага көзүбүз түшүп сонуркап карап калганыбызды көрүп үй ээси сөздү мышыгына бурду:
– Бул мышык дарыядан балык, жылан тутуп келип, балдарын багат.
– Койчу?
– Кантип?
– Жеңеңерге айтсам да силерге окшоп ишенбей койду. Анан бир күнү сөрүдө олтурганбыз. Ак-Буура жактан жыла басып келатканын көрүп калдым. Оозунда туурасынан тиштеген чоң балык. Жаны бар экен, бултуңдап жүрөт. Жеңеңерге көрсөтсөм «ой, тообо!» деп оозун ачып калды. Ошондон кийин да балык тутуп жегенин көрүп жүрдүк. Анан жылан жегени шумдук. Башын тиштеп коет экен дароо. Жылан ийрелеңдеп жүрөт, чычканга окшотуп ары-бери чапчып ыргытып ойнойт. Балдары да жыландын этин кыртылдатып жеп коюшат.
– И-ий, баягыда үйдү өзү таап келгенин айтсаң? – деди аялы Сүйүнбай акеге.
– Ии!… – деп биз да мышыктын таржымалына чындап кызыга баштадык.
– Жылда эки жолудан тууй берип тажатып ийди. Өткөн жылы дагы туугандан кийин жолду көрбөсүн деп кара торбого салдым да, машина менен Ошко алпарып, чоң көчөгө таштап коюп баса бердим. Ошо менен кутулдук десем, үч күндөн кийин үйдү таап келиптир.
– … Таң атаарда келди. Биз баарыбыз уйкуда элек, – деп улады сөзүн аялы. – Жатак бөлмөнүн терезесинин тушунан мыёлойт, мыёлойт… Акыры төшөктөн турдум. Карасам, өзүбүздүн мышык. Жүнү түлөп, арып-аза түшүптүр, үйгө киришке уруксат сурагансып жалынычтуу тиктеген көздөрү бир башкача сары-жашыл жалын чачып күйүп турду. Терезелер ачык эле. Мурда ал айнектен секирип кирип-чыгып жүрө берчү. Эми ошентип киришке батынбай жан соога сурап аянычтуу мыёлоп жатты.
Боорум ооруп кетти. Барып эшикти ачтым. Астанага буту тийип тие электе эле балдарын жоктогонсуп безилдеп ийди. Анын үнүн угушары менен мыймыйлары да ыз-тыз болушуп чуркап чыгышты. Үч күндө сагынышкан эне-балдардын учурашканын көргөн адам ыйлагыдай эле. Жарым сааттай томолонушуп-жумаланышып, бири-бири менен алышышып, эркелешип жатышты. Айбан да болсо бала деген жандалбасы укмуш экен. Мышыктан баласаактыкты, назиктикти үйрөнсөк болчудай…
– Үйдү кантип таап келди экен? – деп сурады меймандардан бирөө.
– Мышык жылдыз тиктеп жол табат имиш. Күн ачык болгондо ошол түнү эле жетип келмек экен. Асман эки күн бою бүркөө турган. Үчүнчү күнү гана кече жуук чайыттай ачылган эле. Түнү бою жылдыздарды тиктеп жол жүрүп, таңга маал үйгө жетип келген окшойт. Ошого ишенип калдым. Болбосо Ош деген каякта жатат.
Мышык жөнүндө бул аңгемеден кийин аны кайра көрүшкө куштар болдук. Сыртка чыкканыбызда бири-бирибизге айтпасак да ар кимибиз көзүбүз менен аны издеп жаткансыдык. Тээ кыйлада кайдан-жайдан чыкканы белгисиз, кылак эте Ак-Буура тарапка жыла басып баратканын көзүм чалып калды. Байыр алган үйүн кыйбай, балдарына карамалап, табияттан арга издей билген бул даанышман мышыкты сүйсүнө көпкө карап турдум.

СОНУНБҮ СЫЙКЫРЛАГАН БУЛАК

Чоң айылдын эли суу ичкен Таш-Булактын көзү жылдан-жылга соолуй берип, акыры бир күнү какшып калды. Тар колотто андан башка ичээр суу жок эле. Бир дөң ары сайда гана дарыя агат. Оңор эмес жол басып келген дарыянын киргилт, супсак суусу жер алдынан ташты көзөп, көз жаштай сызылып чыккан кайнар булактын муздай муздактыгына, жалбыз жыттуу май даамына, акактай тунуктугуна не окшосун. Булактын тунуктугунан түбүндө жаткан агыш, кызгылтым, көгүш таштар таптаза болуп кубулжуп көрүнүп турчу. Дарыядан эшекке, атка чанач артышып ташып ичишип убарагерчилик тартышкан сайын булактын суусун күсөй берип чарчагыдай болушту айылдын эли.
Бир күнү айылга суунун кабарын алганы өкмөттүн адамдары келиптир дешти. Алай райондук суу комитетинин өкүлдөрү экен. Арасында ак жоолукчан аял жүрөт. Күндүн нурун шимирип, топурактан азык алып, айдарым желге тотугуп барсая бышкан дандуу буудайдай кызыл тору иреңинен нур төгүлгөн жубан экен. Балкайган жүзүнө жараштырып ак жоолугун артына бууй салынган.
Ак жооолукчан аял эл сүйлөп жатканда үндөбөй угуп турду. Таш-Булактын соолуп калганын укканда гана эсине бир нерсе түшкөндөй бир серпилип алып: «Мага көрсөткүлөчү,» деди. Жанына эки-үч адамды алып булактын көзүнө чыгып барды. Чөп-чар басып, сазга айланган башаттан жакында эле күргүштөгөн суу агып турганына ишениш кыйын эле. Агышы ак, кызылы кызыл болуп кубулжуп турчу таштар чылага батып жатты. Арыктын нугу да ыпыр-сыпырга толуп тегизделейин деп калыптыр. Аял буларды көрүп кейип алды: «Жаратылыш силерге сыр көрсөтүптүр. Бул мазар болот. Таза кармаш керек. Ыклас кылып сыйынбайт экенсиңер..». Ошентип, өзү чыдабай кеттиби, булактын башатын, жака -белин эки колдоп тазалап кирди. Беркилер да карап тура алышпады Бир аздан кийин Таш-Булак таза шыпырылган үйгө окшоп жаркырай түштү.
Аял бети-колун жуугандан кийин булактын көзүнө кадала узак тиктеп олтурду. Оозун бүлкүлдөтүп, күбүрөнүп шыбыранып не сыйынып жатканын, не намаз окуганын билишпей аң-таң болуп турушту жанындагылар. Оо бир топто үнүн чыгара: «О Жараткан ушул айылдын мусулмандарынын, момундардын, үмүткерлеринин, Мухамбет үмүттөрүнүн тилегин кабыл кыл? О, Жер эне, баданиң балкып ийип бер?! Булактын көзү ачылсын, арыкка суу толсун?! Оомийин!» – деп бата кылды.
Эки-үч күндө кийин Таш-Булактан суу чыгып, бара-бара тегирменге жетерлик болуп ага баштады. Ошондон кийин айылдын эли булакты «Сонунбү сыйкырлап кетти» – деп жүрүшөт.

 

КУШТАР КУТТУК АЙТКАН ГИЛАС ГҮЛҮ

Бул үйгө кыш алды көчүп келдик. Короосу чакан. Бир бай түп гилас менен чай розасынын эки түп бадалы өсөт. Чоң көчөдөн кыйла ичкериде, эки кулач келген тар короосу бар үйүбүздү балдарыбыз «Аралча» деп атап алышты. Жазында биздин кичинекей «Аралчада» эң биринчи гилас гүлдөдү.
Гилас үч күндө гүл ачат экен. Биринчи күнү гүл чанактары жарылып, учу агара баштады. Экинчи күнү гүл ачып, бирок желекчелери толук жазыла албай турду. Үчүнчү күнү таң заардан бизди буга чейин доошун укпаган куштардын түркүн обон-үн менен шаттуу сайраганы ойготту. Айванга чыксам гилас бадырак ата текши гүлдөп калыптыр.
Шагы көрүнбөй аппак гүлгө оронгон бай түп гилас короону ак булуттай чүмкөп турду. Аны узакка тиктесең «Аралчабыз» кайдадыр каалгып жылып бараткансыйт. Гиластын гүлдөрүнө сонуркаганымдан да ушул ажайып маалды чымчыктардын туюп-сезип, той түшкөндөй чогулуп, кубулжута шаттанып сайрашканы мага зор жаңылык болду. Дарактын биринчи гүл ачканын майрамдашкан куштардын сулуулукка куштарлыгы, сезимталдыгы таң калтырды.
– Гилас канча күндө гүлдөдү? – деп кечинде уулумдан сурадым.
Ал да байкап жүргөн экен:
– Эки күндө, – деди.
– Жок, үч күндө. Үчүнчү күнү саар менен куштар сүйүнчүлөштү го бизге?
– Ошол күнү күндүзү аарылар да к-ө-ө-п учуп келишти, – деди уулум.
Ошентип гиластин гүлдөшү, жалбырак байлашы, мөмө түйүшү биздин үй-бүлө үчүн өтө кызыкдар окуялардан болду. Ал эми чай розалары гүлдөгөндө кыпкызыл өрттөй алоолоп, жыпар жыты короого батпай буркурап турду. Ага кумарыбыз кангандан кийин дубалды түптөп эгилген хризантема, астра гүлдөрүнүн өсүп чыгышын күнүгө аңдып калдык. Биздин «Аралчага» жаз ушинтип келди.

 

КАДЫР ТҮНДҮН КЕЧТЕРИ

Кайсыл бир жылы Орозо айттын алды карадарыялык ичкилик кыргыздардын кадыр түн тосушкан кечине туш болгон жайым бар. Анда эрте жаз белем, кар аралашкан жамгыр жерди эзип чаба жаап турган. Коңшу аялдар чогулушуп кадыр түн тосуп жатышкан үйгө бутубузга жабышкан чакса баткакты сүйрөп, мүрүбүздөн ылдый суу шорголотуп иңирде келгенбиз. От улуу жагылган печкенин ысык табына уядай мемиреген бөлмөгө кирерибиз менен сырттагы жамгырдын «чылп-чылп» эткен көңүлсүз дабышы да унуткарыла түшкөн. Бизден кийин да:
– Салоом алейкум!
– Кадыр кеч болсун!
– Түнүңөр кушубак болсун, кармаганыңар алтын болсун, – дешип босого аттап кирген аял көп болду.
Бирден мейман табак колтуктарында. Ысык бойдон думбаланып оролуп келинген көк самса, чүчпара, манты, оромо, каттама, чакчак, боорсок сыяктуу түр-түр даам жайылган дасторконго батпай чыкты. Улуулата олтургандардын көңүлү дасторкон берекесине тойгондой каниет менен имере карап коюшуп, сыпайы созулушат.
Ушул түнү уккан-көргөндөрүмдөн орозо маалында асмандан аппак нур болуп түшүүчү кут жөнүндө сөздөр мага айрыкча таасир калтырды. Айтканга караганда кудай сүйгөн пендесине жиберүүчү кут кармап алган адамга байлык, дөөлөт алып келет экен. Сөздөн сөзгө уланып:
– Кут карматпай качат экен, – деп калды айсары түс аял.
– Ооба, жөн эле колго кармалбайт. Ак оромол менен баса калып, «Ак сарыбашыл ача туяктан бирди айттым» – деп ийиш керек, болбосо кут учуп кетет. Ошол оромолго оролгон бойдон ачпай сандыкка салып койсо алтын болуп калат, – деди карылык мөгдөтүп койгон Байбиче эне.
Бул өмүрдө көрбөгөнү калбаган карысы да, ойноок кыялдары токтоно элек жаш кыз-келиндер да ээленген сезимге албырып олтурушту. Алардын ар бири бүгүн түнү жакщылап ыклас кылса алаканына кут конооруна ишенип, ой-санаасында байый түшкөнсүйт.
Баарына жаккан бул баян кызый-кызый түгөнгүдөй эмес. Токтонуп эле калган Надира жеңемдин сөзү өкүнүчтүү чыкты:
– Быйыл орозонун башында эки апта свет жок болбодубу. Чырак күйгүзүп алып саарлык ичип олтургам. Ичип бүтүп, эми дуба кылайын десем эле эшиктен көз уялдырган аппак шоола кирип келди. Үйдүн ичи свет күйгөндөй жарык боло түштү. Курган жаным машине келген окшойт деп жүгүрүп айванга чыгыпмын. Эч нерсенин дайыны жок. Бакка чейин басып бардым. Нары карап, бери карап, кайра үйгө кирсем баягы нур да жоголуптур.
– И-ий жеңе, таза кызык турбайсызбы! – деп шыпшынып ийди жанымда олтурган кара тору келин. Аңгыча төр жакта олтурган кемпирлердин бирөөсү сөздү жула качты:
– Менин жаман чалым өөгүнү түнү келатса эле алды жагы аппак болуп жарый түшүптүр. Артымда келаткан машиненин жарыгы окшойт деп аңдоос албайт. Кайра бир паста эле баягы ак нур жок имиш, артын караса машине да көрүнбөптүр. Алигиче арманда жүрөт.
– Илгери орозо маалында адамдар белдерине ак оромол курчанып даяр жүрүшчү эле, – деп Байбиче эне арман кылды. Ушул маалда жайдаңдаган толмоч аялдын кеби баарына күлкү чакырды:
– Тиги өйдөкү айылдагы Айти эжени билесиңерби?! Кечинде сөрүдө олтурса эле бак тараптан жылт-жулт жарык чыгат имиш. «Кут турбайбы» деп башынан оромолун жулуп алып баса калыптыр. Анан эле сууда жатам дейт. Көрсө бакты сугарган суу көлмөчө болуп калган экен. Ошого айдын нуру чагылышып жылтылдаптыр. Ону Айти эжем бечара кут келген экен деп ойлобойбу.
Аялдар черлери жазылгыча көпкө күлүштү. «Олдо, момундарым аа… » дейм ичимден. Эрте жаздан кышка чейин жер тырмалашып, бүгүлгөн белдери жазылбаган, кара мээнетке чор болгон ушул чөлдүктөргө чындап эле асмандан кут түшүп алтынга айланса кантишер эле? Пахта терип, тамеки үзүп, буудай оруп, тизесине чейин суу кечип жүрүп шалы өстүрүп, жилигинде майы калбай тарашадай какшып бүткөн, аптапка бышкан, бирок этеги узарып кетпеген момун элдин тирилиги асмандан кут түшмөк турсун, чакалап алтын төгүлсө да өзгөртө албоочудай аяп кеттим.
Бирок ошол жаздан бери аппак нур болуп кездешүүчү кутту кээде өзүм да эңсеп жүрөм.

БАЙЧЕЧЕКЕЙ ЖЫТТУУ КАТТАР

Беш көкүл бийкеч курагында жигиттерден балапан сезимин чымыратып, жаш жүрөгүн элеп-желеп кылган ашыктык каттарды көп эле алган. Бирок, алардын ичинен өзгөчө сагынып күткөн бир кат болор эле. Кызга чоочун алыскы бир айылда жашаган он беш баштагы бейтааныш уландын өрттүү каты ар аптада көпөлөктөй делбиреп учуп жетип келип турчу. Биринчи жолку таанышуу катында эле кургатылган байчечекей гүлүн салып жибериптир. Жаштык сезими ойгоно баштаган бийкеч ошол гүлдөр өскөн адырларда, тоолордо өзү каалаган сүйүүнү, бак-таалайды тапчудай бир көрүштү эңсеп кыялга баткан. Бейтааныш боз уландын арзууга кумарлуу жүрөгүнүн чакырыгын туйгансып, жүзү албырып, ширин-ширин сезимдерге азгырылган.
Кадимки эле окуучулук дептердин эки барагы толо шурудай тизилип жазылган сөздөрдүн күчү ай! Сүрөтүн да көрө элек теңтуш баланын өзүнө арналган ошол сөздөрүн окуганда кыздын жан-дүйнөсү бирде деңиздин тогуз валдуу толкундарындай сапырылып, бирде мемиреген тыптынч жай түнүндө толгон айдын нурларындай аруу кусалыкка батып, ууз сүйүүсү ойгонгон.
Тагдыр аларды кат аркылуу тааныштырып, кат аркылуу алгачкы махабатты тартуулап, кат аркылуу өмүр бою кыйышпас ысык ынактык буюруптур. Ал каттар өмүрдүн ар кайсыл учурларында кээде узакка кечигип, кээде сагыныч учургандай тездеп, эки шаардын ортосунда байма-бай каттап турду. Жүрөктү толгоп күүгө салган эңсөөлөрүн, санаркоолорун, бул дүйнөдөн сезип-туйгандарын, азып-тозгон ойлорун бири-бирине жеткирүүгө ынтызар, эки жүрөктү үн алыштырган ажайып каттар эле.
Өмүрдүн он бешинчи жазынан таберик кылып тумардай катып жүргөн байчечекейдин кургаган гүлдөрүн аял жыйырма жылдан кийин ошол гүл жыттуу каттардын ээсине көрсөттү. «Кайсыл адырдын гүлү болду экен?» деп көздөрүнө жаш алган эркек тээ алыста калган балалыгын сагынып тунжурап турду.
Дагы он жылдан кийин экөөнүн сейрек, бирок унутулгус жолугушууларынын биринде эркек гүлдү сылагылап: «Мен өмүрүмдө бир гана кызга байчечекей арнагамын…» деди.

 

Он беши жарык ай

Адам шаарга келгенине жыйырма жылдан ашкандан кийин гана үйлүү болду. Жеген-ичкенден кысып жүрүп жыйнаган акчасы шаар четиндеги көчөнүн дөңсөө жеринде жайгашкан, эскилиги жетип, кулаганы калган жапыз тамды сатып алууга зорго жетти. Короосу да тар экен. Ушул үйгө жетүүгө жарым өмүрүн сарптаса, эми эскини эптеп, оӊдоп-түзөөгө калган өмүрүн короторун али биле элек.
Жаӊы үйгө түн ичинде уурданып көчүп келишти. Бир ЛАБОго толор-толбос жүгүнөн уялышты коӊшуларынан. Балдары эр жеткичекти батирден батирге көчүп жүрүшсө кайдан дүнүйө жыйнашсын. Бирок, бул түн анын өмүрүндөгү эӊ унутулгус түндөрдүн бири эле. Таӊга маал короодогу жалгыз түп даракта түнөшкөн парандалар чукуранып үн сала баштаганда ойгонуп кетип, “өз үйүӊ, өлөн төшөгүндө” уктоонун жыргалына балкыды. Агарып келаткан жайкы таӊ да анын бул бактысына теӊ ортоктош болгонсуп ажайып сулуу эле. Көөдөн толгон кубанычынан уйкусу чайыттай ачылып, сыртка чыкты. Аны жашоонун дагы бир күтүүсүз белеги күтүп туруптур.
Дөӊсөөдө деп иренжиген үйүнүн айваны күн чыгышты карап, алыстан мунарланган Папан тоолору даана көрүнүп турат экен. Ошол тооолордун үстүнөн агарган шоола караӊгылыкты сүрүп, жер жарый баштады. Күн чыга элек, бирок асмандын чыгыш тарабы кызгылтым нурга чайылган. Ал тоонун үстүнөн буга чейин көрбөгөн керемет булуттарды көрдү. Ачык асманда эки чон үзүк булут гана күндүн чыгышын утурлагансып жарданып турушат. Алардын күн тараптагы түрмөгү кочкул кызыл түскө боелуп, ал эми үстү жагы капкара болуп уюлгуйт. Агарып келаткан асманда кызыл, кара булуттар алоолоп өрттөнүп жатышкансыйт. Бул ажайып кубулуш сырдуу белгидей жүрөк опкоолжутат.
Танкы уйкудагы шаар тыптынч, таза жана серүүн аба сезимди өрөпкүтөт. Күн көп күттүрбөй эле жарк этип тоо чокусуна конду. Алтын түс жаркыраган нурлары шаардын көп кабаттуу үйлөрүн, дарактарды өпкүлөдү. Эми ал бардыгына бирдей нур чачкан кадимки эле күн эле. Бирок, күндүн төрөлгөн маалын көргөн ажайып таӊ адамдын эси-көөнүнөн кетпей калды. Ушуга чейин турмуш аны камчылап эле келаткан. Жараткандын түгөнгүс сыноолоруна кайышып, каржалган абалында ага ыроологон бул белегине чексиз ыраазы.
Адам эми күндүн төрөлүшүнө ашык болду. Көзүнө уйку жукпай таӊ ата электе турат. Жашоонун ырахаттуу мүнөттөрүн тартуулаган күндүн чыгышын дегдеп күтөт. Алоо кызгылтым аруу шоола менен таӊкы серүүн таза аба желкеден ныгыра баскан көп жылдык жүгүн жеӊилдетип, ой-сезимдерин балкытат, күч- кубат бергенсийт. Ошол күндөн тартып турмуш ага оӊ көзүн салып, иши да жүрүшө баштады. Кээ бир күндөрү асман бетин булут каптап, күн жүзүн тосуп калса ал да кошо бүркөлөт. Жүрөгүн кусалык ээлейт. Кечке талмоорсуп жүрөт. Күндүн көзү тазаланып чыккан күнү ага жашоо да жарый түшөт.
Адамдын бул бактысы узакка созулган жок. Короолору танапташ коӊшусу жаз алды менен бир кабат эски тамын бузуп, ордуна заӊгыраган ак сарай курууга киришти. Үйдүн дубалы бат эле өйдөлөй баштады. Адамдын коргонуна жанаша салынган ак сарай бийиктеген сайын күн чыгыш көрүнбөй, адамдын заманасын таарытат. Эми ал күн чыкканын көрмөк турсун кеӊ асмандын жарымын далдаалап калган үйдүн кум шыбак дубалын тиктөөгө аргасыз. Үйдөн чыкса эле көздөрү артын салган бийик үйдүн боз дубалына урунат. Тоолорду, асманды, бак-дарактарды, күн чыгышты тосуп калган үй анын ой-сезимин да кысып, аба жетпей буулугат.
Баарыдан да коӊшусунун сөзү чучугуна жетип, жүрөгүн сыздатты. “Күндү тосуп калдыӊ го?”, – десе, “Үйүмдүн артына күн, булуттун сүрөтүн тартып берем. Ошону тиктей бересиӊ”, – дейт мыскылдуу. (Ой, тобо, көп узабай кокустуктан каза болуп, күндү өзү да көрбөй калды. Күч-кубаты ашкан гүлгүн курактагы жигит эле). Бирок, наркы дүйнөгө ак сарайын алып кете алган жок. Курулган ордунда калды. Бала-чакасына да буюрбады. Аялы күйөөгө чыгып, үйдү сатып, көчүп кетти.
Адам ага сүйүнгөн да, табалаган да жок. Ал үчүн күндүн чыгышын көрбөй калуу ачуу бактысыздык эле. Жашоосун көрктөп туруучу ырахаттуу мүнөттөрдөн кол жууп калганына жүрөгү түтөйт. Жараткан аны кайсы күнөөсү үчүн ушинтип жазалаганына аӊ-таӊ.
Ошодон баштап адам таӊды куштарланып тоспой калды. Күн чыккан тарапты тиктесе кум шыбак боз дубалды көрүп зээни кейийт. Жаздын жышаанасы башталганча маанайы чөгүп жүрдү. Маалы келгенде каары катуу кыш да артка чегинип, күн жылып баратат.
Короосундагы тоңголок эрип, ала-шалбырт башталганда ал дагы бир кереметке туш болду. Дубал түбүндөгү борпоӊ топуракты жарып чөп чыгыптыр. Кар эрип бүтө электе эле жер бетине чыгууга ашыккан чөптүн башы найзадай тикирейип учтуу экен. Али тоңголок топуракты жарып чыккан өсүмдүктү көрүү ага чоӊ жаӊылык болду.
Буга чейин жазында өсүп чыккан чөптөрдү көрбөй жүрдү беле. Бирок, аларды жер бети жашылдана баштаганда гана байкоочу. А бул жолу өз үйүнүн короосунда быйылкы жылдын жаӊылыгын биринчи болуп көрүп жатат. Ал бир-эки тал сабак ымыркай өсүмдүккө жаны-алы калбай кубанды. Эгер талаа бетин бербей жайнап турса мынчалык таасирленмек эместир. Өз короосунда сербейип өсүп чыккан бир-эки түп гүл ага өтө кымбат эле. Жашоонун кубанычы түгөнгүс тура деп ойлоду. Жараткан аны жакында бир ырахаттан айырса, минтип башка ырахатты берип жатат. Жакшылыктардан үмүт үзбө деген сабагы окшойт. Бул кубанычы анын кирдеп жүргөн жүрөгүн тазартып, көӊүлүнө канат байлады. “Айдын он беши жарык”. Ушул бактылуу сезимдин деми менен ал кайрадан жашоонун агымына аралашып, турмуштагы өз жолун улады.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.