Жыргалбек Касаболотовдун жаңы ырларынан жана котормолорунан
ЫРЛАР
* * *
Кексе дүйнө, кебелбеген кең дүйнө.
Кечээкиси эртеңкиге тең дүйнө.
Ээ-жаа бербей Аккан Суудай алкынып
Эмне жолдо баратасың, сен дүйнө?
Кайран дүйнө, кайталангыс бир дүйнө,
Канчаларга сабак болгон пир дүйнө.
Жаман-жакшың айрый албай баратам,
Жазгы селдин ташкынындай кир дүйнө.
Аязында ак борошо, кар дүйнө,
Аптабында бир тамчыга зар дүйнө.
Аалам бетин телефондон көрсөтүп
Алаканга батып турат тар дүйнө.
04.10.23
* * *
Мизинде күн ойногон кезегинде
Муз катып калган окшойт өзөгүмдө.
Үйлөгөн илебинен шамал уруп
Үшүтөт күздүн суугу төшөгүмдө.
Толтуруп таштандыны арыктарга
Тоолорго кар жаадырып зарыкканда
Буулугуп күткөн кышка кезек берип
Бул күз да жөнөйт эми алыстарга.
Баарысын саргыч түскө боеп кетет,
Бактардын жалбырагын тоноп кетет.
Байкалбай алыскы бир деңиздерде
Балыктар жазга чейин тоңот дешет.
Көрүнбөй күндүн чыгып күлүңдөшү,
Көксөтүп жалбырактын дирилдеши,
Берилип бир өмүрдүн шыбагасы
Белгисиз, тирилээри, тирилбеси.
Кар улам жааган сайын үшүп жаткан,
Канаттын кайрат-күчү бүтүп жаткан
Көңүлүм ошол балык сыяктанат
Көктөмдү көз ирмебей күтүп жаткан.
09.10.23
ЖАН КУРЖУН
Эске кайра эски күндү салгандай,
Экрандан ыр төгүлөт, ар кандай.
Жаңырыгын жалгыз тыңшап отурам,
Жакшылардын көбү кетип калгандай.
Жакшы дейбиз, жаман дейбиз… Аныгы,
Жашоо тегиз болбойт окшойт, калыбы?
Өлбөстүккө түздөйт экен, тундуруп
Өнөр деген улуу көчтүн жарыгы.
Канчасынын чачкан нуру жаркырап,
Караандары көз алдыма тартылат.
Жүрөгүмө эски-жаңы кайрыктар
Жүккө толгон куржун болуп артылат.
Өткөндөрдү кайра козгоп эсимден
Өз жанымды сууруп чыгып өзүмдөн,
Тамшандырган аруу жүзүн нур чайып
Тааныгандар чууруп жатты көзүмдөн.
…Анда деле таң агарып атчу эле,
Ак булутту Күн кызартып батчу эле.
Көңүлүмдөн узап барат калкылдап
Көл үстүндө көздөн учкан Ак Кеме.
Толкун уруп, жээкке жетип көбүрөт,
Тоомдогу жол айрылып бөлүнөт.
Күлкүсүнөн гүл чачырап кетчү эле,
Күн Чыгышым кайра келбейт көрүнөт…
…Улуу тоодон бүркүт шилтеп канатты,
Узак сапар ачып, жаңы баракты,
“Аппагым!” деп алда кайда аттанган
Аскер кийим жигит ырдап баратты.
Менин болсо көөдөнүмдө кеч кирген,
Мезгил сүрөп кыйла жерге жеткирген,
Обон салган көңүлүмдүн куржуну
Оң жагына ооп барат, эскирген…
09.01.24
КОТОРМОЛОР
Хайруллах ПАШАЛЫОГЛУ
БАЙЧЕЧЕКЕЙ
Айталбаймын дартымды, арманым көп билгенге,
Кулак салып, сен мени угасыңбы, байчечек?
Туш тарабым тушалды, дарманым жок күлгөнгө,
Мени менен кошо ыйлап турасыңбы, байчечек?
Гүлдөр эстеп жаштыгын, тааныш жыттар искелип,
Тели-теңтуш жазышкан эски каттар бүктөлүп,
Өткөндү эстеп, чет элде кара жанга күч келип
Сагынычтуу бир ырды, созосуңбу байчечек?
Сезимдердин баарысын бир дептерге жазуунун,
Өкүнүчтүү сырыңды дубалдарга катуунун,
Ичиңде эмне бар болсо кайра жуткан ачуунун
Деги кандай болорун билесиңби, байчечек?
Канча түнгө дос болдум, уйкусуз таң атырган
Бул дептерим маанисиз далай сапты батырган.
Жандырмагын таппадым, табышмактын жашынган,
Жообун деги мага таап бересиңби, байчечек?
Айрылуунун азабы кара жанга батканын
Антсе дагы эсиңден дале чыкпай жатканын,
Ачуу менен таттуусу таңдайыңда татканын
Калем менен бүт чийип саласыңбы, байчечек?
Төк жашырбай сен дагы, көөдөнүңө толгонун,
Күйө берсин жүрөгүм, эч кыжаалат болбогун
Арманыңды сен мага айтасыңбы, болгонун
Же өзүмдү шылдыңдап күлөсүңбү, байчечек?
Билем сенин жайыңды, дайым бийик жердесиң.
Ордуң сенин тоолордо, ашуудасың, белдесиң.
Кантип келсем жаныңа, көк тиреген төрдөсүң.
Эңкейип сен колумду кармайсыңбы, байчечек?
Азган-тозгон куу турмуш, азап салдың пендеге.
Азы таттуу, көбү ачуу бечарасың сен деле.
Байчечекей, деги сен чоочуркайсың эмнеге?
Каалгаңды кактым го, ачасыңбы, байчечек?
Көрүп турам көзүңдү, көңүл чөгүп жашыпсың .
Сен да кээде мага окшоп зилдейсиңби, байчечек?
Топурактан чыгыпсың, тоонун бетин тешипсиң,
Өз маалыңдан эрте эле гүлдөйсүңбү, байчечек?
Айттым сага арманым, жетпей жатса дарманың
Кайра жердин алдына качасыңбы, байчечек?
Ичер суум түгөнүп, кетээримде түбөлүк
Мени менен асманга учасыңбы, байчечек?
Сабахаттин АЛИ
ТҮРМӨ ЫРЫ
Башың төмөн шылкыйбасын,
Алдырба көңүл, алдырба.
Ыйлаганың эл туйбасын,
Алдырба көңүл, алдырба.
Тышта толкун жини менен
Жээкти жалайт тили менен.
Алаксытат үнү менен,
Алдырба көңүл, алдырба.
Көк деңиздин өзүн жоктоп,
Көк асманга көзүң токтоп
Деңизге асман турат окшоп
Алдырба көңүл, алдырба.
Ашып чыкса арман-зилиң,
Айт Теңирге, жетер үнүң
Али алдыда, көрөр күнүң
Алдырба көңүл, алдырба.
Ата берип октор бүтөт
Баса берип жолдор бүтөт.
Жаза тарткан күндөр бүтөт
Алдырба көңүл, алдырба.
Ирина САМАРИНА-ЛАБИРИНТ
* * *
Периште мандариндин даамын татып,
Көктө да кымгууту көп, жумуштардын.
Январь декабрдын изин басып,
Жааган кар көркүн ачат булуттардын.
Дасторкон жайып алып жаңы жылда
Бизге алар чың ден соолук тилеп коюп,
Эскерип турат дешет анда-санда
Эсен-соо жүргөнүбүз тирек болуп…
Чымчыктай терезени чертип өтүп,
Каалганы кыйч эттирсе адат менен,
Чочутам дебейт, бирок дилибиздин
Ачкычы колдорунда калат белем…
Көрүнөөр аларга да, жатканыбыз,
Жаш сыгып жарым түндүн боштугуна,
Жан тынчы керек тура, кейисек да
Алардын бул дүйнөдө жоктугуна…
Саат түнкү он экини кагып бүтүп,
Тилектер тунган кезде акылдарга,
Биз билбес ажайып бир суусундукту
Биз үчүн ууртайт көктө жакындар да.
Ал суусун ачкылы жок, жанга жагым
Мандарин жыты келет теребелде….
Жаныбыз жандарында кала берет
Алардын. Бул керемет эмей эмне?
Ал жактан, сөзүн кыйбай жакындардын
Сээп жатты Кудай карды кутка бөлөп…
Кубаныч мелт-калт толгон бокалдарды
Эми алар кезек менен жутса керек…
Ишенем, ал жакта эч ким жалгыз эмес,
Жүрөктөр жанат, ойлоп алда кимди.
Периште чарчаса да жакындарга
Таратып жүрөт дале мандаринди…