Улук Рысалиев

Улук Рысалиев жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Улук Рысалиев – тубаса талант

 

Ырлар

КАРТ БОЗ АТ ЖАНА КҮЗ

Саргайган тескей. Карт боз ат,
Санаасы куруп, дарт басат.
Билгени – тосоор базардан,
Бычагын кайрап бир касап…

Жарты өмүр өткөн жылгадан,
Жарытып алыс жылбаган.
Буралта чайнап тулаңын,
Булагын жутту шыргалаң.

Күндөрдүн өттү канчасы,
Көргөн жок байкуш, анча сый.
Тиш калбай эсеп кылгыдай,
Так билбейт эч ким, канча асый…

Уйпалап жалын муздак жел,
Уюган тулку, сыздап бел.
Айланат көктө үч жору,
Айтчудай:” Азыр мууздап бер!”…

Жазылып бүткөн кат өмүр,
Жазмышы жакын ат өмүр.
Жетээрсиң бир күн бизге да,
Жыргатып койбой, аа Теңир!…

 

КЫШ КУПЛЕТТЕРИ

Ак түзөң талаа. Кар тунган,
Ак тозоң, шамал алкынган,
Иңирде бороон, ит тургуз.
Изиңди көмөт артыңдан.

Мор өйдө түтүн агылып,
Мечиттен азан жаңырып.
Көптү ойлоор элде чама жок,
Чөптү ойлоп түтөйт каңырык.

Ит өлгөн суукту салды бейм,
“Ичики-ий” тоңуп калдым эй!
Каткырат чөөлөр өйүздөн,
“Дүңк” чегип алган баңгидей.

Көр түйшүк деген ошол го,
Кеп учу – картош, фасолдо.
Кобурайт бурчта эки чал,
Кол кактап эски “козёлго”

Ак бубак баскан куурай-чий,
Ар жок ээ, бизде Кудай ий!
Манасты окуп койгонсуп,
Мечитте баян… Курайший!

Бүт баарын басып ак чаңыт,
Бурганак турат мактанып.
Бөрүнүн жытын алдыбы,
Байдөбөт үрөт какшанып.

Сапырып карды бүркүндү,
Сапары карып бул түнкү.
Жылгага төнүп баратат,
Жылдыздай сызып бир түлкү…

 

НАТЮРМОРТ

Жалайырдай жалгызмын. Жайлоо. Чатыр,
Жалаяктай жайылып кагаз жатыр.
Жазып жашап келатам, шашып жашап,
Жакшыраагы энчиме буйрубаптыр!..

 

КҮЗДӨГҮ БИР ИРМЕМ

Шиш чоку. Кылда учунда турам,
Шыбыргак өттү, тушумда – туман.
Сак тайган аяр, кыр-кырды карайт,
Санаалуу учур, саргайган тулаң…

 

ЖАЛГЫЗДЫК. ЖАЙЛОО. КОҢУР КҮЗ

Жалгыздык. Жайлоо. Коңур күз,
Жыбылжып келип кеч кирди.
Күндөгү турмуш, көңүл суз,
Кыжаалат кылбайм эч кимди…

Суу шары ырдап-кулакта,
Сур канчык үрөт ыраактан.
Өкүнүч баскан түндөрдү,
Өз колум менен узаткам.

Ак чекит жылдыз – түндүктө,
Астымда кагаз бир бүктөм.
А балким, бул кез жакшыдыр.
Адамды күтпөй, ыр күткөн?..

Чыккандай туман булуңдан,
Чубалжыйт түтүн чылымдан.
Барактайм эски ырларды,
Бир сүйүү жатат, чыңырган…

Ак жарык алдап, жетелеп,
Айланат шайтан көпөлөк.
Үлбүрөйт меште акыркы от,
Үмүттөй али өчө элек.

Жалгыздык. Жайлоо. Коңур күз,
Жылдызы жайнап кеч кирди.
Жайгардым атты, көндүм иш,
Күтпөймүн деле, эч кимди…

 

КҮЗДӨГҮ ЭРКЕЛЕТҮҮ

(Адилага)

Этегине жармашканда элүүнүн,
Эркелетмек эле дебе, эми ким.
Элжиреймин элесиңе жалынып,
Эсимди алып койгон сымал Теңирим!..

Кайың сары, кыр-жон сары, күз сары,
Кыяргансып баратабыз биз дагы…
Сени эстесем элжиреймин, эзилем,
Сезимимде пайда болуп күч жаңы!

Акылдуум, ак пейилим, назигим,
Аялзаттан артыкча бир насилиң!
Алыстабай имерилем, айланып,
Арканы жок байлап алган казыгым!

Кара көзүм, каралдым ай, зирегим,
Карайлаган кезде кайтчу түнөгүм!..
Эгем салчу тозогуна кайылмын,
Эгер чоңу сүйүү болсо – күнөөнүн!

Бул дүйнөнүн азабы – азап, муңу – муң,
Бүт тозокту унуткарар кылыгың.
Бир назыңа бир өмүрүм садага,
Бултугуюм, таарынчагым, тунугум!..

 

КОЮУЛАНАТ КОРГОШУНДАЙ БУЛУТТАР

(Адилага)

Ушул күндөр келмек…Келди кайыптан,
Улар болдум жараатынан айыккан.
Кеч болсо да кереметке кезиктим,
Кудай эми жыга берсин айыпка!..

Кечир Кудай! Кесиримби кокус бул,
Күндөрүмдү күтүү менен тосупмун.
Кыр таянып баратканда “жарк!” этти,
Кумдай чууруп, ортодогу отуз жыл…

Болду күндөр: – Өчөм! – дедим, өчпөдүм,
Бир күч кармап, соолубады өстөнүм.
Өзүңө бир кезигээрим билгендей,
Өлбөй тирүү жүрүптүрмүн… Эстедим!

Боорукерим! Бөжөктөйүм! Камкорум!
Билип турган алыстан да бар-жогум.
Энем өтүп кеткенден соң дүйнөдөн,
Эч ким менин сурабачу ач-тогум!..

Сен кабатыр, үстүм жылуу-жукабы,
Сага гана керектеймин, мисалы…
Атыңды атап, коркпой жаза берейин,
Ажыратпас эми эч кимдин ушагы!..

Кыр-кырларда жатат али тунук кар,
Коюуланат коргошундай булуттар.
Суу болгонум, жамгыр-шамал сезилбейт,
Сен барсың да, мээримине жылыткан!

 

МИГРАНТТЫН ЫРЫ

Бопбоз калаа, бийик үйлөр-бетон, кыш,
Бул чөлкөмгө биз башкабыз, бөтөнбүз.
Күн батаарда күмүш чоку көрүнбөйт,
Кусалык бар көөдөндө ат көтөргүс…

Калаа чети-токой анан талаалар,
Тоо көрбөдүм. Томуктай бир санаа бар.
Көр тирлик деп алыс жүрүү Мекенден,
Көрүп-билдим неге гана барабар!?..

Кырдан эмес, тегиз жерден чыгат күн,
Кермек жытын сагындым мен шыбактын.
Боз-Айгырдын бороонуна бой тосуп,
Бир уурттагым келет суусун булактын!

Болгон менен калыңыраак капчыгым,
Толгон менен үйгө деген баштыгым.
Көздөн учуп кыр-белеси айылдын,
Кургак-Чаттын таманындай какшыдым…

Чоң-Кошойдон чачырап күн чыкканда,
Чарчап барып баткандыр ээ,Шумкарга…
Орол тоосун Ала-Тоо деп элестеп,
Окшото албай койдум канча кылсам да!..

Ойлуу туруп он экинчи кабаттан,
“Кагылайын!”-деп жибердим Таластан!.
Алыс жүрүп баркың билдим тууган жер,
Айылымды аман койгун Жараткан!

Ушул кечте тирилигин бүтүрүп,
Ую мөөрөп, түтүн булап, ит үрүп.
Айланайын туулган айыл жаткандыр,
Алдыдагы күн түйшүгүн күт үнүп…

Бопбоз калаа, бийик үйлөр-бетон,кыш,
Бул тегизге биз башкабыз, бөтөнбүз.
Алда кандай болот алыс жүргөндө,
Кокус болсо…”Айылым!”-деп өтөөрбүз!..

 

ӨКҮТ

Баш айлантма турмуштан ызылдаган,
Бейтынч үлүш тийгенби ушул маган?..
Чыгып-чыкпай чийинден жашап келем,
Чекарасы сызылган, сызылбаган…

Жалын кылып жаштыкты суна албадым,
Жанып келдим, “дүрт” этип уланбадым.
Парванадай чарк урган эсти кээде,
Пендечилик пастыктан бура албадым…

Мейли кимиң?.. Бейтааныш, тааныштарым,
Мени билген жакындар, алыстарым.
Ыза болбойм ылайга оонатсаңар,
Ырларымдан ачылар табышмагым!..

Жаш кезинде ким гана жиникпеген,
Өлүп кайра тирилет жигит деген.
Чалпоо мүнөз, чорт кыял, учкул болот.
Тай кезинен билинип күлүк деген…

Ушак сөзгө акындар бөксөрүшпөйт,
Уу сөздөргө уттурбайт, тепселишпейт.
Терс кыялын Мидиндин, Есениндин,
Жакшы ырлардын жанында эскеришпейт!..

Баарың эле пайгамбар эмессиңер,
Аз өмүрдө жашаган ката кылбай.
Алды жакта деп ойлойм теңешчү жер,
Бир аз күтүп тургула, бата кылбай!..

 

КҮЗ. КҮҮГҮМ

(Ж…га)

Күз.
Күүгүм. Кызгылт кыраң,
Дөбөдөн күндү узаттым.
Саргайды жашыл тулаң,
Сагынтат асыл жазым…
“Кыйкуусу” күйүт козгоп,
Кош айтып өттү куштар.
Кечигип сүйүү кошкон,
Сөз айтып кеткен кыз бар…
Көнөктөп жамгыр көктөн,
Жаз эле жашыл көктөм.
Сумкасын көтөрүшүп,
Сүйүнүп, сүйүп кеткем…
Сүйүүдөн сес кайтчубу,
Тез жетип, кеч кайтчумун.
Жарымды жалгыз таштап,
Жаңылткан эх,кайсы күн!..
Боз кыроо.Таңың сууган,
Көрүнбөйт чабалакей…
Көкүлүн жамгыр жууган,
Куурчактай кыз канакей?..
Күз. Күүгүм.
Кызгылт кыраң,
Дөбөдөн күндү узаттым.
Саргайды жашыл тулаң,
Сагынтат асыл жазым…

 

* * *

Оогондо кырчын жаштын ортосунан,
Оо, достор, сүйгөндөн не коркосуңар?!..

(К…га)

Өзү үчүн жасаганбы Жаратканым,
Өөн таппай жамалыңдан жанат жаным.
Өкүнүп өтө түшкөн жаштыгыма,
Өмүрдү келет артка барактагым!..

Өзү үчүн жасаганбы Теңир сени,
Өөнү жок өң-түсүңдүн же бир деги.
Өзүңө ундай элеп ыр жазмакмын,
Өмүрдүн артка айланса тегирмени!..

Өтсөң да өкүт турмуш базарынан,
Өрүктөй мөлтүрөйсүң таза жууган.
Сендейлер болгон үчүн жан өрттөгөн,
Мендейлер-акын болдук азабыңан!..

Тилегиң окуп турам карегиңен,
Төшүңө куланайын жан эриген!..
Өзүңдү эстеп койсом элжиреймин,
Өзгөчө сөздөр учуп калемимен…

Суз тартсаң кээде төгүп өтчү күндөй,
Сөз таппай буйдаламын өспүрүмдөй.
Жүзүңдө канча кал бар, кандай мең бар?
Жат билем анкетада-өздүгүмдөй.

Оогондо кырчын жаштын ортосунан,
Оо,достор, сүйгөндөн не коркосуңар?!..
Ушундай сезим келсе күйүп-жангын.
Ушакты көтөрүп чаап оңкосунан!..

 

К…га

Эрмеги-чычкан.
Ээн аңыз.
Эңгирей бастым күүгүмдө,
Карааның учкан эң алыс.
Алысмын сенден бүгүн мен…

Караят тоонун аскасы,
Кош кептер кайтты түнөккө.
Кош болот бизден башкасы,
Кошулат жолдор жөнөкөй…

Чубалган туман алдында,
Чымчыктар кайтты жуп болуп.
Чыйрыга түшүп алдым да,
Чычалай тиктейм бук болуп…

Бала жыт. Базар. Бапыраң,
Бар дечи азыр түнөгүң.
Антсе да сага тартылам,
Акыры башка-бир өлүм!..

Боорунда-бороон. Бош аңыз,
Бүркөлөт көңүл бүлүнгөн.
Эңсеген менен кошо алгыс,
Эки жол көрдүм бүгүн мен!..

 

САГА

Көздөрүң ай, көздөрүң көөдөн тешкен,
Тең келе албайт сулуулар көзөл дешкен.
Жолдорубуз жолукпай убагында,
Таш бакадай тагдырлар кечеңдешкен…

Жарыгым ай, көкүлүң-көпөлөктөй,
Көкөлөймүн көктөм кез өтө электей.
Үмүтүмдүн үлбүрчөк учу-сенде,
Үңкүрдөгү жапжалгыз көзөнөктөй…

Кайчы түшкөн жолдордун кайгысы-муң,
Перисисиң кай мезгил, кай кылымдын?!..
Көрүш үчүн өзүңдү кучагымдан,
Куну-тыйын бийликтин, байлыгыңдын!..

Шамал боздойт шыбактын учун ийип,
Шаман болдум түшүмдө учуп-күйүп.
Кулак укпас, көз көрбөс көккө жүрчү,
Шайтан баскан жер шарын бузуп ийип!..

Көккө жүрчү, чалдыкпас башка жанга,
Күнөөңдү алам, кайнайын таш казанда…
Көздөрүңдөн өбүүнүн-өзү ырыскы,
Жалам талкан сунгандай ачка жанга!..

Сүйүү, муңду ыр менен билдиремин,
Секетим ай, секетим. Үлбүрөгүм.
Калем жетсе, кашайгыр өмүр жетпес,
Көркүңдү ырдап канктенде үлгүрөмүн?!..

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.