Айгүл Узакова: Ырлар болсо жүрөгүңдүн каалгасын черткилеп өзү келип турат

a_uzakova12Акын Айгүл Узакова Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, “Бийиктик” басмасынын редактору. “Жылдыздуу күз”, “Кеч жарык”, “Түнкү асман”, “Жүрөгүм менен сүйлөшүү” аттуу ыр жыйнактарынын, “Шамал, шамал бузба чачымды”, “Сагынган жазым сага окшош” ж.б көптөгөн обондуу ырлардын автору. Акындын калем кармаганына быйыл 40 жылдан ашуун убакыт өттү. Анын чыгармачылык чыйыры тээ 70-жылдары, күз айында Беганас Сартов жетектеген “Тоо жылдыздары” адабий ийриминен башталган экен. Ырларды дирилдетип жазат. Сезимдерге бүлүк салып жазат. Жүрөктөрдү ойлондуруп жазат.

-Ырларды дирилдетип жазасыз. Саптар сизге кайдан келет. Балким жүрөгүңүздө муң барбы?

-Ыр өзү көкүрөгүңдү тырмалап, жан-дүйнөңдү дүрбөлөңгө салып, кабары менен келмейинче калем кармап отурбайм. Жүрөктө ой бар. Ыр куроонун техникасын өздөштүргөм. Аз жазасың, анда санда бир жазасың деп сындашат. Калем кагаз кармап алып отуруп көрбөймүнбү деп отурсам эч нерсе чыкпайт. Ырлар мага таарынгансып жок болушту. Көкүрөгүмдү, мээмди көзөп саптар өзү жаралат. Ушул мал болот окшойт деп сезип баштаганда калем кармап отурам. Мен ырды көп китеп чыгарайын деп жазбайм. Ырды деген жазбай коё албай турган абалга келгенде жазыш керек. Ырды уйкаштырып том том кылып жаза берсе болот. Бирок мунун кимге кереги бар. Сезимиңди дирилдеткен, акылыңды аңтар-теңтер кылган саптар болуш керек.

-Мезгилдер чыгамачылыгыңызга таасир береби. Кайсы мезгил айрыкча жүрөгүңүзгө жакын?

-Жаш кезде жүрөгүм оттуу кезде айрыкча күз мезгилин жактырчумун. Айрыкча жалбырактар кызыл, сары болуп төгүлгөн, бут алдыда шуудураган октябрь айында чыгармачылык эргүү менен жүрчүмүн. Күзүндө бир ай, бир жарым ай бою тынымсыз жаңы чыгармалар жаралчу. “Шамал шамал бузба чачымды” аттуу таанымал обону бар ырым дагы күз айларында жаралган. Ал учурда азыркыдай чачты жасалгалаган түркүн нерселер жок да. Чачымды күзгү алдына бир топко чейин жасалгалап алып сыртка чыктым. Күзгү шамал келип көз ирмемде жасалгалаган чачымды уйпалап кетет. Кайра оңдосом кайра чачымды дирилдетип учуруп уйпалап кетет. Ошондо ушул “Шамал шамал бузба чачымды” деген алгачкы саптар жаралган. Студенттик кез. Сабагыбыз түшкө маал, саат бирлерде башталчу. Борбор шаарыбыздагы Гоголь көчөсүндө жашачумун. Ошондон улуттук университетке чейин жөө барган күндөр болгон. Жол бою түшкөн жалбырактарга, табигатка суктанып баратып ыр саптарын жаратчумун. Ал учурда көчөлөр азыркыдай ызы-чуу, күрү-күү эмес. Таптаза бак-дарактарга курчанган Фрунзе шаары бар болчу. Айлана тыптынч. Азыркыдай жайнаган дүкөндөр жок. Маданияттуу дүкөндөр, адамдар да башкача сылык-сыпаа эле. Жолду катар жыргап ойлонуп, кыялданып барчусуң. Эми жаш өткөн сайын жылдын ар бир мезгили эле көзүңө сулуу көрүнүп калат экен. Үшүсөм мейли кышыңдан кагылайын жараткан. Ысысам деле жайымдан кагылайын жараткан деп калат экенсиң. Өмүрдүн ар бир күнү, таңдын атканы, күндүн батканы анан дагы кечигип каламбы, тил угуп каламбы деп корунбай жан дүйнөңдүн эркин болгону керемет экен. Карылыка кадам койгондор балким өмүрдүн өтүп жатканына кейишеер. А мен болсо жакында пенсияга чыгып алып, эркиндике жеткениме кубанып жүрөм. Мектеп басмасында окуу китептерин чыгарып, кырк жылдай эмгектендим. Азыр ойлосом бир кабинетте 24 жыл отурупмун. 24-жылдык өмүрүм бир кабинетте камалып отуруп өтүптүр. Азыркыдай эркиндик колумда болгондо жаштыгымдын изи болуп, балким канча ырлар жаралаар эле.

-Азыр да күз келип калбадыбы. Ошол күзгү саптардан окуп берсеңиз?

Дыбыратпа тереземди күзгү жаан
Чуркап чыкчу кездерим алыс калган.
Мезгил деген агызып зор дайрага
Анан…
Мен аны күтпөй калганым качан.

Дыбыратпа эшигимди күзгү жаан.
Дабышыңдан тааныган учур калган
Шарактаган жактардан кайрый албай
Анан…
Жалгыздыка үйүр алганым качан

Дыбыратпа тереземди күзгү жаан
Тамчыларың неге шок тынчыбаган
Тыңшап тыңшап бейоопа дыбырыңды
Анан…
Тынып бүткөн сезимди кымтыланам

Жамыратпа санааларды күзгү жаан
Жаза баскан күндөмүн алда качан
Жан кейиткен ырыңды токтотпосоң
Анда сенден аша көз жашты буркуратам.

-Акындар досуна айтпаган сырын ырына айтат эмеспи. Сиздин сырыңызды айттыра албай отурам. Балким сүйүү ырларыңызды угуп, сырыңызга түшүнөөрбүз?

-Азыр менин тагдырым, сүйүүм баары ошол ырларда эскерилет.

***

Экөөбүздү эч ким айтпайт экөө деп,
Өзүбүз да аны эсепке кошпойбуз.
Бир өмүрдө эки башка жол менен,
Бир сүйүүнү жоктоп өтөт окшойбуз.

Эч ким бизди куттуктабайт гүл берип,
Ак көшөгө тартылбайт мага деле,
Жалкы тагдыр жөнүндө көп жорушар,
Биз тымызын кайылбыз ага деле…

БАЛКИМ БИР КҮН

Мен сени канчалаган ырга салдым
Кечиккен кайран гана махабатым
Кемирип кессе дагы бейпаа күндөр
Кемитпей сен жөнүндө айтып жатым.

Угушту, кеп кылышты анткен сайын
Уу сөздү балдай татып тойлоптурмун
Тагдырым жалкы түшүп баратканын
Сезсем да бир бир коркуп койбоптурмун.

Чыгарбай чын жүрөктөн чыккан үнүн
Чыдадым неге кана жалтаң сүйүүм
Чырагын жандырайын эми күздүн
Чыгынып келип калба балким бир күн…

-Кезинде залкар обончулардын жүрөгүнө сиздин поэзияңыз чок салыптыр?

-Рыспай да менин чыгармаларыма кайрылды. “Сагынган жазым сага окшош”, “Уктатпачы мени жазгы жаан”, “Огөйү болдум сүйүүнүн” деген ырларыма обон жаратты. Ырлар эл жүрөгүнө сиңди. Анда санда радиодон угуп калам. Залкар обончунун көзү өтүп кетип да көп жакшы ырлары көмүскөдө калгансыды. Каныкей Эралиева да бир топ ырларыма обон жаратты. “Жүрөгүм менен сүйлөшүү” деген ырым, бир жолу жүрөк ооругандагы жазылган ыр.

Азыр эмес азыр оорубагын сен
Азабымды тартып бүтө элекмин мен
Айгай салган ушул албуут заманда
Балдарыма али керектирмин мен

Азыр эмес азыр жеңилбегин сен
Жемишиме азыр жетелекмин мен
Орто жолдо болуп калсам оорукчан
Азыр эмес азыр ыйлабагын сен

Арманыды ырдап бүтө элекмин мен
Ай шооласы маңдайымды жаркытып,
Анык бакыт дале күтө элекмин мен
Азыр эмес азыр кыйнабагын сен

Каныкей обон жаратып бул ырды аткарып жүрөт. Каныкей гастролго чыкканда бул ырды апалар суранып угушат экен.

-Эне кургурдун жүрөгү өзгөчө аяр жана санаачыл келет эмеспи. Сиздин дагы бир топ ырларыңыз уулунузга арналыптыр?

– Уулум бүгүн үйгө конбойт өңдөнөт
Жооп келбей телефонум томсорот.
Таксилердин аягы суюлушуп,
чуу коюшуп жок болот.

Эшик төрдөй аралыкты мен басып
Санаам санга оюм онго топтолот.
Өмүр бою күтүү менен келаткан
Жүрөк күйүт, ыза куйуп жок болот.

Кеч болсо да келип калчы каралдым.
Чоң калаанын азгырыгы көп болот.
Чоо-жайыңды баалабаска кабылбай,
Байкай билгин түнкү достор шок болот.
Сенсиз мага таң атканы курусун
Энең жалгыз кирпик какпай жол тосот

-Казак элинин ыр саптары бар эмеспи. “Жакшылар жакшымын деп айталмайды. Жамандар жакшымын деп айгайлады” деп тээ бала кезден эле сиздин поэзияңызды окуп чоңойдук. “Айгүл Узакова” деген атты эчак жасап койгонсуз. Бирок мамлекет сиздердей акындарды таптакыр унутуп койгону өкүндүрөт…

-2008-жылдары басма сөз күнүнө карата Роза Карагулова, Калбүбү Сариева үчөөбүздү документтерди тапшыргыла президенттин ардак грамотасына көрсөтөбүз деп калды. Башка сыйлыктар ал грамотасыз берилбейт экен. Калбүбү баарыбыздыкын алып кеткен. Ал документтер Жазуучулар союзунун босогосунан деле чыкпай каралбай калыптыр. Ал аңгыча Роза эженин көзү өтүп кетти. Роза эже эч бир сыйлык албай өтүп кетти. Мен азыр эми Роза эже албаган сыйлыкты берсе да албайм. Мага таңдын атканы, күндүн батканы, уулум, ден-соолук, анан жергебизде тынччылык болсо эле болду. А ырлар болсо жүрөгүңдүн каалгасын черткилеп өзү келип турат.

Жамиля Нурманбетова, «КАБАР ОРДО», 11.09.13-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.