Жылдызча Венера: Мен бүтүн эмесмин ( Миниатюра)

 ЖЫЛДЫЗЧА Венера Бөлөкбаева

МЕН БҮТҮН ЭМЕСМИН

Беш жашымда, мен тең экиге бөлүнүпмүн…
Беш жашымда, алгачкы, жалгыз сапарым башталыптыр…
ХХХ
— Ии, келегой, кибиреп эмнеге келдиң?
— Мага эч ким деле келбейт го, билесиңби?
— Жолдогу иттерден, тигил мүрзөдөн корккон жоксуңбу?
— Кантип келип алдың жаныма?
Баса албаган эже мага ушундай суроолорду жаадырды.
— Сени бирөө жөнөттүбү? — дегенде гана, башымды чайкадым.
— Өзүм эле келдим…
— Кантип басып келдиң, тигил кырдан бери? Сайга түшүп анан суудан өтүп… Карачы, бир бутуңа өзүңдүн кичинекей тапичкеңди кийип, бир бутуңа апаңдын туфлисин кийип алыпсың го? Ии кокуй, көйнөгүңдү да тескери кийипсиң, келегой, оң кийгизип берейин…
Жөрмөлөп баскан калыбын өзгөртүп, тизелеп олтуруп алып, колун созуп мени жанына тартып алды. Көйнөгүмдү чечип, оңдоп кийгизди. Көзүмдү жарым-жартылай жаап сексейген чачтарымды, чачыма байланган лентам жакка сылап койду.
ХХХ
Баса албаган эжени, мен жалгыз эле ойноп жүрүп көрүп калгамынбы? Же көлмөгө өзүм менен тең кыздар-балдар менен сууда сүзүү үчүн келип көрүп калгамынбы? Ошол кезден, азыркы кезиме чейин эч эсте жок.
Биз түшкөн көлмөгө жакын үйдүн эшигинде, эки тизесине, эки колуна кепичтерди илип алып, жөрмөлөп үйүнө кирип бара жатканы гана кичинекей карээгиме илинип калыптыр, карээкке эле эмес…
ХХХ
Бүгүнкү күнгө чейинки бүт жарат, өксүктөрүмдүн эң башында турат, баспай — жөрмөлөгөн эже…
Мен беш жашыма чейин эле бүтүн болупмун. Ал эжени алгач көргөн көз ирмемден кийин, дароо эле менин денем сынык, жарым, кемтик, кем болуп калыптыр. Же болбосо, мен тең экиге бөлүнгөм экем, жарым же жарты болуп…
ХХХ
Жанына келип, жалдырап унчукпай тура берген мага:
— Чыныңды айтчы, сени ким жиберди мага, эмне үчүн келдиң? — деп, кайрадан суроо бергенде гана уңулдап ыйлап жибердим.
Берген суроосуна жооп бере албай турганым үчүн ыйлаганым жок!
Ал эжеге атайын келип алып, тургузуп бастыра албаганым, алсыздыгым жана кичинекейлигим үчүн ыйлап жибердим…
— Барагой үйүңө, тигил кырда тай атаң жүрөт, сени издеп жүргөн жокпу? — деп, мен келген кыр жакты карап калды. Дароо карадым ал жакты, тай атам жок, ыйлаганымдан чоочуп, эже мени алдап койгонун түшүндүм.
Жаш чыккан көзүмдүн ичи ачышып, катуу ооруп кирди. Акылым, тилим жетип түшүндүрө албаган ички чаңырыгымдын жүгүн көтөрүп, көзүм да ошол күнү жаракат алды…
ХХХ
— Экинчи келбей эле гой ээ, мен сени менен ойной албайм да. Көрдүңбү баспайм… — деп, кара топурактуу жерди айланта карап койду.
ХХХ
Бир бутума өзүмдүн кичинекей бут кийимимди, бир бутума апамдын чоң бут кийимин сүйрөп алып кыбырап кырдагы үйүмө жөнөөгө кадам таштаганы калдым. Менден мурун эле, эки колу, эки тизеси менен жөрмөлөп, алдыма түшүп жөнөдү эже. Бир аздан кийин, тизелеп олтура калып:
— Барагой, сен кырдан ашып кеткенче карап турайын… — деди.
Бутумду сүйрөп, апамдын туфлиси улам бутумдан ыргып, кайра кийилип жатып кырга араң жеттим.
Сайды карадым, жөрмөлөгөн эже мени узаткан жерде, дале тизелеп мени карап олтуруптур…
ХХХ
— Кызым ыйлаба, жаман түш көрдүңбү? — дегенде гана, тай атамдын үнүнөн, түн бир убакта ойгонуп кеттим. Тай энем экөөнүн ортосуна жатчу элем.
Тай энем да жаткан жеринен башын өйдө кылып, мени эңкейип карап калыптыр. Терезеде Ай тийип туруптур.
Тай атам, тай энем жана Ай үчөөнү мен ыйлап ойготуп салгандай болуп, өзүмдү күнөөлүү сезип тынч жатып калдым.
Түш көргөн эмесмин. Күндүзгү ыйымдын уландысы болсо керек…
Бир эле күндүн: жарыгында да, караңгысында да ыйлаган күнүм — ошол күн…
ХХХ
— Алты саныбыз аман, Кудайга ыраазычылык…
Кемтигибиз жок, бүтүн болгонубузга тооба дейли… — деген сыяктуу сөздү уккан сайын, менин жүрөгүм “зырп” этет… Чыдап угам… Унчукпайм…
Өзүмдөн күчүмдү чыгарам:
— Мен бүтүн эмесмин…
Бир эле эмес, бир нече адам көзсүз болгону үчүн: мен да өзүмдү көзсүз сезип жашап келе жатам…
Бир эле эмес, бир нече адам укпаганы үчүн, менин да кулагым укпагандай…
Бир эле эмес, бир нече адам баса албаганы үчүн, мен да өзүмдү бутсуз сезем…
Бир эле эмес, бир нече адам жаралуу болгону үчүн: мен да жаралуумун…
ХХХ
Эгер, акырын күлсөм… Аным калп…
Эгер, жылмайсам… Жылмаюум жасалма…
Эгер, каткырсам… Ишенбеңиз! Ичимден ыйлап турам…
Беш жашымда башталган, ошол ыйымдан соороно элекмин…

2-Январь, 2022-жыл.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.