Януш Вишневский: Ичибизге катып жүргөн китептерди сыртка чыгаралы

vishnevskiy

Көп жылдардан бери Германияда жашаган поляк жазуучусу Януш Вишневский “Дүйнөлүк тордогу жалгыздык” аттуу чыгармасы менен аты таанылган. Бул китеп миллиондогон нуска менен жарыкка чыгып, ондогон тилдерге которулган. Би-Би-Си кабарчысы Ибраим Нуракун уулу Вишневский мырзага, адегенде, өзүңүздүн Европада эң көп нускада сатылган “Дүйнөлүк тордогу жалгыздык” аттуу романыңыз тууралуу кыргыз окурмандарына учкай кеп салып берсеңиз? – деген суроо узатты.

Януш Вишневский: Бул чыгарма 2001-жылы Польшада жарык көргөн. Андагы көтөрүлгөн тема азыркыга чейин актуалдуу болуп жаткан сыяктанат. Ошондон уламбы, орус тилине дагы которулган. Орусия аркылуу бул китеп Борбор Азияга жетти көрүнөт. Бул романда адаттагындай эле сүйүү жөнүндө кеп козголот. Биз билген сүйүү менен бул сүйүүнүн айырмасы – менин чыгармамдагы каармандын сүйүүсү интернет аркылуу ойгонот. “Дүйнөлүк тордогу жалгыздык” деп атаганымдын себеби дагы ошондон. Кадимки сүйүү сезимдери, эмоциялар бар. Анан интернет бизге канчалык маалымат бербесин, социалдык тармактар аркылуу канчалаган достор менен тааныштарбасын жалгыздык маселесин пайда кылат экен. Интернет байланышы бизди дүйнө менен жуурулуштурат дегендик бул өзүбүздү өзүбүз алдоо. Адам менен адамдын ортосундагы мамиле интернет аркылуу эмес, чыныгы турмушта гана түзүлөт. Мен мисалы бирөө менен сүйлөшкүм келсе, интернет аркылуу эмес, анын жанына барып, көзүн карап туруп сүйлөшө алсам гана жалгыз эмесмин.

Ибраим Нуракун уулу: Мени ушул жерде бир суроо кызыктырып жатат. Романыңыз 2001-жылы жарыкка чыгыптыр. Демек интернеттеги жалгыздык маселесин сиз 1990-жылдырдын аягында ойлонгон экенсиз. Бирок, социалдык тармактар темасы, адамдардагы адамга караганда интернетке берилүү көрүнүшү мына азыр, чыгармаңыз жарыялангандан он жылдан ашуун убаккыттан кийин өзгөчө курчуп турат. Айрыкча жаш муундун өкүлдөрү Твиттер, Фейсбук менен жашап калган учур. Ушул маселени алдын ала жазууга эмне түрткү болду эле?

Януш Вишневский: Сиздин өлкөңүз, атүгүл мен туулуп өскөн Польшага караганда Батыш өлкөлөрүндөгү процесттер бир аз айырмаланат. Мен жыйырма жети жылдан бери Германияда жашайм. Ал жерде интернет технологиясы эчактан жайылган. Мен өзүм интернетти илим-билим максатында көп жылдардан бери колдонуп келем. Көптөгөн адамдардын эмоциялары да, сезимдери да дүйнөлүк торго чырмалып калганы байкалат. Көрсө, адамдарда виртуалдуу сезимдер дагы болот экен. Мен жашаган өлкөдө мына ушул проблемалар бир аз мурдараак байкала баштады. Бирок, азыркыдай чоң көйгөй жараткан эмес. Интернет дагы азыркыдай кеңири жайылган эмес болчу. Андыктан, ошол алгачкы процесстерга анализ берип, кайсы бир деңгээлде көзү ачыктык кылдым окшойт. Чыныгы турмуштан виртуалдуу дүйнөгө өтүп кеткенибиз, адамзаттын жашоосуна интернеттин таасири канчалык чоң экени азыр гана ачык билинип олтурат. Мени мына ушул нерселер кабатырлантат.

Бул китеп Орусияда абдан популярдуу болуп кетти. Бир миллиондон ашуун нускасы сатылды. Польшада дагы окурмандарым көп. Чыгырма интернет маселесин гана айтпастан, сүйүүнү баяндайт. Мында сүйүү темасы да бар. Бардыгы болуп 19 тилге которулду. Алардын ичинде Кытай тили, Вьетнам тилдери бар. Балким, жалгыздык маселеси глобалдык, өлбөс-өчпөс темадыр. Мындан көп кылымдар мурда деле адамдар жалгыздыктан жабыр тарткан. Бирок, ал учур менен азыркы учурдун жалгыздыгы ар-башкача. Анан сүйүү темасы дагы эч качан түгөнбөйт. Вьетнамдан болобу, Польшадан болобу кайсыл жерден болбосун окурмандарым мага бирдей суроолорду берип жатканы буга далил. Биз – адамдар сүйгөндө, сүйүүбүздү же жакын адамдарыбызды жоготкондо бирдей сезимде болобуз. Ошон үчүн бул тема баарыбызга жакын.

Ибраим Нуракун уулу: Борбор Азиядан чыгып келе жаткан жаш жазуучуларга кандай кеңеш берээр элеңиз. Китепти өтүмдүү кылыш үчүн, башкача айтканда окурмандарга сатуу үчүн алар эмне кылышы керек?

Януш Вишневский: Сатуудан мурда китепти басуу маселеси бар. Мен муну жакшы билем. Кайсыл өлкөдө болбосун жаңыдан жазып келе жаткан авторго китебин жарыкка чыгаруу абдан кыйын. Борбор Азияда эле эмес, бардык эле өлкөлөрдө, анын ичинде Польшада дагы ушундай эле кыйынчылыктар бар. Кээде, окуган адамдарга караганда, жазгандар көбүрөөкпү деген ой кетет.

Мен башка жазуучуларга үмүтүңөрдү эч качан үзбөгүлө деп кеңеш берээр элем. Жазуучу чындыкты жазыш керек. Окурмандардын табитин ээрчибеши керек деп эсептеймин. Чындыкка тике карап, өзүңүздүн эмне айтууну каалап жатканыңызды унутпашыңыз керек. Эгер окурмандын табитин ээрчип кетсеңиз, анда чыгарма оригиналдуу болбой калат. Дүйнөдө ушунча көп чыгарма, ушунча көп жазуучу бар. Атаандашуу абдан күчтүү. Бирок, ошого карабастан, үмүттүн шооласын өчүрбөстөн, ар бирибиз ичибизде катып жүргөн китептерди сыртка чыгаралы.

Ибраим Нуракун уулу, ВВСнин Кыргыз кызматы, 09.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.