Түштүк Кореядагы Кыргызстандыктар жолугушту

Алыста жүргөндө кусалык менен сагынычты жеңилдетүүгө, тааныштар менен дос-туугандарды көрүп, кыргызча сүйлөп, кыргызча ырдап, деги эле кыргыздар менен баарлашууга шарт түзүп берүүчү 2009-жылдын 21-март “Нооруз” майрамына карата Түштүк Кореяда эмгектенип жана билим алып жаткан Кыргызстандыктардын эң алгачкы жолугушуу кечеси Миргүл Айткулова жетектеген Түштүк Кореядагы “Максат” борбору жана Марат Касыбаев жетектеген Турдалиев Эрнис, Омуралиева Чолпон, Стамбекова Чүрөк, Кадыралиева Гүлзара, Рыскулов Сапарбек, Жанызаков Аман, Макамбаев Мирсеит баш болгон “Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореяда эмгектенип жана билим алып жаткан атуулдарынын коомдук-саясий, маданий-эстетикалык иш-чараларын уюштуруу” комитетинин демилгеси менен уюштурулуп, Түштүк Кореядагы Кыргызстандыктардын тарыхында жаңы бет ачып, алтын тамгалар менен жазылып калаары айныксыз чындык.

Түштүк Кореяда эмгектенип жана билим алып жаткан Кыргызстандыктардын бул биринчи жолугушуу кечеси 21-март Нооруз күнү Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын “Шелковый путь” (Жибек жолу) ресторанында болуп өттү. Жолугушуу кечки саат 20.00дө башталып, кеченин ачылышында кыргыз туусу илинип, кыргыз Гимнин жалпы коноктор менен катышуучулар музыканын коштоосу менен аткарышып, кыргыз атын даңазалап жана кыргыз салтын улап, ак бата менен башталды.

Кечеге Түштүк Кореянын ар кайсыл жерлеринде ар кандай тармактарда эмгектенип жана билим алып жаткан Кыргызстандын атуулдары келип катышышты. Ал эми кеченин коноктору Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы Элчилигинин өкүлдөрү болушту.

Түштүк Кореядагы Кыргызстандыктардын бул жолугушуу кечесине катышууну каалагандардын канчалык көп экендегине карабай, ресторандын көлөмүнө жараша жолугушууга жалпысынан 65-70 гана адам катышуу мүмкүн болду. Жолугушуу кече кызыктуу оюн-зоок, бий, анан албетте улуттук тамак-аш менен жагымдуу музыка коштоп, акырында ар бир катышуучуга эстеликке күтүлбөгөн белектер т.а. “Кыргызстан-Корея Нооруз 2009” деген жазуусу бар ак түстөгү футболка тапшырылды.

Ар бир катышуучу алган билет – чакыруу жана лотереялык күчкө ээ болгондуктан ар бир катышуучу аты-фамилиясы жазылып, лотореянын негизинде түрдүү белектерге ээ болушту.

Кеченин катышуучуларынын баары бул Түштүк Кореядагы Кыргызстандыктардын эң алгачкы жолугушуу кечесине эң жогорку баа беришип, көңүлдөгүдөй эс алып кайтышты.

Сиздерди терең урматтоо менен Касыбаев Марат Джамшитович, Түштүк Корея

«Асман пресс», 26.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.