Улук Рысалиев – тубаса талант
Улук Рысалиев деген таластык акын иним бар. Ырды катыра жазат. Анын таланттуу экени, болгондо да тубаса талант экени эч талаш жаратпайт. Эгер сиз да анын ырларын окуган болсоңуз, менин айткандарыма сөзсүз кошуласыз:
КАРТ БОЗ АТ ЖАНА КҮЗ
Саргайган тескей. Карт боз ат,
Санаасы куруп, дарт басат.
Билгени – тосоор базардан,
Бычагын кайрап бир касап…
Жарты өмүр өткөн жылгадан,
Жарытып алыс жылбаган.
Буралта чайнап тулаңын,
Булагын жутту шыргалаң.
Күндөрдүн өттү канчасы,
Көргөн жок байкуш, анча сый.
Тиш калбай эсеп кылгыдай,
Так билбейт эч ким, канча асый…
Уйпалап жалын муздак жел,
Уюган тулку, сыздап бел.
Айланат көктө үч жору,
Айтчудай:” Азыр мууздап бер!”…
Жазылып бүткөн кат өмүр,
Жазмышы жакын ат өмүр.
Жетээрсиң бир күн бизге да,
Жыргатып койбой, аа Теңир!…
Чыныгы поэзия – болсо, ушундай болот. Бир караганда бул ыр жүздөгөн башка ырлардан эч деле айырмасы жок. Бирок дилиңизди төшөп, дагы бир жолу окуп көрүңүзчү, ырда не деген философиялык ой камтылган. Улам окуган сайын улам жаңы ой тапкандай болосуң. Акындын турмуштагы жөнөкөй көрүнүштөн поэтикалык жаңы ой таап алган тапкычтыгына тан бересиң, ары суктанасың.
Көкүрөк койгулаган кыйкырык, кооз сөздөр, курулай ураандар да, кургак патетика да таппайсың. Жөнөкөй да, жугумдуу да жазылган. Эң башкысы ырды канча кайталап окуба, эч качан тажатпайт.
Аны ашыра мактагандан алысмын, антсе да калыстык үчүн айтсам, акынмын дегендердин төрт-бешөөсү биригип, мындай ыр жазышы кыйын.
Анын сыры да, табышмагы – Улуктун тубаса талантында жана калемине кара санабаган акындыгында. Анын ырларынан халтуранын караанын да таппайсың, ал кандай ыр жазбасын, эптеп-септеп эле чүргөп, же уйкаштырып тим болбойт. Кемелине келтирип жазат. Жазганда да ар бир ырын акыркы ырын жазып жаткандай жазат.
“Кыш куплеттери” ыры анын тубаса талант экенинин дагы бир күбөсү:
КЫШ КУПЛЕТТЕРИ
Ак түзөң талаа. Кар тунган,
Ак тозоң, шамал алкынган,
Иңирде бороон, ит тургуз.
Изиңди көмөт артыңдан.
Мор өйдө түтүн агылып,
Мечиттен азан жаңырып.
Көптү ойлоор элде чама жок,
Чөптү ойлоп түтөйт каңырык.
Ит өлгөн суукту салды бейм,
“Ичики-ий” тоңуп калдым эй!
Каткырат чөөлөр өйүздөн,
“Дүңк” чегип алган баңгидей.
Көр түйшүк деген ошол го,
Кеп учу – картош, фасолдо.
Кобурайт бурчта эки чал,
Кол кактап эски “козёлго”
Ак бубак баскан куурай-чий,
Ар жок ээ, бизде Кудай ий!
Манасты окуп койгонсуп,
Мечитте баян… Курайший!
Бүт баарын басып ак чаңыт,
Бурганак турат мактанып.
Бөрүнүн жытын алдыбы,
Байдөбөт үрөт какшанып.
Сапырып карды бүркүндү,
Сапары карып бул түнкү.
Жылгага төнүп баратат,
Жылдыздай сызып бир түлкү…
Тубаса талант ар бир эле адамга энчиленип бериле бербейт. Ырас пешенеңе акындык тагдыр жазылдыбы, анда өз талантыңды өзүң баалап, сыйлап, аны багып, кадырлап алууң бул адамдык парзың, адамдык озуйпаң. Мейли, башкалар сени барктабаса, барктабай эле койсун, өзүңдү өзүң баркта, өзүңдү өзүң сыйла. Мейли акын улагада отуруп калсын, бирок мына ошол акын отурган жер – улага болсо да, дайыма төр эсептелерин эч качан эсинен чыгарбасын.
Муну айтканым, Улуктун кемчилиги – ал өз талантын өзү барк албайт окшобойбу деп ойлойм. Анткени, ал тубаса таланттуу болуп туруп, ырдын артынан түшүп, башын ырга сайган жок. Күнү-түнү отуруп, чыгармачылык менен устадай узанбады, изденбеди. Талантын бакпады.
Балким, мен анын жанында дайыма жүрбөгөн соң жаңылып да калышым да ыктымал. Ким билет, ал күнү-түнү узанып ыр жазып жаткандыр. Кырктын кырынан капкачан ашып, элүүгө келип калса да, жупкадай болсо да китеп чыгарбаганынан улам, ал мага ара-чолодо эле ыр жазгандай, ага турмуш далысын салгандай, ал да жашоого таарынып, поэзияга, чыгармачылыкка кайдыгер карагандай туюлат. Акындык тагдырдан өткөн оор жүк жок. Анын жүгү көп учурда адамды өз тагдырына, акындык тагдырына кайдыгер кылат. Оттон алып сууга, суудан алып отко салат. Мунун баарына чыдаган адам чыдайт. Анүчүн Айтматовдой алп болуу керек. Болбосо Алыкулдай бол…
Акындык тагдыр, адамдык тагдыр эмне экенин мен түшүнөм. Аны айтпаганда, турмуш, тагдыр дегениң, кыйын нерсе. Жашоого эч акылдуулук кыла албайсың. Бирок, кандай болгондо да, Кудай берген талантка болгон кайдыгерлик кечиримсиз нерсе.
Мейли, сени досторуң түшүнбөсүн, туугандарың түшүнбөсүн, бирок эртеби-кечпи, сенин талантыңды баалап ала тургандар чыгат деген ишеним менен жашаш керек. Эгер акын тагдырына таарынып, далысын сала берсе, берегидей төрт сап ырларды ким жазат!??
НАТЮРМОРТ
Жалайырдай жалгызмын. Жайлоо. Чатыр,
Жалаяктай жайылып кагаз жатыр.
Жазып жашап келатам, шашып жашап,
Жакшыраагы энчиме буйрубаптыр!..
КҮЗДӨГҮ БИР ИРМЕМ
Шиш чоку. Кылда учунда турам,
Шыбыргак өттү, тушумда – туман.
Сак тайган аяр, кыр-кырды карайт,
Санаалуу учур, саргайган тулаң…
Буга окшогон шедевр ырларды акындын акыны гана жазат. Ыр жазбай тургандар жабалактап жазып жатканда, Улук Рысалиевдей тубаса таланттуу акындын ырга салкын карап, аз жазганы кечиримсиз эмей эмине?
Улук Рысалиевге окшогон тубаса таланттуу акын ырдын артынан түшпөй жүргөнү өтө өкүнүчтүү. Ал эми Улуктай талантты адабий коомчулук колдой албай, кадыр-баркына жете албаганыбыз андан да кейиштүү.
Анын акындык тагдыры катылган бир ырын окуп көрөлүчү:
ЖАЛГЫЗДЫК. ЖАЙЛОО. КОҢУР КҮЗ
Жалгыздык. Жайлоо. Коңур күз,
Жыбылжып келип кеч кирди.
Күндөгү турмуш, көңүл суз,
Кыжаалат кылбайм эч кимди…
Суу шары ырдап-кулакта,
Сур канчык үрөт ыраактан.
Өкүнүч баскан түндөрдү,
Өз колум менен узаткам.
Ак чекит жылдыз – түндүктө,
Астымда кагаз бир бүктөм.
А балким, бул кез жакшыдыр.
Адамды күтпөй, ыр күткөн?..
Чыккандай туман булуңдан,
Чубалжыйт түтүн чылымдан.
Барактайм эски ырларды,
Бир сүйүү жатат, чыңырган…
Ак жарык алдап, жетелеп,
Айланат шайтан көпөлөк.
Үлбүрөйт меште акыркы от,
Үмүттөй али өчө элек.
Жалгыздык. Жайлоо. Коңур күз,
Жылдызы жайнап кеч кирди.
Жайгардым атты, көндүм иш,
Күтпөймүн деле, эч кимди…
Эмне деген арман!!! Бул – акын арман. Жалгыздыктын арманы. Көп туруп, жалгыз экениңдин арманы. Аны түшүнгөн адам түшүнөт.
Байдылда Сарногоев тубаса акын болгон, ошон үчүн анын ар бир жазган ыры шедевр. Ал эч качан орто саар ыр жазган эмес. Улук Рысалиевдин калемине да ошол касиет мүнөздүү. Дыйкан үчүн кетмен чаап, суу сугарган кадыресе нерсе сыяктуу, Улук да кайсы жерде, кандай абалда болбосун, сиз каалаган темада төрт сап ырды алеки саатта жазып колуңузга кармата алат жана калемине кара санабагандыктан ар бир жолу Улуктан мыкты ырлар гана жаралат. Ал эч качан жаман жаза албайт.
Чыныгы акынды, тубаса талантты биз сыйлай сыйлай алган жокпуз. Кадыр-баркына жетпедик. Болбосо, колубузга көтөрүп алсак, бизди ким кой деди. Былтыртан анын тагдырында жарыгын чачкан бир жан пайда болгондой, Улукту биз сыйлай албасак да, ошол аруу жан – Адила сыйлап, барктай алаар болду бекен? Акындык тагдырдын ачуу-таттуусун тең бөлүшүү жеңил-желпи эмес?
Улук акыркы жылдарда Адилага арнап бир топ ырларды жазды.
КҮЗДӨГҮ ЭРКЕЛЕТҮҮ
(Адилага)
Этегине жармашканда элүүнүн,
Эркелетмек эле дебе, эми ким.
Элжиреймин элесиңе жалынып,
Эсимди алып койгон сымал Теңирим!..
Кайың сары, кыр-жон сары, күз сары,
Кыяргансып баратабыз биз дагы…
Сени эстесем элжиреймин, эзилем,
Сезимимде пайда болуп күч жаңы!
Акылдуум, ак пейилим, назигим,
Аялзаттан артыкча бир насилиң!
Алыстабай имерилем, айланып,
Арканы жок байлап алган казыгым!
Кара көзүм, каралдым ай, зирегим,
Карайлаган кезде кайтчу түнөгүм!..
Эгем салчу тозогуна кайылмын,
Эгер чоңу сүйүү болсо – күнөөнүн!
Бул дүйнөнүн азабы – азап, муңу – муң,
Бүт тозокту унуткарар кылыгың.
Бир назыңа бир өмүрүм садага,
Бултугуюм, таарынчагым, тунугум!..
КОЮУЛАНАТ КОРГОШУНДАЙ БУЛУТТАР
(Адилага)
Ушул күндөр келмек…Келди кайыптан,
Улар болдум жараатынан айыккан.
Кеч болсо да кереметке кезиктим,
Кудай эми жыга берсин айыпка!..
Кечир Кудай! Кесиримби кокус бул,
Күндөрүмдү күтүү менен тосупмун.
Кыр таянып баратканда “жарк!” этти,
Кумдай чууруп, ортодогу отуз жыл…
Болду күндөр: – Өчөм! – дедим, өчпөдүм,
Бир күч кармап, соолубады өстөнүм.
Өзүңө бир кезигээрим билгендей,
Өлбөй тирүү жүрүптүрмүн… Эстедим!
Боорукерим! Бөжөктөйүм! Камкорум!
Билип турган алыстан да бар-жогум.
Энем өтүп кеткенден соң дүйнөдөн,
Эч ким менин сурабачу ач-тогум!..
Сен кабатыр, үстүм жылуу-жукабы,
Сага гана керектеймин, мисалы…
Атыңды атап, коркпой жаза берейин,
Ажыратпас эми эч кимдин ушагы!..
Кыр-кырларда жатат али тунук кар,
Коюуланат коргошундай булуттар.
Суу болгонум, жамгыр-шамал сезилбейт,
Сен барсың да, мээримине жылыткан!
Адам кайсы куракта болбосун, арзуу сезим дайыма аны коштоп жүрөт. Анткени, арзуу сезими адамды жарык кылгандай, акынга да эргүү берип, ыр жазууга шыктантып турат. Акын ар бир күнү жарык дүйнөгө кайрадан төрөлгөндөй болуп, ырды сагынып, өзүн өзү жаңылап, изденип, кумарланып ыр жазгысы келет.
Улук да элүүнү этектеп акын катары, адам катары арзып калган окшобойбу. Жан дүйнөсү жаркырап, жүрөгүнө жылуулук уялаган чыныгы акынга чыгармачылык бийиктиктерди каалайм. Бар бол, акын иним!!!