Эрмек Шоруков: Эдгар Аллан По “Кара мышык” Котормо
Сиздерге айтайын деген окуя төөсү жорго дегендей эле укмуш, ошол эле учурда ойго жугумдуу, бирөөнүн ишенгенин күтпөйм, өтүнбөйм дагы. Сезимдерим өз өзөгүнөн баш тарткан учурда ишенгенди күтүү чындап акылсыздык болмок. Анан жинди да эмесмин, түш көрбөгөнүмө бөркүмдөй ишенем. Анткен менен эртеӊ жан таслим болом, бүгүн жан дүйнөмдү жеӊилдетип алайын. Көӊүлдөгү максатым – үйүмдө болуп өткөн бир катар кадыресе окуяларды жупуну сөздөр менен түшүндүрмөсүз, кыскача дүйнө алдына жаюу. Куйрук улаш бул окуялар мени коркунучка кептеди – кыйноого салды – кыйроого алып келди. Бирок аларга кеӊири токтолгум келбейт. Үрөй учурганы кыпынчалык болду, бул көпчүлүккө кереметке караганда бир аз эс чыккыдай сезилиши мүмкүн. Болочокто менин көз боёмомду кадыресе көрүнүшкө айландырчу эс-тутум четтен табылышы ыктымал, ал эс-тутум меникине салыштырмалуу алда канча оор басырыктуу, ой токтотуп, бой түзөгөн, аза боюм дүркүрөп эскерген кырдаалдарды табигый жүйөлөр менен жыйынтыктар топтому катары гана кабылдайт.
Баамчылдыгым, табиятымдан адамкерчилик мүнөзүм менен наристе кезимден бөтөнчөлөнүп турар элем. Ак жүрөктүгүмдүн айынан курдаштарымдын арасында шылдыӊ-келекеге кабылган учурларым болду. Жаныбарларды өзгөчө жакшы көрөр элем, ата-энемдин көзүмдү карай бергенинен үй түркүн жандыктарга толо болучу. Алар менен убактымдын көп бөлүгүн өткөрүп, карап-баккандан өткөн ырахат таба алган жокмун. Мындай мүнөз мени менен кошо калыптанды, эл катары киши болгонумда да жаныбарлар эӊ негизги ырахат алчу булагымдын бирине айланды. Мында ээсине берилген акылдуу итке болгон ынактыкты жогору баалаган адамга алып келе турган кубанычтын табияты менен күү-күчүн айтыштын кажети жок. Жаныбардын өз жанын аябай берилген сүйүүсүндө адамдар ортосундагы аянычтуу достук менен тунук алаканы башынан өткөргөн адамдын жүрөгүн дирилдетпей коё албаган бир нерсе бар.
Эрте үйлөндүм, колуктумдун менин кызыгуума көӊүл кош карабагандыгы жан дүйнөмдү жай кылды. Үй жандыктарына болгон жакындыгымды байкаган ал үйгө не бир жаныбарды алып келчү болду. Канаттуулар, алтын балык, акылдуу итибиз, коёндорубуз, кичинекей маймыл, анан мышыгыбыз бар болчу.
Мышык абдан чоӊ, көзгө сүйкүмдүү, чылгый кара, таӊ каларлык акылдуу жаныбар болучу. Анын акылдуулугу тууралуу айта турган болсок, жубайым ырым-жырымды катуу кармана бербесе да, бардык кара мышыктар – жаныбардын кейпин кийип алган жез кемпир деген эл арасындагы эски көз карашты алда курдай кыйыткан жайы бар. Ал буга кайсы бир убакта олуттуу түрдө карагандыгы үчүн эмес, муну эскерүүгө себеп бар болгондуктан гана эскерип жатам.
Плутон – бул мышыктын аты – менин оюнкараак сүйүктүү жаныбарым болчу. Ага мен гана тамак берип, үйдүн каягында жүрбөйүн мени ээрчигени ээрчиген. Ал турсун көчөгө чыкканда мени ээрчигенге ага тыюу салууга кыйынчылык жаралчу.
Биздин достугубуз ушул өӊүттө бир топ жылга уланды, ушул учурда кулк-мүнөзүм толугу менен өзгөрдү, өзгөрүү жакшы жагына болгон жок, анын себеби ачкыл-кычкылга ыксыз жакындыгым (уят болсо дагы моюнга алууга аргасызмын) болду. Күн өткөн сайын маанайым пас тартып, кучунашым кармап, өӊгөлөрдүн сезимине кош көӊүл карайм. Жубайыма суук тилимди агызгандан кайра тартпачу болдум. Акыры ага кол көтөрүп, зомбулук көрсөткөнгө жеттим. Баккан жаныбарларым, албетте, мүнөзүмдөгү өзгөрүүнү сезбей коё алган жок. Аларды карабай таштап койгонум аз келгенсип, кол көтөрө баштадым. Болгону копол мамилемди ооздуктаган Плутонго болгон урматым сакталып калды, капыс жолумдан чыгып калган же эркелеген коёндорду, маймылды, кала берсе итимди да ойлонбостон жондон ары бир салам. Бирок менин оорум бүтүндөй тулку-боюмду ан сайын чулгап алды, аракечтиктен өткөн оору-сыркоо барбы?! Эми Плутон дагы карылыкка моюн суна баштагандан улам куйкасы курушчу болду, жаралуу кулк-мүнөзүмдөн жабыр тарта баштады.
Бир күнү түн ичинде шаардагы түнөктөрдүн биринен ууга чыланган абалда үйгө кайтчуда мышык менден качкандай сезилди. Кармап алдым, урганымдан эси чыккан макулук колумду сыза тиштеп алды. Ошол учурда мага жин-шайтандын жаалы кирип кеткендей болду. Андан кийин өзүмдү билбейм. Өз жаным бир көз ирмемде денемден учуп чыгып, шакардай кайнаган ачкыл жинге тойгон жин-шайтандын каары өөнө боюмду титиретет. Бешмантымдын чөнтөгүнөн маки алып чыгып, курган жаныбарды кекиртектен алдым дагы, бир көзүн чанагынан оюп алдым! Ушул үрөй учурган окуяны эстегенде ариетим күйүп, өрттөнүп, тим эле калчылдап кетем.
Эртеӊ менен эсиме келсем тереӊ уйку түнкү алагүү олтуруштун ачкыл буусун эстен чыгарып, өзүм кылган жоболоӊ жосунумдан жарым-жартылай коркуу, жарым-жартылай өкүнүч аралаш сезимге туш болдум, бирок бул сезим үлбүрөк тумандай булаңгыр эле, көкүрөк дүйнөм козголбогон бойдон калды. Мен кайра бөтөлкөнүн түбүнө чумкуп, бул жоругумду эсимден шарап менен кошо чөктүрдүм.
Убакыттын өтүшү менен мышык акырындык менен сакая баштады. Көзсүз чанагы чынында үрөй учурарлык көрүнсө да, эч кандай ооруну сезбей калган шекилдүү. Ал адатынча үйдү аралап жүрө берет, бирок менин карааным көрүнөр менен чок баскандай көздөн кайым болорун күтсө болот. Мурунку менимдин кайсы бир бөлүгү жүрөгүмдө сакталуу бойдон эле, ошондуктан бир кезде мени ушунчалык сүйгөн макулук ушул окуядан кийин адегенде мени убайымга батырды. Бирок бул сезимдин ордун кыжырдануу басты. Түбүм түшүп баратканымдын далили катары мени каршылык руху ээлеп алды. Буга келгенде философия илими – кудуретсиз. Бирок бул рух адам жүрөгүндөгү өзөк уютку башаттын бири экендигине шегим жок – адамдын бар экендигине багыт берген ажырагыс жөндөмдүн же сезимдин бири. Мындай кылган жарабай тургандыгын билип туруп, эч себепсиз жүздөгөн жүзү кара жүрүш же жолдо калган жорукту кимдер гана жасабаган? Ушундай гана болот деп эсептеген жүйө менен мыйзам деген жүйөлүү көз карашка каршы албуут каалоо өзөгүбүздө түптөлгөн эмеспи, анткени биз ушундай болот деп түшүнөбүз? Тамырым кыркылып баратканын менин каршылык рухум ээлеп алганын айтам. Бул өз өзөгүнө балта чабуу деген акыл жеткис рухий удургуманын – күнөөсүз макулукту жанын койбой кургуюна жеткире кордоого түрткү берген жамандык үчүн гана жамандык жасоонун өзү болучу. Бир күнү таӊ эрте акырын мойнуна жип байлап туруп, бактын бутагына асып таштадым; боорум ачыганынан көзүмдөн жаш буурчактап агып жатып астым; ал мени жакшы көрөрүн билген үчүн астым, кор кылууга себеп бербегендигин сезгеним үчүн астым; муну жасап жатып, эгер ушундай боло турган болсо, чексиз ырайымдуу, оголе коркунучтуу Кудайдын өлбөс жанымды жайгарыштан жүзүн буруп кетчүдөй кылган күнөө, оор күнөө кылып жатканымды билген үчүн астым.
Ошол тозоку жорук жасалган күнү түн ортосунда өрт чыккан кыйкырыктан улам ойгондум. Керебетимдеги жамынчымды жалын жалмалайт. Үйдү бүт өрт курчаган. Жубайым, кызматчым болуп алоо өрттөн чоӊ кыйынчылык менен качып чыктык. Үй толугу менен өрттөнүп кетти. Болгон байлыгым сыйпалагандай жок болду, үмүтсүздүккө байландым да калдым.
Болуп өткөн балээ менен кылмышымдын ортосундагы себеп-натыйжа түрмөгүнүн түбүн издөөдөн алысмын. Кандай болбосун жагдайларды ырааты менен санап берем, ушул чынжырдан бир дагы түйүн түшүп калбаса экен дейм. Өрт болгондон кийинки күнү урандыларга келдим. Соройгон бирөөсүнөн башка дубалдын баары урап калган экен. Үйдүн ичин бөлгөн ортодогу анча калың эмес тосмо дубалга баш жагы менен жөлөнүп керебетим турат. Шыбагы өрт таасирине болушунча катуу туруштук бериптир, жакында шыбалып нымы кургай элегинен айтканым бул. Дубалдын жанына калыӊ эл топтошуп алып, кайсы бир жерин ынтаалык менен кылдат карап жаткандай. “Укмушуӊ кур!”, “Балакет!” деген сыяктуу сөздөр кызыгуумду козгоду. Жакындап барып агарган дубалда зор мышыктын барельеф[1] сымал чегилген сүрөтүн көрдүм. Сөлөкөт чындыгында укмуш окшошуптур. Макулуктун мойнунда жип жүрөт.
Бул көрүмчүнү алгач байкаганымда – муну башкача айта албайм – айран таӊ аралаш коркунуч ашынды. Анткен менен акыры акыл мага жардамга келди. Эстесем мышык үйгө танапташ бакта асылган экен. Өрттөн чыккан айгай ызы-чуу чыгар менен топтолгон элдин арасынан ким бирөөсү жипти кесип ийип, ачык терезеден менин бөлмөмө ыргытып жиберген болуу керек. Балким, бул аракет мени ойготуш үчүн жасалгандыр. Бөлөк дубалдар кулаганда мыкаачылыгымдын курмандыгы жаӊы шыбактын ороюна басылып калган да, мышыктын сөөгүнөн бөлүнүп чыккан аммиак менен кошо жалынга жаланган акиташ мен көргөн сөлөкөттү түшүргөн.
Так ушинтип өз жүйөмдү жата калып түшүндүрүү менен ой-санаамды тынчтандырдым, кандай болгон күндө бул мага чоӊ таасир калтырды. Бир нече ай бою мышыктын элесинен кутула албай жүрдүм, ушул учурда өкүнүчкө окшогон элес-булас сезим келди, бирок ал дагы эмес. Ушул мышыктан ажыраганыма өкүнгөнгө чейин жеттим, көңүл жипкирер баш калкалардан анын ордун баса ала турган, турпаты, тек-тукуму окшош башка мышыкты издечү болдум.
Бир ирет түн ичинде ар кошкондордун башы бириккен сыраканада эӊги-деӊги абалда олтуруп, бул жайдын негизги эмереги болгон жин же ром куюлчу чоӊ челектин үстүндө жаткан карарган нерсеге көӊүлүм бурулду. Чоӊ челектин үстүн бир канча убакытка көз ирмебей тиктеп турдум да, андагы нерсени буга чейин элес албай жүргөнүмө айран калдым. Жакындап келип, колумду тийгиздим. Кара мышык экен, болгондо да Плутондой болгон зор мышык, ага бир жеринен башкасы куюп койгондой окшош экен. Плутондун денесинде бармак басым ак так жок болучу, бул мышыктын төшүн бүт жапкан чоӊ ак киргилт так бар экен.
Ага тиерим менен дароо тура калып, катуу мырылдай колумду көздөй денесин тийгизе түпкүчтөй дүӊкүйдү, кыязы ага көңүл бурганым майдай жакты окшойт. Көктөн издегеним жерден табылгандай болду. Дароо сыракана ээсине мышыкты сатып алуу оюмду айтсам, мышык аныкы эместигин, ал тууралуу эч нерсе билбестигин, буга чейин көрбөгөндүгүн айтты.
Бир азга сылап турдум, кетүүгө кам урсам жаныбардын мени ээрчичү түрү бар. Ээрчитип алдым, кетип баратып кээде эӊкейе калып сылап коём. Үйгө жеткенден кийин ал үйгө дароо үйүр алып, тез эле жубайымдын сүймөнчүгүнө айланды.
Акырындык менен өсүп келе жаткан мендеги ага болгон жек көрүүнү сездим. Мындайды таптакыр күткөн эмесмин, бирок кантип, эмне үчүн экенин билбейм, анын мага болгон сезими жадатып, кыжырдануумду пайда кыла баштады. Жийиркенүү, кыжырдануу сезими чилдин арышындай болуп ачуу жек көрүүгө өсүп жетти. Мышыктан оолактачу болдум, кайсы бир күнөө сезими, мыкаачы жоругумду эстегеним ага кол көтөрүп кордогондон сактап жатты. Бир канча жума ага колум да тийген жок же башка ыдык көрсөткөн жокмун, бирок акырындык менен, өтө акырындык менен сөз менен бере алгыс жек көрүүмдү пайда кылды, кутулбас куядай караанынан чуманын деминдей каччу болдум.
Мышыкты үйгө алып келгенден кийинки күнү эртеӊ менен Плутондукундай бир көзүнөн ажырагандыгын байкаганым аны жек көрүүмө кошумча болгону шексиз. Антсе дагы бул жагдай жогоруда айткандай жогорку деӊгээлдеги адамдык сезимге эгедер жубайымдын ага болгон сый-урматын пайда кылды, бир кезде бул сезим менин мүнөздүү өзгөчөлүгүм, эӊ жупуну, акактай таза кубанычымдын өзөгү боло турган.
Мышык көзүмө суук көрүнгөн сайын анын мага жакындыгы күчөгөнсүдү. Кадам сайын карыш жылбай өжөрлөнө ээрчигенин окурманга түшүндүрүш кыйын. Олтурсам отургучумдун астына түпкүчтөй ийиле кирип кетет же секирип тиземе олтуруп алат да итатайды келтирип эркелей баштайт. Басайын деп өйдө турсам, бутума чалынат, анын айынан аз жерден жыгылып кетейин дейм же узун курч тырмактарын киймиме матырат да төшүмө тырмышып чыгат. Ушул учурда бир уруп күм-жам кылганга өтүм кайнап жатса дагы, жасаган кылмышым жарым-жартылай жадымда болгондуктан антүүгө дааган жокмун, бирок жерлиги дароо моюнга алган оӊ – бул мышыктан катуу корком.
Менин коркконум колго уруна турган бир жамандык кооптонуусу эмес болучу, ага башка кандай аныктама бериштин учугун билбей турам. Ал турсун ушул абакта олтуруп, моюнга алыштан уялып турам, мышык жараткан үрөй учурган коркунучту аӊдоого боло турган кыпындай куру кыялдын бири көзөнөк ишти көөдөй кылды. Жубайым мен айткан ушул кызыктай жандык менен мен түбүнө жеткен мышыктын ортосундагы көзгө урунарлык айырмасы болгон агыш такты алда курдай эскеркен жайы бар. Көзгө урунарлык болсо дагы так анча белгисиз экендиги окурмандын жадында, бирок акырындык менен ушунчалык байкалбастан эс-акылым аны элес катары кабыл албай көпкө күрөштү, анткен менен акыры мышыктын төшүндөгү так агы ак, карасы кара болуп, дааналанып көрүнө баштады. Аталышы жүрөгүмдү селт эттирген, бир эсептен куйкам курушуп корккон нерсенин накта өзү болучу, эгер колумдан келсе ушул желмогуздан арылсам эмне, – ал деген үрөй учурган тозоку – Дарганын сүрөтү болучу! Оо, акыркы дем чыккандагы өлүм коштогон коркунуч менен кылмыштын түрү суук, коркунучтуу куралы!
Азыр мен кадыресе пенде көрбөгөн кыйноого кабылып олтурам. Кандашы мыкаачылык менен көзү тазаланган курган жандык мага – Улуу Кудай түспөлүндөгү адамга ушунча адам чыдагыс азап тартуулады! Кантейин! Күн болобу, түн болобу эс алуу дегенди унуттум! Күн жарыкта ал менден бир көз ирмемге карыш жылган жок, түн ичинде саат сайын кирген жаман түштөн ойгонуп, бет алдымдан анын ысык демин, жаман түш болуп кирип, жүрөгүмө бекем орногон, үстүмдөн алып сала албаган оор салмагын сездим!
Ушундай азаптардын басымынан улам жан тенимде калган кылайган жакшылык жышааны жан таслим болду. Кара ниет ойлор, бүлгүн көздөмдөр ички дүйнөмдүн чабандеси болду. Кадыресе түнт мүнөзүм бардык нерсеге, бардык адамзатка болгон жек көрүүмдү арттырды; жок жерден өзүмдү кармай албай баш бербей капыстан тез-тез кармаган кучунашымдын курмандыктарынын сап башында менин кыӊк этпеген курган жубайым болор эле.
Бир күнү ал мени менен жокчулук бизди баш паанек кылууга аргасыз кылган эски имараттын жер төлөсүнө кирди. Мышык тик тепкич менен артымдан келип, бутума оролгону ачуумду мурдумдун учуна чыгарды. Бала кезимден бери мени токтоткон коркунучту эстен учуруп, балтаны колго алдым дагы, мышыкты урушка белсенип калдым, тийсе өзүм көздөгөндөй оӊбой калмак. Бирок бул соккуну жубайымдын колу токтотуп калды. Анын кийлигишкени мени каны качып сурданган абалга алып келди. Колумду тартып алдым дагы, балтаны мээсине матырып алдым. Ал үстөмөнүнөн жерге кулап, дем чыгарбай жатып калды.
Кишинин эси чыгарлык киши өлтүргөндөн кийин эси-дартымдын баары өлүктү көздөн далдаа кылуу таклигинде болду. Коӊшуларымдын көзүнө чалдыгып калбаш үчүн күндүзбү же түн ичинде болобу сөөктү үйдөн алып чыга албасым белгилүү эле. Эмне деген гана ойлор келбеди. Адегенде өлүктү жиликтеп туруп, отко жагайын дедим. Анан кайра муну жер төлөгө көмүп салгым келди. Бир туруп короодогу кудукка салып жиберүүнү, болбосо кадимкидей кайра таӊгактап туруп, чабармандан берип жиберүүнү ойлодум. Акыры баарынан эӊ ылайыктуусуна токтолдум. Орто кылымдарда кечилдер өз курмандыктарын кылгандай жер төлөнүн дубалына кошо бүтөп салууну көздөдүм.
Ушул максатка жер төлө алда канча алгылыктуу болучу. Дубалдары бош көтөрүлүп, одуракай шыбагы нымдуу абадан алигиче кургай элек. Мындан тышкары дубалдын бир жеринде мор же очок өӊдөнгөн оюк бар болучу, бул оюк жер төлөнүн башка дубалдарына окшоштурулуп бүтөлгөн. Оюктагы кирпичтерди оӊой эле алып, өлүктү коюп, эч ким шектүү бир нерсени байкабагандай кылып мурдагыдай дубалды көтөрүп саларымдан эч күмөн санаган жокмун.
Жана бул эсебимден жаӊылган жокмун. Ломдун жардамы менен кирпичтерди оӊой эле алып, оюкка кылдаттык менен мүрдөнү жайгаштырып, ички дубалга жөлөп, ошол абалында такап койдум, бир аз аракеттенип жатып дубалды мурда кандай болсо, ошол абалдагысындай кылып койдум. Акиташ, кум, майда кендир алып келип, сактык менен эскисинен айрып алгыс ылай жасап туруп, жаӊы коюлган кирпичтерди өтө кылдаттык менен шыбап салдым. Бардыгы ойдогудай бүткөргөн ишиме көӊүлүм тоюп калды. Дубалдын тышкы көрүнүшү жакында бузулганынан шек жараткан жок. Жердеги таштандыны ыпыр-сыпырынан бери алып тазалап койдум. Айланамды ыраазы боло жеӊиштүү карадым дагы, өзүмө өзүм мындай дедим: “Мынакей, эӊ кур дегенде эмгегим талаага кеткен жок”.
Кийинки менин кадамым канчалаган балакеттин башын кылтыйткан жандыкты табышым керек болчу, акыры анын жүзүн өлүмгө каратайын деп чечтим. Ошол ирмемде ал колума урунганында жазмышы кандай болору айдан ачык болучу, анткен менен арамза макулук туткагым кармаганынан чочулаган окшобойбу, ушундай кезимде көзүмө көрүнгөндөн өзүн жаа бою ала качты. Кудайдын каары тийген жандыктын жоктугу көкүрөгүмө тереӊ магдыраган жеӊилдик алып келгенин сыпаттап же элестетүү да мүмкүн эмес болучу. Түндөсү мышык келген жок, ал үйгө келген күндөн баштап, ушул түнү бир ирет коӊурук тартып, бейпил уктай алдым, жан дүйнөмдө киши өлтүрүү жанчымы кемирип жатканына карабастан уктадым!
Экинчи күн өттү, үчүнчү өттү, баягы менин азабымдын караанынан дайын жок. Эркин адамдай дагы бир жолу дем алдым. Коркунуч оронгон желмогуз үйүмдөн түбөлүккө кетти! Мен эми аны көрбөйм! Кубанычымда чек жок эле! Кылган жоругум үчүн болгон күнөөмдүн бейпайга салганы азайды. Эмне болгонун сурагандар болду, алдын ала даярдаган жообум алардын жаагын жап кылат. Үйдү тинтип көрүштү, анан албетте, эч нерсе колго илинген жок. Келечегимди кепилденген жыргалчылык күтүп жаткандай карайм.
Жубайымды өлтүргөндөн кийинки төртүнчү күнү бир топ полиция кызматкерлери үйгө капысынан келип, там-таракты кайра кылдат аӊтарып-теӊтерип чыгышты. Анткен менен жашырган жерине бекем ишенген мен оӊтойсуздукту сезген жокмун. Офицерлердин талабы менен тинтүү учурунда алар менен кошо жүрдүм. Алар бир дагы оюкту, бурчту калтырбай карап чыкты. Акыры жер төлөгө үчүнчү же төртүнчү жолу түшүп чыгышты. Денемдин бир үзүмү да чымыр этип койгон жок. Жүрөгүм уйкудагы такыбаныкындай акырын согуп жатты. Жер төлөнүн бул башынан тигил башына басам. Колумду көкүрөгүмө алып ары-бери каӊгый бердим. Толугу менен канааттанган офицерлер кетүүгө кам урушту. Жүрөгүмдөгү кубанычты ооздуктаганга чамам жетпей калды. Жеӊиштин таасириненби же алардын менин актыгыма болгон ишеними артсын үчүнбү, оозумду таптап барып токтодум.
– Мырзалар, – полиция кызматкерлери тепкичке бут коё баштаганда үн каттым, – күмөн санооӊорду баса алганыма кубанып турам. Ылайым оору-сыркоодон алыс болгула, анан бир аз сыпайылык керек экен силерге. Айтмакчы, мырзалар, бул, бул үй абдан жакшы салынган, – бир нерсе айтканга куштар болуп, оозумдан эмне сөз чыгып жатканы ойго келген жок, – эӊ мыкты салынган деп айта алам. Бул дубалдар… Кеттиӊерби, мырзалар? Дубалдары бекем көтөрүлгөн… Анан куру эрдикке мас болгон жаным, артында жубайымдын сөөгү жаткан кирпичтерди колумдагы ичке таяк менен катуу ургуладым.
Жараткан мени ант ургур шайтандын азуусунан сактаса экен! Таяк менен урган үндүн жаӊырыгы тынчтыкка төнүп кетер менен бейит түпкүрүнөн үн жооп берди! Ыйлаган үн… Адегенде баланын боздоп ыйлаганындай туюк, үзүк-үзүк болуп барып, тез эле катуу уӊулдаган, адамдыкынан башкача үздүк-создугу жок өкүрүккө айланды, тозоктон гана чыгышы мүмкүн болгон бирде коркунучтуу, бирде шаттуу ач айкырык, түбөлүк азапка малынган наалаттардын, алардын азабынан ырахат алган жин-шайтандардын кекиртегинен чыкчу чаӊырык.
Ошол учурда эмнелер оюма келгенин айтыш – келжиректик. Өзүмдү жогото калтыраган бойдон маңдайдагы дубалга жабыштым. Бир көз ирмемге алаӊгазар кылган коркунучтун кучагында калган кишилер тепкичте кыймылсыз бойдон калды. Андан соӊ чымыр колдор дубалга жабыла качырып кирди. Дубал күп дей түштү. Эчак бөлүнгөн, чыланган каны каткан өлүк көрүүчүлөрдүн көз алдына тикесинен туруп калды. Өлүктүн башында кызарган оозун ачып, сыңар көзүн жылтыратып, баякы тозоку мышык олтурат, анын куйтулугу мени киши өлтүрүүгө азгырды, чыккынчы үнү мени желдеттин колуна тапшырды. Желмогузду өлүк менен кошо бейитке бүтөп салдым!
Англис тилинен оодарган Эрмек Шоруков
2021-жылдын 21-декабры
[1] Барельеф (французча bas-relief – жалпак рельеф) – томпок рельефтин бир түрү. Томпок рельефте ага түшүрүлгөн фигуралар менен предметтер өз көлөмүнүн жарымына чейин тегиздиктен чыгып турат.