Сүйөркул Тургунбаев: “Буржуазиялык” атка конгон ырларым кийин чыкты

Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев 83 жашта. Азыр ал адабий чөйрөдөн алыс, Токмок шаарында жашайт. Бирок “Кечки троллейбус”, “Замандаштын дүйнөсү”, “Жарыктын ыры”, “Эки аска” өңдүү ондогон китептерине кирген ырлары аны кыргыз поэзиясында өзгөчө изи, үнү бар акын экенин эбак далилдеп койгон.

Акын бала кезинен Барпы Алыкулов, Сүйүнбай Эралиев, Лермонтов, Пастернак баштаган кыргыз, орус таланттарынын чыгармаларына кантип сугарылганы, “Кечки троллейбусу” эмнеге “буржуазиялык” деген сынга кабылганы, жоготуулары, ден соолугу тууралуу айтып берди.

Сүйөркул агай, ден соолугуңуз жакшыбы?

— Бала кезимен жетим чоңоюп, түйшүкчүл болдум. Оор жүктөрдү көтөрүп жүрүп үч омурткам ийри-буйру болуп калыптыр. Намазбеков деген хирург-профессор “жүлүн тамырды омурткалар кысып, ошон үчүн эки бутуңузга кан жетпей жатат” деп айткан. Анын айтканы менен күндө турникке тартылам, таяк менен кыбырап басып жүрөм.

— Өзүңүздү жакшы карашыңыз керек экен. Википедия маалымат булагында жазылганга караганда сиз 12-июнда төрөлүптүрсүз. Быйыл 83кө чыгыптырсыз. Жайында төрөлгөн турбайсызбы. Туурабы?

— Жо-ок, апам отун-суу жыйылып бүткөн кезде төрөгөм деп айтчу. Ошондо кеч күз, октябрь-ноябрь окшойт. Бирок күбөлүккө 12-июнь деп жазылып калыптыр.

— Кайда төрөлгөнсүз?

— Базар-Коргон районундагы Бештик-Жон деген айылда төрөлгөм. Акман айылы Текебаевдердин (Өмүрбек Текебаев – элчи), Беш-Бадам Фатима Абдалованын (акын) айылы.

— Чыгаандардын аймагынан турбайсызбы?

— Ооба (күлөт).

— Акын болуш таланттанбы же тагдырданбы?

— Тагдырдан болот го. Мен мектептен эле китеп окуганды жакшы көрчүмүн. Насирдин Байтемировдун аңгемелери, Касымалы Жантөшевдин “Каныбек” романы таң калтырчу.

— Окумалдыгыңыз талантыңызды сүрөп, акын болуп калыптанышыңызга жардам берген экен да.

— Кийин калаага келип, университетте окуганда, Илимдер академиясында иштеп жүргөндө билимге сугарылдым. Орустун жазуучуларынан Достоевскийден баштап Маяковскийди, Есенинди, Евтушенкону, Вознесенскийди, Пастернакты окугам. Пушкин, Лермонтов мага абдан катуу таасир эткен.

— Орус поэзиясынын таасири күчтүү болгон экен. Ал кезде кыргыз адабиятында да күчтүү калемгерлер пайда болуп калган да.

— Ооба, мыкты акындар Аалы Токомбаевди, Жоомарт Бөкөмбаевди, Алыкул Осмоновду окуп, ошолордон да дем-күч алып, мыкты чыгармаларды жазууга аракет кылдым. “Кыргызстан маданиятында” 15 жыл иштедим. Ошондо Аалыкем (Токомбаев) чыгармаларын окууга мага гана берчү.

— Сиз Аалы Токомбаев десеңиз эстеп кеттим, ошол кезде каймана аттарды коюш муктаждык беле? Мисалы, Токомбаев “Балка” деп чыкчу эле.

— Ооба, Балка болчу. Ал кезде саясат кыйнаган да. Коммунисттик, социалисттик системага жагыш үчүн ошондой атаган да өзүн.

— Улай бериңиз.

— Токомбаев, Байтемиров “Орусча жазган журналист экен бул, кыргызча жаза албайт” деп сөз кыла баштаганда Чыңгыз Айтматов кыргызча жазарын далилдеш үчүн “Куштар кайтып келгиче” деген чыгармасын кыргызча баштаган. Кол жазмасын мага берип, мен аны редакцияда машинкага тердирип, үйүнө алып барып өзүнө окуткам. Эки санга эле чыкты. Калганын ошол бойдон улантып жазбай койду. Башка чыгармаларга өтүп кетти.

Жазган макалаларын кийин 60 жылдыгында кыргызча которуп, китебин “Биз дүйнөнү жаратабыз, дүйнө бизди жаратат” деген аталыш менен чыгаргам.

— Ошол кезде Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев бар эле. Табылды Муканов… Курдаштар элеңер да. Эстейсизби?

Табылды иним эле. Рысбай Абдыкадыров, Турар Кожомбердиев, Жолон Мамытов ынак досторум эле. Үчөө тең өтүп кетти… Рамис жакшы досум эле. Москвада экөөбүз чогуу жүрдүк. Кыздар менен таанышып, шампан ичкен күндөр болгон. “Жаныңар асмандагы бейиште болсун!” деп тилейм. Менден кийинки инилерим Эгемберди Эрматов “Мухаммед пайгамбар” жөнүндө мыкты чыгарма жазган. Алым Токтомушев, Расул Гамзатовдун “Менин Дагестаным” чыгармасын мыкты которгон Аман Токтогулов, Абдыманап Жапаркулов, Табылды Муканов деген таланттуу инилерим, Курбаналы Сабыров, Беганас Сартов, Кадырбай Мамбетакунов деген досторум, таланттуу сүрөтчү Жоомарт Кыдыралиев эрте өтүп кетти. Аскер Караев деген мыкты акын бар эле. Ал да жок. Кайрандарым ай…

— Бишкектен качан кетип, эмнеге Токмокто туруп калдыңыз?

— Жети жашында уулум, анан аялым, кызым өтүп кеткенден кийин ушул кенже уулум Эмил менен Асел келиним экөө Токмокко алып келген. Ушул жакта жашайбыз деп үй сатып алышкан. Азыр ушу жерде фабрикада иштешет.

 

Кечиккен “Кечки троллейбус”

— Чыгармачылыгыңыз тууралуу сүйлөшөлүчү, агай. Сиздин “Кечки троллейбус” деген китебиңиздин айланасында көп талаштуу маселе болгон дейт…

— Ошол китебимди басмада отуздай жазуучу талкуулаган. Ошондо Омор Султанов менен Сүйүнбай Эралиев гана мактап, Муса Жангазиев, Абдрасул Токтомушев, Темиркул Үмөталиев агам баштаган акындар “буржуазиялык тексттер экен бүт эле” деп сындашкан да.

— Эмне үчүн ошол мезгилде эркин жазылган, жаңычыл ырларды колдошкон эмес?

— Советтик саясат да. Ошол сындын айынан ырларымдын жарымы басуудан алынып салынган. Чыкпай калган.

— Кийин чыктыбы ошол четтетилген ырлар?

— Ооба. Кийинки китептерде чыкты. Сүйүнбай агайым (Эралиев) өмүр бою мени сыйлап өттү. Камбаралы Бобулов, Эрнис Турсунов мени баалашчу.

— Кыргыз поэзиясына жаңылык алып келген акындардын бирисиз. Ошол эле учурда салттуу уйкаштыктагы ырларыңыз да мыкты. Барпыга окшоп жорго тил деп да айтышат сизди. Барпынын таасири барбы?

— “Акындарга аздек сөз” деген китебимде Барпы агам жөнүндө да жазгам. Андан көп таасир алдым. Алгыр акын. Төкмө акын Токтогул Сатылгановдон кийинки эле таланттуу акын да.

— Каймана ат тууралуу сүйлөшүп калбадыкпы. Турар Кожомбердиев сизге “Доктор Цукарно” деген ат коюптур ээ?

— Ал досум ошентип университетте окуп жүргөндө эле койгон ал атты (күлөт). Экөөбүз достошордон мурда мушташканбыз да (күлөт). Илимдер Академиясынын астындагы кафеде вино ичип отуруп, Жолон менен Нурпаистин көзүнчө мушташа кеттик. Жолон ажыраткан. Ошентип чекишкенден кийин достугубузду бекиткенбиз.

— Сиз “Кыргызстан маданиятына” чейин Алайда иштеп келдиңиз да. Милдеттүү болчу беле ал кезде?

— Ансыз диплом берчү эмес. Илгери Сооронбай Жусуев болгон айыл экен, бир жыл мугалим болуп иштедим. Бала кезден эле мээнеткеч болчумун.

 

“Адам адам болушу керек”

— “Фаэтон” деген ырыңызда минтип жазып атасыз:

Деги кантип түшүнүлөт шу күндөр?
Деги кайда жоголушат өмүрлөр?
Деги кантип түгөнүшөт,
Кантип бүтөт дүйнөлөр?

Сиз өзүңүз ушул суроолорго жооп таптыңызбы?

— Жооп таба алган жокмун. Кудай өзү биринчи күндү, айды, анан жерди жети кабат асманды жаратканмын деп атат. Окумуштуулар бул аалам адегенде уюп-тунуп турган, эч нерсе жок болчу, анан эле бир жалын жарк этип чачырап планеттер, Күн, Ай жаралган деп жатат.

— Акын Сүйөркул Тургунбаев эмне деп ойлойт?

— Адам жок кезде кудай да болгон эмес да. Адамзат өзү кудайларды ойлоп тапкан. Пайгамбарлар көп кудайларды ойлоп тапкан Иса, Будда сыяктуу. Биздин Мухаммед пайгамбар — Куран китепке “кудай айтып атат” деп аяттарды түшүргөн азамат. Элди мусулман кылып, беш убак намаз окутуп, адептүү, ыймандуу болгула, урушпагыла, согушпагыла деп туура тарбия берген.

— “Жер жарылса акындын жүрөгүнөн өтөт” дейт. Согуштун алдында төрөлдүңүз. Совет доорунда жашадыңыз. Эгемендик келгени эле үч ыңкылап болду. Бүгүнкү жашоого көз салып атасызбы? Коомдо сизди эмне тынчсыздандырат?

— Адам адам катары жашаш керек. Бир пайгамбар элдин арасында бирөөнү издеп жүрөт дейт. “Кимди издеп жүрөсүң?” деп бирөө сураса, “Адамды издеп жүрөм” деп жооп бериптир. Мыкты сапаттагы, адилет, акыл-эстүү, ыймандуу адам чыныгы адам болсо керек.

— Чыгармачылык менен алектенип атасызбы же токтоттуңузбу?

— Көзүмдү операция кылып, жазгандарымды көз айнек менен эптеп, бу жердеги компьютерге Айсулуу деген кызга бастырып, бирок акча жок китептеримди чыгара албай отурам.

— Жакшы көргөн ырыңыз барбы? Балдардын деле жакыны болот экен. Же баары эле бирдейби?

— Уулум жети жашында сууга чөгүп кетип, ошо балама арнап көп чыгарма жаздым. Кайран балам 1977-жылы өтүп кетпедиби… Кызым болсо төрөгөндө эмчегин эмизбей, ошондон рак болуп, 52 жашында кайтыш болду. Анын кызы – неберем азыр Америкада. Америкалык норвег жигитке турмушка чыккан. Бир уулум Түркияда жашайт.

— Ырларыңыздан бирди окуп бербейсизби?

— Алишер Навоинин 550 жылдык мааракесине карата ырларын которуп, Ташкенде бир ай болдум. Самаркандда чогулган салтанатта кыргызча сүйлөп, бир казалын кыргызча окуганымда самарканддыктар жаңырта кол чапкан. Тажик акыны сизден кийин эми кантип чыгып ыр окуйм деп сарсана да болгон (күлүп).

— Эсиңизде барбы ошол казалдарынан?

— «Мен кан жутуп бул жахандан,
Бир асыл жар издедим.
Лекин аны таппай сыздап
Азап даамын искедим.

Бул өмүрдү сайдым ага,
Жар болот деп ишендим.
Ишенчимди актап адал,
Ырыскыма туш келди», – деп окуганда зал жаңырды.

— Бир ырыңызда “өмүркана” деген сөз жүрөт. Өзүңүз айткан ошол өмүрканада кайрадан төрөлсөңүз ким болот элеңиз?

— Кайра эле акын болмокмун.

— Бишкекте Нурпаис Жаркынбаев, Төлөгөн Мамеев, Асан Жакшылыков өңдүү курдаш, ага-ини калемдештериңиз бар. Кабарлашып турасызбы алар менен?

— Ооба. Кабарлашып турам.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз

Бурулкан САРЫГУЛОВА, “Азаттык”, 28.06.2023

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.