“Жыпардай жан курбу эми бизде жок”
Баш сɵз ордуна
Жыпар Акунова деген ысымды гезиттен окуп, таанычумун. Ошко келип иштеп калдым. Демейде редакцияга китебин “сатып ал” же “ойлорумду басып чыгар” деп демитип келгендер кɵп болот. Бир кʏнʏ эшикти акырын ачып кʏлʏмсʏрɵгɵн эже кирип келди. Жыпар Акунова деген журналистти, акынды ошондо жакындан таанып-билгеним бар.
Жɵн гана аялдык тилектештигин билгизип, абдан кубаттап, дем берип кетти. Кийин ɵзʏбʏз байланышып, кыска аңгемелерин гезитке берип жʏрдʏк. Гезитке кээде аял акын-жазуучулардын маектери, чыгармалары чыгып калса кээ бирлер “аял акын-жазуучуларды эле жаза берет, чыгармасын жарыялайт” деп кʏнɵɵлɵйт экен. Чыгармалары кино болуп тартылып, ырларын ырчылар аткарган кесиптеш-замандашыбызды эскерʏʏ ич тарый турган иш эмес болсо керек.
“Ушул кʏндɵрдɵ эң кымбат адамым деп эсептеген эки бирдей жакынымдан айрылып, бир мʏчɵм кемдей чʏнчʏп жʏрɵм. Бири табытымды кɵтɵрɵр уялашым, киндиктешим — Айбегим. Экинчиси ɵйдɵдɵ ɵбɵк, ылдыйда жɵлɵк болчу курдашым, сырдашым, жан курбум – Жыпар”, – деп эскерди Жыпар Акунованын курбусу, журналист Гʏлжамал Жороева.
“Оорусу кʏч экени оюма да келбептир”
– Тагдырдын буйругу экен, аттиң… «Ажал айтып келбейт» дегендей, Жыпарды чын дʏйнɵгɵ узатканыбызга да жыл айланып баратат.
Ɵткɵн жылы сентябрдын аягы болсо керек Жыпар алсыз ʏнʏ менен кайтыш болгон инимдин ариетине кɵңʏл айтып, «оор учурда жанында боло албадым» деп менден ашып буулуга ыйлады. Жыпар ɵзʏ кɵңʏлʏ назик болгону менен ɵтɵ кɵтɵрʏмдʏʏ, оңойлук менен кɵзʏнɵ жаш албаган ɵзʏнɵ бекем, кʏчтʏʏ эле… Кооптоно тʏшʏп, абалын сурасам облустук ооруканада экенин айтты. Мен пендечилик кылып, кайгыга алдырып, Жыпардын абалын сурабай жʏрʏптʏрмʏн. Декабрдын аяк ченинде Ризван жолугуп, Жыпар дале ооруканада экенин айтты. Заматта байланышып, кайсыл бɵлʏмдɵ жатканын сурадым.
– Ɵзʏң стресске батып турганыңда мага келбе. Мен бир аз арыктай тʏштʏм. Кыжаалат болосуң. Жакында ооруканадан чыгам Жаңы жылды чогуу биздин ʏйдɵ тособуз, – деди. (Бул жолу да мага боор толгоп, мени аяган тура).
Оорусу мынчалык кʏч экени оюма да келбеди…
Кʏн сайын кыска-кыска сʏйлɵшʏп турдук. Кайтыш болордон эки-ʏч кʏн алдын сʏрɵтʏн жɵнɵтʏп: «Мен жɵнʏндɵ тʏш кɵрбɵдʏңбʏ?» – деп жазып коюптур.
Жо-ок ай, – деп мен алын сурап жооп жаздым. Дароо эле ɵзʏнʏн да, менин да жазганымды ɵчʏрʏп салыптыр.
Аттиң… Эң акыркы сʏйлɵшʏʏбʏз ошол болду. Мен байланышып, акыбалын сурап турган дарыгер кечке жуук телефон чалып, сɵгʏн алып чыгып кетишкенин кабарлады.
Ишенгим келген жок. Ишенбеске айлам да жок эле…
Ден соолуктун айынан «Аза кайгыңда жанымда боло албадым» – деп Жыпар менден кечирим сурап, ыйласа атаганат, кɵп ɵтпɵй айрылуу ызаасынан кайгы басып ɵмʏрʏнʏн акыркы сааттарында жан курбумдун жанында боло албаганымды айтып, Жыпардын денеси сууй элек сɵɵгʏнɵн кечирим сурап мен ыйладым.
«Журналистика бизди кыйышпас досторго айлантты»
– Жыпар экɵɵбʏздʏ саясий журналистика кыйышпас досторго айлантты. 2008-жылы ал Ош шаардык мэриясында, мен Ош облусунун маалымат катчы кызматын аркалап, ийиндеш иштештик.
«Кыргыз Туусу» гезитинде кабарчы болуп, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын тʏрɵ кыдырып, командировкалап иштедик. Атаандаштык деген сезим экɵɵбʏздɵ жок. Ал эми маалымат жетекчиси кызматында да бири-бирибизди толуктап, эгиздердей иш алып барчубуз. Ак ʏй, Кɵк ʏйдɵн тапшырмалар айтылса, Жыпардын колу бошобой калса анын жазуу стилине салып мен маалымат жɵнɵтʏп, менин ишим чыкса ал менин жазуу стилиме окшотуп маалыматтарды жɵнɵтʏп турчубуз.
Жыпар мамилеге бекем, кайрымдуу курдаш боло алды. Экɵɵбʏз ʏчʏн «жабык» тема жок эле. Жашоомдо бир гана Жыпар менен жан дʏйнɵмдʏ ачып сʏйлɵштʏм, сырдаштым десем болот. Ал да «сенин оозуң бекем» деп сыр сандыгын аччу.
«Тʏндʏктʏк келин» чыгармасын жазуу идеясын мен сунуштагам»
– 2010-жылы мен «Ош жаңырыгы» гезитинин башкы редактору, Жыпар «Кыргыз Туусу» гезитинин тʏштʏк аймагы боюнча редактордун орун басары кызматында элек. Гезитке жазылуу боюнча аймактарды кошо кыдырчубуз. Айдоочубуз Кабылдын жубайы да тʏндʏктɵн болуп, тʏрдʏʏ шакаба чеккен окуяларын экɵɵ жол ката айтышып, жолду кыскартчубуз. «Жыпар, Кабыл экɵɵңɵрдʏн ушул темаңар сонун чыгарма болот. Жаз!», – деп мен ʏгʏттɵгɵн элем.
Кʏндɵрдʏн биринде Жыпар экɵɵбʏз тʏштɵнʏп олтурсак белгилʏʏ обончу Эгемберди Талипов агай менин «Ɵзʏңɵ гана» деген ырыма обон жазганын айтып, телефон чалып калды. «Агайга ыраазычылык билдирʏʏ ʏчʏн чогуу баралы, сен да китебиңди ала бар» дедим Жыпарга. Эртеси китебин агайга белекке берди. Кɵп ɵтпɵй агай Жыпардын ырына да обон даяр болгонун кабарлады. Сʏйʏнʏчʏнʏн чеги жок, жаш баладай туйлаганы азыр да кɵз алдымда. Ал ырды Самара Каримова азыр да аткарып жʏрɵт.
Биз курдаш, жан курбу эле эмес, бири-бирибизге кʏйʏмдʏʏ кыйышпас ЖАН боло алдык.
Биз эле эмес, баалай билсек мʏлдɵ кыргыз бир мыкты кызынан мезгилсиз айрылып калды.
Жыпардай жан курбу эми менде жок. Бейиштик болсун!
«Жаштыгыбыз гезитте калды»
Ризван Исмаилова да Жыпар Акунова менен ийиндеш иштеп, кыйышпас курбулардан болчу. Кɵзʏнɵ жаш алып, эчкирип ыйласа соорото албай карбаластап калдым.
– Жыпар экɵɵбʏз «Ош жаңырыгында» иштегенде тааныштык. Балдарыбыз кичинекей мезгилде чогуу иштедик. Аябай жоопкерчиликтʏʏ болчу. Экɵɵбʏз гезит каякка жɵнɵтсɵ бардык, талабын аткардык. Жаштыгыбыз гезитте калды.
Жыпар ɵзʏ ыр жазат эле, назик сезимдʏʏ, ʏлбʏрɵк жан дʏйнɵсʏ башкача сезимтал эле. Ырлары поэтикалык маанайда, кыздын назик жʏрɵгʏ, сʏйʏʏ, турмуш тууралуу болчу, ошону элге тарата албай калды. Анткени бир эле убакта гезитте иштеп чыгармачылык менен да алектенʏʏ кыйын. Гезит бул – комбайн, гезит энергияңды, кʏчʏңдʏ алат, гезит жɵн эле чыга бербейт да. Тʏнʏ-кʏнʏ жʏрɵт элек. Басмага кетерде жооптуу болсок таң азанда ʏйгɵ барчубуз. Командировкага кай жакка жиберсе жок дебей жɵнɵп кетчʏбʏз. Биз ошол маалда топуктуу болгон экенбиз, азыркы жаштар андай эмес, биз бардык нерсени этап менен келдик. Алдыраков агай бизди телеге жʏзʏңɵр жарайт деп телеге чакырган. Бизге гезит телеге караганда жакын кɵрʏнчʏ. Экɵɵбʏз тең барбай койгонбуз.
1997-жылы мен «Эркин-Тоого», ал бир жылдан кийин «Кыргыз-Туусуна» кетти. Коммерциялык бɵлʏмдɵ иштеп, адамдар менен жакшы тил табышат эле, коммерциялык материалдарды кɵп тапчу. Гезиттин каржылык жагына Жыпар кɵп салым кошту.
Укмуштай чоң акын болот эле, ɵзʏмɵ салыштырып деле айтсам, жакын досум болгон ʏчʏн колубузду-жолубузду бууган-тоскон турмуштук факторлор менен жумуш болуп калды. Жумуш, ʏй-бʏлɵ, балдардын тʏйшʏгʏ. Экɵɵбʏз тең котормо котордук, ʏй-бʏлɵ бактык. Эң бир адамгерчилиги бийик курбу боло алды. Эч убакта сɵз ташып, ушак айтпады. Аны кандай сɵзгɵ салбасын оозунан ушак сɵз чыкчу эмес. Жолдошу авария болгондон кийин ʏй-бʏлɵнʏн тʏйшʏгʏ эки эсе ɵзʏнɵ тʏштʏ. Бала багам, ʏй алам, окутам, ʏйлɵндʏрɵм деп чабылды. Бир эле биз эмес, аял акын, жазуучулардын тагдырында биздин шартта карьерасы да, элге таанылышы да оорчулук менен келет эмеспи. Жыпар лирик акын, 3-4 китеп чыгарып, журналисттик тагдырында кɵргɵн аңгемелерин жазды. Буюрса, ырларына талдоо жʏргʏзɵм деген ниетим бар.
«Мен тʏндʏк менен тʏштʏккɵ кɵпʏрɵмʏн деп айтчу»
– Нарындын кызы Ошко турмушка чыкты. Кайын журту, тɵркʏнʏ тарабынан гана кɵпʏрɵ эмес, журналистикада да кɵпʏрɵ болду. Ɵтɵ кɵп энергиясын берди. Бирок тилекке каршы, кɵзʏ ɵткɵндɵ редакциядан ɵкʏлдɵр келип койбогондугу ɵкʏндʏрдʏ. Бишкектен 3-4 кишини уюштуруп келип сʏйлɵп, элдин алдында бир ооз эмгегин айтып койсо жакшы болмок. Жакшылыкта баары жакшы, адамдын эң оор мезгили башына иш тʏшʏп, мʏңкʏрɵп калган убакта ал- жайын сураган башка…
Маалымат катчы болуп турганда журналисттерге тегиз эле, ɵзʏнʏн жанынан болсо да чай уюштуруп жиберет эле. Адамгерчиликтʏʏ эле, тɵрɵ пейилденбеди. Мен ачыгын эле айтат элем, ɵлкɵнʏн эки гезити саясий аттандаштыкта иштегени менен, журналисттер кадыры эч убакта эске алынбайт. Биздин гезитте канча кишини пенсияга жɵн эле жаман сɵзʏ менен каарып, кеткиле деп редакторлор узатты. Эртең ошол тагдыр ɵзʏндɵ кайталанат. Журналист тагдырларды жазат, журналисттер кадыры эч убакта эске алынбайт Ɵтʏкчʏ ɵтʏкчʏнʏ майрык деген бизге жарашып турат. Ɵзʏнʏн журтуңда, иштеген жеринде кадырланбаган кишини ким кадырлайт? Кадырлабай койгон кишиге мʏйʏз чыгып, шактап кетпейт. Мен аябай жаман болдум, эмне ʏчʏн барбадыңар деп айрым кесиптештерине деле айттым. Жоопкерчиликтʏʏ, финансысын кармап турган кишиге ушундай мамиле жасагандан кийин калгандарына мындай мамиле жасабайт деп ким кепилдик берет?
Чыгармачылыгы жɵнʏндɵ ɵзʏнчɵ сɵз кылса болот. Ырларына обон чыккан. Учак кулаганда тасирленип «Учак арман» деген ыр жазды, Самара ырдап чыкты. Апасы жаш маалында ɵтʏп кеткени ʏчʏн эне жɵнʏндɵ балладасы башкалардан айырмаланып турчу. Ɵзʏ жакшы эне болду жумшак, боорукер. Ыраматылык адам кɵңʏлʏн карайт эле. Туура жол тутунган экен, себеби кɵңʏлдɵн ɵткɵн ʏлбʏрɵк сезим жок. Ɵмʏрʏнʏн акырында ʏйʏнɵ бардым. Сʏйлɵштʏк, абдан арыктап кетиптир. Октябрда ооруканада жатам деп калды. Эмне ичесиң десем «шорпону жакшы жасайсың го» деди. Кайнатма жасап алып бардым. Кетиргиси келбеди. Ошондогу кɵз карашы эсимде калды.
Жаңы жылда куттуктап чалсам ооруканада тосконун айтып, оор ʏшкʏрдʏ. Бишкекте элем, кɵзʏ ɵткɵнʏн Гʏлжамал кабарлады. Ɵзʏмдʏ токтото албай сɵгʏлʏп ыйладым…
Бурул ИСМАИЛОВА, “Ош шамы”, 21.08.2023