Осаму ДАДЗАЙ: “Сулуу”

(аңгеме)

Жыл башында Кофунун жака белиндеги Яманаси тараптан өжүрөнү ижарага алып жашап калдым. Алты айды кыбырап майнапсыз иштер менген өткөрдүм. Июнь айында бул чуңкурдагы аймак чокусун жегидей ысыды дейсиң, түндүктүн тургуну, мен байкуш жерден чыккан тапка куйкаландым да калдым. Үстөлдө үн-сөзсүз олтургам, бир маалда көзүм караңгылашып, башым тегерене баштады. Өмүрдө биринчи ирет ысыктан эсим ооп жыгылышым. Аялым улам тердеп-кургай берип денесин сиркектенип чыккан ысык каптап кетти. Кофудан анча алыс эмес бир айылда териге чыккан бүт балакетке шыпаа жылуу суу бар деп айтышты. Жылуу сууга күндө бир маал барып туралы деп жубайыма масилет салдым. Биз жашаган өжүрө Кофунун түндүк-батыш тарабындагы тыт дарагы жайнаган бакчанын ортосунан орун алган, жылуу суусу бар айылга чейин жөө жыйырма мүнөттүк жол (эгерде кырк тогузунчу полктун машыгуу аянтчасын аралап түз барса он беш мүнөттө жетет). Жубайым ар таңда эрте мененки тамактан соң суулук кийимдерин алып жылуу сууга кирингени каттап жүрдү. Анын айтуусуна караганда, киринген жай кенен салынып, ал жайга каттагандын көпчүлүгү – айылдык чал-кемпирлер. Жылуу суунун дарылык касиети бар деп макташканы менен, жубайым ал суудан шыпаа деле таппады көрүнөт – ысык каптаган денеси баягы эле бойдон. Бассейн – таза, кафель чапталган. Суусу бир аз ысыктык кылганы менен, бирок ысык суунун ичинде бир сааттай шашпай сукбатташып олтурсаң – өзгөчө бир ажайып дүйнөгө түшүп калгандай болосуң.

–  Сен да эч болбосо бир маал барып турсаң болот, – деп ишендирди жубайым. – Эрте менен аскердик машыгуу аянтындагы көк майса чөптө басып жүрсөң, чөптүн жыты жагымдуу аңкып, шүүдүрүм таманды балкытат, жаның эргип, өзүнчө бир бакыт!

Мен аз кезде жазма иштерден зеригип, жалкоолугумду ысыган күнгө шылтап, бардыкка көңүл кош жүргөн жаным жубайымдын бул сунушуна шыр эле макул болдум. Эрте менен саат сегизде үйдөн чыгып кеттик. Өзгөчө деле эчтеке болгон жок. Жубайым айтканына карабастан, аскердик машыгуу аянтчасындагы көк майса чөптү аралай бассам деле көңүл көтөрөр эчтеме сезген жокмун. Киринген жайдын алдындагы бакча ачык-кызыл гүлдөгөн анар дарагына толгон. Кофуда анар дарагы көп өсөт.

Киринген жайдын курулганына аз эле болгондой, тегерек-чети таза, тыкан. Бардык аянтына күнгө жаркыраган акактай кафель чапталып, киринген жайдын тазалыгын айгинелейт. Бассейндин өзү өтө деле кенен салынбаптыр. Кирингени келгендердин саны бешөө. Сууга сүңгүп киргенимде бир нерсеге таң калдым – суу бир аз ысыктык кылгыдай. Кадимки эле аккан суу. Суу ээгимден келгенге чейин чөгөлөй олтурдум, былк этишке чама жок, өйдө болор замат муздак абадан дене ичиркене түшөт. Эңкейген абалда чөк түшкөн бойдон былк этпеске арга жок. Олдо, кокуй ай! Олтурган жеримде тажап кеттим. Жубайым көзүн жумган бойдон былк этпей олтурат. Өзүнчө жыргап алган…

-Тууй ата! Былк этпеске арга жок! – деп күңкүлдөп алдым.

– Өлбөйсүң. Жарым саатта көл-шал тердеп чыгасың, – деди жубайым жай гана. – Бул өтө пайдалуу.

– Э, мейличи… – анын айтканына моюн сундум.

Жубайым сыңар көздү жумуп мемиреп олтура алгыдай эмесмин. Тиземди кучактаган бойдон тияк-бияка көз жүгүрттүм. Бизден башка, бассейнде эки үй-бүлө бар экен. Биринчиси, чачын ак басып жашы алтымышка келип калган чал жана анын жанында өзүн жакшы караган жашы элүүгө таяп калган аял. Экөө тең кадыр-барктуу адамдар көрүнөт. Жергиликтүү байлар чыгар. Ак чачтуу чалдын мурду барбайган, оң колуна алтын шакек тагынган, жаш кезде шуулдаган киши болгону билинет. Денеси кызарып, көпшөк тартып турат. Аялы тамеки тартат окшойт. Алар өлүп кетсин. Менин бүткүл дитим башкага бурулду. Маңдайдагы бурчта бири-бирине жабышып үчөө чөгөлөй олтурат. Жашы жетимишке келип калган чал, эти денесине жабышып куурап, каат-каат бырыш баскан жүзү көзгө комсоо урунат. Чал менен тең чамалаш кынжыйган арык кемпирдин кабыргасы саналат. Денеси кер-сары тартып, шалпыйган эмчектери жаман көрүнөт. Карыган кезде адам көзгө толумдуу көрүнмөк беле. Көздөрү ийинге жүткүнгөн кашкулактын көзү сыңар акыраят. Экөөнүн ортосунда олтурган кыз кемпир-чалдын багып алган небереси сыяктуу. Ашкан сулуу. Эки дөңгөчтүн ортосуна кыпчылып калган бермет сыңар. Бирөөнү уурданып көз кыйыгынан тиктегенди негизи жактыра бербейм, ошого кызды тике карадым. Жашы он алты-он жетиде. Балким он сегизде. Өңү куба тартып, бирок өтө арыкка кирбейт. Олбурлуу чымыр денеси жетиле бышкан шабдалы жемишин элестетет. Сига Наоя [1]    өз күндөлүгүнө бу ургаачы заты күйөөгө берер куракта сулуулугу ашып-ташып, бышып-жетилип турган маалы болот деп бирдемелерди жазган жайы бар. Ушуну ойлогондо жазуучу сөздү коркпой таамай айтканына тан берчүмүн. Бирок азыр кыздын шилекейди агызган жылаңач денесине суктанып олтуруп, жазуучу Сиганын айтканы өтө деле адепсиздикке жатпашына ынандым, аялдын жылаңач денеси эң бир улуу, эң бир аруу кыялдарга азгырган ааламда эч бир теңдеши жок кооз зат экенине көзүм жетти. Кыздын келишимдүү жүзүн карасаң, пай-пай… Бажырайган кирпиктериң, бакырайган карегиңден, кагылайын. Жарашыктуу кыяктай мурду. Эриндери чоң, жылмайган кезде, үстүңкү эрди серпиле түшөт. Жараткан кыздан жапайы сулуулукту аянбаптыр. Артына түйүлгөн чачы, чурайы болор-болбос карарып көрүнөт. Кемпир-чалдын ортосуна кысылып, аруу наристедей чөгөлөп олтурат. Канчалык суктанып карасам да, буга кебелип койбоду. Чал-кемпир кызды бапестеп багышкандай, жонунан жышып, далысын таптап жатышты. Менимче, кыз кайсы бир дарттан ооруп сакайгандай. Бирок ооруган адамдай көрүнбөйт. Жапжаш чымыр денелүү чыныгы ханыша! Жөлөк-таягы болгон чал-кемпирдин жанында утур жылмайып жан эргиткен таттуу кыялга чөмүлүп олтурду. Мага бир алдын кыздын жылмайышы кызыктай туюлду. Качан ал олтурган жеринен акырын өйдө болгондо, кызды тиктеген бойдон эсим ооп калыптыр. Олтурган жеримде селейдим. Узун бойлуу, тим эле маралдай келишкен… Кереметтин керемети. Көйкөлгөн көкүрөгүңдөн, иий! Мамактары тирелет, кымча бели, узун буттары түптүз. Эч кандай уялбастан жыпжылаңач так менин маңдайыма дейре басып келди. Аппак назик сулуу колдорунан  нур чачырап жаткансыйт. Бассейнден чыкпастан колун сунуп кранды ачып жиберип, чынжырга байланган алюминий чөмүчкө суу алып кайта-кайта ичти.

–  Ич, иче кой дагы! – кемпир кызга карап бырыш баскан оозун жалжайтып күлдү. – Канчалык көп ичсең, ошончолук узак жашайсың!

Арыда олтурган башка кемпир да мунуң ырас дегенсип башын ийкеп, баары кызды жылмая тиктешти. Бир маалда колуна алтын шакек тагынган чал мага карап:

–  Силер да ичсеңерчи. Оорукчан жанга мындан өтөрү жок!

Анын айтканы мага буйрук бергендей туюлду. Эти сөөгүнө чапташкан көкүрөгүмдү, кабыргасы каркайган денемди көрүп мени узак оорудан эми айыккан адам деп ойлогон шекил. Чалдын буйрук бергендей сүйлөгөнүнө тырчый түшкөнүм менен кебелбей олтуруп алганым анча туура болбой калат. Жылмайган адам болуп ордумдан турдум. Муздак абадан денем дароо калтырап чыкты. Кыз мага үндөбөстөн алюмин чөмүчтү сунду.

–  Ыракмат, – дей салдым да, бассейнден чыкпастан абанын муздагына калтырап титиреп кранды ачып жибердим да, чөмүчкө суу алып, иче баштадым. Суу шор даамданат. Минерал суу окшойт. Көп иче алгыдай эмес киши, ошого карабастан чөмүчкө үч жолу суу алып жуттум да, кабагымды тыржыйтып чөмүчтү ордуна коюп, үшүгөн жаным сууга киргиче шаштым.

–  Кантип калдың? – колуна алтын шакек тагынган чал ыраазы кишидей мага карады. – Жыргай түштүңбү?

Дароо жооп берген жокмун. Үңүрөйгөн калыбымда акырын баш ийкеп жооп бердим:

–  Ооба.

Буга аялым башын ылдый салаңдатып кыткылыктап күлдү. Кайдан жыргамак элем! Коркунучтан денем калтырап чыкты. Бирөөлөр менен маектешкенге шыгы жок жаным жанымдагы чал мени кепке тартып жибереби деп корктум. Өзүмдү оңтойсуз сезип, бул жерден кеткиче шаштым. Кыз тараптка дагы бир ирет карадым. Ал мурдагысындай башын чалкалаткан бойдон кемпир-чалдын ортосунда чөгөлөй олтурат. Жүзү дале эчтекеден бейкапар. Бияктагы мени капарына деле албады. Кайпаластап баштадым. Шакек тагынган чал дагы кеп баштагыча болбой, ордумдан ыргып турдум да, жубайыма:

–  Кеттик! Мындан артык кактана албайм, – деп шыбырадым да, суудан чыгып, аарчына баштадым.

–  Мен дагы бир аз турайынчы, – деди жубайым.

–  Анда мен өзүм кете берейин.

Кийим которгон жайда шашып-бушуп кийинип жатканымда, суудагылардын кобур-собур маеги жандана түшкөнсүдү. Менин үн-сөзсүз керсейген кейпимди жана уурдана тиктеген кабагымы көрүшкөндө, алар деле эмне дешин билбей тым олтурушкан окшойт, мен кетер замат, баары ушуну эле күтүп турушкансып дароо кызуу кепке кирип кетишти. Алтургай жубайым да алар менен илгертен тааныш адамдай денесине сиркенектеп чыккан ысык тууралуу божурап кирди. Ушундай бир жеткен кокуймун да! Эч ким менен тил табыша албай жүргөнүм жүргөн! Эчтекеге шыгы жок, адам менен иши жок жаным ал жерден качып баратып да жанталашып кызды бир карадым. Ал баягы эле ордунда – чал кемпирдин ортосунда гүлдөй кулпуруп олтурат.

Сулуулуктун ханышасы! Аны көргөндөгү белгисиз кубанычты жүрөгүмдүн тээ түпкүрүнө табериктей аздектеп сактап алдым.

Июль айында ысык жетер чегине чыкты. Ысыган сокмо шалчага жата да, олтура да албайсын. Дагы бир ирет жылуу сууга барып келсемби деп ойлодум, бирок август айы Токионун чет жакасына көчкөнү жатканбыз, акчаны үнөмдөшкө туура келип, ал жакка барышка чамам жетпеди. Ысыктан акылым айнып кала турган болду. Чачымды кыскартсам, башым серүүндөп, өзүмө келип каламбы деген үмүткө жетеленип чачтарачка жөнөдүм. Кайсы чачтарач болсун – айырмасы жок, эптеп чач кыскартсам болду. Тар көчөдөгү мончонун маңдайында турган чакан күркөгө баш баксам, ичи толодой көрүндү. Ал жерден жылып кетейин деп жатканымда, анын ээси менин оюмду биле койгонсуп терезеден башын чыгарып кыйкырды:

–  Чач тегиздеткени келдиңизби? Келиңиз, заматта тегиздеп берем!

Калп жылмайып, эшикти түртүп чачтарачканага кирдим. Өзүмө билинбегени менен, чачтарым сапсайып жүдөгөн кебетемди көргөндө чач тарач келген себебимди бир көрүп туйгандыр. Уят эле. Таз баш чач тарачтын жашы кырктын тегереги. Кырбусу жоон тегерек көз айнеги, жука эрдинен улам жүзү адамга күлкүлүү көрүнөт. Жаңы үйрөнчүк шакирти бар экен. Чачтарачкана менен конок бөлмөнүн ортосун жука парда бөлүп турат. Ал жактан чыккан кобур-собур үндөн улам мен аларды адашып кардарлар деп ойлогом.

Отургучка олтурдум. Ылдыйдан желдеткич муздак шамал айдап, сергий түштүм. Карапада өскөн гүлдөр жана аквариум коюлган чачтарачкана ичи тыкан жыйналган. Ысыктын күнү чач алдырган – эң эле сооптуу иш деп ойлодум.

–  Желке жагым кыска болсун, сураныч! – ушул сөздү айтканга араң жарадым.

Ушинтип айта салып, өзүмдү күзгүдөн карадым – жүзүм керсейип, эрдимди бек кымтып турушум текебер туюлат. Эчтекеге шыгы жок курган жаным, ай! Чачтарачта керсейбей жөн олтурсам өлөмүнбү!  Өзүмдү бир байкуш сезип жаман болдум. Күзгүгө дагы карадым – ичинен гүл көрүндү. Үстүнө жупуну жашыл көйнөк кийип терезе түбүндө кыз олтурат. Аны эми гана байкадым. Анча деле маани берген жокмун. Жаңы үйрөнчүк кызбы? Же өзүнүн кызыбы? – деген ойлор гана башымдан зымырап өттү да, андан соң кызга көңүл деле бурганым жок. Бирок бир аз өтпөй кыз мойнун созуп мени артымдан карап жатканын күзгүдөн байкадым. Көз караштар бир нече жолу бетме-бет келе түштү. Артыма бурулуп кызды карап жибере жаздап, аны мурда кайсы жерден көргөнүмдү эстей албай жаттым. Кызды бир жерден көргөнсүп жүзүн үңүлүп карап жатсам, кыз жүзүн буруп кетти. Терезеге бешенесин коюп ары-бери өткөндөргө карап калды. Мышык менен аялдын окшоштугун айт: унчукпасаң – чакырат, жакындасаң – жылып кетет. Бул кызда да ошондой адат бар экен. Мен кызды карап ичимден түтөп жаткан кезде, кыз зериккен түрдө жанаша үстөлдө турган сүт куюлган бөтөлкөнү алды да, оозунан иче баштады. Мен ошондо гана аны эстедим. Баягы бейтап кыз. Ооруп айыккан соң жылуу сууга кирингени келген баягы дене-мүчөсү келишкен сулуу. Ооба, дал өзү. Сүт куюлган бөтөлкөдөн улам эстедим. Кыздын жүзүнө караганда, анын көйкөлгөн сулуу көкүрөгүн көбүрөк эстеп калганым үчүн бир эсе кыздан уялдым. Анын адамды эстен тандырар сулуу денеси азыр жупуну жашыл көйнөккө катылган, бирок мен анын денесин майда-чүйдөсүнө дейре көргөм. Анын ажайып сулуу жылаңач денесин көргөнүмө өзүмдү бактылуу сезип кеттим. Алтургай экөөбүз жакын тууган өңдөнүп сезилди.

Кызды күзгүдөн караган бойдон өзүмдөн өзүм жылмайдым. Ал мунумду байкай салып, ууртуна конгон жылмаюуусу заматта тарап, ордунан атып турду да, парда артындагы конок бөлмөгө жай басып кирип кетти. Жүзүндө эчтекенин изи жок. Аны карап туруп кыздын акыл-эсинде да аз-маз маселе бар окшойт деп койдум. Бирок жаным ушунчалык эргип турду. Чачтарач киши, балким, кыздын атасы кайчы менен чачымды тегиздеп жатканда, серүүн желге магдырап, чексиз ыракатка балкып жаттым.

Мына ушундай обу жок, калаатыдай окуя баштан өткөн.

______

[1]. Сига Наоя (1883 – 1971) – белгилүү жапон жазуучусу.

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары

 

 

Жазуучу тууралуу учкай маалымат

Осаму Дадзай – ХХ кылымдагы жапон адабиятындагы эң белгилүү фигуралардын бири. Өз жашоосуна таянып адамдын ички табияты, коом тууралуу толгонууларды, ой-жүгүртүүлөрдү камтыган терең психологиялык чыгармаларды жаратканы менен белгилүү. Чыгармаларында кездешкен сюжеттердин көпчүлүгү автобиографиялык мүнөзгө ээ. Өздүк чыгармачылык жанры жапон каада-салты менен батыш адабиятынын тенденциясы ширелишип турганы менен айырмаланат. Жазуучунун чыгармалары дүйнөлүк бардык негизги тилдерге которулган. Башка жазуучулардан Рюноскэ Акутагава, Мори Огай жана Федор Достоевскийдин чыгармаларын өзгөчө баалап окуган. Чыгармачылык жолун жалаң ийгиликтер ыроолоп, бирок, кыска өмүрү өлгөнгө дейре чуулгандуу окуялардын коштоосунда өткөн.

Осаму Дадзай (чыныгы аты – Сюдзи Цусима) 1909-жылы Жапонияда ак сөөк тукумунан чыккан бай үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Атасы мамлекеттик жогорку кызматтарды аркалап, жер иштетүү багытында жеке ишкерлик менен алектенген кадырлуу адам болгон. Балдарына жаштайынан терең билимге ээ болушуна өзгөчө көңүл буруп, алардын билим алуусуна көп каражат сарптаган. Жаш өспүрүм Сюдзи Цусима (Осаму Дадзай) тил багытындагы лицейди аяктаган соң, 1930-жылы Токиодогу университеттердин биринде «француз тили» бөлүмүндө окуусун уланткан. Лицейде окуган мезгилден тарта жазуучулукка болгон кызыгуусу артып, чакан аңгемелерди жазуу менен бирге жазмакер жаш өспүрүмдөрдүн чыгармаларын топтоп жаштар газетасына жөнөтүп турган. Бир топ чыгармаларды жаратып келатып, 1927-жылы кумири – Рюноскэ Акутагаванын өлүмүнөн кийин чыгармачылык ишин убактылуу токтотуп салган.

Университетте сабактарга көп деле катышкан эмес. Атасы өлгөн соң өзүнө мураска калган байлыкты кийимге, ичимдикке, сойкуларга, жеңил ойлуу аялдарга коротуп, бош убактысын көбүнчө шапар тээп өткөргөн. 1930-жылы официант болуп иштеген жеңил ойлуу гейша аял – Ояма Хацуё менен жашап алганда, бир туугандары биздин төрө тектүү ак сөөк үй-бүлөнүн наамын булгады дешип туугандыктан кечип салышкан.

Бул окуядан соң Осаму Дадзай депрессияга түшүп, башка сүйүктүү кызы менен бирге деңизге боюн таштайт. Кыз чөгүп өлүп, бактыга жараша, бир туугандары өзүн аман куткарып калышкан. Ошондон кийин бир туугандары менен байланышты толук үзөт да, Ояма Хацуёго биротоло үйлөнүп, жубайлар алты жыл бирге жашаган соң ажырашып кетишкен. Ажырашууга аялы күйөөсүнүн көзүнө чөп салып ала жипти аттаганы себеп болгон.

1930-жылы Токиодогу жергиликтүү газета уюштурган конкурска «Поезд» аттуу чакан аңгемеси менен катышып, биринчи орунду жеңип алган. 1935-жылы окуусун бүтпөй калып, редакцияда андан ары иштей албашына көзү жеткенде, «Батар күн» аттуу чыгармалар жыйнагын бир туугандарына эстелик катары жазып калтырып, дагы өз жанын кыяууга аракет кылат. Жипке асынып өлгөнү жаткан жеринен достору көрүп калып, бактыга жараша, бул ирет да аман-эсен тирүү бойдон жиптен чечип алышкан.

Наркотикага көнүшүп, кийин аны өз алдынча таштай албай мунун азабын көп тарткан. Акыры таштай албашына көзү жеткенде, психиатриялык ооруканага жатып чыгышка аргасыз болот. Бирок наркотиканы толук бойдон таштап коё алган эмес. Анүстүнө чыгармаларын наркотиканын таасири астына жазган адаты буга кедергисин тийгизген.

Ооруканада дарыланып чыккан соң, экинчи ирет Митико Исихара аттуу башталгыч класстын мугалимине үйлөнүп, жубайлар эки кыз, бир уулдуу болушкан. Кенже кызы – Юко Цусима атасынын жолун жолдоп өз учурунда жапониядагы белгилүү жазуучу.

Расмий жана бейрасмий түрдө беш аял алган: Ояма Хацуё, Танабе Шимеко, Митико Исихара, Шизуко Ота, Ямадзаки Томиё. Бул аялдарынан никесиз төрөлгөн балдары бар.

Жазуучу чыгармачылыгын андан ары улантып, «Соопчулукка тыйылуунун бүтүшү», «ХХ кылымдын туусу», «Токионун сегиз түрү» аталыштагы автобиографиялык аңгемелери жана эссе түрүндө «Human Lost» чыгармасы жаралат. Бул жерде өзүнүн жеке жашоосунан алынган окуяларга токтолуп, «саткындык», «коркоктук»,  «күнөө» жана «кудай» темасына кенен токтолгон.

Өмүрүнүн акыркы жылдары эч кимге сүйлөбөй, аралашпай түнт тартып, кээде чочугандай жалжактап ар кимге бир сүйлөп, күлүп-жайнап, айтор, түшүнүксүз адамга айланган.

1948-жылы ички дүйнөсүн кыйнаган ойлорду баяндаган библиографиялык «Алча» чыгармасын, өзүнүн балалык, өспүрүм жана жетилген курагын, жан-дүйнөсүн сүрөттөгөн «Кеңкелестин ымандай сыры» аталыштагы автобиографиялык чыгармасын жазган сон, бешинчи аялы – Ямадзаки Томиэ менен бирге суу сактаган жайга боюн таштап өз жанын кыйган.

Сөөгү өзү кумир туткан улуу жапон жазуучусу – Мори Огайдын мүрзөсүнө жанаша коюлган. Кийин жазуучу өлөр алдында жазып калтырып кеткен «Кайыр кош» аңгемеси үстөлдүн тартмайынан табылган.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.