Кинонун кыйноосун тарткандар

“Арманым-Лира”
Кино режиссер Темир Бирназаров апрель айынын башында Москвага сапар алат. Себеби Темир мырзанын “Белгисиз маршрут” фильми Россиянын “Ника” кино сыйлыгына көрсөтүлгөн. Аны менен бирге казактардын “Кош, Гүлсара”, “Сталинге белек”, украинанын “Бейиш канаттуулары” жана эстониянын “Күзгү бал” фильмдеринен алдыга озунуп чыгабы жокпу, сыйлыкты тапшыруу салтанатында белгилүү болот. Ал эми Темир Бирназаров учурда жаңы тасма тартууга камынып жүрөт.
– Бул “Арманым Лира” (“Вечная невеста”) тасмасын тартууга белгилүү ишкер Эмир Сарпашев колдоо көрсөтүп атат. Сценарийдин мазмуну өлкөбүздөгү жаштардын проблемасын көтөрүүгө арналган. Ал жерде мораль, сүйүү, ажырашуу жана башка көрүнүштөр ачылып берилет. Азырынча тартуу иши баштала элек. Ушул тапта актерлорду тандоо жүрүп атат. Буюрса жакын арада фильмди тартууга киришебиз.

– Бул тасманын сценарийи Чынгыз Айтматовдун “Тоолор ураганда” чыгармасынын негизинде жазылган деп айтышууда?
– Жок. “Арманым Лира” фильминин сценарийи таптакыр башка. Чынгыз Айтматовдун сиз айткан чыгармасына эч кандай тиешеси жок. Сценарийде азыркы таптагы жакырчылык, финансылык кризистин айынан материалдык нук издөө, адамдардагы тыкандык, жан дүйнө алсыздыгы жаштарга кандай таасир берет, эмне менен аяктайт, ушул жөнүндө айтылат. Муну менен мен биздин турмушубуздун бир учурун, биз эмне менен жашап атабыз, кандай байлыгыбыз бар, кайда баратабыз, ушуну көрсөткүм келди. Мындай түшүнүксүз бүдөмүк суроолордон чыгуу үчүн башка жагдай табылаар, бирок менин тасмам сүйүүнүн курмандыгы менен чечилет.

– “Белгисиз маршрутта” финал үмүт, тилек менен аяктайт эмеспи. Бул тасма тескерисинче кайгы менен бүтөт турбайбы?…
– Мунун себеби, мен оорулуу адам менен сүйлөшкөндө “эгер сен доктурга барбай, ооруңду айыктырбасаң сен өлөсүң. Өлгөндө да кыйналып өлөсүң” деп келечеги тууралуу айтам. Ал ушундай пикирден кийин ойлонот, айыкканга аракет кылат. Эгер “эч кандай коркунуч жок, өлсөң деле эч нерсе болбойт, барысы жакшы” десем акыры эмне болот? Ошондуктан мен бул тасма аркылуу жаштарга эскертүү берип атам. Жакшы жашоого мүмкүнчүлүк бар деген кеп да.

Назымдан наздуу тасма
Кыргыз драм театрынын белсемдүү актеру, “Дем” тамаша театрынын негиздөөчүлөрүнүн бири Назым Мендебаиров кино сүйүүчүлөрүнө азыркы турмуштун өзөгүн чагылдырган жаңы тасма тартуу кылат. Учурда сценарийин жазып аткан кези. Өткөн жылы “Достор” фильмин элге тартуулагандан кийин, атанын кечиримдүү жүрөгү тууралуу жаңы тасма тартканы даярданып атканын айткан. Азыр ал даяр сценарийди экинчи планга таштап, таптакыр башкача кино жаратууну көздөп жүрөт. Жасаган ишти алдынала жар салууну каалабаган режиссер тартылуу жүрө баштаганда “Айат пресс” гезитинин окурмандары менен жаңы фильмдин өзөгү, катышуучулары тууралуу ой бөлүшөт. Ага чейин ишине ийгилик тилейли.

Сүйүү, жалгыздык, өмүр, өлүм айкалышы
Кыргызстанда башка мамлекет менен биргеликте тартылган бир канча фильм аягына чыгарылды. Бул Россия-Кыргызстан кино режиссерлору биргеликте тарткан тасмалардын бет ачары 31-мартта кино үйүндө “Айтыш фильм” киностудиясы тарабынан өткөрүлөт. “Аян”, “Карусель”, “Струна” жана “Форс-мажор” фильмдери бири-биринен тили, темасы, идеясы жана табити жагынан бир кыйла айырмаланып турат.

“Аян” тасмасында жаңы чыккан жаш ырчы эмне үчүн мен манасчы болушум керек деген суроого жооп издеп, эстрадада өзүнүн талантын көрсөтүп, атактуу болот. Режиссеру Садык Шер-Нияз. Башкы каармандын образын ырчы Сьездбек Искеналиев ойнойт.

Ал эми “Карусель” фильми адамдын күнүмдүк турмушунун кыйынчылыгынын айынан жүзүндөгү нуру, жүрөктө сүйүүсү жок экенин, бири-бирине болгон салкын мамилесин сүрөттөйт. Бирок ошол жумшактык, алсыздык образынын артында бүтпөс сүйүү жана күч бар экенин айгинелеп көрсөтөт. Тасманын режиссерлору Ю. Чирковский жана В. Шахкельдияна-Захаряна

“Струна” тасмасынын режиссеру Марина Ильина. Бул тасма шаңга, аркандай кызыктарга толгон шаар турмушун чагылдырат. Андагы адамдардын сүйүүсү, жалгыздыгы, камкордугу, келечек жашоого болгон умтулуусунун барысы бар. Ушул нерселерди ажыратпай толуктап турган адамдардын жакын алакасы берилген.

Адамдагы өзүнө-өзү ишенүү, байлык, коомдогу орду, бийлик жана ийгилик эмне экенин билген образ “Форс-мажор” фильминдеги башкы каарманга таандык. Бул образды белгилүү актер Акылбек Мураталиев аткарат. Ал өзү жалгыз ажал менен арбашып калган учурда бул жашоодо эмне кылганы, кандай катачылык жасаганы тууралуу ойлонуп, бушайман болот. Режиссеру Садык Шер-Нияз.
Мына ушул тасмалардын терең мазмундарына бет ачарында күбө боло аласыздар.

Сүйүүгө кабылган ууру
Кино режиссер Эрнест Абдыжапаров кино сүйүүчүлөрү үчүн дагы бир мыкты фильм тартып бүттү. Аталышы “Влюбленный вор”. Учурда монтаждоо иштери аяктады. Апрель айынын башы менен бет ачары болуп, экрандан көрсөтүлөт. Башкы ролдордо: Барчын – Элина Абай кызы, Дамир – Кубанычбек Адылов. Бул тасма көрүүчүлөрдү жашоого, өлүмгө, күнөөгө жана жазаланууга башкача көз караш менен кароого тарбиялайт. Фильмдин негизги өзөгүн алдын ала айтпай туралы. Жакында бет ачарынан кызыктуу окуяга баштан аяк күбө болосуздар.

Актан мырза казактарга кеттиби?
“Маймыл”, “Бешкемпир” тасмаларынын автору Актан Арым Кубат учурда Казакстанда казак кино режиссерлору менен бирдикте жаңы тасма тартуу менен алек. Кыргыз жергесине качан кайтып келери белгисиз.

Күттүргөн “Бешик”
Кыргыз фильм киностудиясынын жетекчиси, режиссер Бакыт Карагуловдун “Бешик” тасмасы май айынын башында элге көрсөтүлөт. Азыр монтаждоо бүтүп, бет ачаарына даярдануу иштери жүрүп жатат. Эске салсак “Бешик” тасмасы айылдагы чабандын турмушун, башкарманын караөзгөйлүгүн, жалган жалаа, абактагы ачуу турмуш жана жоготуу тууралуу баяндайт. Башкы каармандардын образдарын кыргыз эл артистти Муканбет Токтобаев, Акылбек Абдыкалыков, Бакыт Мукулдар аткарышат. Тасма болгон окуянын негизинде тартылган.

– Бакыт мырза, “Бешик” фильмиңиздин бет ачары апрель айынын башында болот дедиңиз эле эмнеге майга жылдырып койдуңуз?
– Буюрса бул тасманын керектүү нерселеринин барысы бар. Монтаждалып бүттү. Апрель айына бет ачарын жасасакпы дегенбиз, бирок убакыт саатын болжолдоп туруп, май айына жылдырдык. Көрүүчүлөргө чыгарууга эч кандай тоскоолдук жок.

Бурул МУСАБЕКОВА, «Айат», 26.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.