«ТОПОН» – КОНОН

(Окурмандан ой-пикир)

Аң-сезими жайында болгон адам аттуунун дээрлик көпчүлүгүнүн, жалпы эле дүйнө коомчулугунун жан-дүйнөсүн жай алдырбай ойго сала баштаган акыркы кездин бир ойкөйгөйү – “Адам социалдык-биологиялык жандык боюнча калабы же технологиялык жандыкка айланып кетеби” деген кооптонуу аралаш суроодо экенин тана албай калдык. Ушул көйгөйдүн айланасында дүйнөлүк алкактагы окумуштуулар, илимпоздор, даанышман-акылман философтор (анын ичинде саналуу Кыргыз интеллигенциясы да) баш катырып, акыл сарптап “технологиялык жандыкка качан айланып кеткенин адамзат өзү сезбей калбайбы…” деген тынчсыздануусун ар кандай жол менен улам эскертип келе жатат.  Пенде сезимин жабыркаткан, чочуткан ааламдык алааматтын карааны мына-ана деп, көрүнүп-көрүнбөй келе жатканынынан кабар бериле баштаганы жөнүндө Жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет булактарында да арбын айтылып баштады.

Ушул суроону улай, Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раевдин “Топон” роман-притчасын окуп отуруп мына ошол “жер шарына ээлик кылган адамдын модели мындан ары кандай сакталат?..” – деген чиелешкен түйүндөй оор суроонун айланасында ой калчаганына күбө болдук. Чыгарманын жүрүшү дүйнөлүк масштабдагы глобалдуу көйгөйдү козгоп аткан соң, мазмунунда да эч бир улут, жер, раса белгиленбей, тек гана жалпы дүйнө адамына тиешелүү орток түшүнүктү пайда кылган каармандарынын аты-жөнү, турмуш кечирген географиялык аймагы, ааламдык алкактагы адамзаттын турмуш-тиричилиги сүрөттөлгөн. Бизди учур дүйнөсү кааласак-каалабасак да укмуштарга күбө кылууда… Жеке эле кыргыз элинин түпкү табиятына эмес, жалпы жер шарын мекендеген он миллиардга жакын адамзаттын нарк-насилине, абийирине, табиятына коошпогон көрүнүштөр менен күндө болбосо да күн алыс маалымдар болобуз. Курсагы ток, руху ач пенде баласы не деген гана кыянат иштерди жасап жаткан жок ушу коомдо. Пенденин ичер суусу бүтүп, кыяматы келип, Кудайдын алдына барганда 4 күбө, Жер, оң-сол ийинибизде ар бир кылган ишибизди каттап отурган эки Периште, өзүбүздүн дене мүчөлөрүбүз, анан да Алла-Таала түздөн-түз өзү адам баласынын тирүүлүктө жасаган жакшы-жаман иштери боюнча күбөлүккө өтөрү ыйык китептерде, асыресе Куранда айтылганы белгилүү.

Мына ошол күбөлөрдүн эң биринчиси – үстүндө биз жашап, тирүүлүктө ар кыл өмүр кечирген Жер деп айтылат. Жараткандын амири менен Жерге тил бүтүп, ар бир жасаган иштерибизди мүнөт – секундуна чейин мойнубузга коюп, далилдеп берери Куранда тафсирленген. “Топон” роман-притчасын бекеринен автор Барпы апыздын:

“Жер бетинде бейиш бар,
Жер бетинде кейиш бар,
Жер бетинде жыргал бар,
Жер бетинде куурал бар,
Жер бетинде өмүр бар,
Жер бетинде өлүм бар,
Жер бетинде күнөс бар,
Жер бетинде күрөш бар?
Баардыгына Жер түтөт,
Бир кубанып, жүз түтөп…”
– деген санат-насыят ыры менен баштабаса керек. Негизинен эле кыргыз элинин чыгармачыл дүйнөсүндө Эне – Жер менен алгачкылардан болуп Барпы Алыкулов терең жуурулушкан… Экинчи күбө, эки ийинибизде аткарган ишибизди каттап отурган эки Периште. Үчүнчү күбө, Жер сыяктуу эле адамдын ар бир дене мүчөсүнө тил бүтүп, ар бир клеткасы сүйлөп, Жараткандын амири менен пенденин бу жашоодо жасаган адал-арам ишин далилдеп, мойнуна коюп, айтып берүү кудуретине ээ болот деп жазылат. Төртүнчү күбө, Кудай өзү. Кыяматтын бир күнү биздин тирүүлүктө жашаган жашообуздун элүү миң жылына барабар экени айтылат ыйык китепте. Демек кыяматы келген пендесинин бу жарыкта жасаган иштерин териштирүүгө Кудайдын күбөлөрү да, убактысы да жетиштүү.

Чыгармадагы  окуянын өзөгү жасалма адам илим изилдөө институтунда иштеген профессор Ян Вельмут, Кхэ, Ман, жасалма эмбриондон төрөлгөн Мандын уулу Этих жана Кхэ менен Мандын өз кызы Дунанын жер бетиндеги жашоосун баяндоо менен өнүгүп жүрүп отурат. Мына ошол беш адамдын тирүүлүктөгү турмушу кандай өңүттө өткөнүн сүрөттөгөн автор жер жүзүндө жашап жаткан пенде табияттын мыйзамына баш ийбей, илимге таянып, акылга салып, жаратуучулук деңгээлге чыктым деген ишеними менен өз кыяматын өзү тездетип, чакырарын подтекст аркылуу келиштире баяндап, образдуулукту кылдат  карманып, чыгармадагы мазмун жана форманы, идея жана теманы, сюжет жана композицияны, стилm жана образдарды шурудай тизип, окуянын жүрүшүн, чиеленишин, чечилишин окурманга тасмадагыдай таасын ачып берген.

Автор, сот Кхэге жасалма адамдар бийлик жүргүзгөн өлкөдө Кудайдын ысымын оозануу мамлекеттик оор кылмыш катары эсептелинип андайларга эң жогорку өкүм, өлүм жазасы берилип, жогорку жаза алгандар ал өлкөнүн мыйзамына ылайык айкашкан тактайга илинип, колу-бутуна мык кагылып, куш-кузгунга жем болорун, өлүм жазасына тартылган дин адамы Кхэ Соттон акыркы сөзүн сурап алып сүйлөгөнүн мындай деп сүрөттөйт:

– Өлүм алдында Жараткандан түшкөн “сырдуу белгини” сезип турам… Дүйнө адам жаны менен сакталып келген. Адамдык акыл-эс гана бу дүйнөнү сактап келген… Кудайдан берилген жашоо мыйзамы ушундай…   Силер жашоо мыйзамын буздуңар, адамдын акыл-эсине кол салдыңар, адамга Жараткан тарабынан берилген аң-сезимине каршы турдуңар, мен силер менен актык демим калганча күрөштүм. Бирок күчүм жетпей калды.

Күн санап жасалма адамдардын саны көбөйүп баратат. Профессор Ян бу ачылышына сыймыктанып, жердик жашоону жасалма адамдардын колуна өткөрүп берем деген. Эми алар чыныгы адамдарга кыргын жүргүзө баштады. Кудайды чанды, дин адамдарын куугунтуктап, өлүм жазасына тарта баштады. Профессор Ян өзүнүн адам экендигин унуттубу? Адамды өзгөртсө да дүйнөнү өзгөртө албасын түшүнгөн жокпу… Кудайды тааныган акыркы дин адамы Кхенин дилинде, жүрөгүндө “Мен өлүмдөн коркпойм, бир жолу гана эмес, жүз жолу өлүмгө даярмын. Анткени менин жанымды Жаратканым түбөлүк кылып жараткан, а бу жасалма адамдар, силер денекулсуңар, эртең эле эскилигиңер жетип, керектен чыгып каласыңар. Чыныгы адамдын бактысы ишениминде, сүйүүсүндө, кубанычында, арманында, көз жашында, күлкүсүндө, жашоого болгон ырахатында, а силердикичи?!.. Жасалманын түбү -жалган!.. Бирөөнү сүйүп азап чеге албасаңар, жетпей калып арман кыла албасаңар, жаныңар ооруп, Кудайдын сыноосун баштан өткөрө албасаңар, гүлдүн жытын искеп, дарыянын шоокумун уга албасаңар, бала сүйүп, наристе күлкүсүнө жүрөк элжирете албасаңар, силер кимсиңер?  Ыйман, адеп силерге жат болсо, чын эле силер кимсиңер?! Кантип адамбыз деп жатасыңар?.. Мен адам болгонума, адамдык көкүрөгүмө, жан касиетиме сыймыктанамын… Мен силерден айырмаланып, ч ы н ы г ы  а д а м м ы н! ” деген адамдык улуу сезим бар үчүн ал өлүмдөн ашкере корккон эмес.

Мына ошентип чыныгы адамдык жашоонун ырахаты, өзөгү кайда экенин, ыйык китептин алкагында баары Кудайдын кудурети менен болорун табиятынан сөз зергери болуп жаралган автор өзгөчө сөз бермети менен кынаптап, кыш бышырып, мунар кургандай бийиктикке көтөрүп, адабий – катарсистик ыкма менен чебер сүрөттөп берген. Ал гана эмес, жердик жашоого альтернативалык жасалма адамдарды жаратып, чыныгы адамдар менен жасалма адамдардын ортосунда атаандаштыкты күчөтүп, жердик жашоону жасалма адамдардын колуна өткөрүп берүүгө ниеттенген Профессор Ян да өмүрүнүн соңунда эсине келип, өзүнүн жаназасына ошол чөлкөмдүн дин адамы Кхэнин катышуусун керез катары өзү суранып, ыйман келтирип, келбес сапарга – Кудайдын алдына кетеринде Кхэ келме айтып узатуусун өтүнгөнү да, өзү жан тааслим болуп оо дүйнө көздөй баратып ыйык китептеги келмени айтып, жаңылыштыгын мойнуна алып кеткени да, жасалма адам жараткан профессорбу же жөн эле катардагы пенде болобу Кудайдын алдында эч кандай күчкө ээ эмес экенин көрсөтүп, адам баласы өзүн Кудай сезген мезгилге жеткенде, ага Жараткандын каары түшүп, кыямат-кайым болорун окурманга чыгарманын каармандарынын сөзү менен абдан кылдат жеткирген.

Азыркы мезгилде «АБИЙИР» деген бийик сөз эски бир түшүнүктү жаңыртууга болгон байкуштун аракетиндей же жыртылган кийимге салган жамачыдай болуп аянычты ойготуп, кабыл алынгыс атрибутка айланып бараткандай сезилет. Бара-бара дүйнө жаштары «Абийир деген эмне, ал адамга эмне үчүн керек?..» – деп сурап калабы, бу суроо мезгил талабына жараша берилбей калуусу да мүмкүнбү деп чочулайсың. Эгер биз абийир деп – чынчылдыкты, ишенимдүүлүктү, жан дүйнө актыгын, калыстыкты, кең пейилдүүлүк сыяктуу сапаттарды билсек, анда азыр адамдар абийирге жарды… Пенде турмушунун ар түрдүү шарттарында, бизнесте, саясатта, турмуш-тиричилик ж.б шарттарда адамдардагы уяттуулук, абийир экинчи планга чыгып кеткенин адамдар өзү зар какшап айтып калышты. Ошентип табият тарабынан жеке адам үчүн берилген абийир деген КОНОН улам мезгил өткөн сайын пенде сезимине жат болуп баратканын байкоого болот.

…Биз анчейин маани бербей келе жаткан «КОН» деген термин бар. ЗАКОН – «CON» деген эмне? CONA – жамаат (үй-бүлө, уруу, тукум,) бирдиктүү тутумдун жыйындысы катары, элдер бир жалпы эрежелерге баш ийишкен (Канонам, Кононам) ушул КОНАнын ичинде гана иш алып баруу. КОНдон тышкары эрежелери – “ZaKona” Кондун артында, кондун чек арасынын сыртында иштейт. KONNON – эрежелер топтому. Сөзмө-сөз айтканда, Байыркы Грек жана Латын тилдеринде «Cоnon» – эреже, норма.

Мыйзам жөнүндө көпчүлүк уккан, бирок анын бардыгы адам турмушунда толук аткарылбайт. ЗАКОН адамдардын жана алар жашаган коомдогу мамлекеттер аралык, ошондой эле мамлекет менен элдин өз ара аракеттенүү ченемдик, укуктук актыларын ырааттуу түрдө орнотуп берген курал. Адам жасай турган жана жасабашы керек болгон конкреттүү аракеттердин аныктамасы. Ачыгын айтканда, үй-бүлөлүк мамилелерде биз тышкы, мамлекеттик мыйзамдарга (күбөлүк, документтерди алуудан башка) көп деле кайрылбайбыз, биз мамилелерди белгиленген ички КОНОНдорго ылайык жөнгө салууну артык көрөбүз, бул нерсе адам жашоосунда кылымдар бою өзүнүн күчүн жоготпогону бекер жеринен эмес, КОНОНдор адам табиятына жакын. Ал адамзат жаралгандан бүгүнкү күнгө чейин жазылбаган каада-салт алкагында, канга сиңген инстинкт катары мына ошондой жүргүзүлүп келет. Биз үй-бүлөлүк маселелерде депутаттар кабыл алган ЗАКОНдор боюнча эмес, табийгый КОНОНдорго ылайык адамдык АБИЙИР жөнүндө эрежелерге макул болуп жашайбыз.

Чыгарманын постулатын түшүнүүдө окурман үчүн көйгөй жараткан маселе, окурман өзүнүн тирүүлүккө болгон көз-карашын тереңдетип, адам өзүнүн адамдык табиятын жоготпой, технологиялык жандыкка айланып кетпеш үчүн эмне кылуу керек? – деген суроого жооп издеп көрүүсү шарт. Илгери Нух пайгамбардын доорундагы Топон сууга чейин жалпы адамзат жер шарында бир чоң үй-бүлө сыяктуу, ынтымак-ырашкерликте, ата-энесин Кудайдан кийинки орунда урматтап жашашкан. Алар адамзаттын ойлоп тапкан ЗАКОНдору менен эмес, Жердин мыйзамы б.а. Жараткандын табияты тарабынан берилген каада-салттары, үрп-адаттары менен жазылбаган эреже-мыйзамдарына таянып жашоо кечиришкен. Качан гана табыйгый КОНОН бузулганда Нух пайгамбар Кеме жасап, адамзатты Топон суудан аман сактап калуу аракетин көргөн.

Биз табият тарабынан берилген каада-салт, үрп-адат, эрежелер топтомуна – КОНОНго баш ийбей, пенде баласы ойлоп тапкан за КОНдор менен жашап, Кудайдын жазасынан коркпой, пенденин ЗАКОНунан коркуп, өзүбүздүн ойлоп тапкан ЗАКОНдорго таянуу менен табиятка үстөмдүк кылып, акаарат көрсөтүп, Кудайдын өзүн, анын күбөлөрүн каратып туруп укпайт деп ушак айтып, көрбөйт деп ууру кылып, өз абийирибизди тебелеп, күнөө иштерге барып, өз кыяматыбызды өзүбүз ылдамдатып чакырып жатканыбызды түшүнөбүзбү?!

Жасалма адамдар бийлик жүргүзгөн өлкөдө Кудайдын ысымын оозануу мамлекеттик оор кылмыш катары эсептелинип андайларга эң жогорку өкүм, өлүм жазасы берилип, дин адамы болгон Кхэ айкашкан тактайга илинип, колу-бутуна мык кагылып, куш-кузгунга жем болору алдында жерди Топон суу каптап, жалгыз Кхэнин үй-бүлөсү гана уй тилиндей аралчада эмне үчүн аман калып жатат? Кхэ менен Мандын жөжө бирдей эки баласы эрезеге жеткиче аман калган аралчада коллизиялык мамиледе күн кечирген жашоосунун өзү тирүүнүн тозогунан эмне айырмасы бар? Жасалма эмбриондон төрөлгөн Этихтин бул үй-бүлөгө кошулушунун өзүндө эмне деген чоң трагедия жатат? Этихтин толкун менен сүрүлүп жээке келип калган желим аялы эмнеге эскирип, жыртылып тез эле жарактан чыгып калды? Ыйман, адеп, абийирден жат, Кудайды тааныбаган Этих топон суудан аман калган бир үй-бүлөнү түп орду менен жок кылып, атасын сабап, энесин зордуктап, сууга чөктүрүп, кызын (өз карындашын) бузуп, мүйүздүү бала – шайтан жаратып, эң соңунда өзүнүн Кудайга жакпаган жосунсуз иш-аракети менен алакандай аман калган жерди да топон сууга каптатып, өзү менен кошо акыркы адамзаттын тукумун курут кылганы – пенде баласы Кудай берген акылын туура эмес жакка жумшап, өзүн Жараткандын катарында көрүп, жаңылыштыгынын азабынан шайтанга минги болуп, жер бетиндеги жалпы адам-пенденин кыяматын эртелетип алып келгенин автор ааламдык масштабда мыкты сүрөттөгөн. Ал эми Этихтин толкун менен сүрүлүп жээкке келип калган жасалма желим аялынын эскирип жыртылуусу менен автор Этихтин ким экенин, желим аялды көтөрүп чаап, каалаган учурда колдонуу менен өзү да ошол желим аялдай эле кирдеп, туюм-сезими жок денекул катары, тез эле эскилиги жетип, адамдык сапаттан чыгып калганын коллизиялык мамиленин негизинде салыштырмалуулук менен ачып берген.

Автор Библиядагы Иафеттин урпактары Гог менен Могогдун жапайы элдерин да Кхэнин түшү аркылуу эске салып өтөт. Курандын аль-Кахф, ан-Нахль сүрөлөрүндө Гог менен Могогдун Армиясына жер бетинде бир дагы Аскерий күч тең келбеси, алар эбегейсиз аскердик күчкө ээ экени айтылат эмеспи. Имам Муслим Гог менен Магог жөнүндө Алла өзү Куранда: “Мен ушундай бир күчтүү кулдарды жараттым, алар менен согушуп жеңүүгө Өзүмөн башка эч кимдин кудурети жетпейт” – деп айтканын тафсирлейт. Гог менен Магог Алла-Тааланын каалоосу менен жер бетине бошотулганда, алар адамзаттын үстүнөн өзүлөрүнүн дүйнөлүк тартибин орнотоору айтылат.

Эгерде Зул-Карнайн орноткон дүйнөлүк тартип Жалгыз Кудайга болгон ишенимдин жана эр жүрөктүүлүктүн негизинде түптөлгөн болсо, Гог менен Магогдун дүйнөлүк тартиби буга таптакыр карама-каршы келет (Зул-Карнайн – Яжуж жана Мажуж элдеринен коргой турган дубал тургузган адил жана улуу падыша. Зул-Карнайн деген ысым Курандын он сегизинчи сүрөсүндө төрт жолу кездешет). Гог менен Магогдун тартиби кудайсыздыкка, Жаратканга болгон ишеним менен күрөшүүгө жана эзүүгө негизделген. Алардын Дүйнөлүк тартиби Ислам менен гана эмес, Христианчылыктын, Иудаизмдин жана жалпы эле адамзаттын диний жашоо образынын чыныгы көрүнүшүн жок кылуу үчүн күрөшөт.

Бүгүнкү күндө жер бетиндеги бийлик кимге таандык болсо, “адам укуктары” – деген түшүнүк ал өлкөлөр үчүн жат экенин локалдык согуш конфликтеринен көрүп жатпайбызбы. Тескерисинче, алар асыл таш – бриллиант, алтын, мунай жана башка пенде өзү ойлоп тапкан баалуулуктарды, территорияны жана ресурстарды көзөмөлгө алуу процессинде жер бетин кумурскадай каптап, мамлекеттердин, адамдардын эң алсыздарын, маңдай тери менен каражат таап, адал жашаган момундарды кысымга алып, кордоп, жок кылып жатканы кимге беймаалым?!. Алар Кхэ айткандай: жашоо мыйзамын бузуп, адамдын акыл-эсине кол салып, адамга Жараткан тарабынан берилген аң-сезимине каршы туруп жатпайбы! Алар менен Кхэ сыяктуу бей-бечара миллиондогон Кудайы-Момун адамдар акыркы актык деми калганча күрөшүп, бирок күчү жетпей калганын эшитип, көрүп келе жатабыз го.

Гог менен Магог – бул анархиялык, агрессивдүү жана зулум мүнөздөгү кулдар. Ал эми алардан куралган Куралдуу күчтү элестете бериңиз. “Топондогу” жасалма эмбриондон төрөлгөн жасалма адамдар Кхэнин түшүндө так эле ошол Гог менен Магогдун армиясындагы аскерлерге терисин сыйрып каптап койгондой окшош көрүнгөнү да автор тарабынан жалпы адамзат үчүн кагылган коңгуроо экенин, эсирген пендеге эскертүү экенин сезүүгө палеографиядан баштап бүгүн биздин колубузга тийген “Топон” роман-притчасына чейин  тизмектеп, окуп маалымат алганга милдеттендиргендей сезилет. Чыгармадагы Кхэнин көргөн түшүнөн үзүндүнү чогуу окуйбуз:

“…Ыйык китептеги жазмада, миң жылдан кийин камактан чыгат деп айтылат, ал жердин төрт тарабында жашаган элдерди Гог менен Магогту азгырып, улуу кыргын отун таштап, согушка үндөп улуу кыргынга чогултат. Алардын саны деңиз кумундай көп. Кызыгы, Булар Кхэни өлүмгө буйруган жасалма адамдарга куюп койгондой окшош, тим эле терисин сыйрып алгандай окшош эле… Алар дүйнөнүн төрт тарабынан чыгып, улуу селдей Ыйыктардын кошунун жана Кудайдын сүйүктүү шаарын курчап алды.

Ошондо асмандан Кудайдан от түшүп, аларды өрттөп жиберди.

Ал эми аларды азгырган шайтан күйүп жаткан күкүрттүү көлгө ыргытылды. Ал жерде жырткыч, жалган пайгамбарлар, анан… Кхэге тааныш ошобу жасалма адамдар да кумурскадай жайнап жүрдү. Алар күнү-түнү түбөлүк кыйналып, улуу отко күйүп жатты…” – деп автор Кхэнин түшүн так эле Ыйык китептегидей тизмектеп берген.

Автор психологизмдин динамикалык да, аналитикалык да принциптерин чебер колдонуу менен Мандын жасалма эмбриондон төрөлгөн өз баласы, карачечекей уулу Этихтен көргөн зордук-зомбулукка чыдабай:

— Кечире көр мени Жаратканым… жалгыз Сага гана сыйынабыз!.. Бизди туура жолго баштагын… күнөөдөн арылта көр… мен сага карай бет алдым… Өзүң жакшылык берген адамдардын жолуна башта, каар-казапка учурагандардын, адашкандардын жолунан сакта!..-деди да башын сууга киргизип, алдыга бир жүткүнүп көк ирим Улуу Суунун түпкүрүн карай сүңгүп жөнөдү… – деп сүрөттөгөн. Андан ары  Ман өмүрүнүн акыркы көз-ирмемдеринде Кхэнин айкашкан жыгачка керилип мыкталганын, Кхэден “Кудай жок де!..” – деп суранганын эстеп өкүнгөнүн, ал ошентип Кхэни өлүмдөн арачалап калса экөөлөп балдарын чоңойтуп, бактылуу болорун ойлогонун, бирок турмушунун соңу тап-такыр башка нукка, Теңирден тескери багытка кеткенин ойлоп өзүн Кудайдын алдына барууга буйруганын, өзү менен кошо суу алдына боюндагы болгон азап-кайгысын алып кетип, Ыйык жерди ыпластыктан, өзүн бу тирүүнүн тозогунан биротоло куткаруунун жалгыз жолу ушул экенин, ушул жолду тандаганын, азуусун айга жанган өнүккөн өлкөнүн жасалма адам илим изилдөө институтунун илимий кызматкерлери, профессорлору тарабынан илимдин негизинде иштелип чыгып, жасалма эмбриондон төрөлгөн баланын бу үй-бүлөгө кошулуусу Кхэ менен Манга ачкүсөндөй азапты, жанын коёрго жер таппаган бактысыздыкты, акыркы адам тукумун курут кылган үмүтсүздүктү алып келгенин – адабият менен искусствонун негизги предмети болгон адам аркылуу Жараткан тарабынан бүткүл ааламдык ой жүгүртүү кудурети берилген улуу калемгер – Султан Раев адабияттагы эвфемизм салтын бузуп, лексикалык өзгөчө ыкманы колдонуп, жеткиликтүү сүрөттөп берген.

Жазуучунун чыгармасындагы дагы бир жетишкендик катары белгилей кете турган нерсе – көркөм сөз каражатында “озбур кыялы,” “озгун ою,” “ылымылык,” “найүмүт,” “копшутуп…” – деген сыяктуу унутулуп бараткан сөздөргө кайра жан киргизе билгени… Биз окурман катары гана өз пикирибизди билдирдик. Чыгарманы ар тараптан иликтеп, изилдеп, роман-притчадагы окуянын өнүгүшүн, түйүндөлүшүн, чечмеленишин, лексикалык өзгөчөлүктү, образдуулукту, психологизмди, мазмун жана форманы… сыдыргыга салгандай саресеп салып, карап чыгуу жеке эле филологдордун же адабиятчылардын эмес, албетте, өзүн илим ааламынын бардык тармагынан көрө алган чыгаан илимпоздордун баарынын озуйпасына кирерин эске сала кетели.

Чыгарманын географиялык аймагы, орду, мезгили каармандары кайсы бир материкке, мамлекетке же улутка тиешелүү эмес. “Топондун” роман-притча деп аталышынын жүйөсү да мына ушунда. Анткени автор бу чыгармасында көп колдонгон КУДАЙ сөзү улутка, расага, аймакка бөлүнбөй турган улуулук эмеспи. Табияттын КОНОНунда да андай бөлүнүүлөр жок. Андай бөлүнүүлөрдү ЗАКОН ченемдүү негизде биз пенделер өзүбүз ойлоп тапканбыз. “Топондо” Султан Раев көтөргөн көйгөй жалпы адамзаттын көйгөйү. Ошондуктан чыгармадагы Кхэ куруп алган сыйынуучу Ыйык жайдан баштап желим аялга чейин, жасалма адам илим изилдөө институтунун профессору Ян Вельмуттан баштап жасалма эмбриондон төрөлгөн Этихке чейин, Мандан баштап чоңойгондо эне-атасын көзгө илбей койгон Дунага чейин, Дин адамы Кхэден баштап денесине жабышып, алардын амандыгын тилеп, каны менен азыктанган биттерге чейин, Топон суудан баштап ошол суунун алды аркылуу Кудайга алып баруучу жарык жолго чейин, чыгарманын жүрүшүндөгү тирүүлүк агымы жалпы адамзатка тиешелүү дарексиз жердик жашоодо өтөт. Адабияттагы роман-притчанын талабы да ошол эмеспи.

Он сегиз миң ааламды эс-туюму менен таанып, ой калчап, сезим алкагына чек койбогон, Кыргыз Элинин уулдары, улуу жазуучулары Чыңгыз Айтматов менен Султан Раев өз чыгармаларында Жараткандын чыгармачыл инсан үчүн ачып койгон бир эшигинен кирип, экөө эки башка эшигинен чыгып кеткенин байкоого болот. Кыргыз Элинин улуу инсаны, чыгаан адабиятчысы, жалпы “ХОРго” жалгыз өзү каршы “ырдаган” улуу ойчул – Эсенбай Нурушев айткандай: “Чыңгыз Айтматовдун “ахимсасын” көптөр түшүнгөн да жок…”. Ч. Айтматов өз чыгармаларынын көпчүлүгүндө жан жаныбарлардын туюм сезими, кубаныч-сүйүүсү, кайгы-касирети, арман-азабын ачып берүү менен адамзатка жакшылык ыроолоп, аруулукка багыт берип, адам баласынын акыл-парасатына сыйбай турган табияттын жазылбаган мыйзамы баарынан күчтүү экенин эскерткен. Жер бетине, жаратылышка, жан-жаныбарга, анын ичинде адамдар өзү бири бирине жасаган катаал мамилеси, ташбоордугу, ачкөздүгү менен кыяматты келтирип алганын, ошол “өз кыяматынын ичинде эле өзү өрттөнүп атканын” кадимки турмуштук негизде айкын ачып берген эле.

Султан Раев, адамзат үчүн Алла Таала тарабынан атайын түшүрүлгөн ыйык китептеги жараткандын КОНОНдорун, инсандык Абийирди бузуу менен жалпы адамзат өзүнүн кыяматын тездетип аларын эскертүүдө. Эч бир чыгарма автордун интеллект деңгээлинен, абийиринен бийик жаралуусу мүмкүн эмес. Төмөн жаралып калышы толук ыктымал. “Тоорат,” “Забур,” “Инжил – Библия”, “Куран” китептеринде Жараткан тарабынан жеке адам баласы үчүн түшүрүлгөн КОНОНдорду сактабасак, бизди Нух Пайгамбардын доорундагы Топон суудан алда канча коркунучтуу, адамзаттын тукумун, жердик жашоону биротоло жок кылып алуу коркунучу күтүп турганын мыкты сүрөткер өзүнүн бийик интеллект дарамети, Улуу Жараткан тарабынан ыроолонгон чексиз ааламдык акыл-парасаты, инсандык абийири аркылуу, жердик жашоодо өзүн өтө акылдуу сезген, Жараткан – Кудайдан да өзүн бийик баалаган илимпоздорго, интелигенцияга приоритет катары терең ой камтылган чыгармаларын сунуштап, чектен ашпай, өз учурунда карманып калууга чакырып жатканын байкоого болот. Жараткандын сыноосунан сынбаган адам гана Алланын сүйүүсүнө татыктуу болорун, Кудай сүйгөн пендесине оор сыноолорду берерин, кабат-кабат кыйынчылык каптаса да, азап-тозок териңи шылып алса да, жарык өчүп караңгылык каптаса да, кыян жүрүп топон суу алса да Кудайга болгон ишенимди жоготпош керек экенин чыгарманын баш каарманы Кхэнин сөзү менен дагы бир ирээт биздин эсибизге салып отурат.

Бу сапар, Жараткан тарабынан бүткүл ааламдык ой жүгүртүү кудурети берилген чыгаан калемгер – Султан Раевге чыгармачылык ийгилик, бакубат жашоо, узак өмүр каалоо менен “Топон” роман-притча жөнүндө ушу кыскача пикирибизди жыйынтыктап туралы. Албетте, автордун чыгармачылыгы жөнүндө айтылчу арбын сөздөр алдыда.

Бахпурбек Аленов

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.