Айтматовдун мугалимдери асылдыктын өрнөктөрү

Таалим-тарбия чөйрөсүнө байланыштуу көп кырдуу кубулуштардын табиятын таанып билүүнүн булагы жалгыз эле педагогика илими эмес. Мындай функцияны белгилүү өлчөмдө көркөм адабият да аткара ала тургандыгын тастыктаган фактылар арбын. Көркөм сөздүн керемети аркылуу аалымдардын баамына анчалык уруна бербеген көптөгөн педагогикалык кубулуштардын табиятын ачып катардагы окурман гана эмес мугалимдердин да билимин байытып, кесиптик нарктарын арттырууга салым кошкон педагогикалык дарамети үлкөн жазуучулар арбын. Алардын баш сабында алп жазуучу Айтматов турат. Айтматов жараткан педагогикалык дөөлөттөр көп кырдуу. Аларды бир макаланын ал тургай бир китептин алкагында ачып берүү мүмкүн эмес. Ушундан улам макалада Айтматовдун чыгармаларындагы мугалимдердин нарк- насили жана алардын бүгүнкү мугалимдер үчүн өрнөктөрүнө гана учкай токтолмокчубуз.

Айтматовдун мугалим каармандары Дүйшөн, Майсалбек, Абуталип, Мамбет, Айша апалар ар түрдүү заманда ар түрдүү турмуштук кырдаалдарда жашаган адамдар. Бирок, аларды мезгил менен мейкиндиктин мерчемине баш ийе бербеген улуу кесипке таандык түбөлүктүү асыл сапаттар бириктирип турат. Ал сапаттар белгилүү өлчөмдө мугалим кандай болуу керек деген суроого жооп берип тургансыйт.

Эң башкысы Айтматовдун мугалимдеринин өрнөктөрү азыркы кесиптештерин өздөрүнүн жорук жосунуна бийик чен-өлчөмдөрдүн негизинде абай салып, олуттуу ойлонуп, талдап таразалап чыгууга түрткү бере алат. Ал эми өздөрүн ошол кесипке даядап жүргөн студенттер үчүн үлгү ориентир боло ала турнандыгында шек жок. Буга өзүмдүн 25 жылдан ашуун мезгилди ичине алган мугалимдерди даярдоо тажрыйбама байланыштуу мисалдар менен бекемдөөнү эп көрүп олтрам. Университеттердин педагогдорду даярдоочу факультеттеринде окутулуучу «Мугалимдик кесипке киришүү» курсунда болочок адистердин мугалимдин инсандык, кесиптик идеалы жөнүндөгү көз караштарын, түшүнүктөрүн өнүктүрүү үчүн «Дүйшөн жана биз», Абуталиптин педагогикалык ааламы» деген темада көп эле жолу диспуттарды өткөрдүк. Болочок мугалимдер менен бирдикте астейдил, анализдеп, талдоолордун натыйжасында Айтматовдук мугалимдердин өрнөктөрү өтө эле көп экенине ынандык. Аларды төмөнкүчө жалпылап, реконструкциялоого болот.

1. Мугалимдик ишти өз өмүрүнүн башкы дөөлөтү катары кабылдоо, өмүрүн педагогикалык эмгекке арноо

М. Абуталипти эң сүйүктүү жайы мектепте иштөө укугунан ажыратышып нечен жолу куугунтукташкан менен анын мугалимдик нарк-насилинен, ишенимдеринен биротоло айрый алышпайт. Абуталип кор абалында кордугун билдирбейт. Тагдырына наалыш айтып кейий бербей кесиптик даражасын бийик кармап темир жолчулуктан тышкары убакта балдарды окутуп, тарбиялоо ишин уланта берет. Сары- Өзөктүн кыйырындагы өздөрү айткандай «дүйнөнүн каргыш тийген жери» Бороонду бекеттегилердин балдарына мектеп, мугалим жоктугун билгизбейт. «…Балдары ал үчүн бүтүн бир дүйнө. Колу бошой калса эле балдарына үйрүлөт. Кат сабат үйрөтөт, ар кандай жомок–табышмак ойлоп айтып берет, жаңы оюндарды ойнотот. Балдарынын сезимине өзүн тереңиреек сиңирип алар менен кошо өзү көбүрөөк жашап калууга ашыгат». Анын катардагы киши эмес чебер педагог экендигине ынанып «…Билимдүү киши, окутуучу деген ушу тура. Чоң эле кишилер бала менен бала болуп, балдарга кандай мамиле жасаарын карап олтуруш өзүнчө кызык…» деп Эдигей да алдыртан туйуп суктанат. Масштабдуу ойлонгон даанышман педагог катары Абуталип балдарга эле эмес башкы кейипкерлер Эдигейге да, Казангапка да күчтүү таасир көрсөтөт, өткөнгө азыркыга, келечекке көз карашын ачыкка чыгаруу менен алардын, көкүрөгүн агартат, көзүн ачат.

«Фудзиямадагы кадыр түндө» мурдагы мугалим Айша апа эбак пенсияга чыкса да, бир убакта өзү окуткан балдары Иосиф Татаевич, Исабектердин адеп-ахлактык жактан бүкшүп бузулган абалын көрүп чын ниеттен берген таалим-нускаларынын эмне үчүн жугумсуз болуп калганынын себептерин аңдап түшүнө албай жаны кейийт. «…Ушундай ынтымактуу, ушунчалык ниети таза балдар элеңер? Эмне үчүн ушундай турмушка дуушар болдуңар? Мен силерге аябай ишенчүү элем. …Мына эми мынтип кабыргам кайышып жаным каттуу кейип олтурат. Баягы балдарым жок. Андагы жаркыраган балдарым кайда? Алардан айрылганым ырас, анда өзүмдө да айып бар… Кай жерден… эмнеден жаңылыш кетирдик». Билбейм, башым маң…» – деп трагедиянын түпкү себебин өзүнүн жана кесиптештеринин ишинен издейт. Демек, Айтматовдук мугалимдер педагогикалык ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын 45 минуттук акадаемиялык саатаар же сынактын натыйжалары менен эмес бүтүндөй бир муундун руханий интеллектуалдык дарамети менен кишилик нускалары аркылуу өлчөп, өздөрүн тарых алдында жоопкерчилигин чындап сезген инсандар. Алардын кесиптик өрнөктөрү Америкалык аалым Генри Уорддун «Мугалимдер түбөлүктүүлүккө таасир этишет: бул таасирлердин кайсы жерден түгөнөөрүн өздөрү да эч качан билишпейт», – деген ойун чындыкка чыгарып олтурат. Педагогикалык ишке өзүн арноо үлгүсү «Биринчи мугалим» повестинде да борбордук идея.

Алсак, Дүйшөн азыркыдай имараттар мындай турсун мурда бир байдын атканасы болгон тамды оңоп түзөп айланасындагылардын, ачуу тили менен шылдыңына кабылып эчен жолу көпкөн байлардын союлунан эстен тана токмок жеп, өмүрү кыл учунда турса да балдарды окутуу аркылуу калкты караѕгылыктын капканыан сууруп чыгууга зор кайрат менен чечкиндүү аракеттерди жасайт.

2. Айтматовдун мугалимдеринин экинчи бир философиясы бул мугалимдин таалим тарбия иш аракетинин өрнөгүнүн адамды адам кылып өзгөртүп түзүүчү, келечегин жарык кылуучу жаратмандык кудуретине болгон терең ишеним улуу педагогикалык оптимизм

М. «Саманчынын жолундагы» өзүн «…эң бир асыл ишке мугалимдикке даярдап жүргөн Майсалбектин согуштан өлүм сапарына аттанып олтуруп жазган катында дал ушул маани катылган. «…Мына азыркы окуучу жаштарга менин биринчи жана эң акыркы берип кетер сабагым ушул, аларга окутуп кеткен билимим да ушул. Буга мен турмуштан алып чыккан бардык билимимди, бардык дилимди жумшайм…» Майсалбек артында туягы калбаса да анын сабагы, өрнөгү тынчтык турмуштагы баланын ыйлаган үнүндө, бой жеткен кыздын жоодураган көздөрүндө, мугалимдин балдарга биринчи үйрөткөн «А» тамгасында жаңырып жана жашап тураарына бекем ишенет. Бул педагогикалык оптимизм Абуталиптин сөзү менен төмөнкүчө берилет. «Турмуш мени жоготоюн деп ар качан ушуякка түрткүлөп, сүрүп туруп алды, мен эми балдарыма ой санаамды жазып кетем, качандыр бир кезде балдарымдын пейилинен кайра жаралам. Мен жетпегенге, менин колуман келбегенге балким балдарым жетер, колунан келээр… Бизге Караганда балдардын турмушу татаалыраак болоор, кыйыныраак болоор. Андай болчу болсо жаштайынан мээси толо берсин… деп ой жүгүртөт ал. Балдарга адалдык менен арамдыктын, чындык менен калптын айрымасын таанытуу татыктуу таалим-тарбиясыз мүмкүн эместигине башкаларды да ынандырат. Тансыкбаев сыяктуу жексур, жырткычтардын чеѕгелинде калып балдары менен экинчи жүз көрүшө албасына көзү жеткен учурда да Эдигейден жалгыз керээзи -Балдарга деѕиз жөнүндө Айта жүр? –деген өтүнүч болду. Ал эми деѕиз жөнүдөгү уламалар ата тарбиясынын айтса бүтпөс армандуу, уѕгулуу осуяттары эле.

Бул Абуталиптин бүткүл келечегин жарык кылган жалгыз жолу, эртеӊкиден үмүтү. Абуталиптин образы мугалимдик кесиптин маңызын этномаданият айдыңынан талдоо үчүн да бай материал берет. Ал таалим-тарбия дегендин өзүн өткөнчак, учур чак, келечектин контекстинен аңдайт. Эне-Бейит аңызынан агып чыккан Манкурт туралуу уламышта катылган тарыхый эстутум трагедиясынын сабактарын зирек акыл менен терең аңдап, адамдардын аң сезимине эскерткич осуят катары уялатыш үчүн активдүү күрөшкөн көкүрөгү тунук көзү ачык чыныгы педагогдун өрнөгүн көрсөтөт. Бул өрнөк азыркы кыргыз мектептеринин мугалимдери, тарбиячылары үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени, эгемендүүлүктүн шарапаты менен тоталитардык коомдун тиреги болгон коммунисттик тарбиянын дөөлөттөрү эчак кыйраса да, жаштарды улуттук негизде тарбиялоого моралдык –психологиялык, теориялык-практикалык жактан даярдыгы мыкты мугалимдердин катары дале болсо анчалык көп эмес. Көптөгөн мугалимдер жаш муундардын этномаданий таалим тарбия берүү ишинин маанисин жеткилең түншүнбөйт. Айрым учурда, элдик маданиятка текебер, төрөпейил мамиле жасашат, аны үйрөнүү өздөштүрүүнү мезгилдин «утурумдук урааны» катары кабылдашат. Этнопедагогика элдик адеп-салт жаатында үзүл кесил гана маалыматка ээ. Мындай мугалимдердин сабактарында программалык этнопедагогикалык материалдар да айтаарлык таасир калтырбайт.

Этнопедагогикалык билими, тажрыйбасы тайыз айыл мугалимдери ал чөйрөдө жашаган балдар эле эмес, алардын ата-энелери менен жалпы «педагогикалык тил» табыша албай айрым учурда конфликтерге туш болгон көрүнүштөр да арбын.

Элет элинин адеп-салттарын жете түшүнбөгөн жаш мугалимдер ата-энелерди «консерватизм» үчүн айыпташса, ал эми ата-энелер жергиликтүү калктын каада-салт, традицияларын жетишээрлик эске албаган мугалимдерге анчейин ишенбөөчүлүк менен мамиле жасашат.

3. Балдардын келечегине зор үмүт, ишеним оптимизм менен кароо

Азыркы илим менен практиканын көзү менен караганда деле мугалимдик өнөрдүн купуя сыры балдардын жан дүйнөсүнүн түпкүрүндөгү канаттуу романтикасын козгоп аны өзүн өзү өнүктүрө турган ички күчтөрүн актуалдаштырып кыймылга келтирүүдө турат. «Биринчи мугалим» повестиндеги Дүйшөн чала моѕол мугалим болсо да ушул педагогикалык улуу акыйкатты жүрөгү менен тааныган. Повестте Дүйшөндүн мындай дем-бергич, шыктандыргыч касиеттерин сүрөттөгөн педагогикалык этюддар арбын.

Биринчи педагогикалык этюдда мурада эч качан, эч жерден көрбөгөн чоочун жигиттин: «Эстүү кыз экенсиѕ»- деп айтышы тырмактайынан көргөнү шор, таманы чор болгон кыргыздын бир жетим кызы Алтынайдын делебесин козгоп, келечек тагдырын тобокелге салып, мектепке келечегине карата үмүт шамын жандырды, жеѕесинин жемесине карабай айылдан алыс турган мектепке барып Дүйшөндүн ар бир айткан сөзүн, көрсөткөн арип жазууларын ыйык нерседей көѕүлгө түйүп, бүт ыкласы менен үйрөнүүгө мажбурлады.

Экинчи бир педагогикалык этюдда Дүйшөн «Мына ушул теректерди сага арнап келдим. Ушулар жетилип чоңойгондо, сен дагы жетилип жакшы киши болуп бүрдөйсүң. Менин баамымда сен чоң окумуштуу адам болосуң. Айтты-айтпады дээрсиң, Сенин таалайыңда жазылып турат… Зээниң бар акылың тунук… Аман болсоң жакшылыктын баары алдыда…» – деп Алтынайга кадимкидей канат байлайт. Ошентип Айтматовдун мугалимдери өзү жерде болсо да окуучуларын бийик жылдыздардын арасынан көргүсү келген улуу оптимисттер болгон. «Биринчи мугалимдеги» ушул саптарды окуган мугалим «Мен канча ирет канча окуучума ушундай өзүнө болгон ишеничин арттыраар жүрөгүмдүн түпкүрүнөн чыккан сөз айттым экен»-деп суроо койбой коёо албайт. Тилекке каршы азыркы мугалимдер арасында окуучуларды жакшы ниет менен шыктандыргандарга караганда балдардын келечегине кайдигер карап «биз убагында мындай тигиндей элек, ушу силерден жакшылык күтүп болобу» –деп өздөрүнө болгон жакшы тилеги менен ой кыялына кыянатчылык кылган кишилиги да психологиялык, педагогикалык сабаты да тайыз таалимчилер арбып бара жатканына көп эле жолу күбө болуп жүрөбүз.

4. Ч. Айтматовдун мугалимдеринин төртүнчү өрнөгү бул – принципиалдуулук, адилдик

Айтматов мугалим затынын эч убакта ыйманына каршы ишке барышын ыраа көргөн эмес. Окутуу тарбиялоонун милдеттерин терең ыклас, ыйман менен жүзөгө ашырышкан. Ар кандай татаал шарт жагдайларга карабастан балдар алдында берген убадаларын бек туруп кишилик, педагогдук абийирдүүлүктүн бийик өрнөгүн көрсөтө алышкан. Алар ар дайым ак менен караны ажыратуунун чен өлчөмү чындыктын чыныгы күрөшүүчүлөрү катары сүрөттөлөт. «Фудзиямада» бала чактагы теңтуштар ичинен Сабырдын тагдырына карата кайдыгерлиги үчүн өзүн айыпкер сезген актык позициясынан артка чегинбеген жападан жалгыз адил адам Иосиф Татаевичтин сөзү менен айтканда сасыган класстарда бокумурун балдарды окутумуш болуп жаткан, турмуштан жолу болбогон айылдык мугалим Мамбет болду. Ошондуктан авторлорудун өкүмү боюнча актыктын чокусунда калуу укугуна айылдык мугалим Мамбетке гана ыйгарылат.

Абуталиптин образын түзүүдө Айтматов чыныгы мугалимдин ар бир баскан чарчы метр жеринде таалим, нуска жатат деген калк ичиндеги идеалдуу түшүнүктөргө негизденген. Ырасында эле тарбия ишинде маанисиз майда иш деген түшүнүк түк болбойт. Бала менен улуулардын алака катышындагы башкалар үчүн байкалбас эле бир көрүнүш балдардын руханий турмушу үчүн кандай өзгөрүш жаратуучу кудуретке ээ болоорун Айтматовдой чебер, гуманист жазуучу гана көз жаздымда калтырбай аѕдап таасын сүрөттөй ала тургандыгына дагы бир жолу ынанууга болот. Муну Абуталиптин таалимчилик ишмердүүлүгүнөн алынган төмөнкү деталдардан көрүүгө болот. Адата Бороондулуктар жаѕы жылды анча деле барк алышчуу эмес, түнкү саат он эки болоорун акыйып күтүп олтуруу деген жок эле. Жаѕы жылды тосуп бир жанданып алууун касиетин биринчи жолу Абуталип баштады. Дүйнөнүн көп түркүн ырахаттарынан ыраак өмүр кечирген Сары-Өзөктүн балдары да жаңы –Жыл алып келчүү мээр шыбагадан кур калбагандай кырдаал түзүш үчүн алдын ала Аяз Ата атынан белек- бечкек жана кат даярдап аны алып келиш салтанатын балдар үчүн күмөнсүз чындыктай ушунчалык жогорку педагогикалык чкберчилик менен уюштурат. Катка Броондуу бекет балдарынын жагымдуу жоруктарына кубанганы осол жоруткрын көрүп уялганы тууралуу Аяз атанын жумшак юморлуу эскертмеси кыстара кетүүнү да унутпайт.

— Алардын ордунда болсом мен да ишенмекмин деп Эдигей Абуталиптин акыл амалына чын жүрөктөн ыраазы болот.

Ал эми башкалар үчүн «тикенектүү тал» катары эсептелген балатыны алып келүүгө байланышкан азабын караңызчы. «Кашынан бери купкуу болуп кар тозоѕу баскан тоѕуп калыптыр, эрдин кыбыратууга алы жок. Колун кыймылдата албайт». алыскы бекеттин Балдарга болгон чексиз сүйүү, алардын ишенимин үмүттөрүн аздектөө, аны уюлгуган борошодо калып эрдикке тете жорукка барышына түрткү берет. Айтматов биринчи мугалим Дүйшөндүн өз билими жөнүндөгү ой санаасы аркылуу дагы бир принципиалдуу кесиптик өнрнөктү ачыктайт. Дүйшөндүн билимин азыркылар менен салыштырууга болбойт эле. Колунда кармаган алиппеси жок бул жаш жигиттин кантип оокутуунун тартиби жөнүндө эч кандай кабары да болгон эмес. Бирок, ал «…балдар өзүм эмне билсем силерди ошонунун баарына үйрөтөм…» – деген убадасынын өтөөсүнө чыгуу үчүн баш оту менен аракет жасаган. Дүйшөн азыркы мугалимдерге дал ушунусу менен өрнөк. Анткени, азыркы мектептен жогорку педагогикалык билими жок мугалимдерди учуратуу кыйын. Бирок, алардын ичинде окутуу ишине Дүйшөндөй мамиле жасагандар сейрек кездешет. «Балдар окуу китептеги эле материалды эле билип алса чоѕ иш»-деп алардын таанымдык талаптарын чектеп, аларды чоң билимдин чөйрөсүнө аралаштырууга ниет кылбаган мугалимдер арбын эле кездешет. Дүйшөндүн дагы бир принципиалдуулугу өзүнүн билиминин жетишпестигин, ой кыялындагы абалдан алда канча тайыздыгын аны өркүндөтүү зарыл экендигин ачык моюнга алышы. Бул бардык мезгилдерге таандык педагогикалык акыйкат. Анткени кандай гана университет болбосун бардык мезгил үчүн жарамдуу универсал мугалимдерди даярдоого алсыздык кылат. Университеттерге андай чоң вазийпаны артуунун өзү акылсыз жорук. Анткени билим жандуу, дайыма жаңырып толукталып туруучу дөөлөт. Ошого карабастан азыркы мугалимдер арасында тиешелүү жетишээрлик билимге мен эчак эле ээ болгомун – деп дипломун колко кылып, өзүнө өзү корстоон болуп өз билимин өркүндөтүүгө умтулбай, мугалимдик кесиптин улуу эрежесин унутта калтыргандар да ондоп      саналат.

Ошентип, Айтматов жараткан мугалимдердин образдары азыркы мугалимдер үчүн аталган кесиптин табиятын көп кырдуу чен-өлчөмдөрдүн чегинде аңдоо, таануу жана аларга карап түздөнүү үчүн татыктуу билим жана таасирлүү ориентир боло алат. Маселе, аларды мугалимдерди даярдоочу университеттердеги педагогика сабактарынын мазмунуна жалгаштырып таасирлүү колдоно билүүнүн ийкемдүү ыкмаларын иштеп чыгууда турат.

Акматали АЛИМБЕКОВ,
педагогика илимдеринин доктору, профессор
,
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин педагогика кафедрасынын башчысы

Сүрөттө “Биринчи мугалим” тасмасынан көрүнүш

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.