Баткенден башка дүйнө жүзүндө кездешпеген “Айгүл” гүлү корукка алынат

Баткен облусунун губернатору Маратбек Джумабековдун демилгеси менен «Айгүл» гүлү өскөн тоонун картасы чийилип, корук боло турган жер аянтын аныкталып атайын токтом кабыл алынды. Бул тууралуу Баткен облмамадминистрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган токтомдун негизинде Баткен районунун Кара-Булак айылындагы “Айгүл-таш” тоосунун “Айгүл” гүлү өсүп жаткан жерде  комплекстүү 300 га аянты “Айгүл коругу” болуп түзүлдү.

Бул гүл илимде Рябчик Эдуарда деген  аталыш менен белгилүү болгон гүл, 1978-жылы  СССРдин кызыл китебине киргизилген. Акыркы жылдарда “Айгүл” гүлү кароосуз калып, азайып кетип жаткандыгына байланыштуу аны сактап калуу максатында жалпы коомчулукту “Айгүл” гүлүн коргоону уюштуруу ишин колго алуу боюнча жергиликтүү бийлик  тарабынан  иш аракеттер жасалууда.

Ошондой эле  «Айгүл» гүлүн мамлекеттик корук статусуна көрсөтүү жөнүндө материалдарды карап чыгып, жетишпеген документтерин толуктап “Айгүл” гүлүн мамлекеттик корукка алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө облустук администрациянын сунуш каты жиберилди.

Белгилей кетсек,  жыл сайын апрель айынын орто ченинде “Айгүл” гүлүнүн гүлдөгөн учуру Баткен жергесинде майрам катары белгиленет. Өзүнүн кооздугу менен  ааламга таанылган, дүйнөдө сейрек кездешкен  “Айгүл” гүлү облустун негизинен Баткен районунда, азыраак  Лейлек районунун аймагындагы   жерлерде өсөт.

Zpress.kg” МА, 27.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.