“Жыпардай жан курбу эми бизде жок”

Баш сɵз ордуна

Жыпар Акунова деген ысымды гезиттен окуп, таанычумун. Ошко келип иштеп калдым. Демейде редакцияга китебин “сатып ал” же “ойлорумду басып чыгар” деп демитип келгендер көп болот. Бир күнү эшикти акырын ачып күлүмсүрөгөн эже кирип келди. Жыпар Акунова деген журналистти, акынды ошондо жакындан таанып-билгеним бар.

Жөн гана аялдык тилектештигин билгизип, абдан кубаттап, дем берип кетти. Кийин өзүбүз байланышып, кыска аңгемелерин гезитке берип жүрдүк. Гезитке кээде аял акын-жазуучулардын маектери, чыгармалары чыгып калса кээ бирлер “аял акын-жазуучуларды эле жаза берет, чыгармасын жарыялайт” деп күнөөлөйт экен. Чыгармалары кино болуп тартылып, ырларын ырчылар аткарган кесиптеш-замандашыбызды эскерүү ич тарый турган иш эмес болсо керек.

“Ушул күндөрдө эң кымбат адамым деп эсептеген эки бирдей жакынымдан айрылып, бир мүчөм кемдей чүнчүп жүрөм. Бири табытымды көтөрөр уялашым, киндиктешим — Айбегим. Экинчиси өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болчу курдашым, сырдашым, жан курбум – Жыпар”, – деп эскерди Жыпар Акунованын курбусу, журналист Гүлжамал Жороева.

Жыпар Акунова
Жыпар Акунова

– Тагдырдын буйругу экен, аттиң… «Ажал айтып келбейт» дегендей, Жыпарды чын дүйнөгө узатканыбызга да жыл айланып баратат.

Ɵткөн жылы сентябрдын аягы болсо керек Жыпар алсыз үнү менен кайтыш болгон инимдин ариетине көңүл айтып, «оор учурда жанында боло албадым» деп менден ашып буулуга ыйлады. Жыпар өзү көңүлү назик болгону менен өтө көтөрүмдүү, оңойлук менен көзүнө жаш албаган өзүнө бекем, күчтүү эле… Кооптоно түшүп, абалын сурасам облустук ооруканада экенин айтты. Мен пендечилик кылып, кайгыга алдырып, Жыпардын абалын сурабай жүрүптүрмүн. Декабрдын аяк ченинде Ризван жолугуп, Жыпар дале ооруканада экенин айтты. Заматта байланышып, кайсыл бөлүмдө жатканын сурадым.

– Ɵзүң стресске батып турганыңда мага келбе. Мен бир аз арыктай түштүм. Кыжаалат болосуң. Жакында ооруканадан чыгам Жаңы жылды чогуу биздин үйдө тособуз, – деди. (Бул жолу да мага боор толгоп, мени аяган тура).

Оорусу мынчалык күч экени оюма да келбеди…

Күн сайын кыска-кыска сүйлөшүп турдук. Кайтыш болордон эки-үч күн алдын сүрөтүн жөнөтүп: «Мен жөнүндө түш көрбөдүңбү?» – деп жазып коюптур.

Жо-ок ай, – деп мен алын сурап жооп жаздым. Дароо эле өзүнүн да, менин да жазганымды өчүрүп салыптыр.

Аттиң… Эң акыркы сүйлөшүүбүз ошол болду. Мен байланышып, акыбалын сурап турган дарыгер кечке жуук телефон чалып, сөгүн алып чыгып кетишкенин кабарлады.

Ишенгим келген жок. Ишенбеске айлам да жок эле…

Ден соолуктун айынан «Аза кайгыңда жанымда боло албадым» – деп Жыпар менден кечирим сурап, ыйласа атаганат, көп өтпөй айрылуу ызаасынан кайгы басып өмүрүнүн акыркы сааттарында жан курбумдун жанында боло албаганымды айтып, Жыпардын денеси сууй элек сөөгүнөн кечирим сурап мен ыйладым.

«Журналистика бизди кыйышпас досторго айлантты»

– Жыпар экөөбүздү саясий журналистика кыйышпас досторго айлантты. 2008-жылы ал Ош шаардык мэриясында, мен Ош облусунун маалымат катчы кызматын аркалап, ийиндеш иштештик.

«Кыргыз Туусу» гезитинде кабарчы болуп, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын түрө кыдырып, командировкалап иштедик. Атаандаштык деген сезим экөөбүздө жок. Ал эми маалымат жетекчиси кызматында да бири-бирибизди толуктап, эгиздердей иш алып барчубуз. Ак үй, Көк үйдөн тапшырмалар айтылса, Жыпардын колу бошобой калса анын жазуу стилине салып мен маалымат жөнөтүп, менин ишим чыкса ал менин жазуу стилиме окшотуп маалыматтарды жөнөтүп турчубуз.

Жыпар мамилеге бекем, кайрымдуу курдаш боло алды. Экөөбүз үчүн «жабык» тема жок эле. Жашоомдо бир гана Жыпар менен жан дүйнөмдү ачып сүйлөштүм, сырдаштым десем болот. Ал да «сенин оозуң бекем» деп сыр сандыгын аччу.

«Түндүктүк келин» чыгармасын жазуу идеясын мен сунуштагам»

– 2010-жылы мен «Ош жаңырыгы» гезитинин башкы редактору, Жыпар «Кыргыз Туусу» гезитинин түштүк аймагы боюнча редактордун орун басары кызматында элек. Гезитке жазылуу боюнча аймактарды кошо кыдырчубуз. Айдоочубуз Кабылдын жубайы да түндүктөн болуп, түрдүү шакаба чеккен окуяларын экөө жол ката айтышып, жолду кыскартчубуз. «Жыпар, Кабыл экөөңөрдүн ушул темаңар сонун чыгарма болот. Жаз!», – деп мен үгүттөгөн элем.

Күндөрдүн биринде Жыпар экөөбүз түштөнүп олтурсак белгилүү обончу Эгемберди Талипов агай менин «Өзүңө гана» деген ырыма обон жазганын айтып, телефон чалып калды. «Агайга ыраазычылык билдирүү үчүн чогуу баралы, сен да китебиңди ала бар» дедим Жыпарга. Эртеси китебин агайга белекке берди. Көп өтпөй агай Жыпардын ырына да обон даяр болгонун кабарлады. Сүйүнүчүнүн чеги жок, жаш баладай туйлаганы азыр да көз алдымда. Ал ырды Самара Каримова азыр да аткарып жүрөт.

Биз курдаш, жан курбу эле эмес, бири-бирибизге күйүмдүү кыйышпас ЖАН боло алдык. 

Биз эле эмес, баалай билсек мүлдө кыргыз бир мыкты кызынан мезгилсиз айрылып калды.

Жыпардай жан курбу эми менде жок. Бейиштик болсун!

«Жаштыгыбыз гезитте калды»

Ризван Исмаилова да Жыпар Акунова менен ийиндеш иштеп, кыйышпас курбулардан болчу. Көзүнө жаш алып, эчкирип ыйласа соорото албай карбаластап калдым.

– Жыпар экөөбүз «Ош жаңырыгында» иштегенде тааныштык. Балдарыбыз кичинекей мезгилде чогуу иштедик. Аябай жоопкерчиликтүү болчу. Экөөбүз гезит каякка жөнөтсө бардык, талабын аткардык. Жаштыгыбыз гезитте калды.

Жыпар өзү ыр жазат эле, назик сезимдүү, үлбүрөк жан дүйнөсү башкача сезимтал эле. Ырлары поэтикалык маанайда, кыздын назик жүрөгү, сүйүү, турмуш тууралуу болчу, ошону элге тарата албай калды. Анткени бир эле убакта гезитте иштеп чыгармачылык менен да алектенүү кыйын. Гезит бул – комбайн, гезит энергияңды, күчүңдү алат, гезит жөн эле чыга бербейт да. Түнү-күнү жүрөт элек. Басмага кетерде жооптуу болсок таң азанда үйгө барчубуз. Командировкага кай жакка жиберсе жок дебей жөнөп кетчүбүз. Биз ошол маалда топуктуу болгон экенбиз, азыркы жаштар андай эмес, биз бардык нерсени этап менен келдик. Алдыраков агай бизди телеге жүзүңөр жарайт деп телеге чакырган. Бизге гезит телеге караганда жакын көрүнчү. Экөөбүз тең барбай койгонбуз.

1997-жылы мен «Эркин-Тоого», ал бир жылдан кийин «Кыргыз-Туусуна» кетти. Коммерциялык бөлүмдө иштеп, адамдар менен жакшы тил табышат эле, коммерциялык материалдарды көп тапчу. Гезиттин каржылык жагына Жыпар көп салым кошту.

Укмуштай чоң акын болот эле, өзүмө салыштырып деле айтсам, жакын досум болгон үчүн колубузду-жолубузду бууган-тоскон турмуштук факторлор менен жумуш болуп калды. Жумуш, үй-бүлө, балдардын түйшүгү. Экөөбүз тең котормо котордук, үй-бүлө бактык. Эң бир адамгерчилиги бийик курбу боло алды. Эч убакта сөз ташып, ушак айтпады. Аны кандай сөзгө салбасын оозунан ушак сөз чыкчу эмес. Жолдошу авария болгондон кийин үй-бүлөнүн түйшүгү эки эсе өзүнө түштү. Бала багам, үй алам, окутам, үйлөндүрөм деп чабылды. Бир эле биз эмес, аял акын, жазуучулардын тагдырында биздин шартта карьерасы да, элге таанылышы да оорчулук менен келет эмеспи. Жыпар лирик акын, 3-4 китеп чыгарып, журналисттик тагдырында көргөн аңгемелерин жазды. Буюрса, ырларына талдоо жүргүзөм деген ниетим бар.

«Мен түндүк менен түштүккө көпүрөмүн деп айтчу»

– Нарындын кызы Ошко турмушка чыкты. Кайын журту, төркүнү тарабынан гана көпүрө эмес, журналистикада да көпүрө болду. Өтө көп энергиясын берди. Бирок тилекке каршы, көзү өткөндө редакциядан өкүлдөр келип койбогондугу өкүндүрдү. Бишкектен 3-4 кишини уюштуруп келип сүйлөп, элдин алдында бир ооз эмгегин айтып койсо жакшы болмок. Жакшылыкта баары жакшы, адамдын эң оор мезгили башына иш түшүп, мүңкүрөп калган убакта ал- жайын сураган башка…

Маалымат катчы болуп турганда журналисттерге тегиз эле, өзүнүн жанынан болсо да чай уюштуруп жиберет эле. Адамгерчиликтүү эле, төрө пейилденбеди. Мен ачыгын эле айтат элем, өлкөнүн эки гезити саясий аттандаштыкта иштегени менен, журналисттер кадыры эч убакта эске алынбайт. Биздин гезитте канча кишини пенсияга жөн эле жаман сөзү менен каарып, кеткиле деп редакторлор узатты. Эртең ошол тагдыр өзүндө кайталанат. Журналист тагдырларды жазат, журналисттер кадыры эч убакта эске алынбайт Өтүкчү өтүкчүнү майрык деген бизге жарашып турат. Өзүнүн журтуңда, иштеген жеринде кадырланбаган кишини ким кадырлайт? Кадырлабай койгон кишиге мүйүз чыгып, шактап кетпейт. Мен аябай жаман болдум, эмне үчүн барбадыңар деп айрым кесиптештерине деле айттым. Жоопкерчиликтүү, финансысын кармап турган кишиге ушундай мамиле жасагандан кийин калгандарына мындай мамиле жасабайт деп ким кепилдик берет?

Чыгармачылыгы жөнүндө өзүнчө сөз кылса болот. Ырларына обон чыккан. Учак кулаганда тасирленип «Учак арман» деген ыр жазды, Самара ырдап чыкты. Апасы жаш маалында өтүп кеткени үчүн эне жөнүндө балладасы башкалардан айырмаланып турчу. Өзү жакшы эне болду жумшак, боорукер. Ыраматылык адам көңүлүн карайт эле. Туура жол тутунган экен, себеби көңүлдөн өткөн үлбүрөк сезим жок. Өмүрүнүн акырында үйүнө бардым. Сүйлөштүк, абдан арыктап кетиптир. Октябрда ооруканада жатам деп калды. Эмне ичесиң десем «шорпону жакшы жасайсың го» деди. Кайнатма жасап алып бардым. Кетиргиси келбеди. Ошондогу көз карашы эсимде калды.

Жаңы жылда куттуктап чалсам ооруканада тосконун айтып, оор үшкүрдү. Бишкекте элем, көзү өткөнүн Гүлжамал кабарлады. Өзүмдү токтото албай сөгүлүп ыйладым…

Бурул ИСМАИЛОВА, “Ош шамы”, 21.08.2023

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.