Урр-е-е! “Тунгуч” театры, Сакиш, Гүкүш, Бопуш сахнада өлө бооруңду эзет!

“Биздин үйдөгү чайлашуу” рубрикабыздын бул жолку меймандары – КРнын эмгек сиңирген артистти Асылбек Өзүбеков жана жаштар театрынын артисттери Гүлмира Турсунбаева (Гүкүш), Марат Жанталиев (Бопуш). Таланттуу адамдар менен чай үстүндө театр тагдыры, жай турмуш, бүгүнкү күндөгү кризистин таасири жана башкалар тууралуу баарлаштык.

Асылбек Өзүбеков: – “Тунгуч” менен аралашып, көп жылдан бери сахнада бирге иштешип жүргөн кесиптештерибиз биздин “Күлкүлятор” теледолбоорубузда активдүү катышып, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан Гүлмира менен Марат. Экөөнү эл тамаша дүйнөсүнөн көп тааныйт. Турмушта өзгөрүүлөр болгондуктан Гүлмира менен Марат драма жактан өздөрүнүн өнөрлөрүн толугу менен көрүүчүлөргө тартуулай албагандарына армандашат. Ошентсе да жакшы спектаклдерде ойноп, мыкты режиссерлор менен иштешип калышты. Бирок өтө аз иштешкени өкүнүчтүү. Концерт дүйнөсүндө,тамаша дүйнөсүндө экөөнүн тең орду бар, элге күлкү тартуулап, эс алдырып келишет.

– Марат мырза, алгач чыгармачылык ишиңиз кайсы жерде башталды эле?
Марат Жанталиев: – Окууну бүтүп келгенде эле азыркы Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” кино студиясына ишке кирип, ошол жерде эмгектендим. Кийин заманга байланыштуу кыргыз кинолору тартылбай калды. Ошондуктан иш жакшы болбой калган кезде жаштар театрында иштеп калгам. Учурда да аталган театрда эмгектенип, балдар үчүн спектаклдерди коюп жүрөбүз.
А. Ө: – Жакында эле Төлөмүш Океев тарткан “Ак илбирстин тукумдары” тасмасын көргөзбөдүбү. Ошондо бир жакшы ролу бар.
М. Ж: – Саяк деген баланын ролун аткаргам. Эң алгачкы ролум ушул болгон. Институтту бүтүп келгенде эле “Кожожашты” тартып, мага Саяктын образын беришкен.

– Кыргыз сериалдарында ар кандай образдарды жаратып жүрөсүз. Алардын ичинен “24 саат бою” сериалындагы милициянын ролун кантип аткарып калгансыз?
М. Ж: – Бул сериалдын режиссеру Мурат Мамбетов “ушул ролго сен жарайсың. Сенден башка эч кимди көрбөй атам” деди. Ал милиционер майор экен, тентек кылган үчүн чинин алып, капитан болуп калыптыр. Анан бир уурулукту ачыш керек болуп, айылга бомж болуп барат. Уурунун кылмышын ачкандыктан кайра майор наамын алат. Бул ролду аткаргандан кийин мени тамашалап кесиптештерим “ай, бул дайыма эле жиндилердин ролун аткарып көнүп калган” деп күлүп калышты. Себеби “Айыл өкмөтү” фильминде да көчөдө турган жиндинин образын жараткам да.
Гүлмира Турсунбаева: – Негизи жиндини, масты ойнош абдан кыйын. Биз да өтө кыйын ролдорду Маратка беребиз.

– “Күлкүлятордо” айылдагы ушак, болуп аткан иштерди элге таркаткан Шуулдактын ролун мыкты аткаргансыз. Турмушта ушакка кандайсыз?
Г. Т: – Ушакка аябай жакынмын. (күлүштү) Бир театрдагы болуп аткан нерселерди экинчи театрга жеткирип бармайым бар. Бул деген роль да. Турмуштан алынган көрүнүштөрдөн улам ушундай образ жаралды. Мен бул ролду аткарып калганда инимдин теңтуштары келип, “жеңеме абдан окшошсуз” деп калышты. Муну менен биз айылдагы ушундай ушакка кызыккан, жаңылыктарды куру калтырбаган аялдын образын ачып бергенбиз. Аялдар негизи эле бир нерсеге кызыкпай койбойбуз го. Ошондуктан кээде ушак айткан учурлар болот.
А. Ө: – Биз ушул “Күлкүляторду” баштаганда айылдагы нукура карапайым кыргыз элинин ичиндеги өзгөчө бир кызык көрүнүштөрдү чагылдырууну эске алганбыз. Булар жаман адамдар эмес. Анын арасында эшекчен чал, лото чал, кемпири, сүт саткан аял, аракеч, деги койчу барысы бар.

– Алдыда “Тунгуч” театры концерт берген атпайбы. Сахнада ошол “Күлкүлятордогу” күлкүлүү окуялар коюлабы?
А. Ө: – Өткөн жылы Мелис Эшимкановдун талабы менен “Күлкүляторду” улуттук теле каналдан жасабадыкпы. Мунун максаты жумуштан чарчап келген эл үйүндө эс алып, биздин тамашаларды көрсө, концерт көрсө дегенбиз. Бир жылдын ичинде жыйырма сериадан ашык тартып, элге көрсөттүк. Телевидение да буга жакшы шарттарды түзүп беришти. Биз да кайрадан элге, көрүүчүлөргө жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүп берген үчүн Мелис мырзага ыраазычылык билдиребиз. Тилекке каршы бул жылдын башында каражат маселесинин арты менен ишибизди уланта албай калдык. Ойлонуп олтуруп, чыкпай калган ошол кызыктуу көрсөтүүлөрдү сахнадан кайра көрсөтүү мүмкүнчүлүгүбүздү жокко чыгарбайлы деп, цирк имаратында концерт койгону турабыз. Азыр репетициялар башталды, жакында элге тартуулайбыз. Концерттин сценарийин айтуунун кажети жок. “Миң уккандан бир көргөн артык” дегендей көрүүчүлөр арманда калбайт.

– Марат мырза сиз кинодо болобу, сахнада болобу ар кандай образдарды аткарып келесиз. Ал эми турмуштагы образыңыз кандай?
М. Ж: – Жеке турмушумда мен өтө олуттуу мүнөздөгү адаммын. Жоош, унчукпайм. Ал эми сахнада ар кандай болот да. Мисалы, “Муса кожо” деген спектаклде 15 жашар баланын образын жаратып, эртеси кайра “Мүрөктүн суусу” спектаклинде 75 жаштагы чалдын ролун ойногом. Чыгармачылыктагы образдар ар кандай.
Г. Т: – Чынында Мараттын турмушундагы кулк мүнөзүнө элдер таң калат. Сахнада күлдүргөнү менен Күмөндөрдөй болуп турмушунда да элдер “күлдүрүп койчу” десе күлдүрө албайт.
М. Ж: – Негизги кесибим актер. Мелодраманы да, трагедияны да аткарам. Бирок турмушта унчукпайм.
А. Ө: – Деги үйдө аялың менен сүйлөшөсүңбү?
М. Ж: – Кээде сүйлөшүп калам.

– Эс алуу учурунда эмне менен алектенесиздер? Кай жерге барганды жактырасыздар?
М. Ж: – Мен бош болуп калсам үйдө телевизор көрүп жатканды жакшы көрөм.
Г. Т: – Бетине маска койгондорду карап жата берет. Анан Сакиш экөөбүзгө келип, “ай, элдер ушундай маска коет экен” деп айтып келет. Биз да мунун айтканын жасап, карыбай жаш бойдон жүрбөйбүзбү.

– Телевизор көргөндө кандай берүүлөргө кызыгасыз?
М. Ж: – Жаныбарлар дүйнөсүн көргөндү жакшы көрөм. Кээде саясий жаңылыктарды карайсың.
Г. Т: – Кыргыздар эс алат десе кир
жууп, үй жыйнап, көр турмуштун азабы менен алек болот эмеспизби. Андан сырткары кээде аяштарыбыз менен тоого чыгып, жаратылышка эс алабыз. Отпускага тараганда Нарынга ата-энемдикине кетип калам. Эс алуу учурлары ар кандай жагдайда өтөт.
М. Ж: – Биздики отпуска учурунда гастролдоп кетмей да. Жайкысын сөзсүз көлгө кетебиз. Иштеп, эс алып да келебиз.

– Гастрол учурунда эсте каларлык кандай кызыктуу окуяларга туш болдуңуздар эле?
М. Ж: – Өткөндө 8-мартта Сакиш менен Гүлмира Караколго гастролго барып, 15 мүнөт аткарчу интермедияны 45 мүнөткө узартышпадыбы. Ушунчалык илхамы келип, ачылып аткарышты десең. Аябай эсте каларлык кылып келишти.
Г. Т: – Өзүбүздүн майрамыбызда өзүбүзгө белек кылбадыкпы. Сахнаны сагынып калыптырбыз да.
А. Ө: – Бир чети сахнада илхам келгенде жакшы. Айтайын деген оюңду кенен чагылдырасың, фантазияң күчөйт, партнеруң менен элди күлдүрүп, сөздөр биринин аркасынан бири келип турат. Болгон тексти жаттап айтканга чектелгенден көрө бул нерсе жакшы да.

– Иш учурунда болобу же тамашалаппы, айтор бири-бириңиздерге кличка коюп калган учурлар болобу.? Мисалы кимдин кличкасы кандай?
М. Ж: – Гүлмираны “Шоха” дейбиз. Келиндер козголоңунда шоханын ролун аткарбады беле. Ошондон кийин эле шоха деп калганбыз. Мени болсо Бопуш деп эле айтышат.
Г. Т: – Эмнеге, сенин деле кличкаң бар. Сакиш экөөбүз сени “Бистек” деп коебуз.

– Чогуу иштеп атканда бири-бириңерге сын айтып, катуу урушуп көрдүңөр беле?
М. Ж: – Иш учурунда нааразылашкан жагдайлар албетте болот, бирок өтө эле кыйкырышып, бет карашпай урушуп көргөн эмеспиз.
Г. Т: – Турмушубузда урушуп көрбөптүрбүз. Марат айткандай иш маалында сын айтышып, же кечигип калсак бири-бирибизди тилдеп калабыз. Чыгармачылыкта гана кер-мур айтышканыбыз болбосо жашоодо мамилебиз жакшы.

– Бири-бириңиздердин жакшылык жамандыгыңыздар болгондо дос катары катышып, алышып-беришесиздерби?
Г. Т: – Туулган күндөрдү куру калтырбай барышып, келишип калабыз. Көптөн бери Бопуш үйүнө конокко чакыра элек. Бул чакырбаса мен эмнеге чакырам деп, быйыл мен да муну чакырбай койдум. Тамаша. Жаш кезекте аябай барышып келишип турчубуз. Анан жаш өткөн сайын андай шаан-шөкөттөн бир аз оолактап калат экенсиң.
(Уландысы бар)

Бурул МУСАБЕКОВА, «Айат», 26.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.