Изденүү жолунда: Элгиза Бусурманкулова жана Айзат Кудайберди кызы

Кийинки муундагы жаш акындар арасынан мазмундук жана формалык жактан изденүүлөрү менен айырмалангандар экөө: Элгиза Бусурманкулова жана Айзат Кудайберди кызы.

Бул бири-бирине таптакыр окшошпогон эки жаш акындын ырларын окуп отуруп, алардын башкаларга окшошкусу келбеген батылдыгына, поэзия дүйнөсүнөн өз алдынча жол издеген курчтугуна тан бербей койбойсуң. 

Чыгармачылык изденүү – бул караңгы түндө же коюу туманда жол издегендей эле убарагерчиликтүү, түйшүктүү. Эч ким өтө элек жол опурталдуу келет. Бирок, изденүү түйшүгү аябай жагымдуу эмеспи. 

Туура, изденген адам сөзсүз адашып калышы да мүмкүн. Адашкан эч нерсе эмес, андан коркуунун кереги жок, кеп адашканыңды өз убагында сезип, байкап, алды-артыңа абай сала билгениңде. Эгер, адашып калам деп чочуласаң, анда издене албайсың. Изденүүнүн коркунучтуулугу – адашканыңды сезбей да, билбей да калганың. 

Бул кадамга адашып калуудан, жаңылуудан коркпогон, түйшүктөн качпаган, өтө өжөр адам гана барат.

Азырынча Элгиза Бусурманкулованын да, Айзат Кудайберди кызынын таштаган кадамдары жаман эмес. 

Элгиза Бусурманкулова
Элгиза Бусурманкулова

Элгиза Бусурманкулованын ырларынан бирди окуп көрөлү:

БИР ӨМҮРГӨ

(Жаназалуу бир сезимге баш ийгим келбей, өлтүрдүм…)

Сөөгү муздак дүйнөң менен кол салдың.
Мага жаккан адашуу бар. Күтүүсү…
Аманатым — мейкиниме жан салуу,
Адалдыгым — Асманыңды үшүтөр,
Жамандыгым — жарың болуп сүйкүмдүү,
Ажал ырын ырдайм күндө түшүңдө…
Боштук өлгөн жолдор сулуу. Жүгүндүм…
Мага тааныш жат үйдөгү терезе.
Тиктегениң – келечектин күзгүсүн,
Ак батамын – тагдырыңдын оозунда,
Душманыңдай санап үмүт куштарын,
Жеңилүүнү боорго кыстың досуңдай.
Осуятым – Күн төрөлгөн аймакта.
Жаныңды жейт чындыктарың оорулуу…
Олуядай төлгө тартсам дүйнөңө,
Азиз көздүү мезгилдерге саламым,
Батаар жерим – бир Кудайдын жүрөгү,
Батыра албай койду сени бир гана…

Ыр – ак ыр, бейуйкаш формасында жазылган. Акын кыздын ойлору онго чачырап, биригип-бириге албай, бир логикалык бүтүндүккө баш ийбей, ыр эрежелерге сыйбай турат. Ырас, мына ушинтип ойлордун алкактарга сыйбай, эрежелерге баш ийбей турганы жакшы. Арийне, акын өз ойлорун чачыратпай, тизгиндеп, башкара билгени андан да жакшы. Элгиза бир эле учурда өз ойлорун башкара да билет, ошол эле учурда атайылап ооздуксуз кое да берет. Ырга табышмак салып, окурманды ойго жетелейт. Ырдагы ар бир сап өзүнчө бүткөн ойго ээ. Ал ойлор бири-бири менен жипсиз байланып да, байланбай да турат. Анын өзү ырга учу-кыйрысыз деңиздин стихиясын берет, ырды күчтөнтөт. Ошон үчүн ырды окуганда астейдил, ойлуу окуйсуң, ырда айтылган ойдун учугун чубап, анда катылган табышмакты тапкың келет. 

Айталы: “Боштук өлгөн жолдор сулуу. Жүгүндүм…”, “Осуятым — Күн төрөлгөн аймакта” – деген ыр саптарын бир жолу окуп, түшүнүү, чечмелөө кыйын. Адабиятчылар, анын ичинде мен бул саптарды чечмелеп, кандайдыр бир түшүндүрмө беришим ыктымал, бирок бардык эле окурман баш катыргысы келеби, маселе ошондо. 

Албетте, Элгиза азырынча жаш. Анын өз сезимдерин ооздуктай албай, ошол утурумдук уйгу-туйгу ойлордун барымтасында калган учурларын түшүнсө болот. Бирок, мунун баары анын кемчилиги эмес, изденип, өзүнө гана таандык жол издөөдөгү тайманбастыгы.

Акын кызыбыздын изденүү түйшүгү, убарагерчилигинен качпай, көжөлө иштеп отурганы колдоого арзыйт. Буюрса, ал башкаларга окшобогон, улуттук поэзияда өз үнү бар акын болору анын алгачкы кадамдарынан кадыресе байкалып туру.

Э.Бусурманкулованын өзгөчөлүгү жана артыкчылыгы – анын башкача ойлонуп, дүйнөнү башкача көрө билгендигинде. Ал атайылап деле, абстрактуу ойлонуп, асман менен жердин ортосунда каалгып жүргөндөй жазбаса керек. Бул анын жан дүйнөсүнүн стихиясы. Поэзия – бул турмуш реалдуулугунун гана чагылдырышы эмес, поэзия – бул акындын жан дүйнөсүнүн реалдуугу, акын жараткан, ага гана тиешелүү реалдуулук. Табиятыңан мындай өзгөчө туюм, өзгөчө жан дүйнө болбосо, дүйнөнү миң тиктеп, миң ойлонбо, Элгиза жараткан ыр саптарын жарата албайсың. Элгизадай жазыш үчүн Элгиза болуп төрөлүү шарт. Башка жол жок. 

“Жаштыктын өзү сулуулук” демекчи, адатта жаш кезибизде баарыбыз ашкере кыялкеч болобуз. Булуттардын үстүндө жүргөндөй жашайбыз. Жүрөгүнө ыр саптарын түнөткөндөр андан бетер кыялкеч болору Элгиза Бусурманкулованын ыр саптарынан көрүнөт. 

Анын “Рухэш” сайтына жарыяланган кийинки ырларына салыштырмалуу “Адабият.кж” сайтына жарыяланган мурдагы ырлары салттуу уйкаштык үлгүсүндө жазылганы дароо көзгө урунат. Ал ырлардагы ойлор деле татаал жана абстрактуу эмес. Ойлору да жыйнактуу. Уйкаштыктары да ордунда. Адабиятка жакшы акын келгенинен кабарлап турат.

МАКУЛСУҢБУ

Жообун таппай, качсак да кезигиштен,
Жолугууну эңсейт ээ, сезим ичтен.
Жүгөндөбөй жайына койсок кантет!?
Жүрөктөрдү тымызын эзилишкен…

Жанашууга жарамдуу убак барда,
Жакын келип, абалым сурап кал да!
Анткорлонгон акылың айта берет,
Аныңа түк, алданба, кулак салба!

Ийиниңе баш жөлөп, күнүм, айы-ы-ым…
Илебиңе ичики-и-и-ий жылынайын.
Томсоруудан чарчадым, тозуп кеттим,
Тосчу мени, алдыңа жыгылайын.

Багыт алсак, баяндуу жолубузга,
Бактыбызга ачылаар нечен эшик.
Баштагыдай бак күтпөйм башкалардан,
Басчы, кеттик, бакытка жетелешип!
Жүрчү, кеттик, бакытка жетелешип…
Макулсуңбу?

Демек, Э.Бусурманкулова изденүү жолуна түшкөнгө чейин, уйкаштуу ырларды, абстрактуу эмес эле, айтыла жүргөн ойлорду шуру тизгендей тизмектеп, көркөм да, жеткиликтүү да жазып келген. Ушул өңүттөн алганда, ал калеми бир топ төшөлүп калгандан кийин, бүгүн изденүү жолунда жүргөндөй. Биз анын бул кадамдарын колдойбуз жана ийгилик гана каалайбыз. Изденген адам далай жолу башын томуйтат, далай жолу көңүлү кайт болот, мунун баары боло турган турулуу иш. Эң башкысы эксперименттерди жасоодон коркпосо, башка акындарды көбүрөөк окуп, алар жеткен тажрыйбадан үйрөнсө, күндөрдүн бир күнүндө өзүнө гана тиешелүү стилин, өзүнүн ырын табары анык.

Айзат Кудайберди кызы
Айзат Кудайберди кызыак

Эми Айзат Кудайберди кызына келсек, жаңылбасам, ал алгачкы ырларынан баштап эле, эркин ырларды жазчу.

* * *

Күзгүдөн карап турам өзүмдү мен,
Күзгүдө күлүп турам…
Күзгүдө жамгыр жаайт…
Көрүнөт көгүлтүр көл өмүрлөрүм,
Көк асман болгон таза сүйүүлөрүм,
Көк аскага коюлган табыттар да,
Бүркүттөр көмүп кеткен…
Анан сен көрүнөсүң,
Турпатыңдан жалтанат менин күзгүм,
Бөлүнөт тең экиге!..
Теңирдин көзү түшкөн турпатыңда,
Деңиздин толкундары…
Жашадым жүрөгүңдө,
Жашадым Өзүм болуп!..
Кенен жайгын асмандай канатыңды!
Батсын ага коён көз кыялдарым,
Кар киши мурду сабиз,
Жолдонгон каттар дагы
Аяз атага,
Кырк күн жетпей түшүнчүү кылыктарым,
Бал таттуу ырлар дагы сага арналчу,
Жамгырдын ыры менен,
бийлегиси келген бир бала жыттуу
Периште, батсын сенин канатыңа…
Ирмебе көздөрүңдү…
Көзүмдү албай сенден,
тиктегим келет дейсиң таарынганың…
Оо менден мурун көргөн кайгыларың,
Сенден мурун сестенткен сүйүүлөрүм,
Айлансын бир заматта балбал ташка!..
Деңиздей көздөрүңө дилимди чайкайын да,
Эриним тийгизейин…
Деңиздер өлбөйт, жаным!
Кечээ эле чайпалган бүгүнкүдөй,
Бүгүн дагы чайпалат кечээкидей…
Өтөлбөгөн өмүрдөй кызыктуусуң
Баштан өткөн байыркым эске кирбейт…
Айкөлүм, ак пейилдүүм!
Ырлардай ыйык болгун!
Топ элдин арасынан батперек кармап алган баёлоукту,
Адашып кете электе башка болуп,
Айрыбай таап алгын!
Айлангын тилегиме,
Ыйгаргын кыялыңды.
Жанымда бийик сезгин!
Жанымда баатыр сезгин өзүңдү өзүң,
Куткарып калган мени коркунучтан!
Мен азыр сенден кетсем,
Жүрөгүм оорубайт да,
Жүрөгүм зырпылдабайт!
Баш тартуум көнүмүш иш,
Бакыттан же азаптан белгисиз бир…
А бирок туюп турам,
Жоготом ыйыктыкты,
Жоголот сезимдерим,
Сага жаккан периште болбой калам,
Бирөөнүн таштай муздак көзүндө курман болом…
Андыктан сакта мени,
Кыяндан, кубулуудан.
Өзүмдү жоготконум — өлүм болсун!
Деңиздей албуут дагы,
Деңиздей күн өткөргөн көздөрүн кадап алып көк асманга,
Деңиздей жапжаш дагы көзүндө миң кылымдын сүрөттөрү.
Деңиздер өлбөйт, билем!..

2019-ж.

Буюрса, Айзаттан мыкты акын чыгат. Кеп, анын баары Айзат Кудайберди кызы мындан ары кандай изденет, калеми кандай калыптанат, ошого жараша болот. 

“Күзгүдө жамгыр жаайт… / Деңиздер өлбөйт” деген сыяктуу ыр саптарындагы селт эттирген ойлор, “коён көз кыялдарым, / бала жыттуу Периште” деген өңдүү салыштыруулары талаш жок, жаш акын кыздын табылгалары. 

Биерде акын кыздын ою канчалык логикалык жактан ырааттуу, маселе ошондо. Менимче, бул ырда Айзаттын ойлору чачырап кеткен. Балким, автор муну менен адамдагы ички сезим эч кандай алкактарга сыйбай, эрежелерге баш ийбей турганын айткысы келгендир, балким, төгүлүп-чачылууга аз калган ойлорун ооздуктай албай калгандыр. Айтор, кандай болбосун, бул ырдын баалуулугу, албуут күчү мына ушунда.

Айзат деңиз тууралуу көп жазат. Быйыл акын, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналып өткөрүлгөн“Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалында Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин Айзат Кудайберди кызынан: “Сен деңиз тууралуу көп жазасың. Силердин айылдын жанында деңиз барбы? Дегеле деңизди көрдү белең?” деп сурап калды. Айзат айылынын жанында деңиз жок экенин, өмүрүндө деңизди көрбөгөнүн мойнуна алды. Кожогелди Култегин деңиз тууралуу атайы сураган. Аны баарыбыз түшүнүп турдук. Деңиз – бул Айзат кыялында жараткан керемет образ. Ал биз көргөн, биз элестеткен кадимки деңиз да болбошу мүмкүн. Деңиз – Айзаттын жомогу. Бала кезде ар бирибиз жакшы көргөн жомоктор болот эмеспи. Деңиз да мына ушундай кыялдан жаралган ажайып нерсе болушу түшүнүктүү нерсе. Ошон үчүн Айзат “Деңиздер өлбөйт, билем” деген ишенич менен жашайт. 

Деңиз дегенде биздин көз алдыбызга терең, сүрдүү жана сырдуу, табышмактуу, учу-кыйры көрүнбөгөн көгүлтүр суу мейкиндиги тартылат. Анда акын кызыбыздын дагы бир ырын окуп көрөлү? 

* * *

Жашайт элең сен тоолордо,
Жазат элең жасалмасыз ырларды.
Ырдайт элең жарык, күңүрт дүйнөнүн
Жалаң ак кар, жалаң жамгыр кечтерин.
Ак элең сен, ак дүйнө элең,
Айталбаган сөздөрүң да ак эле.
Айтып койгон сөздөрүң да ак эле.
Топурактан бүтпөгөн бу турпатың
Турар эле тумандан да иргелип.
Бир күн келер, бир күн келип,
Турмуш сага сүйлөттүрөт.
Көздөрүңө жарашпаган сөздөрдү
Тартып алат сенден деңиз толкунун,
Тартып алат жүрөгүңдү дүкүлдөк.
Унутасың болгонуңду ымыркай,
Унутасың бөлөнгөнүң бешикке…
Деңиз болбой каласың сен бир күнү,
Оюнчугу болосуң сен шамалдын.
Көп жыл бою талаа болуп ыргалып,
Тонолосуң кыштын муздак суугуна,
Тазарасың кыштын таза жытынан.
Деңиз кирет шондо сенин түшүңө…
Шондо согуп баштайт кайра жүрөгүң.
Азыр эмес, азыр эмес каралдым.
Ошондо кел жолугууга.
Айтып бергин балалыкты,
Ырдап бергин мен жактырган ырларды.
Ачкын мага жүрөгүңдү
Өзүңө өзүң ача элек.
Азыр эмес, азыр эмес, каралдым…

Эгер, деңиз терең, сүрдүү, сырдуу жана табышмактуу экенин эске алсак, анын жогорудагы ырындагы: “Деңиз болбой каласың сен бир күнү” деген бир сапта эле деңиздей терең ой камтып, ой айтканын көрөбүз.

Акын алкактарга сыйбай жашаганы жакшы. Акын эрежелерге түздөнүп эмес, эрежелер акынга түздөнгөнү, акын жазган ырлар, андагы айрым саптар окурманды ойго салып, селт эттирип турганы дурус. Элгиза Бузурманкулова менен Айзат Кудайберди кызынын ырларын окуп, ушундай ойго келесиң. 

Минтип жаштардын тобокелге бел байлап, изденүү жолунда түйшүк тартканы колдоого алаарлык нерсе. Бирок, айрым акындарыбыз, адабиятчылар: “Жаш акындар изденип жатам деген ой менен, алардын жаңылыш жолго түшүп калышы, алган багытынан адашып калышы бат эле” деген ойду да айтышат. Балким, алардын минтип чочулаганынын да өз чындыгы бардыр. Дегинкиси, биз сөз кылган эки акын кызыбыз да мындай пикирлерди да көңүлдөн чыгарбаганы оң. 

Эң башкысы, жаш акын акындарыбыздын башкаларды сокур туурагандан көрө, башкалардын көлөкөсүнө айланып калгандан көрө, тынымсыз изденгени, адашкандан, жаңылышкандан коркпой, ар кандай эксперименттерди жасаганы дурус, алар азырынча туура эле жолдо баратат деген ойдобуз.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.