Бексултан Жакиевдин Түгөлбай Сыдыкбеков тууралу эскерүүсү
Мен бул макаланы Бексултан Жакиевден жаздырып калганыма абдан кубанам, сыймыктанам. Акиши өзү да “Алихан балам, сен түрткүлөп отуруп Түкөм жөнүндө эскерүүм жазылып калды, китебиме материал толукталды. Сага рахмат!” деп айткан ыраазычылык сөзү бар. Кийин “Өмүр өтөт билинбей” мемуар китебине киргизилди.
Алихан ИБРАИМОВ
Даанышман устат
1992-жыл анда. Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, СССРдин мамлекеттик (Сталиндик) сыйлыгынын лауреаты, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун 80 жашка чыкканын урматтаган салтанат Кыргыз Мамлекетинин Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында уюштурулган эле. Кыргыз Республикасынын Президентинин юбилярды куттуктаган сөзүн Аскар Акаев мага тапшырган, Президенттин маданий иштер боюнча мамлекеттик кеңешчиси болчумун. Ошол учурда мамлекеттик жогорку сыйлык – Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын кабыл алуу зарылчылыгы козголо башталган. “ – Аскар Акаевич, Сыдыкбековго Баатыр деген сыйлык ыйгарыларын куттуктооңузга кыстыра кетсем болобу?” десем, Президент өзү деле көңүлдөнүп турган окшойт, дароо эле кубаттады.
Маараке жакшы өттү. Аскар Акаев куттуктоо сөзүндө: “ – Ардактуу Түкө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку сыйлыгы кабыл алынып бекигенде, номур биринчи Баатыр Сиз болосуз” деп, зал толтура элди дүркүрөтө кол чаптырган.
Дүркүрөгөн кол чабуу, бул шаң өткөн бийликтин тушунда Аалы Токомбаев Социалистик Эмгектин Баатырына ээ болуп, СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен даңкталса, Түгөлбай Сыдыкбеков Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланганын эске салгандай болгон. Сыдыкбеков жазуучулардын жыйынында отурган ордунан козголбой: “ – Мен ыраазымын, өздөрүнө берип койгула, өздөрү алсын” деп, грамотаны албай койгон.
Кыргыз совет адабиятынын классиктери аталган эки-бирдей дөө-шаабыздын көп жылдар бою тирешкен касташуусу жалпы журтка жашыруун эмес эле, мектепте окуп жүргөн бала чагыбыздан биз деле аны билчүбүз. Кийин студент күнүбүздөн жазуучулардын жыйналыштарында экөөнүн “тамашасын” көрүп да жүрдүк. Бийлик алардын бирин өөдөсүнтүп, бирин кемсинткендей мамиле кылганы чанда бир кыргызга жакпаса, жалпы журт аны туура көргөн эмес. Эл экөөнүн адамгерчиликтүү, ынтымактагы үлгүлүү жүрүм-турумуна муктаж болчу.
Түгөлбай Сыдыкбековдун 80 жылдыгындагы Аскар Акаевдин алиги убадасы адилеттикти барктаган калыстыктай бааланган эле.
* * *
Дүйнөдө эмне “кызыктар” бар, биз билбеген эмне окуялар болгонун билгибиз келип, “Голос Америки”, “Немецкие волны” сыяктуу радиолорду качан, кандайча уга баштаганыбыз эсимде жок. 1960-жылдардын орто чени болсо керек, балким, андан деле кийинчерээктир, өз үйгө ээ боло албай шаардын четинде “частный” квартира жалдап жашаган кезибизде радиосу бар курдашыбыздын “квартирасында” чогулуп, кырылдаган радионун кайсы бир сөзүн уксак, кайсы бирин укпай, түн бир оокумга чейин жөөлөшө башыбызды малып, кулак төшүп отурар элек. Атту-баштуу жазуучулардын ичинен Түгөлбай Сыдыкбеков “Азаттыкты” беш ирекет намазын үзбөй окуган адамдай дайым угуп келатат” деген имиштен улам, Түкөгө жолуксак: “ – Бизде айтылбаган чындыкты “Азаттык” айтат. Анда Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу деген жалтанбас азаматтар иштейт. Бактыгүл деген тили таттуу да, так да кыргыз кыз диктор. Ошолорду угуп жүрөсүңөрбү, же кабарыңар жокпу дегенине чыйралып, “Азаттыктын” толкунун издеп тапканбыз. Башка жакта узагыраак командировкалап жүрүп келгенбиз:
“ – Түкө, “Азаттыкта” кандай кеп-келеч бар?” деп эркелесек, Түкөм: “ – Мен силерге эмне сөз ташыгычмынбы?” деп борс-борс күлүп, “Азаттыктан” укканын айтып берчү. Ага өз оюндагысын да кошуп сүйлөгөн учурларын байкачубуз.
Түкөнү биз жакынсынтып сыйлачубуз. Биз дегеним: Төлөмүш Океев, Ашым Жакыпбеков, Салижан Жигитов, Мар Байжиев. Түкөм да бизди көрсө тийишип: “ – Силерди куудул дейт. Кана, мени күлдүргүлөчү” деп, тамашалап калмайы бар эле.
Бир саам Төлөмүш: “ – Болуптур, Түкө. Бирок сиз күлбөйсүз го” деп анекдот чыгара салган:
Кыштын кычыраган суугунда Бексултан жука пальточон, буту сынык, квартира таппай, аксап келатса, сиз каракөл жакалуу пальтоңузду желбегей жамынып, жылуу бапак башыңызда, боргулдана тердеп, “благополучиенин символундай” заңгыраган эки кабат особнягыңыздан чыгып, дарбазанын оозунда турган экенсиз:
“ – Бексултан, күлдүрчү мени” депсиз. Десеңиз Бексултан: “ – Түкө, күн жылыганда күлдүрөйүнчү” деп өтүп кетиптир” десе, мен: “ – Түкөм Индиядан белекке алган тотукуштарынын куйругу особняктын терезесинен чубалжып чыгып турган көркүн айтпай калдың, Төлөмүш” десем, Түкөм: “ – Ой, тапандар, ой-ой” деп күлгөн эле.
* * *
М. С. Горбачев бийлик башына келгенде, Союздук Республикалардын жетекчилери отурган ордунан шыпырыла баштаган. Кыргызстан коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин биринчи секретары да “иштен кетет” деген каңшаар угулганда, “Турдакун Усубалиевдин куйруктары” деген термин пайда болгон. Кожоюну иштен шыпырылса, “куйруктары” соо калчыбы! Жазуучулар союзун көп жыл башкарган “түшпөс хандын” ордуна айрым аксакал жазуучулар “өз жигиттерин” түртө баштагандары билинип калган. Насирдин Байтемиров ошондо: “Ой, чоң жазуучулар бирден торпогун жетелеп, ЦэКада жүрөт дейт ко” деп боорубузду эзген. Бул макалада сөз незизинен Түгөлбай Сыдыкбековго таандык болгондуктан “торпок” жетелеген аттуу баштуунун баарын айтып отурбайын. Түкөбүз бир эмес, эки “торпок” жетелептир, чамасы , экөөнү бирдей ишке тың “берендериндей” барктап, бири өтпөсө – бирин өткөрөрмүн деп шымаланса керек. Ал экөөнү Түкө башкалардан артык көрбөсө, кем көрчү эмес. Дайыма аларды колдочу, калкалачу, чаң жугузбай алгачкы чыгармаларына жолдомо жазганы да эсибизде.
Кийин, 1987-жылы Казакстанда Кыргыз адабиятынын күндөрү меймандостукта өттү. Топ-топко бөлүнүп, боордош республиканы бүт кыдырганбыз. Кайтып келгенибизде, кайсы топ кайсы жерлерде кандай жүрүп келгенин жазуучулар союзунда “ийри отуруп түз” баарлашканбыз. Түкөм ошондо өзү менен чогуу жүргөндөрдүн жакшы жактары менен бирге айрым бирөөлөр улууну улуу дебей, кичүүнү кичүү дебей, казак боордоштордун көзүнчө сөз талашкандарын айтты эле, “ – А ким экен?” десек, Түкөм: “ – Атын айтпай эле коёюнчу, өзү уялып калаар” деген. “ – Айт. Маселен ким ал?” деп такыган болчу Түкөнүн баягы эки “торпогунун” бири. Түкөм маңдайында отурган “торпогун” тикте-еп туруп: “ – Айттырбачы” десе, тигиниси болбой: “ – Айт!” дегенде, трибунада турган Түкөм: “ – Маселенби? Маселен сен…” деп, атын айтып салган. Түкө трибунадан түшөөр замат “торпогу” туруп барып: “ – Качан болсо силерден сөз артпайт, устукан да артпайт, белек да артпайт! Силер бөлтүрүгүнө баш тоголотуп үйрөткөн карышкырча да жоксуңар! Силер турганда бизге күн жок, куржалак жүргөнүбүз жүргөн!” деп, Түгөлбай Сыдыкбековду томолото сүзгөн. Жыйналыш бүткөндө, тышка чыгып баратсак, Түкөм томсоруп, ышкыра албай аткан кишидей “шү-шү-шүлөп”, терезеде отуруп калыптыр.
– Түкө, эмне ышкырыгыңыз чыкпай, шилекейиңиз мышайт этип калган? – десем, демейде тамашакөй Түкө жылмайганга да жарабай:
– Торпокторуман күйдүм да-а, – деп улутунуп жиберген эле.
“Торпокторум” деп, көптүк түрдө ызаланганында себеп бар болчу. Мурда, 1985-жылдын ноябрында Турдакун Усубалиев кызматтан кетип, Апсамат Масалиев бийликке келгенде, филармониянын чоң залында республиканын жаңы жетекчилиги жазуучулар менен эки күнгө созулган жолугушуу өткөргөн. Жолугушууда Түгөлбай Сыдыкбеков бир жарым саатын кем эмес сөз сүйлөп, аткаминер фарисейлер Октябрь революциясына чейин болбогондой тарыхыбызды бурмалап, “совет элдерин социалисттик бир маданиятка бириктирчүбүз” деген тетири саясат жүргүзгөндүн кесепетинен эне тилибиз, дилибиз, динибиз өнүкпөй өгөй баланын тагдырындай абалга кабылганы, каада-салттуу эзелки эл экенибиз, кезинде Эне-Сайды жердегенибизди да танган расмий бийлик байыртадан калыптанган руханий байлыгыбызды барктабай, улуттун мүдөөсүнө кайдыгерлиги, дагы толгон көйгөйлөр жөнүндө көп жылдар бою канкакшап келаткан сарсанаа, ой-тогоолорун Түкө жаңы бийликтин да кулагына бугун чыгара куйган эле. Биздин да бугубуз чыккан. Түкөнүн мекенчил позициясы мурдагы бийликтин куйкасын куруштуруп чекесине чыккан чыйкан болгон. “Сыдыкбековдун кыжынган кыялын кандай бийлик болсо да жактыра койбойт” деген арам ойго азгырылдыбы, же Сыдыкбековдон эми пайда өнөрүнөн түңүлгөнбү, эки торпогунун дагы бири жаңы бийликке ачыктан-ачык көшөкөрлөнүп, “карыганын билбеген” кайран Түкөнү алды-артынан сүзгүлөп, айласын кетирген жүзүкаралыгына көңүлүм үч көчкөн журттай иренжиген. Мындай ыплас жосун устатына байкатпай канжар малган чыккынчынын гана колунан келерин торпогу билбептирби?! Билсе да, билбесе да, атактуу Абайдын: “Күчүк бактым, ит болуп мени капты. Бала бактым, мерген болуп өзүмдү атты” деген арманы ушундай “торпоктордон” күйгөндө жарылып чыккан да!
Түгөлбай Сыдыкбековго түздөн-түз тиешелүү бул арман.
Жарыш сөзгө сүйлөп койгондорубуз Түкөнү кандайча колдорубузду билбей “торпокко” кыжырланып турсак, сакадай бою сары алтын, чыканактай Кеңеш Жусуповго сөз тийди. Түкөнү ак жеринен күйгүзгөн “торпок” менен Кеңеш акыйнек айтышпады, а түгүл, аны адам катарында жоктон бетер атын да атабастан Түкө козгогон маселенин ар бири улуттун өсүп-өнүгүшү үчүн олуттуу да, орундуу да өтө зарыл керемет баалуулуктар экенин шашпай, токтоо сүйлөп, оор басырыктуу далилдер менен Түгөлбай Сыдыкбековдун патриоттук аброюн, ар-намыстуу позициясын жактап санаабызды тындырган эле. Кеңештин ошондогу эрдигин сыйлап, мен аны досумдай көрүп калгам.
Түкөм өзү көтөрмөлөп жүргөн “берендеринин” кылгылыктарына жаңы кашайгандан:
Торпокторуман күйдүм да-а…, – деп түтөп кетпедиби.
Капа болуп турган адамга тамаша дары. Жан тарткан болуп, болуша сүйлөсөң, ызасы ого бетер күчөйт.
Түкө, – дедим тамашага оодара, – Сиз Кең-Сууңузданбы, Талды-Сууңузданбы шаарга 1927-жылы келген экенсиз. Ошончодон бери айыл турмушунан алыстап кетип, малдын сырын унуткансыз да. Торпок тандай албай калган өзүңүздөн көрүңүз.
Түкөм кош бөйрөгүн бүлк-бүлк эткизе күлгөн болду да:
Андай кыйын экенсиң мени үйгө чейин узатып кой, – деп терезеден акырын шыпырылып түштү.
* * *
Миң тогуз жүз токсон биринчи жылдын башталышы. Эркиндиктин илеби боюбузду балкытып, тилеген тилегибиз, ой-максатыбыз ишке ашчу заманда жашарыбыздан күмөн санабай элирип турган кезибиз. Филармониянын чоң залына чыгармачыл, илимий интеллигенция, коомдук, мамлекеттик, а түгүл партиялык саясый ишмерлер чогулуп, “Кыргыз эл” коомун уюштурганбыз. Ага мен теңтөрага болуп шайлангам. Нью-Йорктук мекендешибиз Азамат Алтайга: “…тууган-туушкандарыңызды сагынып, кусадар жүргөнүңүздө шегим жок. Эгерде эл-жерге келип, анча-мынча чер жазып дегендей, жүз көрүшүп кайткыңыз келсе, биз Сизге жардам кылышка даярбыз! Биз дегеним – “Кыргыз эл” коому! Келүүнү кааласаңыз, келип-кетүүңүздүн камылгасын жасайлы” деген катымды Кыргыз илимдер академиясынын окумуштуу-секретары, илим доктору Жаныбек Шаршеналиев мырзадан берип жибергем. (Азамат Алтай экөөбүздүн жазышкан каттарыбыздан ушу макалага ылайыктуу учурларды гана терип көрсөттүм. Толугу “Азамат Алтай” повесть-эссемде.)
Азамат Алтайдан: “Жыйнаган китептерим менен архивимди алып, элге кетем деп эңсечүмүн. Кийин ал үмүттү колуңардан келишинче көөлөдүңөр. Кайсы күнөөм үчүн? Тирүү калып, чет элде болсо да, кыргыз деген ыйык ысымды таза улантканым үчүнбү? Чакырганыңа чоң-чоң ыракматымды айтам. Бирок чакыртып “убара болбо демекчимин” деген жооп алдым.
Жообуна алымсынбасам да Азамат Алтайдын тагдырына кайдыгер болбодум: “Азамат аба! Башыңыздан өткөн тагдырды, ой-санааларыңызды кагаз бетине түшүрүп калууну өтө зарыл деп эсептейм. Аны өзүңүз жазасызбы, башка бирөөнө айтып жаздырасызбы, айтор, Сизге окшогондор жөнүндө чындык жазылып, китеп басылып чыкканы туура болмок. Сиздин оор тагдырды жазбай өткөрүп жиберсек, анда эл алдында, келечек урпактар алдында биз да, Сиз да кечиримсиз ката кетирип коёрубуз бышык!” деп өкүнгөн катымды жөнөттүм.
Азамат Алтай жооп жазды: “Чыны менин баскан жолум өзүм менен көргө кетсе, келечек муун аны кечирбес. Бексултан, сен өзүң келип, менден алган материалдар менен китеп чыгарсаң, сырымды жашырбайм. Бардыгы айкын болушу керек. Сени чакырта албайм. Чакыртыш үчүн биртууган болуш керек. Пенсияда жашагандыктан жол каражатын төлөй албайм. Быякта отелдер кымбат. Жеңең экөөбүз кенештик. Үйүбүздө бир бөлмөбүз бар. Анда менин архивим турат. Ага өзүңдү жайгаштыралы деп макулдаштык. Тамак-аштын чарасы табылар.”
Азамат Алтайдын: “Өзүң каражат таап кел” дегенине эле Америкага жөнөп кетчүдөй дегдедим. Бирок кантип? Аякка жетээр каражат табыш кайдан эле жеңил болсун! Бул кыжаалаттыктан жол табылары оюмда жок эле. 1991- жылдын августундагы ыйык күндө табылды. 1938-жылы Чоң-Ташта тымызын “соттолуп”, тымызын атылган, элүү үч жыл бою жаназа окулбай тар чуңкурда күм-жам басырылып жаткан 137 шейитти “ак кепиндеп” куран окуп, жайына койгон соң төмөн машиналарыбызга басып баратсак, чарчы бойлуу томолок жигит учурашты да, “Аскар Акаевич октябрда Америкага барат, делегацияга сизди да кошту, эч кимге айтпай туруңуз” деди. Бул жигит Президенттик администрациянын алгачкы жетекчиси Эднан Карабаев экен. Аңгыча Чыңгыз Айтматов машинеге түшүп атып: ” – Бексултан, сага айтыштыбы?” деди. “ – Эмнени, Чыке?” десем, “ – Кечинде стекляшкада атабызга куран окуйбуз, кел” деди. Кечинде өкмөттүн “стекляшка” аталган “Аларча-4” дачасында эл көп болду. Бая Эднан Карабаев сүйүнчүлөгөн жакшы кабарды эми Аскар Акаев өзү айтты: “Америкага камдана бериңиз” деп, учурашып калганыбызда.
Президент Аскар Акаев жетектеген мамлекеттик делегация 1991-жылдын октябрь айынын он сегизинде адегенде Нью-Йоркто, анан Вашингтондо болуп, 26-октябрда элге кайтты. Мен Нью-Йоркко келип, Азамат Алтайдыкында калдым.
Канча бир күндөн кийин:
– Аба, анча-мынча болсо да, сизге жагымдуу иш иштеп койсом, төбөм көктө болмок. Эл-жерге барбайм дегениңиз мени абдан өкүнттү. Айла канча! десем, Азамат Алтай: “ – Бексултан, мен сенин элге бар деп үгүттөнгөнүңдү каалабайм” дегени эсимде турса деле мекенди санаарканткан оор кусалыкты бөксөртөөр бир гана дары – киндик кан тамган ата конуштун топурагын жыттап, боорго кысуу – айылга кетээр учурум жакындаган сайын сурабайын десем деле болбой Азамат Алтайдын “эл-жерге барам” деген так жообун укпасам да, жибигенин көрсөм деп самадым. Эртең жолго чыгарымда, Азамат аба унчукпай өзүнчө ойго тунгансып отурган:
– Мени элге чакырган жалгыз сен эмессиң – деди мага. – Чыңгыз да чакырган үйүмдө отуруп. “Барбайм” десем, “Азамат аба, “Манастын” миң жылдыгына келүүгө тийишсиз” деген, – Азамат Алтай унчукпай токтоп калды.
– Анан сиз эмне дедиңиз? Барам дедиңизби? – деп акырын сурадым.
Азамат Алтай билинер-билинбес ийнинен тынгансыды да:
– Жооп айтпадым. Барам деп да, барбайм деп да айтпадым, – деди.
– Унчукпай кутулган кыйындык деле эместир… – дедим.
– Иэ, жаным. Кыйындык эмес. Кыйналгандык. Демек, менде жалгыз гана “барбайм” деген ой болгон эмес, “барам” деген да тилек жашаган.
Кудай кааласа, Азамат аба акырындан жибий баштаган экен да, ичимен кым дей түштүм.
Америкадан келгенде атайы Түкөмө барып учураштым. Азамат Алтай жөнүндө талбай сурады. Мен да көргөн-укканымды, баарлашканымды, байкаганымды талбай айттым.
Мен ойлогондой эле бар экен анда ал агаң, – деген Түкөм сыймыктана да, тамашалай да компоюп. Экөөбүздүн мамилебиз мурдагындан жакыныраак болуп калды. Түкөмүн оң колунун кылтылдап калмайын байкап, комуз үйрөнгөнү жүргөнсүз го деп тамашалап ийе жаздап токтогом.
Кийинки, 1992-жылы Түгөлбай Сыдыкбековдун 80 жылдыгы опера-балет театрында өтүп аткан учурда колунун калтыраганы күчөп калыптыр. Бул эмне балээ? Түшүнбөдүм. Талды-Суулук он алты жашар “көзү ачык” баланын дарыгерлиги жөнүндө гезиттен эки макала окугам, юбилейден кийин Түкөмө барып, “ – Колуңузду ошо балага көрсөтсөңүз, мүмкүн, эбепке себеп болор” десем, Түкөм: “ – Ал өзүбүздүн бала экен. Түгөлбай атанын дарты оор тура деп, мени келип көрдү: кара кушуңуз менен катуу нерсеге урунупсуз, айыкпайсыз” деген. Менин оорум медицинада “паркинсон” деп аталат. Айыкпас дарт, – деген. Жакшы нерседен бетер кенебеген кайратына таң калгам.
Сактыгыңыз жанда жок, Түкө, бу дартка каяктан кабылып жүрөсүз? – деп тамашалаган болдум.
– Демейдегибизче чалдар Дзержинде басып-басып жүрүп, караңгыда үйгө келаткам. Арыкта тоңуп калган музду абайлабай чалкаман кетип, каракушум менен тийипмин. Эсим ооп оңолгом. Кабылдап кетерин учурда элес албапмын да… – деген эле Түкөм.
Түкөмкүнө кез-кез барып жүрдүм. Кээде өзү телефон шыңгыратып: “Келип, мени күлдүрүп кетпейсиңби”, – дечү. Кантсин анан кайран Түкөм, же калем кармап жазганга дарманы жетпесе, же үйрөнүп алган машинекесин чыкылдатканга жарабаса, акылы тунук адам зеригет да!
Бир саам барсам, Түкөм экинчи кабатта, кабинетинде отуруптур. Көпкө сүйлөштүк. Тарыхты, каада-салтты мыкты билчү эле го! Алыкулду дайым эстечү: “Жолборс терисин кийген баатырдын” котормосун черди жаза айтканы! Кургак учугун бирөөгө жугузуп алгандан жазганып, идишин жанына ала жүрүп, тамак ичерде элден обочо отурганы – адамдын баары башкаларды Алыкулдай аяса дегенди билдирет болдубу? Же андай боорукерлик чанда бирөөлөрдүн гана колунан келчү немеби? Улуу Ата Мекендик согуштан беш жазуучубуз кайтпай калган. Алар Мукай Элебаев, Жусуп Турусбеков, Жума Жамгырчиев, Кусеин Эсенкожоев, Жекшен Ашубаев. Сүрөттөрүн чоңойтуп, жазуучулар союзуна илип койгонго эмгиче жарабай келатканыбызга акылым жетпейт деп Түкөмүн кейигенине мен да кошулам. Түшүнүксүз себептин кесепетинен ишке ашпаган мунун сыры эмнеде?
Коштошуп, кетүүгө камынып калсам, Түкөм: “колтугуман сүйөп кой” деди. Колтугунан сүйөп, креслодон тургуздум. Түкө таманын калтылдата акырын-акырын сүйрөп, эшикти карай жыла баштады. Туалетке чыккысы келген го деп ойлодум эле, тепкичке жеткенде: “Мындан ары эми өзүң түшүп кет, коштошолу” деп, колун сунду. Көрсө, мени узатып чыгыптыр. Улуу башын кичик кылып, улуттук каада-салтыбызды урматтаган кыраакылыгына ичим элжиреди. Кийинкилер ушундай ыймандуу ниетибизди сактап кала алар бекенбиз?
Кийин бир барганымда, Түкөнүн паркинсону күчөп, экинчи кабатка чыга албай биринчи кабаттагы диванда жатыптыр.
Уул болсо Тукөнүн Сабырындай болсун. Атасын сыр билгизбей жакшы бакты. Мен киргенде, ал кайдан-жайдан пайда боло калды да атасын дивандан көтөрүп алып, креслого отургузду. Кемселин кийгизип, боорун оңдоп-түздөп, Түкөнүн эки чыканагына эки жаздык койду.
– Жата бербейсизби, жарактык, – десем, Түкөм тамаша аралаштыра:
– Үйгө келген конокту кайсы кудай урган неме төшөктө жатып күтсүн. Анын үстүнө, сага сокур тыйынча колдоо көрсөткөн эмесмин. Баягы өзүм сүздүрүп алган эки торпогуман дурусураак торпокторум деле боло турган эле, мени калтырак басканы көрүнбөй калышты, – деди көңүлдүү.
– Торпокторуңуз көрүнбөй калса, жайыты алыстап кетсе керек, – дедим тамашалап. – Мага көмөгүңүз көп эле тийди, Түкө, жазган чыгармаларыңыз, макалаларыңыз, айткандарыңыз, тамашалашкандарыңыз, кыскасы, жүрүм-турумуңуз, калдайган карааныңыз баары мага үлгү, – дедим.
Тукөм тунжурап, унчукпай калды. Оюнда эмне турду, билбейм.
* * *
Сөз Түгөлбай Сыдыкбеков жөнүндө баратып, Азамат Алтай жөн эле кошулуп калгандай сезилиши мүмкүн. Андай эмес.
Киндик кан тамган мекенинен Азамат Алтай кыйла жылдар бою “чыккынчы, ЦРУнун агенти, тиги-бу” дегенден башка бир ооз жылуу сөз укпаса да, кыргыз болуп жаралганына сыймыктанган кусалуу күндөрүн конуп-түнөп, аралаш жүрүп көрүп келдим. Азамат Алтайдыкында мен үй-бүлө мүчөсүндөй ээн-эркин жашадым. Абанын адамгерчилиги, түшүнүгүнүн тереңдиги, билимдүүлүгү, бетке айткан калыстыгы, кыраакылыгы, “Манасыбыз” баштаган кыргыздын руханий дөөлөттөрүн башка улуттарга жагымдуу жеткирүүгө аракеттенгени, жеткире да билгени чет элдиктерге эле маалым болбой кыргызстандык мекендештерине да белгилүү болсо, аларга Азамат Алтайдын патриот кыргыз экени күмөнсүз жетсе деген тилекте, Азамат Алтай эл-жерге келсе, Түгөлбай Сыдыкбековдой даанышман агаиндер менен, окумуштуу, чыгармачыл инсандардан баштап, карапайым кыргыздар менен жүз көрүштүрүү максатым болду.
Бириккен Улуттары Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (ПРООН) боюнча Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Эржан Мурат менен Президенттин кеңешчиси кезимден тааныш элем. Ал бизде биртоп жыл иштеди. Кээде, кайсы бир өлкөнүн элчиси мамлекетинин эркиндик майрамын белгилеген мейман күтүү салтанатында жолугушуп, убактыбыздын чама-чаркы жетишсе, баарлаша да калчубуз. Кеп-сөзүбүз негизинен түрк тилдүү боордош элдер жөнүндө болчу. Азамат Алтай туурасында айткандарым Эржан Муратка кызык сыяктанды. Нью-Йоркко каттаганда, Азамат Алтай менен тааныша келейин деген оюн айтып, менден абанын координатын сурады. Мен телефонун бердим. Бул 1994-жылдын башы чен болчу.
Бир айга жетип-жетпей Азамат Алтай телефон чалды:
– Бексултан, силерде Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү болуп иштеген Эржан Мурат деген түрк жигит бар…
– Билем, аба.
– Билесиңби? Сен аны кайдан билесиң?
– Азамат Алтай телефондон таңыркай түшкөнсүдү.
– Президенттин кеңешчиси болуп иштеген учурумда байланышып турчубуз, – дедим.
– Ал мени Кыргызстанга чакырат. Аны менен жолугуша аласыңбы?
– Жолукпагандачы, аба! Азыр эле жетпейминби! – дедим кубанып.
Эржан Муратка айтар сөзүмдү камдап бардым:
– Эржан мырза, Азамат Алтайды көл бышкан кезде, июль айында чакырсаңыз.
– Азамат Алтай мырзаны көлгө түшүрүш үчүн чакырбайбыз, иштеш үчүн чакырабыз, – деди Эржан Мурат. – Лекциялар окуш керек, жолугушуулар, маектешүү. Андыктан программасын алышыбыз керек. Аны ким түзүп берет?
– Мен берейин, – дедим.
– Азамат Алтайды ПРООН чакыртыш үчүн өкмөтүңөр бизге кат жазсын.
– Өкмөткө аны ким айтат, сиз айтасызбы? – дедим.
– Жок, мен айтпайм.
Эржан Мураттын жообу түшүнүктүү болду. Өкмөт башчы Апас Жумагулов менен вице-премьер-министр Осмонакун Ибраимовго жагдайды түшүндүрсөм, Азамат Алтайдын программасын, Өкмөттүн ПРООНго катын жазып кел дешти.
Өкмөттүн атынан ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Эржан Муратка кат жазып, Осмонакун Ибраимовго кол койдурдум. Кыргызстанга келип-кетүү учурунда Азамат Алтай 20-30-жылдардагы кыргыз маданияты, “Манас” эпосу, Библиянын Батышта кыргызчага которулганы, согуштан кийинки совет (ошонун ичинде түрк элдер) диссидентчилиги, “Түрк эли” журналы жана “Азаттык” радиостанциясы, кыргыз жана башка түрк элдеринин тарыхынан Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетте, Касым Тыныстанов атындагы Каракол университетинде, республикадагы дагы башка окуу жайларда, мектептерде, маданий, чыгармачыл уюмдарда, карыялар коомунда, “Манас-1000” дирекциясында лекциялар окулуп, ой бөлүшүп, жолугушуулар өткөрүлөрү жогоруда аталган окуу жайлардын, мекемелердин жетекчилери менен макулдашылды.
Эржан Муратка Өкмөттүн катын, Азамат Алтайдын программасын алпарып бердим. Эржан Мурат Нью-Йоркко жөнөгөнү жаткан экен, программаны карап чыгып жактырды. Кайра келгенде жолуктук. Программабыз ООНдогуларга да жагыптыр. Ошондуктан Азамат Алтайды он беш күнгө эмес, бир айга чакыра турганын айтты Эржан Мурат.
Баары такталды. Азамат Алтайды 1994-жылдын 26-августунда Алматынын аэропортунан тозуп алмай болдук.
1994-жылы ПРООндун каражатына келсе, эмдиги 1995-жылы “Манастын” 1000 жылдык мааракесине чакырсак, эки жыл удаасы менен жүз көрүшөбүз деген ниетте өзүмчө кудуңдап жүргөнүмдө, жүйөлүү себептен улам Азамат Алтай 1994-жылы келбей турган болду. (Себеби, “Азамат Алтай” повесть – эссемимде).
Эржан Муратка барып:
– Чакырууңузду эмдиги жылга которсо болобу? – десем,
– Болот, – деди.
– “Манастын” 1000 жылдыгына туура келтирсеңиз, өтүнүчүм ушул.
– Окей, проблем йок. – Эржан Мураттын жообуна ПРООНдон көңүлдүү чыктым.
* * *
Түгөлбай Сыдыкбековду Азамат Алтай абдан кадырларын Америкадан угуп-көрүп келгем. Түкөмдү дарты калтыратып-титиретип, тургузбай салган оор учур эле.
– Азамат Алтайдын Сиз менен жолугушусун Программага коштум, каршы эмессизби? Кежир элеңиз, Түкө, советтик кыргыздарды уят кылбай капиталисттик кыргызга кежирлигиңизди байкатпаңыз, – деп тамашаласам, Түкөм бөйрөктөрүн бүлкүлдөтө акырын күлүп алып:
– Азамат Алтайды мен сыртынан жакшы билем, көрсөм деген тилегим бар эле, бирок ушул абалымда мени көргөзбөй койгонуң эле жөндүү болоор? – деди.
– Түкө, а киши Сизди, Кусеин Карасаевичти, Чыңгыз Айтматовду өтө барктайт, жолукпай койсоңуз, күнөө менин мойнумда калат, – десем, Түкөм:
– Чай бере турган Асылгүл апаңардын көзү тирүү эмес, кимге жалдырайм? – деди.
– Америкалыктар чай берген-бербегениң менен иши жок, сонун эл көрүнөт, ал жагын билмексенге салып коёлу, – деп тамашаладым.
– Чынын айтсам, Азамат Алтайдан сүрдөп да турам, – деп оюн-чындан Түкөм борсулдап күлгөн. Анан мурдагы бир ишти эстеп: “ – Бексултан, баягыда Азамат Алтай мага берип жиберген миң долларды эмнеге жумшаганымды сага көрсөттүм эле. Ошону Азамат Алтайга билдирдиң беле?” деген. Азамат Алтай жиберген долларга Түкөм киши жалдап, толгон папка, коробкалар саттырып алып, том-том архивин, колжазмаларын тейлетиптир болчу. Мени үйүнө чакырып ошолорду көрсөткөн. Азамат Алтайга жазган катын окуткан: “Түкө, катыңызды гезитке бастырып коюңуз, Азамат Алтайга салып жиберейин” десем, туура көрүп, гезитке жарыялаган эле. Аны Азамат Алтайга салып жибергем. Түкөм ошону тактап отурат. Отуз чакты чоң-чоң папкалардагы Түгөлбай Сыдыкбековдун жарык көрө элек колжазмаларын кези келгенде илимпоз-адабиятчылар изилдеп, далай эмгек жазыларында шегим жок.
* * *
1995-жылдын 25-августунда башталчу “Манастын” миң жылдык мааракесине “ПРООНдун каражаты менен Ташкент аркылуу келген Азамат Алтайды 19-августа “Манас” аэропортунан тозуп алдык. Самолёттон түшкөндө: – Элүү беш жыл көздөн учкан эл-жериме жеттимби, яа?! – деп, асфальт баскан кыргыз жерин кучактап алып шолоктоп ыйлады. Америкада деле кыргызды, кыргыз жерин эстеген сайын “Ала-Тоому көрбөй өлөмбү!” деп ыйлай берчү.
Түгөлбай Сыдыкбеков менен жолуктурарда “Түкөмкүнө барып тургула деп, Сооронбай Жусуев, Жалил Садыков, Кеңеш Жусуповдорго телефон чалдым да”, Азамат Алтайды Түкөнүкүнө алып бардым. Буларга чалган себебим, Азамат Алтай мага жазган мурдагы бир катында: “Жалилдин ыр, поэмаларын жактырып окуур элем. Анын катарына Байдылда менен Сооронбайды кошом. Мактагандык эмес, алар чыныгы акындыр” деген болчу. Жусуев, эмнегедир Тукөнүкүнө келе албай калган. Кеңешти болсо “Ала-Тоо” журналы каражаты жок чыкпай калганда, Азамат Алтай акча жиберип, бир жыл бою чыгып турган.
Мына эми өмүрү жолугушпаса да, бирин бири көз караштарынын, ой-санаа, пикирлеринин жакындыгынан улам сыртынан сыйлашып, элдин, эне тилдин, маданиятыбыздын баркы кетпесин деп, бири тыякта, бири быякта кыргыз намысын коргоп, жакшы да, жаман да көрүнгөн, бирок чындыкты жалтанбай таамай айткандары үчүн жалпы кыргыз журтчулугунун сый-урматына ээ болгон эки кыйын кыргыз кучакташып көрүшүп турду. Түкөбүз кучагын жая албагандыктан бул кучакташуу бөксө көрүнгөнү менен тилеги бирге эки жүрөктүн табышкан учуру эле.
* * *
Убакыттын өткөнү бирде байкалса, бирде ордунан жылбай туруп калгансыйт. Түгөлбай Сыдыкбековдун 80 жылдыгын 1992-жылы майрамдадык эле. Андан бери беш жылча убакыт өтүп кетиптир. Ошондогу куттуктоо сөзүндө президент Аскар Акаевдин: “Ардактуу Түкө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эң жогорку сыйлыгы кабыл алынып бекигенде, номур биринчи Баатыр сиз болосуз” деген убадасы Түкөнүн эсинде калган-калбаганын билбейм, сөз салганын көргөн эмесмин.
1997-жылдан башталышында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эң жогорку сыйлыгы – Баатыр наамы кабыл алынып бекигени жарыяланды. Эки-үч күндөн кийин убадасын эсине салып коёюн деп, Президентке барсам, унутпаптыр. 1997-жылдын февралында Президенттин Указы менен Сыдыкбеков Түгөлбайга Кыргыз Республикасынын №1 Баатыр наамы ыйгарылды. Ошондой эле Чыңгыз Айтматов менен Тургунбай Садыковго да “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражадагы “Ак Шумкар” өзгөчө белгиси тапшырылган.
* * *
Түгөлбай Сыдыкбековдун өмүр жолун 1997-жыл жыйынтыктап тургансыйт. Далил келтирейин:
Биринчи. 1997-жыл, февраль. Кыргыз Республикасынын Баатыры болгонун айттык.
Экинчи. 1997-жыл, май. Иссык-Көл облусунун губернатору Касымов Тойчубек Караколдон телефон чалды:
“Жесте, Түгөлбай Сыдыкбеков 85ке чыгат тура. Кандай иш-чара болорун жазуучулар союзуна чалып сурасак, “ал киши төшөктөн турбай калган, эч кандай иш-чара болбойт. Академия наук гана конференция өткөрүп коёт” деди. Бис кандай кылсак? Барып куттуктап койсокпу, билбей турабыс”.
Тойчубек Касымов таластык, “З”ны “С” менен сүйлөмөй өзгөчөлүгү бар. Кайын-журтум таластык болгондуктан мени “жесте” дегенинин жөнү ошондон. Көлгө чейин ал Талас облусунун губернатору болуп турганда, “Манастын” миң жылдыгын даярдоо түйшүгүн бирге тартканбыз.
Түгөлбай Сыдыкбековдун 85ке чыкканын Касымовдон угуп, массалык-маалымат каражаттар, жазуучулар союзу үн катпаганына аң-таң боло түштүм да:
– Тойчубек Касымович, келип куттуктаганга жарабасаң, опол тоодой Сыдыкбековду теңсинбей бөтөндүк кылды деген кеп-сөзгө каласың, – дедим.
– Ыракмат, жесте. Качан, кайда барарыбысты билип бере аласысбы? – деди Касымов.
– Үйүнө барып тактайын. Кечки жетилерде ишке телефон чал, – дедим.
Эмне камылга менен келерин сурасам, “бир жылкы союп келебис ко” деди. Губернатордун “ко” деп күдүксүнгөнүнө маани бергеним жок. Байкоостон оозунан чыгып кеткендир? Андай байкоостук ар кимибиздин эле башыбызга келиши мүмкүн. Ошондо да чай-пай, татты-патты дегендей дасторкон жайын айтсам, “ – Аны да биз апарабысбы?” деди Касымов, үнү телефондон таңыркагандай сезилди. “ – Эт менен эле кутулгуң барбы? Пайы жок кимди ыраазы кыласың? – дедим оюн-чынды аралаштыра. “ – Болуптур, жесте, түшүндүм”, – деди губернатор.
Түкөмкүнө барсам, креслого сүйөнө отуруп, телефондон бирөөнү тыйып атыптыр. Сабыр сөздүн кызыгына баткандай атасын жымыя тиктеп, жанында туруптур. Кол алышып учураштык. Менин келгеними Түкө этибар албады.
– Кереги жок, келбегиле! Кейпим бу, Асылгүл жок… Сөз түшүнбөгөн кандай кокуйсуң! Келбегиле дедимби, келбегиле!… Камынып койгонуңарды билем. Жылкыңарга ыракмат… Ким келмек эле, эч ким келбейт. Болду, шайымды оодарбагылачы. Бүттү! Келбегиле! – Түкө ийининен тына үшкүрүп алды да телефонду Сабырга карматты. Анан мени жаңы көргөнсүп: – И, кел, – деп койду. – Айылдагы инилер туулган күнүмдү өткөрөбүз деп, ээлигип алышыптыр. Менин туулган күнүмдүн кимге кереги бар. Келтирбей туура кылдымбы? – Түкө өзүнө өзү корстон болгонсуп, компоюн койду.
– Туура кылган жоксуз! – дедим.
– И?!
– Сиз деген Түгөлбай Садыкбековсуз! 85ке чыкканыңызды куттуктап, досторуңуз келет. Душмандарыңыз да келет. Киши келтирбей койсоңуз, Сыдыкбековдун казаны оттон түшүптүр деген жаман аттыга каласыз! – дедим да Тойчубек Касымовго өттүм. – Көлдүн губернатору телефон чалды. Келип сизди куттуктайбыз дейт. “Кайсы күнү баралы, билип бер” дегенинен келдим, Түкө. Качан келишсин? Күнүн айтсаңыз, кабарлап коёюн, – дедим.
– Аларды келбе десек, уят ко – деди Түкөм оозу бош. – Сабыр, айылга телефон чал. Мага арнаган жылкысын союп, ушу жуманын аягында келишсин.
– Жылкыны губернатор союп келет. Дасторкондун камылгасын да өздөрү көтөрмөй болду, – десем, Түкө мени бүшүркөй тиктеп туруп:
– Ошентерине ишенсек болобу? – деди. Тамашасыбы бу, чыныбы ажырата албай күлүп жибердим:
– Таластыктар намыстуу эл, Түкө. Ишене бериңиз.
Касымов кечке маал телефон чалды. Макулдаштык. Жанына кадыр-барктуу он чакты киши кошуп, болжошкон күнү Бишкекке келди. Алар менен “Ысык-Көл” фондунун активистери Бейшебек Акунов, Сулайман Иманбаев, Турсунбек Чынгышев, Жангороз Каныметов, Аскад Абдылдаев, Бакыт Иманалиев, Дүйшөн Маматканов, Тилектеш Ишимкулов, Асан Жайлобаевдер Кыргыз академиялык драма театрынын жанынан жолугушуп, Түгөлбай Сыдыкбековдукуна чогуу бардык, убадалашканыбыз ушундай болчу.
Баягы бакыйган олбурлуу Түгөлбай жок, чүкөдөй болуп калган эле. Сабыр атасын “жасанта” кийинтип даярдап койгон экен, диванда жаткан жеринен белинен бүтпөй көтөрүп, столдун төрүндөгү креслого отургузду. Түкөнүн акыл-эси тунук, оору-сыркоосу жоктой, келген меймандар менен көңүлдүү учурашты, ал-жай сурашты. Баса, паркинсон дартка чалдыккандардын акыл-эсине доо кетпейби деп боолголойм. Анын жөнү бар. Азамат Алтайдыкына Бишкектен дайым телефон чалып турчу элем. Бир саам трубканы эч ким албады. Эртеси да алган жок. Бу эмнеси? Телефон номуру өзгөрүп кеткенби? Же аба ооруканага жатып калды бекен? Эки күндөн кийин болсо керек эле, трубканы аял алды. “Азамат Алтайдыкыбы?” деп сурай салдым. Аңгычы Азамат Алтай абанын:
Ало, Бексултансыңбы? – дегени акырын угулду.
Сүйүнүп кеттим:
– Ой, ооба! Канча күндөн бери телефонуңузду ала албайм!…
– Бексултаным… Эсиңдеби, мени Түкөм менен учураштырганы алып барганыңда: “ – Жараткан Кудай, Түкөнүн оорусу жеңилдесин, жарымын мен алайын, мага бер” дегеним? Кудай тилегенимди кабыл калды. Паркинсонмун. Телефонду өзүм кармай албайм. Азыр кармап берип сени менен сүйлөштүрүп турган үй кызматчыбыз…
Ушундай. Азамат Алтай көзү өткөнчө акылынан адашкан жок. Үзүлүп баратканда да кайра-кайра “Кыргызстандан кабар барбы?” деп, кыргыз үнүн укканга зар, какшанып жатып жан бериптир.
Акылынан адашпаган дагы бир паркинсон карыяны көрдүм эле. Келгендер Түкөм менен учурушканча, Тойчубек Касымов:
– Кандай кылалы? – деди менден акырын.
– Той ээси сенсиң. Чепкен-чүпкөн көтөрө келгендирсиңер, кийгиз да баштай бер, – дедим.
85 жылдыкка чогулган соң тост айтылбай койчубу. Бирок, бу саам демейдеги тажатма тосторго окшободу. Түгөлбай Садыкбековдун көңүлүнө жакын ой-пикир, каалоо-тилек, өзүнөн-өзү айтылды. Адабият жөнүндө, Түкөнүн чыгармачылыгы, даанышмандыгы, кыраакылыгы жөнүндө, Түкөнүн кыргыз тарыхындагы орду, улуттук каада-салт, үрп-адат, руханий дөөлөттөрүбүздүн абалы, аны билген-билбеген, барктаган-барктабаганыбыз, тарыхыбыз жөнүндө, “Манас”, эне тилдин тазалыгы жөнүндө, адептүүлүк жана адепсиздик жөнүндө сөз жүрдү. Апырта мактаган кургак чечендик болгондо, Түкө чыдап отура албас эле го. Кыскартып айтсам, бул отурушубуз Түгөлбай Сыдыкбеков жана кыргыз турмушуна арналган өзгөчө жыйынга окшоду. Атайлап пландаштырсак, мындай болорун кудай билет эле.
Yчүнчү. 1997-жыл, июль. Шаардан жогору Беш-Күнгөй айылынын тушундагы Аламүдүн өзөнүнүн боюна дача кургам. Колум “бошой” калса, дачага жөнөчүмүн. “Манас” эпосунун кысылган вариантын түзө баштаган кезим. Бир жаш манасчынын китеби шаардагы үйүбүздө калыптыр, алып келе койгону түнкү саат ондордон өткөндө дачадан келсем, Сабира:
– Түкөм кайтыш болуптур, сени издеп атышат, – деди. “Жигули” менен Түкөнүкүнө жетип бардым. Анча-мынча бирөөлөр жүрүптүр. Түнкү он бир ченде Чыңгыз Айтматов, Сүйүнбай Эралиев, Мухтар Шаханов үчөө келди. Бир пастан соң Түкөмүн Сабыр, Арыстан деген эки уулу кирди. Сабыр сөз баштады:
– Атабызды энебиздин жанына коебуз десек, Жумагулов (өкмөт башчы) болбой жатат: “Сыдыкбеков белгилүү адам, атактуу жазуучу. Сырттан бирөөлөр келип, мүрзөсүнө барабыз десе, кайда темселетебиз? Ала-Арчага коебуз” дейт. Атабыздын керээзи бар, энебиздин жанына койгула деген. Чыңгыз Төрөкулович, Жумагуловго айтыңыз, өз билгенин кылсын!
Чыкем кыжаалат боло түшкөнсүдү:
– Керээз эми кыйын милдет. Өкмөттүн айтканынын да жөнү бар. Ойлонолучу, – деди эле, Сабыр бурк эте:
– Энебиздин эле жанына коебуз! – деп чыгып кетти. Арыстан унчукпай отурган, унчукпай инисинин артынан кетти.
Эртеси эрте менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри, Түгөлбай Сыдыкбековду акыркы сапарга узатуу зыйнатынын төрайымы Мира Жангарачева менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Ишенбай Абдуразаков экөө келип, Түкөнүн уулдарына жолуксак болот эле деди.
Үйдөн Сабырды чакырып чыгышты. Эки “чоңдун” эмне дээрин Сабыр алдын ала билгендей мурчуюп келип салам айтпай токтоду.
– Жаңы эле премьер-министр өткөргөн совещаниеден чыгып келатабыз. Түкөнүн керээзи талкууланды. Ал кишини Ала-Арчага коюну бир добуштан айтышты. Сабыр, биз сизди жакшы түшүнөбүз, сиз да бизди түшүнүңүз. Энеңер атаңардан бөлүнүп калбайт. Кийин Асылгүл апанын сөөгүн жайынан которуу убактысы жеткенде, Түкөнүн жанына көчүрүлсүн деген чечим кабыл алдык. Ушуга макул болуңуз, – деди Жангарачева.
– Макул болбойм! Биртуугандарым да макул болбойт! – деди Сабыр ороң-бараң шарт бурулуп, кете турган түрлөндү.
– Сабыр, – дедим. Сабыр туруп калды. – “Күч-күйөө” деген сөздүн маанисин билесиңби?
– Билем. Эмне экен? – деди Сабыр алда немеден шектенгендей. Түкөмүн байбичеси ыраматылык Асылгүл апа кадимки Байтик тукумунан. Байтик тукумунун көрстөнү өзүнчө бөлөк, аякка өздөрүнөн башка эч кимдин сөөгүн койдурбайт.
– Билсең, атаңы энеңдин жанына койсок, мындай басарыбыз менен “Түгөлбайдын арбагы кайын-журтунун арбагына күч-күйөө болуп жатып калды” деген ушак чыгат. Ошентсе мейлиби? – десем, Сабыр делдейе түшүп, унчукпай туруп калды.
Короодо тургандар баарыбыз тым-тым боло дымырап, Сабыр эмне айтар экен дегенсип, сөзүн күттүк.
Сабыр эчтеме дебеди. Түкөнү акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу баюнча комиссиянын айткан-дегенине, аталарын Ала-Арча көрүстөнүнө койгонго уулдары жолтоо болбой көндү.
Кат-сабатсыз мурунку доорлордо “устат”, “шакирт” деген түшүнүк төкмө акындардын, манасчы, комузчулардын арасында кенен тараган. Устатсыз шакиртти, шакирт тарбиялабаган устатты жолуктуруу мүмкүн болбогон. Азыркы заманда “устатым бу”, “шакиртим тиги” дегендер чанда. Кайсы бир өнөргө, маселен, комузчулукка каныктырган, такшалткан чыгаанды устат деп урматтайбыз. Түгөлбай Сыдыкбековду мен “даанышман устатым” десем, бир даары ишенсе, айрымдар жөн эле айтылган сөз деши мүмкүн. Түкөм мени жазмакерлик ыкмага, чыгармачылык стилге үйрөткөн эмес. Жанына отургузуп алып, насаат айткан эмес. Мен Түкөнүн насаатын, таалимин сыртынан акмалап, акыл-оюнун терең маанисине моюн сундум, жүрүм-турумун жактырып, жашоо-турмушка, адамга, кесипке, коомдук түзүлүшкө, эне тилге, тарыхка, маданиятка мекенчил көз карашта болгонуна таасирленип, өз көз карашымды толуктадым. Ошондон улам Түкөнү даанышман устатымдай көрөм. Ою, айткан сөзү адамга жугумдуу болчу. Андайлар чанда жаралат.
Бексултан ЖАКИЕВ,
Кыргыз Республикасынын Баатыры,
Кыргыз эл жазуучусу