Өмүр кыска, жол узун…

2017-жылы жайында акын Алым Токтомушевдин 70-жылдык юбилейин өткөрүү боюнча Маданият министри Т.Казаковдун буйругу чыгып жумушчу топ түзүлдү жана КТРК, Улуттук Жазуучулар Союзу менен бирдикте иш-чаралар бекитилген. Иш-чаранын алкагында Алым Токтомушев менен Шербет Келдибекованы эскерүү адабий-музыкалык кечесин даярдап Улуттук консерваториянын чоң залында өткөрүү жана КТРКанын көчмө студиясында толук тартып эфирге берүү жагы чечилген. Ошондой эле А.Токтомушев менен Ш.Келдибекованын китебин чыгаруу Маданият министрлигинин басмаканасына тапшырылып каражат булагы да аныкталган. Биз 2-китепти басмага даяр кылып алып келип бергенбиз(жоготуп ийгенине байланыштуу кайра-кайра кайталап, 3-жолу алып барып берүүгө туура келген). Тилеке каршы Түгөлбай агабыз отставкага кеткенден кийин басмакананын жетекчиси 4-жыл созуп, каражат жок деп чыгарбай койду, ошол эле убакта көркөмдүк, эстетикалык баалуулуктары алда канча төмөн китептер деле чыгып атты. Жок дегенде чыгарбайм деп башында эле айтканда, мүмкүн дагы бөлөк спонсор таап чыгарат белек деген ичте өкүнүч калды… Жогорудагы белгилүү адамдар эскерүү кечеде сүйлөгөндөр, баяндама түрүндө сакталып калгандарын берип атабыз. Чыкпай калгандардан кечирим сурайм. Толук варианты КТРКнын архивинде(сакталып калса). Кечени Аскер Сакыбаева менен Олжобай Шакир алып барышкан. Албетте мындай кечени алып барыш оңой эмес,чоң жоопкерчилик. Эң башында Аскер, Олжобай үчөөбүз көрүстөнгө барып Бермет эже, Шербет эже, Алыкеге багыштап куран окуп анан баштадык эле…

* * *

Замандаштары Алым Токтомушев өзүнүн “Көл түнү” аттуу бир эле ыры менен өзүнүн залкар талант экенин далилдеп койгонун айтып келет. Кезинде акын менен “Асаба”, “Агым” гезиттеринде чогуу иштеген, обончу, учурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун пикири да ушундай:

“Аталган ырда жоргонун жүрүшүндөй кетип бараткан саптар көңүлгө уюп калат:

Мен турган тушта, сен туулган кыштак,
Тулпарлар туйлап, туйгундар учкан,
Жалгыз бир кезде, жарк этти эске,
Жагоочон күндөр жадымдан чыккан… – деген саптардагы альтерацияны, куюлушкан уйкаштыктарды караңыздарчы. Сөздөрдүн тандалганын караңыздар, укмуш! Бул ырды ким болсо да жазып коё тургандай көрүнөт. Ошол эле кезде окуган кишини апкаарытат”.

Т.Казаков ошол эле учурда ырдын мазмунунда, маанисинде да акындын чыныгы мырзалыгы, адам катары бийиктиги көрүнүп турганын кеп кылды:

“Негизи эле ыр бардык жагынан укмуш жазылган. Кокус эгер башка бир акын лирика жазып жатса, анда ал каарманга болгон таарынычын ачык айтпаса да кекетип, мокотуп: “көрөм го, сенин бактылуу болуп кеткениңди” дегендей ойду жашырмак. Алыкенин ырында автордун ички сезимине түшүнүш кыйын: ал жерде сагыныч барбы, кусалык барбы, иши кылып бир чоң сүйүүнүн баяны бар. Бирок, ачык айтылган эмес. Ачылып, ачылбаган кандайдыр бир ыйык да, сырдуу баян бар бул ырда…”

Алым Токтомушев “Жолдогулар”, “Эски дептер” аттуу ыр жыйнактары менен кыргыз адабиятында аз жана саз жазган акын катары өз ордун тапкан. “Салижан Жигитовдун сабактары” аттуу публицистикалык китеби да окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынган.

Публицист, ойчул Чоюн Өмүралиев Алым Токтомушевди студент кезинен бери билген курдаштарынын бири экен. Ал акындын чыгармачылыгына кенен талдоо жүргүзүп, А.Токтомушев бала кезинен эле дүйнөлүк адабият өкүлдөрүнүн ичинен чыгармачылыкка өзгөчө чыйыр салган авторлорду издеп окуп, кеңири алкакта ой жүгүрүп, калем шилтеген акын катары калыптанганын кеп кылды:

“Алымды жыйырма жашында эле улуу муундагылар да, кичүү муундагылар да жаш гений деп тааныган. Замандаштары деле буга макул болуп, аны өзгөчө талант катары билчүбүз. Ал өзү да Түкөң айткандай, кербез генийлик сапаттарга ээ, зыңгыраган мүнөздүү адам эле. Ошого жараша ички дүйнөсү да бай болчу. Баса, унутуп кетпейин, эмелеки Түкөм айтып жаткан ырды, андан башка ырларынын, котормолорунун баарын ал жыйырма жети жашка чейин эле жазган. Биз азыр анын отузга чыга элегинде жазган ырларын сөз кылып жатабыз. Ар жазган ырларынын алдына кайсы жылы жазылганын белгилеген. Менимче ал 1974-жылга чейин жемиштүү иштеген. Андан кийин ыр жазганды таштап койгон”.

Өмүралиев акын өзүнүн чыгармачылыгына өтө жоопкерчилик менен мамиле кылганын, андыктан көзү өтөрдө жазган күндөлүгүнө “акын болом деп келдим эле, акын боло албай кеттим” деген мааниде өкүнүч катын калтырганы анын өзүнө дүйнөлүк алкакта талап койгон акын болгонун айтып турат деди.

Бул тууралуу “Асаба” гезитинде Алым ага менен чогуу иштеген жазуучу-журналист Мамат Сабыров мындайча сөз кылды:

“Мен ачык эле айта алам: биздин гезиттин калган материалдары бир тең болсо, Алым байкенин биринчи беттеги “Жолбүгүнү” бир тең болчу. Көтөргөн проблемасы, жазуу чеберчилиги, аргументтеринин күчтүүлүгү боюнча…”

Токтомушев журналистикада башаламандык, сабатсыздык өкүм сүрүп турган учурда, кантип жазыш керектигин, кесипке кандай мамиле жасоо керектигин өзүнүн чыгармачылыгы аркылуу далилдеп, үлгүсүн көрсөттү:

Токтомушев менен эчен жылдар бою бир бөлмөдө отуруп иштеп келген журналист Аскер Сакыбаева “Менин устатым” аттуу эскерүү баянында Токтомушев өзүнүн макалаларына кандай мамиле кылганын айтып берди:

“Биз он жылдан ашык бир бөлмөдө отурдук. Ал кишинин кантип иштегени, кантип даярданганы менин көз алдымда өттү. Алым байке өзүнүн темасын алгач планга киргизип коюп, аны жазганга даярдануу үчүн сөзсүз китепканага жөнөчү. Китепканадан ал башка мамлекеттердин журналдарын, гезиттерин таап, алардын экономикасы кандай өнүгүп жатканына, саясат кай тарапка багыт алганына көз жүгүртүп, окуп, абдан даярданар эле”.

Ошол эле учурда анын кээ бир макалалары азыркы тапта да ургалдуу экенине бир мисал келтирди:

“Мен акыркы кезде Алым байкенин өнөрканасынын четин ачып көрүп, бир фактыга аябай таң калдым. Мына азыр ушул тапта Кыргызстандын карызы 4 миллиард долларга жетти. Бул акчанын 2 миллиардын Кыргызстан кайсы финансылык уюмдардан, кайсы долбоорлорго жумшайбыз деп алганын, ага кайсы чиновниктер жооптуу болгонун, берилген кредиттердин канчасы сол чөнтөккө кеткенин, канчасына кандай долбоорлор ишке ашкандыгын ийне-жибине чейин изилдеп койгон экен. Учурда журналисттик иликтөө деген актуалдуу болуп атпайбы. Алым Токтомушев бул жанрга он-он беш жыл мурун эле чыйыр салган экен. Бул материалды журналисттер эле эмес, тиешелүү органдар колдонсо да, ошол 2 миллиард доллардын эсеби чыкчудай”.

Башында адабият айдыңында акын катары, кийинчерек адабиятчы катары көрүнүп келген Токтомушев эгемендик жылдарында алгач “Нуска”, кийинчерек “Асаба”, “Агым” гезиттери аркылуу өзүнүн таамай, курч макалаларын жарыялап, журналисттик чеберчиликтин үлгүсүн көрсөткөн.

А.Сакыбаева маркум Токтомушев журналист катары өз кесибине дайыма так, таза мамиле жасагандыгын, акыйкатсыздык, жалганчылык менен эч качан келишпегендигин, изилдөөлөрүндө айныгыс далилдерге таянгандыктан, бийликтин куйкасы курушуп келгенин, бирок аны коркутууга, сатып алууга таптакыр мүмкүн болбогонун сөз кылып, мындай принципиалдуу адистер кыргыз журналистикасына үлгү болуш керек, деген пикирин билдирди.

2010-жылдан кийин Алым Токтомушевге кокусунан “Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы берилет.

“Кокусунан” дегенибиз — сыйлык ээси өзү бул наамдан караманча баш тартып койгон экен. Бирок ошол кездеги парламент депутатынын, мамлекеттик сыйлык берүү комиссия жетекчилигинин талабынан улам шакирттери Аскер Сакыбаева устатынын документтерин кантип топтоп бергенин мындайча кеп кылды:

“Болот Шер агабыз 2010-жылдан кийин мага чалып: “Алым байкебиз сыйлык берели десек көнбөй жатыптыр. Эми ал кишини билесиң да. Сенде иштеп жатыптыр, документтерин топтоп өткөрүп койчу. Тияктан сурап жатышат”, – деди. Бүбүкан Досалиева эже калп айттырбайт, ал киши мага да чалды: “Алым байкең болбой жатыптыр, аны сени билет дейт”, – дегендей. Анан мен Алым байкеге чалып, сыйлык тууралуу айтсам, так секирип: “андайды экинчи угузбагыла!” деп такыр эле болбой койду. Анан мен башка шылтоо айтып, паспортун алып, документин таңкы сегизден баштап кечки төрткө чейин араң топтоп, сыйлык берүү комиссиясына өткөрүп жетишип калдым”.

​Олжобай Шакир да бул окуяга күбө болгонун эстеп, Алым Токтомушевге наам берүү үчүн көндүрүү бир топ түйшүк жаратканын айтты:

“Бир күнү эле Шербет эже: “Алыкең жинди болуп жатат, үйгө келип кетчи”, – деп чалып калды. Барсам: “Наам бергенге документин топтоп бер дешкен экен, биз айтсак эле жиндеп жатат, өзүң бир түшүндүрүп койчу”, – деп калды. Мен: “Алыке, элдин баары эле “Эмгек сиңирген ишмер” наамын алып жатат. Биз Аскер экөөбүз чуркап документтериңизди өткөрүп коёлу”, – десем эле мени урушуп отургузуп койду. “Мен өмүр бою сыйлык, наамга каршы болуп келсем, силер мени уят кылгыңар барбы?” – деп эле мукактанып буркулдап калды. Бирок, Аскер эптеп амалын таап, кагаздарын тапшырып, сыйлык берилип калды”.

Олжобай өз устатынын ар бир эмгегинде терең ой, бир бүтүндүк, кеменгерлик, кеңири алкак бар экенин, бирок ошондо да өзүнө өзү ыраазы болбой, ошол эмгектерин сыйлыкка татыктуу деп эсептебей өткөнүн кеп кылды.

Ал дүйнөлүк даанышмандардан алган акыл казынасын, интеллектуалдык көрөңгөсүн өзүнүн тагдыры, өзү жашаган доордун тили менен айтып берген таланттуу акын, таланттуу публицист, таланттуу котормочу катары Кыргыз адабияты менен маданиятына чоң салым кошуп, таза, ак жашап өткөн инсан катары замандаштарынын эсинде калды.

Алым Токтомушев 1947-жылы Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Кайырма айылында төрөлгөн. 2014-жылы 67 жашында оорудан улам көзү өттү. Сөөгү Бишкек шаарынын тоо тарабындагы Байтик айылына коюлган.

Замир Келдибеков (фейсбук барагынан алынды)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.