Махабат Касейинова: Мен мен бойдон жашап өтүп өмүрдөн, сен сен бойдон калсаң экен көңүлдө

 

* * *

Ушул кеч сага таарындым. Койчу,
таштагым келди дүйнөнү.
Кыя албай карайм кызыкпы, жокпу?..
Кымбат деп алган күрмөмү.

Кайра эле кара,  түтпөгөнүмө?..
Кадырым билбей жатамбы?
Өмүрдүн ушул миң бүктөмүндө,
өзүмдүн сездим катамды.

Бир келген өмүр, миң  сынган көңүл,
сезимдер кайда баштагы?
Кечирим бериш керекпи, билбейм,
көңүлүм туура таппады.

Кыпкызыл демдеп чай ичтим,  ыйлап…
Таштаймын кантип дүйнөнү?..
Жактырып алган күрмөмдү  жыйнап,
кириштим ишке үйдөгү…

 

 

* * *

Бир кат жаздым, пенделерге байыркы,
бир кат күтөм пенделерден азыркы.
Дүйнө мени алыс сапар узатаар,
алып колдон мен кармаган казыкты.

Мага деген татым суудан кошо ууртап,
мага айтылган сөздүн угуп далайын.
Жүрөгүмдө түпөйүл ой, адамдар…
Дүйнөсү тынч болор бекен баламдын?!..

Кол салышты мага, мендик дүйнөмө,
кандай кылам, жашап келем үндөбөй.
Бир таарыныч чөнтөгүндө күрмөмдүн,
бир таарыныч кошо кетет мүрзөмө.

Ортодомун, сактап бирдей араны,
ортолукка бекем кагып казыкты.
Бир кат алдым пенделерден байыркы,
бир кат күтөм, пенделерден азыркы…

 

МЕКЕНГЕ

Мекен-эне, мен түшүнбөй баркыңды,
Мекен-ата, айта берип дартымды.
Сурабапмын сендеги абал кандайын,
сурабапмын бүтүнүңдү, жартыңды…

Миңи келди миң бир түрлүү сүйлөдү,
бирок сага  бири чындап күйбөдү.
Кайдан таап кантип кадап бере алам,
кымкабыңдан катар түшкөн түймөңдү?!

Арыздансаң, айтсаң  көптүр арманың,
көркүң кетти тытмаланды жан-жагың.
Сени бүтүн тапшырсам дейм эртеңге,
сени бүтүн сакташса дейм балдарым.

Уулум, кызым менден сага аманат.
Качандыр бир карлыгачтай сабалап.
Жаным сенин асманыңда айланып,
деним сенин кучагыңдан жай алат.

Сени бүтүн тапшырсам дейм эртеңге,
сени бүтүн сакташса экен балдарым.

 

* * *

Саргайткан санаа коштоп жылдарымды,
сагынып күтүп жаздым ырларымды.
Жандаган курбу-курдаш баарыңарга,
жар салам жаңы турмуш курганымды.

Ичимден сурайм Кудай колдошуна,
ишенем эми өкүнүч болбосуна.
Татыктуу алып кет деп мындан ары,
тапшырам өмүрүмдү жолдошума.

Абысын-ажын болор сырдашаарым,
а чыны билгендерге бир казалмын.
Кыргызга атым мейли чыкпаса да,
кызыма окуп берер ыр жазармын.

 

* * *

Тээ эки жыл мурун келип тааныштар,
тегерек чет, короомо көз салышты.
Тоокканамда тооктун жогун айтышып,
торпоккана, уй сарайга барышты.

Кышта келип халатымды жука деп,
жазда келип калың  дешти жоолугуң.
Айда-жылда айта берип дос-тааныш.
үйрөтүштү  өздөрүнүн жоругун.

Күлүп эстээр, күйүп эстээр учур көп,
бүктөмүндө мен өткөргөн күндөрдүн.
Коңшулардын коюн, уюн эсептеп,
короолорго көз салууга үйрөндүм.

Токсон тогуз амалымды кетирип,
тоокканамдан тоок издеген кайрандар.
Тооксуз деле бүт өмүрүн кечирип,
тоонун үнүн уга билген жандар бар…

 

* * *

Ал жылдарды карабай өт, ал жылдар
алып учкан жаштык, мастык чагыдыр.
Бирөөнү ыйга жетелеген жол болуп,
а бирөөнүн ааламда жок багыдыр.

Ал жылдарды жайына кой, ал жылдар
миң толгонсо, кайра ордуна келбес иш.
Курган үмүт, кургак акыл андагы,
бир багытка түштү бекен, белгисиз…

Келечек күн үлбүрөгөн шам болуп,
корксо коркуп жүргөн чыгар каргыштан.
Азыр бизге ак-карасы  керексиз,
ал жылдарды карабай өт, андыктан!..

 

* * *

Сынашабы коңшу-колоң ким билет?
Сырттан карап коомай көзүн тигишет.
Бул колдорум калем кармап ыр жазган,
күл чыгарып, от жакканды билишет.

Апам жагып, биз турганча үй ысып,
анда бизге оюн эле эң кызык.
Жашап келем эми мен да балам деп,
жашап келем түйшүк тартып тырмышып.

Көөдөнүмдө көбү билбес кош санаа,
жан дүйнөмдө ыр жазбасам бош калам.
Апам мен дейт, а мен таңдан ойгонуп
кызым үшүп калбасын деп от жагам…

 

* * *

Мойнуна бүт ишти жүктөгөн,
короодо тирлиги бүтпөгөн.
Келиндер бааланат айылда
колунан ийне жип түшпөгөн.

Уюн саап, чай берип таң менен,
узатып күйөөсүн мал менен.
Келиндер бааланат айылда,
кемпир-чал, балдарга кам жеген.

Урмат, сый көрсөтүп кайынга,
убак таап ушакка, айыңга.
Телмирип баракты тиктебес,
бааланат келиндер айылда…

 

 

АКЫН ЖАШАЙТ

Акын жашайт, туя албайт эч кими,
Аалам туят а туйганы курусун.
Көздөгөнү көздөгөнү бийикте,
көргөндөргө байкуш бирөө турушу.

Акын жашайт, анда көп сыр катылган,
а тагдырын адамзаты чечкендей.
Куюн өңдүү сапырылып дүйнөсү,
аты жөнү кумга сиңип кеткендей.

Акын жашайт, шордуу сезбе а бирок
акыл калчайт, ал да кээде жаңылат.
Азыр журсө бар жерлерден табылбай,
бир кезде үнү жок жерлерден жаңырат.
Акын жашайт.

 

ДҮЙНӨ – КҮН

Мен мен бойдон жашап өтүп өмүрдөн,
сен сен бойдон калсаң экен көңүлдө.
Аргымактын алыс чабар багытын,
албай жүрөт айрымдары көңүлгө…

Дүйнө бүгүн жаралган жок же кечээ,
бүтпөс сапар билбейм качан башталган?..
Жаңы багыт жарата албай өзүбүз,
жолду басып келатабыз тапталган.

Алгач келип бул дүйнөгө жаралып,
ата-энеден алган кезде жаңы ысым.
Билбептирбиз түмөндөгөн түйшүгүн,
билбептирбиз түгөнбөгөн жарышын.

Жолугарсың сени билбес жандарга,
баалай албас адамдарга жолдогу.
Аалам сүйөт жакшы сөздүү адамга
ак тилегиң арнап койчу болгону!..

Отурамын бир бурчунда дүйнөнүн,
ойлонгонум аалам, асман жөнүндө.
Сен сен бойдон жашап өтүп өмүрдөн,
мен мен бойдон калсам экен көңүлдө!

 

 

* * *

Ушул чөйрө, уңгу сөздө маани жок,
уккан ушак, салыштыруу тажатты.
Ишеничим бирок дале өчпөдү,
издеп барам суусу мөлтүр башатты.

А чынында булар мага керекпи?
Бирөөлөрдүн нанды кандай жапканы,
бирөөлөрдүн уйду кандай сааганы,
бирөөлөрдүн күндө күмүш тапканы.

Карегимде калган изди жашырып,
көр оокатты улап кеттим дапдаяр.
Кагаз акчаң жетпей жатса бирине
калем алба, камыр жайчу тактай ал!

Жайбаракат күн кечирип эрте-кеч,
жашасаң да өмүр өтүп бир кылым.
Алып-учкан кыялыңды токтотчу,
акындыгың алар үчүн бир тыйын.

Көз жиберип алыс-алыс жактарга,
көрүнгөнгө ага берчү жаш кайда?..
Ызалыкты алмаштырып күлкүгө,
ыр чиймеле камыр жайчу тактайга.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.