Новосибирскиде Кыргызстандын маданий-соода үйү курулат

Кыргызстан менен Россиянын Новосибирск шаарынын мэриясынын ортосунда Кыргызстандын маданий-соода үйүн куруу жөнүндө макулдашууга жетишилди. Бул жөнүндө Жогорку Кеңештеги “Ак-Жол” фракциясынын жетекчиси Улугбек Ормонов билдирди. Анын сөзү боюнча Новосибирскинин мэри курулушка 1 гектар өлчөмүндө жер участкасын бөлүүгө уруксат берген, бирок келечектеги соода үйүн куруучу жер ушул жылдын майына чейин чечилмекчи. Курулушту 2 жылдын ичинде аяктоо пландаштырылууда.

«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.