Китеп текчеңизге өзү чоң, китеби кичинекей

“Чоң куудулдун чөнтөк китеби” деп темасы айтып тургандай чоң куудулубуз Рахман Разыковдун ушундай аталыштагы китеби жарык көрдү. Куудул китебинде биз жашаган коомубуздун күнгөй-тескей көрүнүштөрүн, курч тамсилдер, пародиялар менен чебер чымчыкейге алган. Күлкү коштогон ар кыл темадагы ырлары да окурмандарды кайдыгер калтырбайт. Шайлоо күнү жакындап келатпайбы. Куудулдун ушул темада жазылган бир тамсили бар экен. Окуп койсоңуз, окурман!

“Токойдогу шайлоо”
Сөз эркиндиги деген илдет,
Токойго да жетиптир.
Арстанга баш ийген жаныбарлар,
Оппозицияга жана хоппозицияга
Бөлүнүп кетиптир.
Токойдун ичи бардак,
Бирин-бири кыйнап,
Сакалдуу эчки арак куюп,
Улактары төрдө олтурушат ырдап.
Күйөөсү жок эшек,
Зебрадан боозуп алган.
Арстанга нааразы болгон теке,
Эчкилери менен,
Жолду тосуп алган.
Түлкү эки жактан кабар алып,
Бир күн бийликке,
Бир күн оппозицияга барып.
Бир сөздү экөөнө,
Эки башка айтып,
Ортодо жүрөт бүлүк салып.
Түлкү менен баары эсептешет.
Бул жак тең,
Бул бизге керек дешет.
Анткени анын,
Менчик гезити бар.
Жинине тийсең,
Жазып ийет,
Шерменде кылып кезек-кезек.
Баарынан да үкүгө кыйын болду,
Күндүзү байкуштун көзү көрбөйт.
Же берки ызы-чуу кылгандар,
Пикеттерин токтотуп,
Тынчып өлбөйт.
Айласы кеткен Арстан
Айбанаттардын өкүлдөрүн,
Бүт чакыртып алыстан.
Келгендерге,
Көз кырын таштады,
Сөзүн минтип баштады:
– Ушу кезге чейин токойду,
Жалгыз башкарып келдим эле.
Баардык маселени өзүм чечип,
Кыйынчылыктарды жеңдим эле.
Кээ бирөөлөрдүн айтымында,
Мен “диктатор” имишмин.
Жанагы,
Жаагы тынбаган сагызганды,
Саясий мотив менен,
Аттырып ийипмин.
Анын кантип өлгөнүн,
Баарыңар жакшы билесиңер.
“Сагызган сактыгынан эмес,
Суктугунан өлдү” -деп,
Айтып эле жүрөсүңөр.
Ушундай ушак сөздөргө,
Бүгүндөн баштап “точка” коелу.
Парламенттик шайлоо өткөрүп,
Демократиялык токой бололу.
Ошентип,
Шайлоо болчу күн такталды.
Талапкерлер арыздарын жазып,
Мыйзамдын негизинде катталды.
Айбан да болсо,
Жек-жааттарын издешип,
Шайлоонун,
Шайтан оюну башталды.
Дасторкондор жайылып,
Арак-шарап суудай агылып,
Үгүт иштери жүрүп жатты,
Музыкалар жаңырып.
Жардамга чакырышып,
Алыс-жакынды.
Жолго шагыл төшөлүп,
Асфальт да басылды.
Бүтпөгөн көпүрөлөр бүтүп,
Көчөлөргө жарык тартылды.
Өмүрү суу келбеген
Арыктардын багы ачылды,
Өзгөчө ыкма менен казылды.
Талапкерлердин баары,
Бири-биринен жакшы.
Өмүрүндө бирөөнү
“сиз” дебеген карышкыр:
– Эгерде мени шайласаңыздар,
Сиздер үчүн
Өлүп берем!-деп жатты.
Айбанаттардын көпчүлүгү,
Акчалуу талапкерге ыктады.
Аскада жашап, алысты көргөн,
Бүркүттүн сөзүн эч ким укпады.
Тандалып талапкерлер мыкты,
Шайлоонун,
Жыйынтыгы да чыкты.
Карышкыр, Чычкан, Кашкулак,
Атаандаштарын,
Биринчи турдан эле утту.
“Депутат” деген кыпкызыл,
Мандаттарын алышты.
Салмактуу басып чалкалап,
Парламентке барышты.
Эң кызыгы алар менен,
Чынын айтсам, бир аз жүдөп,
Галстук тагынып,
Байкуш,
Эшек да жүрөт.
Шайлоого чейин эшекти,
Эч ким билчү эмес.
Үйүнө чакырса дагы,
Конокко бирөө кирчү эмес.
Эми болсо минтип,
Көзүнө көз-айнек тартып.
Парламентте отурат,
Арстанга акыл айтып.
Анткени эшек шайлоого,
Чоң даярдык менен барыптыр.
Айбандардын добуштарын,
Акчага эле сатып алыптыр.
Көрсө ал,
Байкуш эмес тура.
Ишенбесең элден башкалардан сура…
Анткени эшек,
Наркотик ташып жүргөн экен,
Акча тапса эле
Депутат болоорун билген экен.
Тамсилден жыйынтык
чыгарып,
Эшекти шылдыңдап күлбө-гүлө.
Акча тапкан эле адамды,
Акылдуу деп билбегиле.

«Асман пресс», 26.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.