Атак-даңктан дайым коргонгон Маркес

Атактуу жазуучу Габриель Гарсия Маркестин 85 жылдыгына (жазуучу 1927-жылдын 6-мартында Колумбиядагы Аракатака шаарында дүйнөгө келген) анын эң белгилүү чыгармаларынын бири “Жүз жыл жалгыздыкта” чыгармасы электрондук китеп түрүндө чыгарылышы пландаштырылууда. Маркестин адабий агентинин айтымында, китеп азырынча түп нускадагы испан тилинде гана чыгарылмакчы. “Электрондук китептер чекти билбеген рынок, ошондуктан бардыгы акырындан болот”, – дейт ал.


“Жүз жыл жалгыздыкта” чыгармасы Маркеске дүйнөлүк атакты алып гана келбестен, сыйкырдуу реализм аталышындагы жаңы адабий ыкманын бирден-бир көрүнүктүү үлгүсү болуп калды. Бул ыкмада реалдуулук сыйкырдуу дүйнө, магиялык элементтер менен ажырагыс болуп чырмалышат.

Габриель Гарсия Маркес 7 романдын, 46 повесттин жана көптөгөн аңгемелердин, киносценарийлердин, документалдуу чыгармалардын автору. Алардын арасынан эң белгилүүлөрү: “Жерди төшөгөн жалбырактар”, “Полковникке эч ким жазбайт”, “Жүз жыл жалгыздыкта”.

1982-жылы ага адабият боюнча Нобель сыйлыгы тапшырылган.

Дүйнөлүк атакты ал чыгармачылыгына жолтоо катары кабыл алат. “Атактуу жазуучу, эгерде ал чыгармаларын жарата берүүсүн кааласа, атак-даңктан дайыма коргонуп турушу керек”, – дегени бар. Ошондой эле ал эч качан карылыкка багынгысы келбейт. “Адам карыганы үчүн кыялданбай калат деген туура эмес; адам кыялданбай калганы үчүн карыйт”, – дейт Маркес. Буга далил катары анын 2010-жылы кезектеги “Августтагы жолугушууга чейин” деген чыгармасын жазып бүткөнүн айтсак болот. Бирок бул чыгарма китеп түрүндө качан басылып чыгарылары азырынча белгисиз.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.