Жумагүл Барктабасова: “Коштошуу”
(аңгеме)
– Турчу. Жардам бере салчы? Таттуу уйкуда жаткан Азиманы ушундай үн ойготту.
– Эмне болду? Сиз шашпай жүргөн күн барбы, деги? – деди жаздыктан башын көтөргөн селки.
– Абдан шашып жатам, кечир. Андан көрө кечөө тартылган сүрөттөрдү, анан видеолорду өчүрө салчы, телефон толуп кетти.
– Жарайт, капитан! – дагы да тамашага чалды Азима.
Анан төшөгүнүн үстүндө жаткан телефонду колуна алды.
Мадина шаша кийинип, жаңы эле кайнаган кофеден ууртады. Ага да кайыл боло үстөлдүн үстүндө жаткан тамекини колуна алып тутандырды:
– Сен мейманканада эле болосуңбу? Мен эки саатта келип калам. Бир адам менен жолугушуум бар. Тогузда деп койдум эле, – деп, салааларынын арасына кыпчылган өзүнүн манжаларына окшош ичке, аппак чылымды эрдин чормойто соруп, түтүнүн ээгин көтөрө асманга үйлөп койду. Азима болсо өзүнө анча-мынча жакын боло түшкөн телефонду барактап, тапшырманы тез аткара баштады.
Экөө бир жылдан бери эл аралык уюмдар менен биргеликте иштеп, ар кайсы мекемелерге окууларды, семинар уюштуруп жүрүшөт. Андыктан бири-биринин телефондорун пайдалана калмайы бар.
– О-уу, бул кайсы жигит? Өзгөчө мырза го? – деди бир кезде Азима.
– Кана, мага көрсөтчү?
– Муну айтам, – деди колундагы телефондун экранын көргөзө.
– Аа, албы? Мен азыр дал ушул жигитке жолугам да.
– Мына эмесе, кызыктын баары бул жерде жаткан тура. Ошо, мынча шашчу эмес эле дейм да. Азима ажыкыстана кесиптешин сырдуу карап, шыңкылдады.
– Ушинтип айтарыңды билгем. Ар кандай ойду чүрмөбөй эле кой. Анын аялы бар.
– Аялы болсо эмне экен? Азима Мадинаны көзүнүн төбөсү менен карап койду.
– Бул деген кечөө экөөбүз окуган каттын ээси.
– Аа, ошондой дебейсизби. Өзгөчө ажарлуу жигит тура.
– Жигит эмес, киши. Мадина Азиманын сөзүн оңдоп койду.
– Болуптур, киши. Бирок чындап эле сымбаттуу экен. Анан калса, тиги катты да укмуш жазыптыр. Каап, эртерээк турганымда, сиз менен бирге барып келмек экенмин.
– Болуптур, мен чыктым. Сен кийинип, боенгуча түш болот.
– Өкүнүчтүү. Жакшы барып келиңиз.
Мадина калаанын быкылдап машина толгон көчөлөрү менен бара жатты. Ак тулпары алардан калбай зымырайт. Дайрадай агылган унаалар биринин артынан бири ээрчишип, оңтойлуу учур болсо жөөлөп, башкалардан озуп баратат. Татынакай селкинин машинасында жагымдуу музыка ойноп, каршы соккон шамаал тыкан байлап койгонуна карабай саамай чачын учуруп, иретинен чыгарып, чачып ийүүгө ашыгат. Назик, кубакай тарткан жүзү, бото көзүн ого бетер даана көргөзүп, бүлдүркөндөй мөлтүрөгөн эриндери, кырдач кичинекей мурду жүзүнө жарашат. Тизеден бир аз түшкөн мала кызыл көйнөгү аны ого бетер сулуу, назик көргөзүп, отуз жаштан ооп калганын да байкатпай, жаштык менен сулуулук айкалышып, периге айлантып тургандай.
Жакын калдым деди саатын караган Мадина бир кезде кечикпестигине көзү жете тынчтанып, ууртунан жылмая. Машиналар светофорго токтогондо сумкасын ачып, чылымын алып чыкты. Анан Кудай ай, өлүп баратасыңбы деди өзүн-өзү уруша, ушул аралыкта да чычайып күтүп турган чылымын бир соруп алууга ашыкканына жиндене түшүп. Бул балекет беш жылдан бери бучкактап кое бербей жабышып жүрөт. Анан калса, эми бир жолу көргөн кишисин жактырып калып, анын үй-бүлөлүү экенине да кайыл болуп, бир ишти шылтоолоп аны менен кезигүү үчүн учуп баратат.
Авазды ал алгач көргөн күн эсинен кетпейт. Капкара кашы керилип, карагаттай каректери менен теше тиктегенде көз карашы жүрөк козгогон, узун бойлуу, чымыр денелүү мырза бир көргөндө эле аны санаага салып койгон. Келберсип, адамды үстүртөн караганы аны сүрдүү көргөзүп, анча-мынча мокок кишини ого бетер жер менен жексен кыла тургандай эле. Ал күнү абдан чоң салтанат болуп жаткан. Чет элдик меймандар, башка адамдар аралашкан иш-чара болчу. Ошол күнү кандайдыр бир сөзгө тартайынчы деген тилеги ишке ашпай, Аваз күтүүсүз көздөн кайым болгон.
Кийин аны сүрөттөн көрдү. Ошол кечеде тартылган экен. Жанындагылардан сураштырып анын бир нече жолу соттолгонун, узак жылдар баңги зат колдонуп айыгып кеткенин, эми көп кишилерге жардам берип жүргөнүн билди. Баарынан да үй-бүлөсү бар экен. Кандай өкүнүчтүү деген ал. Бирок кандайдыр анын үй-бүлөсүндө мандем бардай, болбогон ой жорууну башына илип алган.
Мадина отуздан ашып калганча бир көрүп сүйүп калуу дегенге ишенчү эмес. Мурдараак башка бирөө “көрүп эле сүйүп калдым” десе, балким шылдың кылып күлөөр беле? Күйөөгө тийүүнү жакындан бери гана ойлоп жүргөн менен түрмөгө эки жолу камалып чыккан кишиге турмушка чыгууну кыялданам деп түшүнө да кирмек эмес. Кызык, эмне болсо да, өзү менен таанышып, сүйлөшөйүнчү. Ал ушинтип ойлоду. Албетте, бул сүйүү эмес. Кантип эле ошондой болсун дейт өзүн алдап. Бирок тиги кишини ойлосо эле жүрөгү элеп-желеп болуп алып учуп, секелек кыздай башка нерсенин баарын унутат.
Мына, эми ал болжогон жерге да жете келди. Кудай жалгап машинасын токтоткудай орун да бар экен. Кудум ал үчүн бирөө сактап койгонсуган эки унаанын ортосундагы жерге токтоду.
* * *
Азима жылуу төшөгүнөн турбай жатып, эми бир нерсени эстегендей телефонун колуна алды да, баятан Мадина жолугуу үчүн шашып кеткен жигит – Аваз жазган катты издей баштады.
Мына, ушул болчу. Ооба, дал өзү. Ал вотсаптагы баңги зат менен күрөшүү тайпасында талкууланган катты кайрадан окуй баштады.
“Сени менен канча жолу коштоштум, мен жан дилим менен сүйүп, жан дилим менен жек көргөн кургурум. Бирок бул жолу акыркысы болсун. Болду, эми мен сага экинчи жолу кайрылбайм, канча жылдар жанымдын жартысындай сагынтып, көксөтүп, жыргалыңды арнап, азапка салган шуркуя. Эми мени азгыра албайсың. Эми тузагыңа түшпөйм.
Ооба, буга чейин мен сага татыктуу болдум. Сен үчүн баарынан баш тарттым, ата-энем, бир туугандарыма жек көрүндүм. Акыры жалгыз калдым. Киши катарынан чыктым. Сенин ошонун баарын жасап жатканыңды билип туруп эле лаззатыңа балкып, кучагыңа кулачу учурду эстегенде баарын унутуп, сени кайдан-жайдан болсо да табуу үчүн далбастап, акыркы акчамды алып, акылынан айныгандай сени издеп жөнөчүмүн. Делебемди козгоп, жан жыргатып, жалындуу кумарыңа балкытып, анан тозоктун отуна күйгүзүп, азабымды колума берчүсүң. Эмнеге? Эмнеге сен мени ошондой жашоого жетеледиң?! Эмне үчүн сен эки жүздүүсүң, булганычсың? Мен эми андай күнгө тушукпайм, акыркы чекит койдум. Кош! Мен сени бүгүндөн баштап унутам. Сен да көзүмө көрүнчү болбо! Экинчи кайрылбайм. Сени эми сүйбөйм, жек да көрбөйм. Сага болгон сезимдин бардыгын унуткум келет. Унутам. Мени эстебе. Мени кайра азгырылып келет деп үмүттөнбө. Мен эми башкалардай үй-бүлө күтүп жашагым келет. Бүгүндөн баштап мага окшоп сенин тузагыңа чалынгандарга жардам берип, сенин ысык кучагыңдан сууруп чыгам, сага каршы күрөш баштайм!”.
* * *
Мадина Аваз берген дарек боюнча чакан чайканага келди. Тегерете карап, тээтиги бурчта олтурган эки адамга көзү түштү. Аңгыча алардын бири кызды байкай коюп, шашылыш тиги кишиге бир нерселерди айтты да, тура калып аны узата басты. Жанындагысы кетип баратып ийиле саламдашып, сыртка чыгып кетти.
– Мадинасызбы?
– Ооба, Авазсыз да?
– Туура, келиңиз, тигиндей олтуруп алалы, – кол жаңсап төр жактагы столду көргөзө узата басты. Орундук алган соң:
– Эмне тамак жейсиз?
– Рахмат, суу болсо жакшы болор эле, – деп жооп берди Мадина, жука көйнөгүнүн жакасын оңдогон болуп кармалап. Мен сиздин катыңызды окуп, андан соң бирге иштешип жүргөн бейөкмөт уюумдун өкүлдөрүнөн сиз тууралуу маалымат алдым. Баскан жолуңуз абдан кызык экен. Эркиңизге таң бердим. Негизи баңги затты колдонуп жүрүп таштап койгондор болгон менен, алардын тагдырын кайталаган адамдарды да сормо саздан тартып чыгууга бел байлап, жыйынтык чыгаргандар жокко эсе эмеспи.
– Ооба, ошондой.
– Анан калса, тиги катты жолдон адаштырган аялга кайрылып жазгандай элестүү баяндапсыз. Абдан таасирлендим.
Аваз кара күчкө жымайып койду:
– Ооба, ошол кат аркылуу мага эл аралык уюмдар ишенич артып, көмөк көрсөтүштү да. Иш сунуштап, бүтүндөй бир программа түзүп чыктык. Чындап келсе, бул өтө татаал иш эле. Катта жазылгандай оңой болсо кана? Адам жаман жолго түшөм десе, бат эле түшөт. Бирок кайра андан чыгуу оңойго турбайт. Тогуз жыл баңги зат колдонуп жүрүп, анан аны бир күндө таштап коюу кыйын, албетте. Андан кыйыны өзүңө, башкаларга дагы ишенич артуу. Бельгияда ВИЧ-СПИДди айыктыруу боюнча европалык тайпада Кыргызстандан жалгыз тренер болуп калганым Кудайымдын колдоосубу деп ойлойм.
– Бирок сиз эң башында андай Аваз эмес элеңиз да? Сизге кыйын болбосо, өзүңүз жөнүндө айтып бериңизчи.
– Албетте, ал Аваз ата-эненин сүймөнчүгү, мектептин сыймыгы, бир туугандарынын тиреги эле. Атам англис тили мугалими болчу. Ошондуктан мен да бул тилди дурус билчүмүн. Мектептерде, кесиптик, жогорку окуу жайларда иштеди. Апам жөнөкөй жумушчу. Мен үйдө төрт бир туугандын эң улуусумун. Мектепти жакшы окугам. Биздин райондо орустар, башка улуттар көп эле. Андыктан орус тилин жакшы билдим. Окууну аяктаган соң, Томскидеги политехникалык окуу жайына тапшырдым. Ал кезде аскер кызмат өтөбөсөң уят болчу, ал тургай кызын колуктулукка берчү эмес. Ошентип бир жыл окугандан кийин аскерге кеттим. Эки жыл Россияда Советтик армияда десанттык аскерде кызмат өтөдүм. Келсем, Ошто коогалаң болуп, алты ай гана өткөн экен. Жумуш жок, союз тарап жаткан. Кайда барарымды билбейм. Апам милиция кызматына кир дейт, башкалар өрт өчүрүүчү бол дешет. Окуумду улантууга да болбой калды. Андыктан документтерди Бишкекке которттум. Токсонунчу жылдар Ошто криминалдык кырдаал курч болчу. Афганистандан наркотрафик ташуу күчөгөн эле. Ал кезде героин эмес, апийим тонналап ташыла баштаган. Менин Афганистанда кызмат өтөгөн бир досум бар болчу. Мага наркотик ташуу үчүн мылтыкты атканды билген, чуркап, согуша алган балдар керек деп калды. Мен макул болдум. Ошентип криминал дүйнөнүн адамдарына кошулуп кеттим. Анан оор кылмыш менен он беш жылга кесилдим.
– Кишини өлтүрүппү? – деди Мадина. Анан өзүнүн шашылып берип алган суроосуна оңтойсуз боло түштү.
– Ооба, – деди Аваз, бир саамга үнсүз боло түшүп, – бирөөнү атып, адам канына залал кылдым. Ал мезгилде эң жогорку жаза он беш жыл болчу.
Ошондо жыйырма беш жашка толо элек экенмин, – деди сөзүн улай. Түрмөдө баңги зат кеңири. Карасам, камерада олтургандын баары колдонушат экен. Бири чайга кошуп ичет, бири чегет, бири ийне аркылуу колдонот. Анан мени чакырышат. Бир-эки жолу колдонуп, жагып калды. Себеби аны чексең эч нерсени ойлонбойсуң, эки сутка уктайсың. Ошентип көнүп кеттим. Он бир ай тергөөдө жүрүп, мөөнөтүмдү өтөөгө Жалал-Абадга жөнөтүлдүм. Ал мезгилде Жалал-Абаддагы онунчу колонияны “шоколад колония” дешчү. Себеби ал жерде акча болсо болду, эмне кааласаң сатып алчусуң.
1994-жылы чоң амнистия болгон. Ошондо “общакта” жүргөн балдардын көбү эркиндикке чыкты. Анан бирөө: “Аваз, сенин мөөнөтүң чоң. Мен сага тапшырайын”, – деп колго жасалган буюмдарды, анан үч литрлик банкага апийим берди. Буюмдарды сатып, тиги апийимди колдонуп, башкаларга берип, бир жылда эле түгөттүм. Ошентип амнистияга карата мөөнөтүм кыскарып, тогуз жыл, эки айдан кийин жашым отуздан өтүп түрмөдөн чыктым.
Ошко келип, кайра эле баңги зат колдондум. Мунуң бир балээ да. Бирок андай иш көпкө узабайт. Героин сатып аласың, ошол жерден кармаласың. Дагы үч жолу камалдым. Суралдым. Кийин түрктөрдүн фирмасында иштедим. Бир жыл иштегенден кийин фирманын складынан жүз тоннадай товарды эки камазга жүктөп алып чыгып кеттим. Анан кайрадан түрмө, төрт жыл беришти. Ошону менен күчөтүлгөн режимде Покровка түрмөсүнө түштүм. Ошол жерде Борбор Азияда баңги заттарды жайылтууну алдын алуу программасынын негизинде Европа биримдигинин программасы менен реабилитациялык борбор уюшулуп калды. Байкасам, баңги зат колдонгондорду, алкоголдук ичимдикке берилгендерди реабилитация кылат экен. Мен чынын айтсам, бул жерде баңги затты азыраак колдонуп калгам. Себеби Оштон мага бул жакка аны эч ким жеткирип бербейт эле. Же акча тапкыдай колумда өнөрүм жок, ал жерде элди алдай албайсың, болсо колдонуп коём.
Ошол жылдары түрмөлөрдө тамак начар, нан тартыш болуп калган кез. Ошентип жүрүп “Таза зона” мени кызыктыра баштады. Анан ал жактагыларга мен тогуз жыл баңги зат колдондум, азыр да бар болсо колдоном, сиздер чын эле аны таштаганга көмөктөшө аласыңарбы дедим. Ал жерди оорукана деп ойлогом. Көрсө, атайы программа менен окуткан борбор экен. Ошо менен ал жерде алты ай жашап, баңги затка коштошуу катын жазып, аны таштап койдум.
Түрмөдөн чыгып Ошко барсам, кайра баягы жашоомо кирмекмин. Досторумдун жарымы наркоман, жарымы дайынсыз эле. Андыктан Бишкекте калдым. Ново-Павловкада жатак абакта болдум. Анда үч ай жашадым. Үйдөгүлөргө телефон чалып мен бошонуп чыктым, мени издебегиле, өзүм барам дедим. Анан жанагы долбоор боюнча консультант болуп иштөөгө чакырып калышты. Түрмөгө киргенге уруксат кагаз, пропуск беришти. Бир жумада бир жолу Ново-Покровкага барып жүрдүм. Өзүм окуган программа боюнча лекция окуйм, суроо беришет, жооп берем. Алты айдан кийин Польшада бир ай стажировкадан өттүм. Сертификат алып, дагы эки-үч жолу бардым. Кийин ВИЧ-СПИД, кургак учук боюнча билим алдым. Үйлөндүм, кыздуу болдум. “Чек арасыз дарыгерлер” деген эл аралык уюмдун кызматкери болуп калдым. Анда сегиз жыл иштедим. Андан кийин ЮСАИДде эмгектендим. Азыр өзүмдүн коомдук фондум бар. Мында деле ошол эле жумуштарды жасайм. Түрмөдөн чыккан адамдардын жакшы жолго түшүүсүнө көмөктөшөм.
Анан бир юрист: “Сени көптөн бери байкап жүрөм, жакшы жүрөсүң, соттолгондугуңду алдырбайсыңбы? – деп айтып калды. Ал убакта мени бардык зонанын жетекчилери билчү, төрт жабык жайда иштегем. Ошентип төрт колониянын жетекчилеринен мүнөздөмө алып, арыз жазып, бардык соттолууларды алдырдым.
– Сиз баңги затты таштай албай жүргөндөргө кандай кеңеш бересиз? – деди Мадинага кандай жооп аларына кызыгып.
– Сууда сүзгөндү билбесең, чөкпөс үчүн анын түбүнө чейин түшүп, бутуң менен жерди тээп, суунун үстүнө чыгышың керек да, “жардамга” деп кыйкырышың абзел. Унчукпасаң, түбүнө кете бересиң. Адам өтө ылдый чөкмөйүнчө муну түшүнбөйт. Адам өзү акылына келиши керек. Экинчиден, ага колдоо зарыл. Бир нерсени айтып коёюн, мени менен чогуу баңги затты колдонуп баштаган тирүү адам азыр жок. Бир эле мен калдым. А мен көп адамды тааныйм. Түрмөдө жүрүп, сыртта жүрүп, канчалаган адамдарды билем. Азыр наркомандын баары 25-35 жаш курагындагылар. Менин жашым элүүдө. Мен динозаврмын. Адам өзү өзгөрбөсө, аны эч ким өзгөртпөйт. Кыз Аваздын аңгемеси менен кошо жашагандай, анын ошол кездеги абалы, улам андан аркы окуялар кызыктуу боло берди.
– Түрмөдөн чыккан адамды коом кандай кабыл алат?
– Шектүү карашат. Ар дайым аралыкты сакташат. Ал тургай бир ай суралып чыксаң да ошондой мамиле кылышат. Наркотик сайынгандарга да кооптуу мамиле жасашат, бирок алар өтө кооптуу деле эмес, өзү менен өзү болуп жата берет. Бир гана өз башына жамандык жасашат. Абакта жатканда мен ойлонуп олтуруп, адам ар убакта үмүт менен жашай турганын түшүндүм. Атууну берген адам да үмүт кылат. Эртең атат десе да, баары бир үмүттүн шооласы жанып турат. Аны менен менин айырмам чоң эле да. Эгер, жакшы жашагың келсе, аракет кыл. Азыр түрмөдө он миң адам олтурса, жети миңин тааныйм. Себеби, азыр да баягылар эле жатат. Кылмыш дүйнөсү отуз-кырк жылда жаңыланат.
Мен түрмөдөн чыккан балдарга айтам: “Эң башкысы – баңгизатты таштагыла. Чыгып, бир-эки ай карманып, мага телефон чалгыла дейм. Колумдан келишинче жардам берем. Бирок эгер кайра нашаа чексең, кечирип кой, байланышты үзөм деп айтам. Себеби баңги зат колдонуу – бул кылмыш. Кылмышсыз аны ала албайсың. Бир-эки жолу барасың, үчүнчүсүндө ошол эле сага саткан адам сени милиция кызматкерлерине айтып коёт. Менин телефон номерим башынан бери өзгөргөн жок. Кудайга шүгүр, турмушун оңдоп кеткен жигиттер бар. Кээси оңолбойт, бирок алар да бир жолу кол сунуу керек.
Чынында, мектепте жакшы окугам. Тамеки тартып, арак ичкен эмес элем. Мектепте “Биздин сыймыгыбыз” деген жерде сүрөтүм илинип турчу. Азыр ал сүрөт эмес, менин мектебим да жок. Ошол учурлар башка бир кишинин жашоосундай сезилет. Оо, андан бери далай окуялар болду да. Бирок азыр Ошко барсам, баары сыйлашат. Төрт жылдан бери Саламаттык сактоо боюнча коомдук координациялык кеңештин төрагасымын. Азыр кургак учук боюнча долбоорундо иштейм. Эки чоң тармак аркылуу – бири Муфтият, экинчиси, мурдагы соттолгондор менен иштешебиз. Бул өтө чоң иш. Биз биринчи жолу имамдарды окутуп, жума намазда бир күндө бардык мечиттерде кургак учук боюнча лекцияларды өтүп берүүсүн суранып, ишке ашырдык. Мечиттен социалдык колдоо көрсөткөндө, кургак учук менен ооругандарды да колдоого киргиздик.
Мадина жанатан бери көкүрөгүнө багып жаткан суроону узатты:
– Бактылуусузбу? Жубайыңызды жакшы көрөсүзбү?
– Бактылуумун. Аялымды сүйөм. Кызымды көп ойлойм. Абдан өжөр, спорт менен машыгат. Мен тагдырыма өкүнбөйм, себеби дүйнөнү көрдүм. Европа, Россия, Америка, Африка, Франция жана башка жерлерде болдум. Көрбөгөн жерим калган жок. Өткөн күндөрдө жашоо мүмкүн эмес. Себеби ал жакта мен жокмун. Өкүнгөндө эч нерсе өзгөрбөйт. Андыктан бүгүнкү күн менен жашайм.
Төрт жолу инфаркт болдум, тирүү калдым. Деги эле жашоодо ар түрдүү жерлерде болдум, тирүү калдым. Демек мага Кудайымдын кандайдыр бир планы бар. Себеби көп адамдарга менин жардамым тийиши мүмкүн. Балким Кудай “Сага дагы бир наркоман келет, ага да жардам берип кой”, – деп жаткандыр. Колумдан келишинче адамдарга көмөк көрсөтөм, кол сунам.
Бир киши өмүр бою Кудайга ишенип жашаптыр. Бирок аркы дүйнөдө аны тозокко буюруптур. Көрсө, ал өрттөнгөн үйдө Кудай жардам берет деп олтура берген экен. Милиция кызматына, өрт өчүрүүчүлөргө көнбөптүр. Көрсө, Кудай ошолор аркылуу кол сунган экен. Мен ушул нерсени көп ойлойм. Кудай жолдон адашып калгандарды оң жолго салууга мени себепчи кылып жаткандыр дейм. Мен ушуну ойлоп, баңги затты таштайм деген адамдарга колдон келишинче жардам берем.
Сиз мени качандыр бир өтүп кеткен окуяларга алып бардыңыз. Мен ал жашоону унутуп да калыпмын. Ал тургай ал мага чоочун боло түшүптүр. Сиз мени көкөлөп турган жеримден жерге түшүрдүңүз. Өзгөчө ата-энемди эстегенде жүрөгүмдө оордук сезилет. Эмнеге бул нерсенин баарын сизге айтып жатканымды билбейм, ашыкча сүйлөсөм кечиресиз. Сиз менден “Бактылуусуңбу?” деп сурадыңыз окшойт. Ооба, мен бактылуумун.
Мадинанын жанып турган үмүтү жалп деп өчкөндөй болду. Бүгүнкү кылыгы өзүнө өөн учурап, ичиндеги сырын билдирип ийгенсип, ар бир кыймылы, Авазга болгон көз карашы ашыкча сезиле баштады. “Демек, үй-бүлөдө бактылуу”. Ал эмнегедир алдыда жолугуп, биргеликте долбоор жазуу оюнан да кайта түштү. Көкүрөктө күйүп турган жалын суу сепкендей өчүп, түстүү түшүнөн чочуп ойгонгонсуп, айтор жанатан берки жашоосу астын-үстүн боло, эмне болгонун өзү да түшүнбөй, өзүн бул жерде ашык баш сезе баштады. Ошентсе да билгизбөөгө аракет кыла:
– Эч кандай ашыкча сөз айткан жоксуз. Тескерисинче, сиз мени кечириңиз, өтө эле көп суроо берип ийдим окшойт. Болуптур, сизге рахмат, убактыңызды алып койдум. Сиздин уюмдун аткарган милдетин жакшы түшүндүм. Өтө сооптуу иштерди жасап жатыптырсыз, балким бир долбоордун үстүндө иштешип каларбыз. Алдыда байланышып туралы, – деди Мадина сыпайы.
– Албетте, кайрылыңыз.
Бийкеч аны артынан бирөө кармап калчудай шашкалактап эшикке бет алды. Ыза менен өкүнүч, суктануу менен уят аны ээрчий чыкты.
Кандай адам! Эркинин күчтүүлүгүн карачы. Деги мага эмне болгон? Жакшынакай бүлөсү бар немеге көз артып. Кечир, Кудайым.
Ал машинасын от алдырып, көнгөн адатынча дайыма азгырып турган чылымдан бирди чычайта кармап, оттукту колуна алды. Анан ойлоно түшүп, мына эми тутанууга даяр турган “ынак курбусун” жакын турган таштанды челекке таштады. Бери жакта турган кутучасы менен чылымды да ыргытты. Унаасын от алдырганда Аваз жазган кат кулагына жаңырды. Ага кулак төшөй кайталады: “Сени менен канча жолу коштоштум, мен жан дилим менен сүйүп, жан дилим менен жек көргөн кургурум. Бирок бул жолу акыркысы болсун. Болду, мен сага экинчи кайрылбайм. Канча жылдар жанымдын жартысындай сагынтып, көксөтүп, жыргалыңды арнап, азапка салып, ден соолугумду талкалаган чылым деген шуркуя! Кош! Мен сени бүгүндөн баштап унутам. Сен да көзүмө көрүнчү болбо! Экинчи кайрылбайм. Сени эми сүйбөйм, жек да көрбөйм. Сага болгон сезимдин бардыгын унуткум келет. Унутам. Мени эстебе, кайрадан азгырылып келет деп үмүттөнбө”.
Мадина ак тулпарын айдап, келген тарабына кайтты. Байланып, бирок чачылганы араң турган чачтарын бошотту. Алар болсо шамаалга желбирей, толкундардай чайпалып, бирде артка, бирде жүзүн жаба алдыга учат. Боштондукка чыккан кара, коюу чачтары менен өзү да бир азаптан кутулгандай эркин боло түштү.