Жаныш Кулманбетов: “Кагылайын, Манасым!-2” сценарийинен үзүндү

 

 

 

 

 

 

 

 

Саякбай Каралаев (1841-1971)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жаныш КУЛМАНБЕТОВ: САЯКБАЙДЫН “КАЛЕВАЛАДА” КАНТИП “МАНАС” АЙТКАНЫ

Эскертүү: Бул эпизод менин “КАГЫЛАЙЫН, МАНАСЫМ!-2” адабий сценарийимден алынды.

Сценарий 2015-жылы жазылып, 2016-жылы анын негизинде “Кагылайын, Манасым!-2” драмам жаралган. Аталган пьесам “Тарых жана маданият” жылына карата өткөрүлгөн республикалык конкурста жеңүүчүлөрдүн катарына кирген

1949-жыл. Петрозаводск. Карело-фин эпосу “Калеваланын” китеп болуп басылып чыкканынын 100 жылдыгын майрамдоо учуру. Борбордук кино-концерттик залдын ичи. Зал майрамдагыдай транспаранттар менен жасалгаланган. Сахнада “Калевала” эпосунунун жыйноочусу Элиас Лённроттун сүрөтү. Көрүүчүлөр залына батпай кыжылдаган толтура эл.
Майрамдык оюн-зоок жүрүп атты, сахнада.
-На сцену приглашается киргизский аэд – сказитель эпоса “Манас” Саякбай Каралаев! -деп жарыя кылды алып баруучулар.
Ушул эле жарыяны:
-At the scene of the Aеdons invited the Kyrgyz – the narrator of the epic “Manas” Sayakbay Karalaev, -деди биринчи алып баруучу англис тилинде айтып.
-Kohtaus Aedonus kehotti Kirgisian – kertojan eeppinen “Manasin” Sayakbay Karalaev, -деди экинчи алып баруучу карело-финн тилинде окуп.
-In der Szene des Аed lud den kirgisischen – der Erzähler des Epos “Manas” Sayakbay Karalaev, -деди биринчи алып баруучу немец тилинде кайталап.
Саякбай кол чабуулардын коштоосунда сахнага көтөрүлдү.
-20 эле мүнөт айтасыз, Саке, -деди Хусеин кулисанын артынан шыбырап.
Саякбай түшүндүм дегенчелик кылып, башын ийкеди да жайгашып олтуруп, залды тиктеди. Жайнаган көздөр. Саякбай бир аз апкаарып барып, анан көзүн жуумп бир саамга дымый түштү. Залдагылар манасчынын ар бир кыймылына абай салышып, жаздым кетирбей карап турушту.
Саякбай көзүн ачып залдан ага кунт кое тигилишкен жүздөгөн көздөрдү беттеп “Манасын” баштап ийди.
-Атаңдын көрү дүнүйө.
Арбыды мээнет күнүгө!
Арам Көбөш, Абыке,
Айкөл Манас өлгөндө,
Акырет жайды көргөндө…
Асыл жеңең Канышты,
Алам деген эмеспи,
Айкөлдөн калган тукумду,
Асыраштын ордуна,
Жарам деген эмеспи-и..
Саякбайдын үнү залды толкундай каптап кирди. Мухтар*, Хусеин* менен Зияш* демдерин ичтерине алышып, кулак төшөп турушту.


ххх
-Ты слышишь? –деди радионун будкасында олтурган радиооператор орус кыз, жанындагы өзү кырлуу орус жигитти чыканагы менен түртүп, сахнада күпүлдөп “Манас” айтып аткан Саякбай тарапка башын чулгуп.
-Что случилось? – деди жигит, кызга карап.
-Такой завораживающий голос! –деди кыз Саякбайга суктана карап. Анан өз башынан чечип ала коюп, жигиттин кулагына наушникти такады. –Послушай.
-Да, ну… -деди орус жигит, кол шилтеп. –Бормочит, какой-то абориген, не понятно о чем.
-Нет, ты слушай, –деди кыз ансайын, Саякбайга суктана тиктеп, наушникти тигинин кулагынан албай.
-Да, убери, не хочу слушать, – деди жигит көңүлсүнбөй.
-Зря, это что-то настоящее… Даже больше, чем настоящее, -деп кыз наушникти башына кайра кийди да, ээрип Саякбайды угуп калды.
ххх
Саякбай күпүлдөтүп “Манас” айтып атты:
-Чыгырыгын имерип,
Манастан калган дүрбүнү,
Чын көзүнө жиберип.
Бурамасын имерип,
Буркурап ыйлап жиберип,
Буудандын оозун бурду эле,
Ажалга каршы баскандай,
Айкаша турган арстандай,
Баардыгына бел байлап,
Дүрбүсүн салып турду эле.
Ит-Торпунун жолунда,
Кезең кырдын оюнда,
Санап көрсөң Тайтору,
Келе жатат кайран мал
Алтымыш аттын соңунда-а-а-а-а, -деп Саякбай оболото созуп калды.
Адегенде эч нерсе түшүнбөй олтурушкан залдагы эл, бир заматта Саякбайдын кереметтүү үнүнүн туткунуна түшүп кетишти. Былк этпей, ал түгүл көз ирмебей манасчынын шаа жетпеген сыйкырдуу күчүнө баш ийишип, тымтырс туруп, жапрыт дымып угуп жатышты, “Манасты”.


ххх
-Интересно… интересно… – деди баятан кайдыгер карап турган радиобудкадагы орус жигит оозу ачыла Саякбайга тигилип. –Что-то магическое есть в голосе этого удивительного человека.
-Я же тебе сказала, -деди орус кыз мөрөйү үстөм боло.
Жигит Саякбайдан көзүн албай берилип уга баштады.
ххх
Саякбай бирде боздоп, бирде сыздап, бирде көңүлү тээ обого чейин көтөрүлүп, бирде күр-шар эткен деңиздей чайпалып, бирде кирген дайрадай күпүлдөп, тынымы жок айтып атты “Манасын”.
ххх
-Вот это масштаб! –деди, кулисанын артындагы Мухтардын жанында турган орус окумуштуусу, үнүн пас чыгарып, башын чайкап. -Я не думал, что до сих пор сохранились такие великие аэды! Это же явление! Я счастлив, что вижу живого сказителя! Причем самого великого! Спасибо тебе, дорогой Мухтар.
-Им надо спасибо сказать, -деди Мухтар Хусеин менен Зияшка башын чулгуп. –Они его нашли.
-Спасибо, вам, товарищи, -деди окумуштуу Хусеин менен Зияшка колун сунуп. Хусеин менен Зияш күлмүңдөшө тигинин сунган колун алмак-салмак кысып коюшту.

 

 

 

 

 

ххх
Саякбай күпүлдөтө “Манас” айтып атты.
-Жыйырма мүнөт өтүп кетти? –деди Хусеин Мухтарга тынчсыздана карап, чөнтөк саатын көрсөтүп.
-Саке, -деди Мухтар алаканын түтүк кылып оозуна такап, шыбырай, -убакыт бүттү!
Транска түшүп, эргип алган Саякбай анын сөзүн уккан да жок.
-Саке, -деди Хусеин Мухтар менен кошо жарыша шыбырап, -20 мүнөтүңүз өтүп кетти!
Күүлөнүп калган Саякбайдын тигилерди уга турган түрү жок эле.
-Да оставьте вы его в покое, -деди орус окумуштуусу, –пусть продолжает.
-Ему выделено всего 20 минут, -деди Мухтардын айласы кетип. –Лимит закончился.
-Да, ничего страшного, зато очень интересно, -деди орус окумуштуусу Саякбайга суктана кулак төшөп.
-Эми эмне кылабыз? –деди Мухтар Хусеин менен Зияшка суроолуу тигилип.
-Билбейм, –деди Хусеин ийнин куушуруп. –Сакем өзү токтомоюнча киши токтото алчу эмес эле.
-Залдагылар тажап кетишсечи? –деди Мухтар кыжаалат боло.
-Тажабайт, -деди Зияш ишенимдүү. –Сакем граждандык согушта жүргөндө, кечкисин оттун боюнда олтуруп алып орустарга “Манас” айтчу экен. Дым чыгарбай угушчу дейт.
-Анысы жакшы экен, бирок уят да, бизге 20 мүнөт эле бөлүнсө, -деди Мухтар, эмне кылаарын билбей.
Үчөө кыжаалат болуша эргип Манас айтып аткан Саякбайды карап турушту.
ххх
-Да-а, такое силище! –деди радиобудкада олтурган орус жигит башынч айкап, таң калып.
-Я же тебе сказала! Какой тембр! Какой невероятный голос! –деди орус кыз жүзү кубанычка толуп.
ххх
Тынчсызданган Хусеин дагы саатын карады.
-Эки саат өтүптүр! -деди ал Мухтарга карап.
А көрүүчүлөр залындагы эл, былк этишпей көшүп манасчыны тиктеп олтурушкан.
-Бирок, эл тынч угуп атат, -деп кошумчалады Зияш Мухтарды карап.
-Булар Европанын калкы да, маданияты жогору, ошон үчүн түшүнүшпөсө да угуп олтурушат, -деди Мухтар.
-Болоору болду, -деди Хусеин. –Эми Сакем Тайторусун биротоло чаптырып алсын.
-Что за магия, что за гипноз! –деди орус окумуштуусу Саякбайга суктанган калыбында. –Это просто чудо! Это просто невероятно!


ххх
Бир аздан соң күпүлдөгөн Саякбай токтоду. Көрүүчүлөр залында анын күңгүрөнгөн үнү жаңырыктап барып басылды. Толкун тарагансып, зал ичи тымтырс. Кулак-мурун кескендей жымжырттыкөкүм сүрүп калды.
Саякбай эсине келип, анан же туруп кетээрин, же олтуруп калаарын билбей, орундукка коомай көчүк баскан боюнча эмненидир күтүп калды.
-Хусеин, Зияш… бул эмнеси?! – деп, кулисанын артында турган Мухтар жанын коерго жер таппай, өңү бузулуп, чыйпыйы чыгып кетти. –Айтпадым беле, эл түшүнгөн жок! Анын үстүнө ушунча создук. Эки саат! Мына, кол чаппай атышат. Уят болдук!
Хусеин менен Зияш да да санааркай залга карашты.
Дымып турган элди кыдырата карап, Саякбайдын да заманасы куурулуп, чекесинен чыпылдап тер чыгып кетти.
Капысынан зал айсберг урагансып, чарт жарылды, кол чабуудан. Көрүүчүлөр жапырт орундарынан сабоодой-сабоодой болуп тура калышып, айлананы жаңырта дүркүрөтө токтобой кол чаап киришти.
Саякбай чөнтөгүнөн жүз аарчысын алып чыгып, чекесинен чыпылдап чыга түшкөн терин сүртүп, кол чаап аткан элге бир чети таң кала, бир чети кубана карап турду.
Бир нече убакка созулган тынымсыз кол чабуудан соң сахнага шашкалактап Мухтар чыга калды.
-Извините, пожалуйста, манасчи, то есть сказитель вышел из лимита. Все эпики такие. Когда они в трансе, они не могут, остановится, теряют контроль над собой. Ведь он Гомер ХХ века, – деди жылмайган Мухтар аптыга актанып.
-Он величайший эпик всех времен!-деди кызуу кол чаап аткан фин окумуштуусу, орусча акцент менен, Саякбайга суктана тиктеп.
-Да, вы правы, он величайший эпик всех народов и времен, -деди Мухтар кубангандан аптыга башын ийкегилеп, анан Саякбайды ийнинен кучактап кысып койду, өзүнө.
ххх
-Давай, сильнее хлопать! Давай, его не будем отпускать! –деди радиобудкадагы орус кыз колу кызыганча алакан чаап. –Сейчас он уйдет! Я не хочу, чтобы он ушел.
-Ты, наверное, влюбилась в него, -деди тынымсыз кол чаап аткан орус жигит, кызга жылмая карап.
-Еще бы! Что, мы каждый день видим такого гиганта! Это же невероятный человек! –деди орус кыз кызуулана алакан чаап.


ххх
А залда кызуу кол чабуу дагы эле токтобой уланып аткан.
Саякбай, Мухтар, Хусеин, Зияш кубанычтары коюндарына батпай, залды бактылуу тиктеп турушту.
Кулисанын артындагы орус окумуштуусу эки муштумун тең түйүп алып, өзүнчө эле кудуңдап кубанып атты, Саякбайды кубаттай карап.
ххх
Ошондон бир аз өткөндөн кийин. Юбилейлик иш-чаралар өтүп аткан залдын холлу. Кыжы-кыйма эл.
Чок ортодо Саякбай, Мухтар, Хусеин, Зияш жана орус окумуштуусу тегеректеген толтура журналисттердин курчоосунда турушту.
-Корреспондент государственного радиовещания Карельской АССР Урхо Кайхонен, -деди кабарчы Саякбайга кайрылып, микрофон сунуп. –Скажите пожалуйста, вы сколько строк стихотворного текста выучили, чтобы исполнить этот непомерно большой эпос? Наш «Калевала» состоит, например, около 23000 стихотворных строк.
-Он не заучивает ни одной строки текста. Это полный экспромт, как только откроет рот, все льется как вода, -деди Мухтар, Саякбай үчүн жооп берип.
-Как?!.Все это импровизация?! –деди кабарчы эси оогончо таң калып.
-Да, от начала до конца, тотальная импровизация, -деди Мухтар.
-Тотал импровизион! –деп чет элдик журналисттер күү эте түшүштү.
-Хорошо. Если это импровизация, то выходит у этого эпоса нет стихотворного предела? –деди кабарчы, ишеңкиребей.
-Да, -деди Мухтар, -этот эпос зависит от импровизационного дара эпика. Он может сказывать до одного миллиона, двух миллионов, десять миллионов… и так до бесконечности. Потому что «Манас» не имеет ограниченных стихотворных строк. Он бесконечен, как бесконечна наша вселенная.
— Это такой феномен!.. – деди корреспондент андан ары эмне деп суроо берээрин билбей.
-Великобритания. «Файнэншлтаймс»* . Уйилл Скотт, – экинчи журналист Саякбайга микрофонун сунду. -Скажите, пожалуйста, как вы представляете героев и событий, когда исполняете этого великого сказания? – деди орусча чала-була акцент менен сүйлөп.
-«Манасты» кантип аткарасыз, аткарып атканда эмнени элестетесиз деп атат? – деди Мухтар которуп.
-Эч нерсени элестетпейм. Оозумду ачканда эле баары өзүнөн өзү эле кино көргөндөй кө залдымдан чубап өтө баштайт, -деди Саякбай.
-Заранее ничего не представляет. Как только откроет рот, все как кинокартина чередуются сами по себе, -деди Мухтар Саякбайдын сөзүн которуп.
-О-о!.. – дешип, журналисттер ого бетер күүлдөй түшүштү.
-Это удивительно?!. -деди Уйилл Скотт башын чайкап. –Я никогда такого не видел и не слышал.
-Я же сказал, это просто явление! Нет слов! Это что-то невероятное! –деди орус окумуштуусу эргип, Саякбайга суктана карап. –Какие вы талантливые люди! Мы все были поражены! Покорены! «Манас» покорил Европу! Ура-а!..Спасибо киргизы, что сохранили такого великого искусства! –ал өзүнчө эле жетине албай кубанып атты.
Журналисттер окумуштуунун сөзүн кубаттай, бир даары Саякбайды ар тарабынан сүрөткө, кинокамерага тартып киришти.
Аңгыча баягы үн оператор орус кыз жанына келе калды Саякбайдын.
-Дайте, пожалуйста, автограф, -деди орус кыз блокноту менен карандашын сунуп.
-Анысы эмнеси? –деди Саякбай кыжаалат боло түшүнбөй, Мухтарга карап.
-Саке, кол коюп берип коюңузчу, эстеликке деп атат, -деди Мухтар.
-А-а… – Саякбай кыздын колундагы карандашты алып блокнотко колун коюп бере салды.
-Спасибо! –кыз кубана блокноту менен карандашын колуна кайра алды да, ары жакта аны күтүп турган орус жигитке көрсөтө өйдө көтөрүп, мына дегенчелик кылып мактана силкилдетип, аны көздөй басып кетти.
Саякбай өзгөчө бактылуу эле.


_________________________
*Мухтар -Мухтар Ауэзов, атактуу казак жазуучусу, драматург, окумуштуу.
*Хусейин – Кусейин Карасев, аалым, манасиликтөөчү.
*Зияш – Зияш Бектенов, илимпоз, манасиликтөөчү
*Файненшиал Таймс – газета

Жаныш КУЛМАНБЕТОВ

Тянь-Шань районунун Миң-Булак айылына караштуу Кичи-Кара-Кужур аймагында 1955-жылы 1-январда туулган.

1972-жылы ошол эле айылда В.В.Куйбышев атындагы орто мектепти бүтүргөн.
1972–1974-жж. Фрунзе шаарындагы Кыргыз драма театрынын алдындагы 2 жылдык театралдык студияда, 1975–1982-жж. Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театралдык көркөм институттун театр таануу бөлүмүндө окуган.

Эмгек жолун 1982-жылдан баштап, 1985-жылга чейин “Кыргызстан маданияты» гезитинде кабарчы, 1985–1988-жж. Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин репертуардык-редакциялык коллегиясынын башкы редактору, 1988–1999-жж.
Кыргыз Театр ишмерлер союзунун төрагасынын биринчи орунбасары жана ага караштуу Театралдык искусство жана социология борборунун жетекчиси, 1989–1992-жж. Москва шаарындагы Бүткүл союздук искусство таануу илимий-изилдөө институтунун аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүнүн аспиранты.

1992–1993-жж. «Жайсаң» менчик театрынын уюштуруучусу жана көркөм жетекчиси, 1993–1996-жж. Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрына караштуу театр окуу жайында, Бишкек шаарынын жогорку милициялык мектебинде окутуучу, 1995–1996-жж. «Нуска» гезитинин, 1996–1997-жж. «Асаба» гезитинин кабарчысы болуп иштеген.
Культурология кандидаты.

 

 

 

 

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.