“Балдар китеби- 2009” адабий премиясынын лауреаттары аныкталды

22-мартта К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр китепканасында “Балдар китеби- 2009” адабий премиясынын лауреаттары аныкталды. Бул сынак “Азур” басмаканасы тарабынан уюштурулган.

“Кыргызстандын жаңы адабияты” сайты билдиргендей, сынакка бардыгы болуп 113 эмгек келип түшкөн. Авторлордун эң жашы 18де болсо, эң улуусу 82де болгон. Сынакка кыргызстандык гана жарандар катышпастан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Израиль жана АКШдан да катышуучулар болду.

Сынактын демөөрчүсү – “Азур” басылма үйүнүн гендиректору – О.Ю.Прядко-Каныбекова. Жюринин төрагасы – Кыргыз Республикасынын эл акыны, “Байчечекей” журналынын башкы редактору – Т.С.Самудинов, жюринин мүчөлөрү: АУЦАнын ага окутуучусу, “Адабий сын” премиясынын лауреаты Э.А.Прояева, Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги, “Азур” басылмасынын адабий кеңешчиси И.С.Анастасьян, КРнын Жазуучулар кошунун мүчөсү, “Азур” басылмасынын адабий редактору А.А.Узакова, педагогикалык илимдеринин доктору, профессор М.Р.Рахимова.

Жюри эмгектерди (авторлордун ысымдары жашырылган болчу) мурда айтылган шарттар боюнча баллдарды коюу менен баалашкан.

Сынактын жыйынтыктары:

“Проза” (орус тилинде) номинациясында:
1-орун – эч кимге берилген жок;

2-орун – Н.Н.Салтыков,

3-орун: В.Я.Мельников жана Х.Т.Турсунов (Өзбекстан).

“Проза” (кыргыз тилинде) номинациясында:
1-орун – эч кимге берилген жок;

2-орун: Ж.Жапиев жана С.К.Рысбаев,

3-орун — Б.Максутов.

“Поэзия” (орус тилинде) номинациясында:
1-орун – Т.Шапиро (Израиль),

2-орун – М.Костригина,

3-орун – Ю.Балингер.

“Поэзия” (кыргыз тилинде) номинациясында:
1-орун – Ж.Абдылдаев,

2-орун – Б.Асаналиев,

3-орун – Н.М.Ахмедулин,

4-орун – И.Токтогулов.

Жеңүүчүлөрдүн чыгармалары “Азур” басмканасында өзүнчө китеп болуп чыкмакчы.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.