Юкио МИСИМА: “Коматинин айкели”
Пьеса
Катышуучулар:
Кемпир;
Акын;
Эркек жана аял;
Мырза жигиттер А, В жана С;
Айымдар А, В жана С;
Полиция кызматкери.
Кунарсыз көшөгө эски сейил бактын бир бурчун чагылдырып турат. Тегерете коюлган беш скамейка көрүүчүлөр тарапка даана көрүнөт. Пальма дарагы, кечки шам чырак. Арткы фонго капкара көшөгө тартылган. Кеч күүгүм. Скамейкада сүйүшкөн жаштар жуп-жубу менен олтурушат. Үстү-башы жүдөгөн, эски көйнөкчөн жакыр кемпир пайда болот. Жерде жаткан тамеки калдыктарын терип жүрөт. Скамейкаларды аралап каңгый басып келип, ортодогу скамейкага олтура кетет. Бир аздан кийин кечки шам чырактар арасынан жупуну кийинген жаш акындын жүдөңкү карааны чыгып келет. Ичип алган. Бир аз кызуу экени байкалат. Шам чырак орнотулган мамыга жөлөнүп, кемпирди үңүлө тиктеп туруп калганда, анын кебетесин көргөн сүйүшкөн жуптардын кээ бири скамейкадан шашып-бушуп тура калышып, ал жерден көздөн кайым болушат. Скамейкада олтурган кемпир койнунан гезит барагын сууруп чыгып, аны скамейкага жая салып, жерден терген тамеки калдыктарын гезит бетине иреттеп тизе баштайт.
Кемпир: Эки, төрт, алты, сегиз, он… (Терген тамеки калдыктарын жарыкка салып кылдат карайт, андан соң коңшу скамейкада олтурган эркектен ширеңке сурайт. Ордуна келип, тамеки калдыгын соруп, аны өчүрүп, гезитке оройт. Дагы санап кирет.) Эки, төрт, алты, сегиз… жыйырма. Эки, төрт, алты, сегиз… отуз.
Акын ага жакындай келип, кемпирге кадала тиктейт.
Кемпир: (Башын көтөрбөстөн.) Эмне, тамеки керекпи? Мэ, карма. (Узун тамеки калдыгынан бирди сунат.)
Акын: Ыракмат. (Ширеңке чагып, тамеки калдыгын күйгүзөт.)
Кемпир: Эмне жалдырайсың? Дагы бир нерсе керекпи?
Акын: Ай, жок. Жөн эле.
Кемпир: Ыр жазып эптеп күн көргөн бир кургур окшойсуң? Туура айтамбы?
Акын: Таппасаң сыйпалап кал! Ооба, кээде ыр жазам. Эптеп тыйын таап жан багыш керек да.
Кемпир: Ырыңды окуган, сатып алган эч ким жок дечи? Ай, курганым десе. (Башын өйдө көтөрүп, акынга үңүлүп карайт.) Ботом, жапжаш турбайсыңбы. Бирок көпкө жашабайсың. Өмүрүң кыска болот, бечара. Жүзүңдө өлүмдүн изи бар.
Акын: (Буга кебелип да койбостон.) Адамдын жүзүнө карап тагдырын айтып берген көзү ачыктык жайың бар окшойт, ээ?
Кемпир: Көзү ачыкмынбы же балакетминби – айырмасы канча, өз жүзүмдү тиктегенден айбыгам… Олтурсаңчы. Бутуңа оңдуу тура албай калыпсың.
Акын: (Олтурат. Күрс-күрс жөтөлөт.) Эх, болбой баратат окшойм.
Кемпир: Келесоо десе. Эки аягың кыймылдап турганда башты бийик көтөрүп жүр.
Пауза.
Акын: Мындай да, кемпир, сени көптөн бери байкап жүрөм. Бирок түшүнсөм өлөйүн. Ар күн кечинде ушул жерге келип, скамейкалар арасында сокуну минип, сокбилекти камчыланып жүргөн мастан кемпир баштанып каңгып жүргөнүң не?
Кемпир: Ии, ошондой дебейсиңби, түгөт. Эмне, скаймейка атаңдан калганбы, акчасын төлөйүн анда?
Акын: Жок, жок. Байкуш скаймейканын тили жок да, болбосо ал деле ушинтип сурамак.
Кемпир: (Көңүлү жайланып.) Турса тургандыр. Буларды көрүмө көтөрүп кетмек белем. Бир скамейкага төрт адам кеңири батат.
Акын: Күндүзү төрт адам батат. Кечиндеси скамейкалар сүйүшкөндөргө гана кызмат кылат. Кечинде баратып ар бир скамейкада экиден жупташып олтургандарды көрүп калам. Аларды көргөндө жан эргийт, чиркин. Акырын басып жүрө берем. Кээде чарчоо сезимдер ары тоголонуп, илхам илең-салаң келип баштаса деле олтурбастан жүрө берем. Анан бул жерде эрбеңдеп жүргөн картайган карга сымал бирөөнү көргөндө…
Кемпир: Түшүндүм, түгөт, түшүндүм. Бул жер менин айдоо аңызым дебейсинби?
Акын: Эмне?
Кемпир: Ушул сейил бакты аралап ыр тууйсуңбу дейм.
Акын: О, Кудай, кайдан. Баягы эле күндө көрө берип тажаткан нерселер – сейил бак, скамейкалар, кыналышкан жаштар, шам чырак.
Кемпир: Жакында мындан тажабай каласың. Мезгил өтөт, баары ордуна келет.
Акын: Оо, мына сага тил бүтүп баштады! Мен сага жооп иретинде сен жана скамейка тууралуу токтобой төгүп берсем кантет?
Кемпир: Кереги жок. Скамейка кемшейип, анын үстүндө темтейип олтурган кемпир тууралуу абат ыр жаралмак беле.
Акын: “Темтейип” дейсиңби?! Өзүңдү антип кордобой жүрсөнчү!
Кемпир: Жаштар тим эле асмандан сүйлөйсүңөр.
Акын: Токтой турчу!… Мен – эптеп-септеп ыр жазып күн көргөн бир байкуш. Бир да кыз карап койбойт. Бирок сүйүүгө ийилип таазим этем, сүйүү күчү менен сүйүшүп-арзышкандар жүзү кубанычка бөлөнүп турат. Экөөбүз ар кайсыны тантып алым-сабак айтышканыбыз алардын кулагына кирбейт. Алардын төбөсү көккө жетип, жылдыздарды астыдан эмес, үстүнөн жадырап карап турушкан маалы… Билесиңби, сүйүшкөн жуптарга бул скамейкалар көк теңирге алып барар тепкич. Бул тепкичтер аркылуу алардын төбөсү көккө жетип, жер бетине тээ аска-зоонун чокусунан көз салып турушкандай сезимдердин кучагында. Мен… А мен скамейкага чыксам… (Скаймейканын үстүнө чыгат.) Мага окшогон жападан-жалгыз каңгыган итке мурдунун учунан ыраак эчтеке көрүнбөйт… Тээтигинде дагы скамейкалар. Кол чырак кармап темселеп бирөө жүрөт… Полиция окшойт. Андан арыда кагаз-картон жагып, селсаяктар отко жылынып олтурушат… Авто-унаа баратат… Теннис аянтчасынын артынан бурулду. Авто-унаа ичи толо гүл… Концерттен кайтыштыбы, же балким бирөөнү көргө көмүп мүрзөдөн кайтыштыбы – бир Кудайга маалым. (Скамейкага олтурат.) Мага ушулар эле көрүндү.
Кемпир: Куруп кеткир… Сүйүүгө таазим кылат имиш. Таазим кылганды да тапкан экенсиң. Таазим эткениң ушул болсо, сага окшогон сөйрүктүн жазган ырын кайсы келесоо окуйт болду экен.
Акын: (Апкаарып.) Мен бул жерге… Билесиңби, бул жерде… Бул жерде сен экөөбүзгө балээ барбы дейм да. Экөөбүзгө бул жерде суутуп койгонсуп. Бул скамейкада сүйүшкөндөр олтурса – бул башка кеп. Анда скамейканын айланасы сүйүүдөн отко жылып, сүйүүдөн чачыраган учкунга жарып, жомоктогудай жайга айлананып, алардын өмүр бою эсинде калары турган иш… А сен келгенде, скамейка мүрзөдөй муздап, скамейкада олтурган сен мүрзөгө коюлган айкелге окшоп көрүнөсүң. Көзгө айкелден бетер бир калааты суук урунуп!
Кемпир: Ээ, баам-парасаты жок кемакыл. Ошол мурдунун суусун тарта албаган жетимдер кыздар менен жетелешип келип, скамейкага олтура калышса эле, бул жер тирүүлүктөн жылып кетет дейсиңби? Койсоңчу, кемакылым, койсоң. Мүрзөдөй муздак деп сен экөөбүздү эмес, ошолорду айтса болот. Карасаң, тирүү туруп жүздөрү кумсарып, көздөрү сүзүлүп өлүк сыңар олтурушканын. Арбактан айырмасы кайсы? Олтуруштары өлүктөн айырмасы жок. (Айланасын жыттап.) Кечкисин гүл жыты мелүүн шамалга аңкып, айлана гүл жыттанат. А бирок гүл мүрзөдө деле өсөт эмеспи. Карасаң, гүлгө бөлөнгөн табытта жаткансып олтурушканын… Менден жана сен түгөттөн гана тирүүлүктүн шооласы чачырап турат. Же калппы?
Акын: (Каткырат.) Тууй ата! Эң эле тирүүсү менмин деп кой.
Кемпир: Ананчы. Токсон тогузга чыксам да жапжашмын.
Акын: Канчага дейсиң?!
Кемпир: Токсон тогузга! Кулагыңды эми эле жеп алгансыңбы? Кара жүзүмдү жакшылап.
Акын: Каат-каат бырыш басыптыр!
Оң тараптагы скамейкада олтурган эркек оозун аңырдай ачып катуу эстейт.
Аял: (Эркекти капталдан нукуп.) Алды-артыңды байкасаң боло! Уят эмеспи!
Эркек: Эмнеге? Кой, кеттик. Үшүп кеттим.
Аял: Кебетең менен жерге кир! Менден тажадыңбы?
Эркек: Ой, жок, бирдеме эсиме түштү.
Аял: Эмне?
Эркек: Тооктор эртең жумуртка тууш керек. Ошону эстеп кабатырмын.
Аял: Ушул да кеппи эми, бул эмне дегениң?
Эркек: Эчтеке. Жүр, кетеличи.
Аял: Сен мени сүйөсүңбү өзү? Же менден тажадыңбы?
Эркек: Кой, ашыкча кепти токтотолу да, кетели. Акыркы электричка жөнөйт бир аздан кийин.
Аял: (Эркектин жүзүнө тике карап.) Тагынган галстугун кара. Кебетесин келиштирип. Өзүңдү деле карабай калыпсың.
Эркек кеттик дегенсип аялды акырын түрткүлөйт. Алар узап кетишет.
Кемпир: Мына эми өздөрүнө келип, көздөрү ачылды.
Акын: Жок, көздөрү ачылган жок, учкундар жалп өчтү.
Кемпир: Адашасың, кемакыл. Адамдардын көздөрү ачылганын жүзүнө бир тиктеп билем. Моокум кана тиктеп алдым. Мына ушундай учурду алдыртан карап турганды өлгүдөй сүйөм… Илгери кыз кезимде, бүгүндөн эртеңкиси ыракаттуу жаштык кезде мен да өзүмдү көзү эбак ачылган тирүү элестетип жүрүпмүн. Бу катачылыгымды кийин түшүндүм. Ал күндөр сонун кез эле да, көзүңө илмийген роза гүлдөрү казандай чоң көрүнүп, көгүчкөндүн сайраганы кулакка адам сүйлөп жаткандай угулчу… Айланаңда адам аттуунун баары көзүңө сүйкүм көрүнүп, адам аттуунун баары ак ниет көрүнүп, алдыңдан чыккан кыздар ханышадай элестеп, куураган роза гүлдүн бутактары гүл ачып жаткандай туюлар эле, чиркин… Ыраспы? Мунун баарына баш айланып, бул ирмемдерде өлүктөн айырмасы жок жүргөн экем… Арзан шарап тез мас кылат, ичкен соң көз ылгырып жаш келет. Көз жашымды кылгыртып өлүктөй күн кечирип жүрө берипмин… Кийин мындан соолуктум, акыл калчап жашаганга өттүм. Ошого ушунча жашка келдим.
Акын: (Мыскылдап.) Андай жашооңдун маңызы эмнеде?
Кемпир: Маңызы эмнеде? Жөн эле. Кудай берген өмүрдү жашай бер жөн эле. Мурдунун учуна такалган сөөктү улам ээрчип кубалаган иттен бетер дүнүйө менен мансаптын артынан кууп жүрүп өтүп кеткенде не.
Акын: Эчтеке менен иши жок астыны карап чуркап жүрө берген ит экенсиң анда.
Кемпир: Ии, туура, өз көлөкөсүн өзү кубалап жүрө берчү жаныбармын.
Акын: Кечкисин көлөкөлөр арбактай узарып…
Кемпир: Жоголо баштап, күүгүмдө биротоло көздөн кайым болушат.
Алар сүйлөшүп жатышканда сүйүшкөн жуптар биринин артынан бири ордуларынан туруп, ал жайды таштап кете башташат.
Акын: Атың ким?
Кемпир: Комати дегенди уккан белең? Ошол менмин.
Акын: Ким?
Кемпир: Комати! Кулагың дүлөйбү не? Убагында келишкен сулуу жан элем, мага ашык болгондун баары азыр тырайып көрдө жатат. Менин сулуулугума суктанып, мага ашык болгондун баарын негедир ажал эрте тооруду.
Акын: (Күлүп.) Ажал келмектен доңуз кооп кетсин, сага кеч жолукканымды кара, аттиң.
Кемпир: Демек бешенең бар экен… Ашынган сулуу кезимде жолуксаң барбы, ээ? Суйкайган сулуу карып калса эле, сага окшогон дөөрүктөр картайган каргага теңеп чыгышат. Туура айтамбы, дөөрүк? Адашасың, кемакылым, адашасың. Күмүш аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт, ардемени дөөрүбөй, муну биле жүр, кемакыл. Сырым күбүлсө да, сыным кайта элек. Көргөн жандын баары сулуусуң дей берип, кулагым көнүп калыптыр, жетимиштен ашканы, ай жок, калп айтам, сексенден ашканда кемшейип калганына өзү ишенбей жаман болот экен киши.
Акын: (Башка тарапты карап.) Ие, ооба, ооба. Сулуулук кайтып калганын билгенден өткөн азап жоктур. (Кемпирге карап.) Түшүнүктүү. Эркектерде деле ошол, бир жолу согушка катышса, өмүр бою согуш тууралуу айта берет эмеспи. Албетте, убагында ашынган сулуу экениңе талаш жок, сулуум…
Кемпир: (Жер тепкилеп.) Андай эмес! Мен азыр да сулуумун!
Акын: Болуптур, сеники туура. Андан көрө ошол кезден сүйлөп берчи. Сексен жыл илгеркиден… Ии, анда кулак сенде, сулуу.
Кемпир: Сексен жыл илгери… Жыйырма жашымда Генералдык штабда кызмат өтөгөн генерал-майор артымдан чуркап жүрдү.
Акын: Айталы ошол генерал менмин дейли. Анан?…
Кемпир: Тантыбай сөздү ук, дөөрүк. Генерал имиш… Мен ага айттым: “Менин артымдан жүз күн чуркасаңыз гана мен Сиздик болом”. Айтканымдай эле ал менин артымдан жүз күн чуркады. Бир күнү экөөбүз “Элик төр” салонунда жыргап бийледик, чиркин. Салондон чыгып, ээликкен жаныбыз бакка чуркап кирип, скамейкада кыналыша олтурдук…
Жай вальс бийи акырын угулуп, андан ары катуулайт. Көшөгөнүн кара пардасы артка түрүлүп, эски сүрөттөгү “Элик төр” салонунун элеси арткы фонго тартылат.
Кемпир: Карачы, ошол кездин жаштары. Жалындуу жаштык кезим, чиркин!
Акын: (Көшөгөншн оң тарабына көз жүгүртүп.) Кандай керемет! Ошол кездин жалындаган жаштары, ай!
Кемпир: Кел, алардан калышпай биз да вальс бийин чимириле бийлейли!
Акын: Экөөбүзбү? Вальска түшөбүзбү?
Кемпир: Генерал экениңди унутпай жүр.
Экөө чимирилип вальс бийин бийлешет. Бийлеп жаткан экөөнө ошол кездеги модада саркеч кийинишкен үч жуп келип кошулат. Музыка токтоп, баары кемпирди айланчыктап туруп калышат.
Айым А: Ажарыңыз бүгүн да ашып-ташып турат, Комати айым!
Айым В: Көйкөлгөн көйнөгүңүз көз күйдүрөт! Кайдан алдыңыз? (Кемпирдин тамтыгы чыккан көйнөгүн кармалап көрөт.)
Кемпир: Парижден атайын буюртма менен тиктирдим.
Айымдар А жана В: Аай-иий көз тийбесин!
Айым С: Жапон бычмачылары мындай көйнөктү кайдан тиге алышмак.
Мырза жигит А: Чет өлкөнүн атырларынан өтөрү жок.
Мырза жигит В: Бул эркектердин кийимине да таандык. Азыркы премьер-министрдин кийген костюмун көрдүңөрбү? Лондондо тигилген! Чыныгы мырзалык бир гана Англияда бар.
Айымдар акын менен кемпирди айланчыктап эч кеткилери жок. Шарактап каткырышып, баарынын маанайы көтөрүңкү. Мырза жигиттер скамейкадан орун алышат.
Мырза жигит С: Эх, Комати, Кудай берген табигый сулуулугуң адамды эстен тандырат.
Мырза жигит А: Ай жарыгында анын ажары андан бетер ачылганын карасаң.
Мырза жигит В: Асмандагы айды көр да, мында турган Коматини кара, пай, пай… Ай экөө жарашып калат. А чынында Айдан да сулуураак экени талашсыз.
Мырза жигит А: Бирок бир аз текебер. Ал тууралуу ар кандай ушак кептерди да угуп калам кээде.
Мырза жигит В: Ошол да. Өтө сулуу болсоң да балээ, артыңдан ушак токтобойт, ар кандай айың кептер дайым тооруп турат.
Мырза жигит С: Тиги генерал артынан чуркап жүрүп өлгөнү калыптыр бечара. Байкуштун турушун карасаң. Сулуунун артынан ушак кептер токтомок беле. Тиги артынан чуркаган шоруң каткыр үч күндөн бери оозуна наар ала электей көрүнөт.
Мырза жигит А: Бир сулуунун артынан чуркайм деп кызматын да таштап салды. Мунун айынан Генералдык штабда баарына жек көрүндү болуп бүтмөй болду.
Мырза жигит С: Акыры бул сулуунун эптеп көңүлүн тапкан бирөө-жарым чыгар бекен?
Мырза жигит В: Акыры мендик болорсуң сулуу.
Мырза жигит А: Ашыкпа. Чуркагандыкы эмес, буюргандыкы дейт. А балким мендик болор.
Мырза жигит С: Эч кимге эмес, мендик гана болот! (Каткырат.) Ырдап койсоң эле куруң ичинди кысып баштайт. (Шымынын курун бошотуп тартат. Мырза жигиттер А жана В да курларын бошотуп тартат.)
Күмүш табак көтөргөн эки официант пайда болот. Табактын биринде алкаголдук коктейль, экинчисинде дүйүм тамактын түрү. Мырза жигиттер менен айымдар тамакка карашат. Акын кемпирден көз албай бийлеп жатат. Айымдар мырза жигиттердин каршысындагы скамейкадан орун алышат.
Кемпир: (Үнү жаш кыздыкындай мукам чыгат.) Фонтандын шаркыраган доошу угулуп, фонтандын өзү көрүнбөйт. Алыстан жаап келген жамгыр ырындай дыбырап угулат.
Мырза жигит А: Ох, шыңгыр үнүң фонтандан атып чыккан таза суудай!
Айым А: Сулуулугу гана эмес үнү да эркек аттууну өзүнө тартып арбап алат.
Кемпир: (Көшөгөнүн төр жагына назар салып.) Бийлеп жатышат… Терезе пардасына бийлеген элестер тартылып, караган жандын моокумун кандырат. Жалындап бийлеген отту тиктеп олтура бергенге не жетсин.
Мырза жигит В: Ох, шыңгыр үнүң тим эле жүрөктү жаралап кетет го, пай, пай… чиркин.
Айым В: Уксаңар, коңгуроо үнү угулуп жатат. Дөңгөлөктөр кыйчылдап, туяктын дүбүртү… Кимдин арабасы болду экен? Улуу урматтуу бүгүн келмек эмес, бирок коңгуроо императорго таандык арабадан чыгып жаткандай… Сейил бактагы гүлдөгөн дарак жыты бирде көңүл чөгөрсө, бирде кубаныч тартуулайт…
Мырза жигит С: Коматини бир көргөн эркек башка аялзатына эч алымсынбай калат болуш керек.
Айым С: Уяты жок! Карасаңар, ал да кудум меникиндей сумка көтөрүп алганын!
Вальс үнү кайрадан жаңырат. Баары ордунан туруп, алкоголдук коктейль куюлган бокалдарды тартып жиберишип, официанттар кармап турган табакка коё салышып, бийлеп киришет. Акын менен кемпир алардын жанында турат.
Акын: (Түш көрүп жаткансып.) Кызык…
Кемпир: Эмне “Кызык”?
Акын: Мен… Сен…
Кемпир: Ии! Эмне деп айткың келип жатканын билип турам.
Акын: (Сезимдерге алдырып.) Сен кандайча…
Кемпир: Эң сонун. Ушуну айткың келип жатабы? Кереги жок! Бул сөздөр сени өлтүрүп тынат.
Акын: Бирок мен…
Кемпир: Жашагың келсе унчукпа.
Акын: Таң калыштуу! Бул эмне? Сыйкырбы?
Кемпир: (Күлүп.) Кайдагы сыйкыр? Сыйкыр – бул… жерге кирсин.
Акын: Бирок сендеги бырыштар.
Кемпир: Бырыш? Мага бырыш түшүптүрбү?
Акын: Жок. Бир да бырыш жок!
Кемпир: Ананчы! Бетин бырыш каптаган кыздын артынан генерал жүз күн чуркамак беле… Сизге эмне болду? Эчтекени ойлоп санаага батпаңыз. Келиңиз, бийге!
Экөө дагы чимириле вальс бийлешет. Официанттар чыгып кетет. Дагы бир жуп бийге кошулат. Андан соң мырзалар менен айымдар жуп-жуптан скамейкадан орун алышат. Алардын акырын күбүр-шыбыр үндөрү угулат. Ортодо акын менен кемпир жалгыз бийлеп жатышат.
Кемпир: Чарчаган жоксузбу?
Акын: Жок.
Кемпир: Жүзүңүз кубарып турат.
Акын: Жүзүм дайым эле ушундай купкуу.
Кемпир: Эчтекени моюнга алгыңыз келбейт.
Акын: Бүгүн биздин жүзүнчү жолугушуу.
Кемпир: Ооба, бирок…
Акын: Эмне “Бирок”?
Кемпир: Эмнеге маанайыңыз чөгүп турат?
Акын токтоп калат.
Кемпир: Эмне болду?
Акын: Эчтеке. Көзүм караңгылашып кетти.
Кемпир: Салонго кирели анда.
Акын: Жок, ушул жерде эле туралычы. Ал жак ызы-чуу.
Бири-бирин колдон алып, айланага көз жүгүртүп калышат.
Кемпир: Музыка угулбай калды. Тыныгуу жарыялашкан шекил… Кандай жымжырттык!
Акын: Айтпа. Баары жымжырт.
Кемпир: Эмнени ойлонуп калдыңыз?
Акын: Башыма калааты ой келди. Эгер бүгүн ажыраша турган болсок, кайрадан жүз жыл өткөн соң… жок, андан бир аз эртерээк биз кайрадан жолуксак керек.
Кемпир: Кайдан? Мүрзөдөнбү, ыя?
Акын: Жок, мүрзөдөн эмес! Токтой турчу, көзүмө дагы элестеп кетти… (Көзүн жумуп, кайра ачат.) Дал ушул жерде. Же ушуга окшогон жайда. Ооба, биз кайрадан жолугабыз!
Кемпир: Шам чырактар жанган кенен сейил бакта сүйүшкөндөр жолукчу скамейкалар турган жайданбы?
Акын: Ооба, дал ушундай жайда. Ал кезде биз экөөбүз канчалык өзгөрөбүз, ал жагын айта албайм.
Кемпир: Качандыр бир кезде мен да карыймын дегенге түк ишенбейм.
Акын: Ооба, биз ошондо да азыркыдай жапжаш бойдон калабыз.
Кемпир: Бирок жүз жылда көп нерсе өзгөрөт го.
Акын: Адам гана өзгөрүшү мүмкүн. Ачылган гүлдөр сексен жылдан кийин да гүл бойдон калат.
Кемпир: А балким ал кезде Токиодо мындай тынч сейил бак эч жерден табылбайт?
Акын: Сейил бак канчалык карыган сайын ошончолук тынч жайга айланары талашсыз.
Кемпир: Ооба, карт дарактарга куштар уялап…
Акын: Ай нуру шоолдоп тийип турат…
Кемпир: Дарак башынан туруп караган адамга түнкүсүн шаар терезелери шам чырактай жарып, кучакка баткыс дүйнө кереметтүү отко чулганып калгандай көрүнөт.
Акын: Дээрлик бир кылымдан кийин кайрадан жолуккан биз кантип учурашат экенбиз?
Кемпир: “Көпкө унчукпас болуп кеткенимди кечире көр” дейт чыгарбыз.
Ортодогу скамейкадан орун алышат.
Акын: Мага сөз бересизби?
Кемпир: Кандай сөз?
Акын: Бүгүн биздин жүзүнчү жолугушуу.
Кемпир: Сөз бердим го…
Акын: Демек бүгүн менин кыялым ишке ашат. Кандай таң калыштуу, жан азапка салган, элес-булас сезимдер. Баары артта калгандай.
Кемпир: Мунун баары Сиз үчүн коркунучтуубу?
Акын: Кыялдардын орундалышы… А кокустан бир күн Сизден да тажап баштасамчы? Сизден тажап баштаганымды сезген соң, мага жашоонун эмне кереги бар? Анда өлөр-өлгүчө ар бир күнүм тозокко айланат. Кайгырып жүрүп өтөрмүн!
Кемпир: Анда баш тартыңыз.
Акын: Жок, эч кандай баш тарта албайм.
Кемпир: Көңүлүңүз жок болсо, мунун кереги не?
Акын: Көңүлүм бар! Мен бактылуумун. Бакыттан төбөм көккө жетип турган кези, бирок мендеги жан азабын кантем десең?
Кемпир: Кыжаалат болбоңуз, эртеңкини ойлоп сар-санаага бата бергенден не оопа?
Акын: Эгер менин Сизден көңүлүм калса, мунун Сизге айырмасы жокпу?
Кемпир: Анда дагы Кудайдын айтканы болор. Анда артымдан жүз күн чуркаган башка мырзаны табам. Бул жагынан менде кыжаалатчылык жок.
Акын: Менимче, азыр өлгөндөн өтөрү жок. Өлүмгө түрткөн мындай жагдай менде башка эч качан жаралбашы мумкун.
Кемпир: Эмне деп жатасыз?
Акын: Ооба, бүгүн түнү. Мен бул түндү текке кетиргим келбейт. Бул түндү текке кетиргендик, түндү сени менен эмес, башка менен өткөргөнгө тете. Жанымды бир ой эзип туруп алды!
Кемпир: Өлгөндүн өз шору.
Акын: Муну баары эле түшүнө бербейт. Балким, адам жашаш үчүн өлүшкө туура келер.
Кемпир: Болбогон сөз! Кайдагыны айтпаңыз!
Акын: Суранам, мени сактап калыңыз. Эмне кылышым керек?
Кемпир: Жашаңыз… Шүгүр деп тынч жашай бериңизчи.
Акын: Мени уксаңыз. Азыр бир аз убактан кийин эч бир дүйнөдө болбогон көз ирмемдин күбөсү болобуз. Түнкү караңгылыкта асман бети жаркырап, түнкү шаар көчөсүн бойлоп парусу шамалга делбиреген кеме сүзүп келет. Эбегейсиз кеменин салмоору дал ушул сейил бакка келип сайылат. Дарак бутактары толкун сымал шамалга шуудурап, кеме үстүнөн жыбырап учкан сан куштун карааны көрүнөт… Бул менин эски түшүм. Кубанычтан жүрөгүм жарылганы калды.
Кемпир: Мас болуп калдыңызбы?
Акын: Сиз мага ишенбей жатасыз. Сизге дагы айтам: бул бүгүн түнү бир аздан соң болот. Мурда эч качан болбогон нерсе азыр болот…
Кемпир: Болбогон нерсенин өзү эле болуп кетиши эч мүмкүн эмес.
Акын: (Бир нерсени эстеп жаткансып кемпирдин жүзүнө үңүлүп карап.) Кызык… Бул жүз…
Кемпир: (Өзүнчө күбүрөнүп.) Ал сөз оозунан чыгар замат мүрт кетиши талашсыз. (Арачы түшкүсү келип.) Жүзүмдүн эмнеси таң калыштуу? Бырыш баскан жүзүмдү жакшылап карачы!
Акын: Бырыш? Кандай бырыш?
Кемпир: (Денеси калчылдап.) Карачы! Жыртык көйнөгүмдү байкаган жоксуңбу? (Көйнөгүнүн этегин акындын мурдуна такайт.) Бит баскан көйнөгүмдү жыттап көрчү! Калтыраган колумду, бырыш баскан жүзүмдү, кирдеген тырмагымды кара!
Акын: Тоо гүлүндөй жыпар жыт аңкыйт. Тырмагың акактай тунук…
Кемпир: (Көкүрөгүн ачып.) Кагжырап куураган денемди көрүп ал. Соолуган эмчегимден кармагың келеби?! (Акынды колдон алып, көкүрөгүнө такайт.) Кана эмчек?! Кана?!
Акын: (Ага суктанып.) Көйкөлгөн көкүрөгүңдөн…
Кемпир: Мени токсон тогуздагы кемпир дейт, кымбатым! Көзүңдү ач! Өзүңө кел!
Акын: (Карайлаган жаны көзүн жүлжүйтүп кемпирди карап калат.) А-а, эми эстедим.
Кемпир: (Жеңилдей дем алып.) Кудай жалгасын!
Акын: Ооба, ооба. Токсон тогуздагы кемпир сен да. Бетин бырыш, көзүн ириң баскан, тамтыгы чыккан көйнөкчөн кемпир сен эмес белең, кокуй.
Кемпир: (Жер тепкилеп.) “Кемпир элең” дейсиңби? Азыр киммин сага?
Акын: Таң калыштуу. Азыр эле жыйырмага толо элек, карагаттай көздөрү жоодураган, көйкөлгөн жыпар жыттуу көйнөк кийген кызга айландың. Сен чынында…
Кемпир: Токтот! Мени сулуу деп айтарың менен мүрт кетесиң.
Акын: Өлүп баратсам да сулууну сулуу деп айтышка акым бар.
Кемпир: Тантырабай токтот! Көз ирмемдик бир көрүнүш үчүн антип жаш өмүрдү түгөл садага чаппа.
Акын: Жок, баары бир айтам.
Кемпир: Суранам, кереги жок.
Акын: Мына акыры убакты-сааты келди. Биз муну токсон тогуз түн, токсон тогуз жыл күтпөдүк беле.
Кемпир: Көзүңдөн от жанат! Токтот! Токтот дейм!
Акын: Уксаңчы мени, Комати… (Коматинин калчылдаган колдорун кармайт.) Сен сулуусуң. Дүйнөдө жок сулуу! Сулуулуктун ханышасы! Миң жыл өтсө да сендеги сулуулук эч качан өлбөйт.
Кемпир: Өкүнбөйсүңбү?
Акын: Эч качан өкүнбөймүн.
Кемпир: Ай, кемакылым десе. Бешенеңде ажалдын көлөкөсү пайда болду.
Акын: Бирок мен өлгүм келбейт.
Кемпир: Сени алып калышка канча аракет кылдым…
Акын: Колдорум муздап баратат. Жүз жылдан соң дал ушул жайдан күтөм, кымбатым.
Кемпир: Дагы жүз жыл күтүшүм керекпи?!
Акын жерге үн-сөзсүз күп кулайт. Арткы фонго караңгы көшөгө тартылат. Кемпир үңкүйүп скамейкага олтурат. Бир аздан соң жердеги тамеки калдыктарын терип кирет. Ошол маалда көшөгө четинен полиция кызматкери пайда болот. Ортодо жаткан өлүктү көрүп, дароо жетип келет.
Полиция: Оппа-а, мында дагы бирөөсү жатат. Ушуга окшогон мастар тойгузду, энеңдурайын. Тур, эй!… Үйүң барбы? Аялың, бала-чакаң барбы? Тур, жогол бул жерден. Көчүккө эки тебе электе тур дейм!… Энеке, бул келесоонун жатканына көп болдубу?
Кемпир: (Башын бир аз көтөрүп.) Кыйла эле болду.
Полиция: Денеси али муздай элек экен го!
Кемпир: Демек жаны эми эле үзүлгөн.
Полиция: Аны сен айтпасаң деле билип турам. Келгенине көп болдубу дейм?
Кемпир: Жарым саат мурдараак. Бутуна араң турат. Өлө албай жатып мени сыйлап койгону келиптир.
Полиция: (Күлүп жиберет.) Сениби? Койсоңчу тамашаңды.
Кемпир: (Ачуулуу.) Өзүнөн көрсүн! Кой десем болбоду. Анан ушул иш болду!…
Полиция: Түшүнүктүү. Кыздык намысыңды андан коргойм деп эргулду торойто чааптырсың.
Кемпир: Жок, андай эмес. Карап да койгон жокмун. Бир маалда эле бирдемелерди айтып күбүрөнүп баштады, андан соң жерге өзүнөн өзү күп кулады. Жарылып кетсе керек деп ойлогом.
Полиция: (Тээ арыда олтурган селсаяктарга кыйкырат.) Эй, жылынгандар! Ошентип бир күн өрттөнүп өлсөңөр экен, энеңдурайын акмактар! Бактын ичине от жакпагыла деп канча айтам силерге! Тез келгиле мында! Эмне турасың, бол дейм! (Эки селсаяк алактап чуркап келет.) Муну көтөргүлө да, менин артымдан кеттик. Бөлүмгө алып барабыз.
Эки селсаяк жерде жаткан өлүктү көтөрүп, полициянын артынан ээрчий чыгып кетишет.
Кемпир: (Жерден терген тамеки калдыктарын иреттей тизип.) Эки, төрт, алты, сегиз… отуз…
КӨШӨГӨ
Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ