Рюноскэ АКУТАГАВА: “АТА”

(аңгеме)

Азыр айтып берейин деген окуя мен орто мектептин төртүнчү классында окуп жүргөн кезге тиешелүү.

Ал жылы, күзүндө, мектеп экскурсиясы өткөрүлүп – Никкодон Асиого үч күнгө түнөгү менен алып барышчу. “Эртең мененки саат алты отузда Уэно вокзалынан чогулабыз, алты элүүдө жолго чыгабыз…” деп машинкеде басылган кагазды мектептен алдым.

Эртең менен, чала-була тамак ичип алып, үйдөн жоо куугандай атып чыктым. Вокзалга чейин трамвай менен жыйырма мүнөттүк жол, негедир шашкалактап турдум. Аялдамадагы кызыл устундун жанында туруп, өзүнчө эле толкунданып кирдим.

“Эх, асманды ала булут каптаган тура. Эми сансыз заводдордун сиреналары бул боз чаңгыл абага жаан жаадырбаса болду?” – деген ой келди. Боз асман астындагы көпүрө менен поюз кетип баратты. Бир араба аскер заводуна баратат. Кичинекей дүкөндөр ачыла баштады. Аялдамада бир нече киши чогулгандай болду. Уйкулуу жүздөрүн аарчып, айла жок турушкандай. Сырт суук экен. Акыры биринчи таңкы трамвай да келди.

Эл шыкалган вагонго эптеп кирип, кармагычка колум жеткенде, бирөө ийинимен түрттү. Карасам:

— Салам! – деп Носэ Исоо турат. Ал дагы кочкул көк формачан, сол ийнинде оролгон шинель, бутунда болотнай узун байпак, курунда – азык салган кутучасы менен суусундук куюлган идишчеси бар.

Носэ экөөбүз баштапкы классты бирге бүтүрүп, орто мектептин босогосун чогуу аттаган элек. Носэнин жакшы көргөн деле, жаман көргөн деле сабактары жок болчу. Бирок бир “чоң” өнөрү бар: модага айланган бир ырды угуп калдыбы, дароо обонун жаттап алат. Мектеп экскурсиясы менен баргандан кийин, кечинде мейманканадан дароо ошондой бир ырды жыргап ырдап чыгат. Чындыгында анын өнөрү оголе көп: кытайча ырларды, байыркы уламыштарды окуйт, куудулданат, шумдуктуу окуяларды айтып берет, Кабуки артисттерин туурайт, фокус көрсөтөт. Анан үн чыгарбай туруп, мимикалар менен ушундай күлкүмүштүү нерселерди жасайт дейсиң, бооруңду тырмап жатып каласың, ошондон улам окуучулар арасында атагы таш жарган. Мугалимдер да жакшы мамиле жасайт. Экөөбүздүн өзгөчө достугубуз жок болсо да, мектепке чогуу барып, чогуу келебиз.

— Бүгүн эрте чыккансың го?

— Мен дайыма эрте чыгам, – деп Носэ мурдун кеңкейтип калды.

— Өткөндө кечигип калдың го?

— Кечигип?

— Жапон сабагыначы?

— А-аа, мени Умаба урушкандабы? – Носэ “сэнсэй” деген сыйлуу сөздү унутуп, мугалимдерди дайыма атынан атайт. – Эмне экен, “улуу каллиграф дагы ката кетирет” дейт.

— Ал мени да урушкан.

— Кечиккениң үчүнбү?

— Жок, китебимди унутуп калганым үчүн.

— Ой, ушул Дзинтандын эзгени!

Дзинтан – “кызыл мурун” дегенди түшүндүрөт, мугалимибиз Убамага Носэ ушинтип ат коюп алган. Ошентип сүйлөшүп олтуруп экөөбүз Уэно вокзалына жетип бардык. Эл шыкалган вагондон араң түшүп, вокзалдын ичине кирдик – өтө эрте барган экенбиз, классташтарыбыздын кээ бири эле келиптир. “Салам” деп бири-бирибиз менен учураштык. Анан түртүшүп-тартышып узун олтургучка барып тыгылдык. Анан бадылдап сүйлөшө баштадык. И-иий, боло турган экскурсияны талкуулап, кайра бири-бирибизге тийишип, мугалимдерге ат коюп, чуруу-чуу түшө бердик.

— Идзуми куу экен, мугалимдерге арналган “Чойс” китебин таап алган экен, азыр окуу сабагын үйүнөн даярдабай калды.

— Хиранонун куулугун айтпайсыңбы, экзамендин алдында тырмагына бардык тарыхый даталардын бирин калтырбай жазып алат экен.

— Мугалимдер бизден да куу.

— Ооба да, Хомманы эле айтсаң. Ал   “receive» деген сөздө биринчи “е” турабы же “i” турабы, өзү билбейт. Анан мугалимдер үчүн даярдалган китепти алып алып, бизди окута берет.

Сөзүбүз жалаң куулук жөнүндө болуп, башка кыйраткан эч нерсени сөз кылган жокпуз. Бир кезде баягы эле Носэ кошуна олтургучта гезит окуп олтурган кишини көрө коюп:

— “Кашкинли” – деп жиберди. Ал жылдары “Маккинли” деген бут кийимдер мода болуп жаткан. Карасак, тиги кишинин бут кийими каша-ботко сурап калыптыр – таманы түшүп, оозун ачып турган экен.

— “Кашкинли” деген сонун да! – деп баарыбыз күлүп жибердик.

Бир куунап алдык да, анан вокзалдын залына кирген кишилердин ар бирин жиликтей баштадык. Ой, анан ар бирине ушундай иттерди агыттык дейсиңер, Токио мектебинде окубагандардын түшүнө андай сөздөр кирбейт дагы. Арабызда жаман сөздү билбеген бир дагы тарбиялуу окуучу жок экен, тоба. Бирок Носэ ар бир кишиге таамай, күлкүлүү сөздөрдү таап жатты.

— Носэ, Носэ, тээтиги томпойгон немени карасаң?!

— Кебетесин! Курсагына тирүү балык салып алган го?

— А тээтигил жүк ташыгыч да буга өлө окшош экен, ээ, Носэ?

— Жок, ал Карл Бешинчинин өзү – көрдүңөрбү, калпагы да кыпкызыл.

Аягында ар кайсыны айтып жалгыз Носэ калды. Калганыбыз сөздөн да тажагандай болдук. Анан арабыздан бирөө кызыктай кишини байкады, ал болсо поюздардын жүрүү тизмесин карап, сөөмөйү менен окуп жаткан экен. Үстүндө саргарып кеткен желетки, буттары спорт таякчаларындай ип-ичке, жол-жол сызыгы бар чучуктай ичке шым кийип алыптыр. Эски калпагынын алдынан ак чачы үрпөйүп чыгып турганына караганда, жаш курагы да бир топко барып калса керек. Бырыш баскан мойнуна ак-кара чатыраш жоолукча ороп алган, колтугуна ичке бамбук таягын кыстарып турат.

Кийими да, турган турпаты да – бир сөз менен айтканда – “Панча” журналындагы карикатура кесилип алынып, темир жол станциясындагы котологон элдин арасынан коюлуп калгандай. Арабыздан бирөө Носэни колунан тартып, дагы бир күлө турган элести тапкандай, сүйүнө:

— Мобуну карасаңар! – деп калды.

Бардыгыбыз кызыктай кишиге жабыла карадык. Ал бир аз курсагын чыгарып, желеткисинин чөнтөгүнөн кочкул жашыл теспеге байланган чоң кол саатын алып чыкты да, бир саатты, бир поюздардын тизмесин карап тура берди. Мен капталынан ал Носэнин атасы экенин дароо тааныдым.

Ал Носэнин атасы экени башкалардын оюна да келмек эмес. Дагы чукугандай тапкан кандай тамаша айтат дегенсип, бардыгы Носэни карап калышты. Бардыгы күлкүдөн “тарс” жарылууга даяр турушкан. Носэнин жандүйнөсүндө эмне болуп жатканын төртүнчү класстын окуучулары кайдан билсин. Мен оозум бош: “Бул Носэнин атасы” дегичекти, арабыздан бирөө кыйкырып жиберди:

— Мобулбу? Бул деген лондондук селсаяк да.

Бардыгы “бырс” күлүштү. Кээ бирлер Носэнин атасын туурашып, курсагын алдыга чыгарып, чөнтөгүнөн саат алып чыгымыш болуп, саат карагансып жатышты. Мен башымды жерге салдым, Носэни караганга дарманым жетпеди.

— Эй, бул байкушту туптуура салыштырдың.

— Карасаңар, бечаранын калпагын?

— Хикагэтё көчөсүнөн тиктирген го?

— Жок, ал жактан мындайды таппайсың.

— Демек, музейден уурдап алган да.

Бардыгы дагы чогуу күлүп алышты.

Аба-ырайы суук ал күнү вокзалда кечтегидей күүгүм эле. Ошол күүгүмдө мен “лондондук селсаякка” көз салып турдум.

Бир кезде күндүн көзү пайда болуп, залдын терезелеринен күндүн нуру чачырай түштү. Ал жарыкта Носэнин атасы да турду… Айланамдын баары кыймылга айланды. Көзгө көрүнгөнү деле, көрүнбөгөнү деле кыймылга келгенсип, кыйма-чийме боло түштү. Бул башаламан кыймылда үндөр менен дабыштардын кайдан чыгып жатканы белгисиз болуп, заңгыраган имаратты жөө туман каптап кеткендей болду. Бир гана Носэнин атасы кыймылдабай турду. Бул эскирген кийимчен эски киши эски калпагын желкесине жылдырган бойдон, кочкул күрөң теспеси бар саатын алаканына салган бойдон, эч кыймылдабай, кудум эстелик сыяктуу кайнаган элдин арасында поюздардын жүрүү тизмесин караган бойдон катып турду…

Кийин билсем, Носэнин атасы өзү иштеген университеттин дарыканасына баратып, мектеп окуучулары менен бирге экскурсияга бараткан баласын ойлоп, поюздардын жүрүү тизмесин караганы баласына айтпай, вокзалга кире калган экен.

Носэ Исоо орто мектепти бүтөрдө ак учук менен ооруп, каза болуп калды. Мектептин китепканасында аны эскерүү кечеси болуп, анын чоң сүрөтүнүн алдында ага арналган сөздү мен окудум. Өз сөзүмдө: “Ата-энеңдин алдындагы милдетиңди унутпа!” деген сөздөрдү кошуп кеттим.

Май, 1916

Которгон Эрнис Асек уулу, “Алакан”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.