З.Назарматовдун “…сынчыга сынына” зарыл тактоолор
Жаш акын Залкарбек Назарматов “Ата-журт” жандуу поэтикалык образ, же сынчыга сын…” аттуу макаласында менин «Кыргыз ыры – улуттук рух, духтун өлбөс-өчпөстүгүнүн далили» сын макаламдагы айрым бир сын пикирлериме карата өзүнүн сын көз карашын билдирген экен. Жаңы муун өкүлдөрүнүн улуу муундагылардын жазгандарына минтип сын көз караш менен карап, андан “каталык” таап жатканы жакшы көрүнүш. Чынында, анын айткандарында мен териге турган эч нерсе деле жок. Айрым бир жүйөөлүү ойлору ынандырды, айрым айткандарына кошула алган жокмун. Өзүнө жараша ой көрөңгөсү бар экен. Логикасы да ордунда.
Болгону анын “…сынчыга сынындагы” бир-эки учурга гана токтолгум келет. З.Назарматов: «Алыкулдун классикалык ырларынын бири болгон «Ата-Журт» аттуу ырынан кийин жүздөгөн атуулдук Мекен ырлары жаралды. Ал ырлардын арасында Алыкулдун ырынан алда канча күчтүү, көркөм, уйкаштыктары да келишкен, мааниси да тереӊ ырлар жок эмес. Акын Түмөнбай Байзаковдун “Кыргыз жери” ырын эле алалы. Эмне деген керемет ыр. Көркөмдүгү, мааниси жагынан Алыкулдун “Ата журтунан” ашса ашат. Бул ырды окуганда же ырга жазылган обонду укканда кыргыз жеринин элеси көз алдыӊа тартылат. “Кыргыз жеринин” ар бирибиздин көкүрөгүбүздө жашап, өлкөбүздүн расмий эмес гимнине айланганы жөн жеринен болбосо керек. Бул ырда өзгөчө касиет бар» деп менин аты аталган макаламан мисал келтирет да, “Келтирилген мисалдан кармалып тургандай, макаланын автору Алыкулдун Ата Журт жөнүндөгү атуулдук темадагы керемет поэтикалык туундусун Түмөнбай Байзаковдун катардагы кадыресе эле пейзаждык ыры менен тең катар коюп, салыштырып жатат. Ошол олдоксон салыштыруунун өзү эле окурмандын ой-туюмунда Болотбек Таштаналиев агайыбыздын эстетикалык табитине болгон шектенүүнү жаратат” – дейт.
Чындыгында, биерде “шектене” турган эч нерсе жок. Түмөнбай Байзаковдун “Кыргыз жерин” пейзаждык ыр катары караганыбыз канчалык туура болор экен?!. Ырды толугу менен окуп көрөлү:
КЫРГЫЗ ЖЕРИ
Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,
Аскасы көк асманга тийген кезде,
Мен дагы жолго чыгам, таңды тосо,
Кучактайм ой-кырларын нурга кошо.
Улуусуң кыргыз жери, нурдан бүткөн,
Суулуусуң кыргыз жери, ырдан бүткөн.
Ысык-Көл – жердин көзү, кырлар – кашы,
Адырлар – көкүрөгү, токой – чачы.
Дайралар – кан тамыры, чоку – таажы,
Седеби, топчулары – ар бир ташы.
Кең түздүү, гүл денелүү – кыргыз жери
Күн жүздүү, берекелүү – кыргыз жери.
Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде,
Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде,
Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде,
Дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде.
Көркүңө көрк кошулар кыргыз жери,
Сезилет ата мээри, эне мээри.
Түмөнбай Байзаковдун троптун түрлөрүн кеңири колдонуу менен кыргыз жеринин керемет көрүнүшүн сүрөттөгөн бул ырында З.Назарматов сөз кылган атажурттун жандуу образы эң эле сонун болуп элестүү тартылып турбайбы.
Болгондо да, лирикалык каармандын кыргыз жерине болгон сүйүүсү катмарланган подтекстерге катылып берилген.
Подтескт демекчи, М.Борбугулов “Адабият” теориясы аттуу фундаменталдуу эмгегинде подтекстти мына мындайча чечмелеген: “Кайсы бир майрамдан кийин болсо керек эле, шаардын чоло жери жок сайылган туулар качырашып, жайылган кирлердей илинген лозунгалар шамалга сынып айрылып, жулунуп жатышты. Ар кайсы туштан дубалдардын бооруна илинген эбегейсиз зор плакаттар, андан да эбегейсиз зор тартылган портреттердин күп-күп этип жерге кулагандары угулду, таштанды газеталар караңгы бурчтардан далбалактап учуп чыга калышып, Арыковдун жүрөгүн түшүрүштү. Дарактар адаттагыдай бир калыпта сени соороткондой шуулдашпай, ичип-жеп ийчүдөй ызырынышып, качырап сынып жатышты.” (Кубатбек Жусубалиев. “Муздак дубалдар”).
Бул үзүндүдө берилген турмуштун көрүнүп турган жагын айта турган болсок, бир майрамдан кийинки жүргөн шамалдын шаарга бүлүк түшүргөнү сүрөттөлөт. Сайылган туулар сынат, илинген лозунгалар айрылат, плакаттар, портреттер кулайт ж.б. Бирок чыгарманын бул көрүнө турган биринчи катмарынан башка анын жөнөкөй көзгө көрүнбөй турган экинчи катмары… бар. Үстүңкү катмарга караганда астыңкы катмардын мүнөзү да, табияты да такыр башка. Социализм режиминин тушунда жазылган бул романында К.Жусубалиев кыргыз жазуучуларынын ичинен биринчи болуп ошол кездеги турмуш менен коомдук түзүлүштүн экинчи катардагы, “оңдоого боло турган”, майда-чүйдө жактарын сындабастан… саясий түзүлүштүн НЕГИЗДЕРИН сындаган. Жазуучу чындап эле стихиянын келтирген зыянын көрсөтөм десе, шамал шыйпаңдарды учурганын, дарактарды жыкканын, машина, арабаларды аңтарганын ж.б. көрсөтүү менен чектелиши керек эле. Бирок, автор аны жасабайт, аларга көңүл бурбайт. Ал эми бир караганда дарактардын сынганын көрсөткөндөй болгон менен, анын мааниси башкача эле. Мында, көрүнүп тургандай, автор катуу шамалда “туулар кычырашып” сынганына өзгөчө көңүл бөлөт. Орок-балкалуу кызыл туу бул жөнөкөй эле кызыл чүпүрөк эмес, бир өлкөдө социализмди куруп коюп, анан бүт дүйнө жүзүнө коммунизм курууга умтулуп, көз каранды социалисттик өлкөлөрдүн авангардында бара жаткан сверхдержаванын туусу, жышанасы экенин К.Жусубалиев абдан сонун билет. Бекеринен адегенде эле майрамдан кийин чоло жер калбай сайылган туулардын сынганына көңүл бөлбөйт. Туунун кулашы, туунун сынышы – мамлекеттин сынышы, кулашы деген сөз. К.Жусубалиевдин тили менен айтканда, “жайылган кирлердей илинген лозунгалар”, плакаттар – мамлекеттин, ошол мамлекетти монополисттик түрдө бийлеп турган партиянын программасын, стратегиясын калайык-калкка жеткиликтүү, түшүнктүү кыска түрдө түшүндүргөн көрсөтмөлүү агитация. Мына ошол партиянын жол-жобосу, чакырыктары жазылган лозунга, плакаттар “айрылып, жулунуп жатышты”. Эбегейсиз зор өлкөнүн башын мыкчып турган эбегейсиз зор кылмыштуу саясий уюмдун (партиянын) эбегейсиз зор алкы бузук башкаруучуларынын “андан да эбегейсиз зор” портреттери күп-күп этип жерге кулап түшөт. Бул биздин көз алдыбызда болуп жаткан окуялар стихиялык катаклизм эмес, социалдык катаклизм экенин ушундан көрүп турабыз. Шаарга тополоң түшүргөн шамал – чынында элдин кыжырдануусунун бороону. “Дарактар адаттагыдай шуулдашпай, ичип-жеп ийчүдөй ызырынып, качырап сынып жатканы” да – ошол. Бул жерде К.Жусубалиев өзүнүн романын жазган кезде ар кандай бороон-чапкынга туруштук бере турган, кебелбес болуп көрүнгөн “өнүккөн” социализм өлкөсү – дүйнөлүк сверхдержава болгон СССР – кандайдыр бир отуз-кырк жылдын ичинде ойрону чыгып, ордуна Кыргыз Республикасына окшогон эгемендүү өлкөлөр пайда болот деп кимдир бирөөнүң үч уктаса түшүнө кирбеген учурда, анын “качырап” кыйрап түшөрүн алдын ала айтып, ал максатын ишке ашыруу үчүн жышаналык каражатты чеберлик менен пайдаланганын айрыкча белгилеп кетүү орундуу”. (Мухтар Борбугулов. Адабият теориясы. Окуу китеби. – Б.: “Шам” басмасы, 1996. – 325 – 326-беттер). (Бул мисал адабиятчы Садык Алахандын фейсбук баракчасынан алынды. Менде китептин өзү да, ПДФ варианты да бар).
Кыргыз жерин: Ысык-Көлдү – жердин көзү, кырларды – кашы, адырларды – көкүрөгү, токойду – чачы, дайраларды – кан тамыры, чокуну – таажы, седеби, топчуларын – ар бир ташы деп салыштырып, атажуртка болгон сезимин бийик пафос менен, бирок эч кандай күйөм-сүйөм деген курулай патетикасыз эле берген. Арийне, мындагы ар бир көркөм салыштыруунун подтекстинде кыргыз жерине, атажуртка болгон сүйүү катмар-катмар болуп катылып жатат. Анан кантип “Кыргыз жерин” катардагы пейзаждык ырга кошуп, канатын кыркып салабыз?!.
Ии, баса кыргыз жери жана атажурт, же тагыраагы Жер жана Атажурт – бул түгөй түшүнүктөр. Болгону – Жер материалдуу түшүнүк, Атажурт – руханий түшүнүк. Жер жөнүндө мыйзамдар буйлалаган төөгө айлангандыктан, жерди жеке менчикке чыгарса жана сатса болот. А атажурт сатылбайт, аны жеке менчикке да ала албайсың.
Теңирчи Чоюн Өмүралиев “Ата Журт коркунучта!” аттуу макаласында: “Эми кыргыз психология-философиясына келсек, Жер – Ата Журт. Мамлекет негизи. Жер байыркы баба хунн каганы Модэ айткандай: “Жер деген мамлекеттин байтүбү болот, байтүбүнө балта чапкан кайдан оңот. Башын!” деген ыйык чындык” деп айткан.
Философия илиминде атажурт инсандын жана социалдык топтун дүйнөгө болгон көз карашын калыптандырууга негиз болгон социалдык философиялык түшүнүк катары каралат.
Атажурт – ата мурас, атарбак, анан барып адеп-ахлактын, абийир менен ар-намыстын чен-өлчөмү, муундардын тукум улоосунун, улуттун өзүн өзү таануусунун, коомдун биримдигинин башкы шарты.
Жер – Ата-журт – атадан балага, муундан муунга калат.
Ал – улуттун руханий жашоосунун ажырагыс бир бөлүгү. Атажуртта улутту бириктирүүчү жаратман күч бар. Анын баалуулугу жана кол тийгистиги мына ушунда.
Академик А.Акматалиев “Ата Конуш, Ата Журт, Ата Мекен жана Айтматов” аттуу макаласында (http://kyrgyztuusu.kg/?p=12257) бул түшүнүктөрдү эң сонун чечмелеп берген. Эринбей окуп койгула.
Эми Алыкул Осмоновдун “Ата-Журтуна” келели. Акын бул темага кандай мамиле кылып, кайсы өңүтүнөн карады болду экен? З.Назарматов: “Ырда жалпы элге келген тарыхый кырдаал; Улуу ата мекендик согуштун кайта элек илеби, сталиндик бийлик жүргүзгөн катаал саясат, дагы көптөгөн ошол учурга таандык болгон өзгөрүлмөлүү коомдук-саясий жашоо нугу ырда абдан чеберчилик менен албетте кыйыр түрдө айтылып, сүрөттөлүп жатат. Тоталитардык идеологиянын капшабында кара жаны садага чабылып кеткен Ата Журттун уулдарын да акын жадынан чыгарбайт, аларды унутпайт” – деп ырдын маани-маңызын туура эле баамдагандай туюлат.
Бирок, ал Алыкул жашаган доорго жана ыр жазылган конкреттүү учурга так мүнөздөмө бере алган эмес. Эмне үчүн? Анда оболу ырды толугу менен окуп чыгалы:
АТА-ЖУРТ
Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүрсүң,
Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата-Журт!
Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин,
Наалат келип ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата-Журт!
Жазда башка… Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас, мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!
24/X–1948 Чолпон-Ата
Ыр 1948-жылы жазылган. Бул мезгилде согуштан улам талкаланган шаарларды, айыл-кыштактарды кайрадан калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткан. Бүлүнгөн айыл чарбасы дүркүрөп өсүп, илимде чоң ачылыштар жасала баштаган. Өлкө, анын ичинде өнөр жайы өнүгүү жолуна түшкөн.
Өсүш коомдук турмуштун бардык тарабында байкалган. М.Ботвинник шахмат боюнча дүйнөнүн чемпиону болгон.
Айтыла-жазыла берип, таптакыр ишпалдасы чыккан сталиндик репрессиядан кийин туптуура 10 жыл өткөн. “Бороондуу кыш, кесепеттүү түндөр” алда качан эле артта калган.
Алыкул “Ата-Журттагы” “Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин, / Наалат келип ат тизгинин шарт буруп…” деген оюн 1937-1938-жылдарда жазса жарашмак. Мына ошол жылдарда чындыгында эле репрессиянын арааны жүрүп, түндөр коогалаңдуу болчу.
Ал эми Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки кырдаал таптакыр башкача эле. 1947-жылы советтик жана чет элдик жарандардын ортосунда никеге тыюу салынганын түшүнүү менен кабыл алса болот. Бул “бороондуу кыш, кесепеттүү түн” эмес. Космополит маселеси деле ушунун тегерегиндеги нерсе. Эми эле миллиондогон өмүрлөрдү алган согуш бүтсө, дүйнөлүк жарандык идеология – Улуу Жеңишти жокко чыгарган атамекенге чыккынчылыкка, дезертирликке тете жорук болуп калмак. Ошол жылдардагы аскер адамдарын камакка алууларга да бүгүн баа бергенибиз эртелик кылат. “Врачтардын иши” да ыр жазылгандан кийин гана болгон окуя.
Айтор, кайсы жагынан албайлы, Алыкул кыргыз поэзиясынын туу чокусу экенин эч качан танбасак да, ал эмне себептен бороон улуган кыш, кырсыктан кабарлаган түндөр тууралуу жазганын акылга сыйдыруу кыйын. Менин жеке пикиримде, бул ырдын жазылышына ошол учурдагы тарыхый окуялар жана кырдаалга караганда, табияттын кубулуштары, аба-ырайы көбүрөөк таасир эткен болушу керек. Мүмкүн октябрь айынын ошол күндөрү суук болгондур. Акын жолдо баратканда кар жаап, шамал жүргөндүр. Ошондон улам, акынга ушул ойлор келгендир. А калганы техниканын иши эмеспи.
Дегинкисинде, оорулуу акындын: “Бүт дартыңды өз мойнума алайын, / Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!” деген ыр саптарында каталык бар. Ал бул саптары менен өзү да билип-билбей, өзүнө өзү каргыш алган да, катуу жаңылышкан. Сөз да материалдашат деп жүрөбүз го. Акын ансыз да оорулуу жанына оору тилеп керек беле?!.
Атажуртту баарыбыз сүйөбүз, баарыбыз үчүн атажурт ыйык, бирок ооруну оозанып, каргыш алуунун кажети канча?!. Акындын өзүнө оору тилеген бул сезими фальш эмес, ошентсе да ушул саптарды окуган сайын кыжалат боло бересиң.
Муну мага чейин эле далай акындар байкаган. Акын Анатай Өмүрканов “Энекем” аттуу ырында: “Мен дагы дени сак болоюн, Оорубай жүрөгөр сен эсен” деп жазганы бекеринен эмес. Ал да Алыкулдун каталыгын байкаган жана энеге арналган ырында акындын каталыгын оңдоп кеткен.
Эми узатып айта берсе, көп нерсе айтса, жазса болот. Анын баарын жаш балага нан чайнап бергендей, майдалап жазуунун зарылдыгын көрбөй турам. Ал эми бул айткандарым З.Назарматовдун “сынчыга сынына” зарыл тактоолор гана.
Болот ТАШТАНАЛИЕВ