Чолпон БОСУМБАЕВА: “Өзөктөгү өгөйлүк”
(аңгеме)
Кеч күздүн коңур тарткан кечки убагы эле. Бийик колундагы китебин кармаган бойдон уйкуга кетиптир.
– Көргүм келбейт сени! Жогол!
– Мен жоголгондо эле жыргап кетесиңби?
– Анан эмне кыл дейсиң? – Гүлжайна ыйлап да, жаалданып да сүйлөп жатты.
– Айтчы, Айкүмүштөн менин эмнем кем? Бой десе боюм, өң десе өңүм, келбет десе келбетим, акыл десе акылым бар…
Бийик селт дей түштү. Айкүмүш дейби? Өткөндө базарды айланып өтүп келе жатып атасынын Айкүмүш эжеге бир нерселерди берилүү менен сүйлөп жатканын көргөн.
– Ата! – деп алып кайра тартынып, кылчак-кылчак карап өтүп кеткен болчу. А атасы болсо ааламы түшүп кетсе да көңүл бурчудай эмес.
“Өүх-х!” – деп үшкүрүп алган бала. Кайра атасынын укпай калганына сүйүндү. Мунун тоодой себеби бар эле. Атасы такыр Бийикке мээрим төгүп эркелетпеди. Анын ар бир сөзүнөн кыйкым таап урушуп турчу.
– Ооба айырмаңар асман менен жердей! – деп чаңырды Капар.
– Ал менин алмончоктой балдарымдын апасы! Сен тууп бербеген балдарды Айкүмүш тууп берип отурат!
– Демек, менин күнөөм ошол экен да? Сен өмүрүңдө Бийигиме ата болуп бере албадың… Ал байкушум же өз атасынан мээрим көрбөй, же сен сыяктуу эр сөрөйдөн мээрим көрбөй чоңоюп жатканы зээнимди кейитет… Сага ишенген мен куруюн… Сендей адам сыягы жокко жолуктурган кудайга наалат!
Апасы менен атасынын акыркы сөздөрү Бийиктин дене боюн титиретип жиберди. Эмне деп жатышат булар? Демек, атасы кадимки Капар өз атасы эмес экен да? Ошол үчүн дайыма жеме угуп, кез-кезде келтек жеп жүрүптүр да…
Эмнеге апасы айткан эмес?
Бийик муштумун түйдү. Ызырынды. Ыза болду. Солуктап ыйлады.
– Жетишет! – болгон күчү менен кыйкырып жиберди.
Оозгу бөлмөгө атып чыкты.
– Акмактар!
– Ай, бала кантет! Ким акмак? – деп кабагы түктүйө Капар Бийикке жулунду.
– Сен акмак!
Бийик ызага муунган диртилдеген үнү менен бакырды.
Апасы да, атасы да жоошуй түшкөндөй карашты.
Бир азга тымтырс боло түштү үй ичи.
– Капар! Мен сенин өз атам эмес экениңди билбесем да, кичинекей жүрөгүм менен туйчумун… Бир да жолу кучагыңа кысып эркелетпедиң! Сенден жаман сөз угуп, токмогуңду жеп чоңойдум…
– Апа! А сен болсо, бир да жолу ажыратып, кой дебедиң… Менин балалыгым өксүк менен гана өткөнүн энелик жүрөгүң менен сезбедиң…
– Бийик…
– Сүйлөбөгүлө мага!
– Эгерде ким билет Нуриз эжейим менен Канат агайым болбогондо эмне болмокмун. Алар мени жакшы жүрүм-турумга үндөштү. Жакшы окуп мектептин мыкты окуучу аталашыма салым кошушту…
Бийик ыйлап да, сүйлөп да жатты.
– А, силер эмне кыла алдыңар? Экөөңөрдүн ортоңордо уруш-талаш, сабашуудан башка эмнени көрсөттүңөр? Ажар, Калича, Зулайка, эми Айкүмүш баарын жаттап бүттүм… Тажадым силерден!
– Капар, эч кылчайбай сен Айкүмүшүңө, балдарыңа кет!
– Бийик! – чаңырып жиберди апасы, – Кетпейт!
– Анда мен кетем!
Апасы шалдайып отуруп калды.
Капар болсо алда неге сүйүнгөндөй ордунан шарт турду.
– Ыракмат, балам…
– Балам дебе! Эч качан сага бала болгон эмесмин…
Апасы отурган үстөлгө башын жөлөп уңулдайт… Алда кимди каргап-шилеп да жатты. Мунун баары кетип жаткан Капарга да, жаалданган Бийикке да эч кандай маанисиз эле.
Кийимдерин жыйнап болуп, Капар үшкүрүнө:
– Кечир мени, Гүлжайна! Бийик, сен да мени кечир! – деп эшикти шарт ачып чыгып кетти.
Үй ичи ээсиз калган үйдөй ээнсиреп муздак, күңүрт тарткансыды. Жымжырттык. Эне-бала канча отурганын билбейм, Бийик апасынын жанына келип:
– Апаке, мени кечир! – деп чөгөлөй бутунан өптү.
– Жок, уулум! Мен эмес сен мени кечир… – Гүлжайна буркурап ыйлап андан аркы сөзүн улай албай калды.
– Апаке, айтчы? Канчалык ачуу болсо да чындыкты угайын. Менин атам ким? Ал кайда? Эмнеге экиге бөлүндүңөр? Капарды кантип таап алдың? Анын үй бүлөсү бар экенин билчү белең?
* * *
Гүлжайна мелтиреди. Таштай катты. 7-класста окуп жаткан уулунан мындай суроолорду күтпөгөн. Чоңоюп калган экен көрсө…
– Уулум… – деди бир оокумда Гүлжайна титиреген, алсыз, аргасыз үн менен. Анын үнү алыстан угулгандай болду Бийикке.
– Апоу, оуу!
Мен анда 19 жашта элем. Атаң мени ала качып алды. Аргасыз таш түшкөн жериң оор деп тагдырыма баш ийгеним менен жүрөгүм сүйбөдү! Жакшы киши эле…
Мен 4 ай жашап кетип калдым. Ал мага түшүнүү менен карап макул болду. Төркүнүмө келген 6 айдан кийин сен төрөлдүң. Таятаң бийик, келечеги кең адам болсун деп атыңды Бийик койду. Жыл өтүп сен бир жашка толдуң. Ошондо капыстан Капарды жолуктурдум. Сенин атаңды сүйбөгөн жүрөгүм Капарды сүйдү. Бирок, анын алмончоктой 2 баласы, сүйүп үйлөнгөн жары – Айкүмүшү бар эле…
Мен ошол үй бүлөнүн уясын буздум. Капарды киргизип алдым. Ал Айкүмүштү жана балдарын сүйгөндөй экөөбүздү сүйүп кете алган жок.
Жыйынтыгы келип азыркы окуяга себеп болду. Балким, экөөбүздүн чырыбызды сен угуп калбаганыңда, дагы деле 12 жылдан бери жашообуздагы окуялар кайталанмак… Мен эми гана жашоомду, кимдир бирөөлөрдүн жашоосун талкалагымды сен аркылуу гана түшүнүп отурам. Кечир, мени уулум…
* * *
– Апа, айтчы… Атам тирүүбү?
– Тирүү…
– Аты Айдар. Бишкекте турат деп укканым бар.
– Баса, Жамийладан сурайынчы. Жамийланын күйөө баласы болгонун уктум эле.
Бийик бүгүн көргөн, уккан укмуштуудай окуя дилин өрттөп жатса да, эмнегедир бактылуу жылмайды.
– Менин атам бар! – деп сыймыктуу күбүрөндү. Атам да, апам да, мен да күнөөлүү эмесмин. Бул тагдыр… – деди чоң кишиче. Бул сөз Канат агайынын сөзү. Ал дайыма Бийик менен сүйлөшкөндө айта турган.
Демек, тагдырдын жазмышы чын болсо кудай буюрса атасына жолугат!