Жаӊы мүмкүнчүлүк: Сиздинатыӊыз.mp

Интернетте дагы бир жаӊы кызыктуу мүмкүнчүлүк түзүлүп, ар бир адамдын өзүнүн интернет сайтын биринчи домендин деӊгээлинде алууга жетише ала турган болду. Анан дагы бул кызмат толук бекер.

www.mi4u.mp – бул менин жаӊы түзгөн вебсайтым. Ал жакта менин интернете керектүү бүттүк байланыш маалыматтарым бар. Андан тышкары, менин блогдорумдан түшкөн бардык маалымат ал сайтка чыгып, менин досторума, окурмандарыма мен жөнүндө маалыматты окуу үчүӊ жакшы ыӊгай түзүлдү.

Бул веббаракча www.chi.mp аттуу вебресурстун мүмкүнчүлүгү аркылуу жаралды. Сиз дагы өзүӊүзгө, маселен www.marlen.mp же www.aijan.mp дегендерге окшогон баракчаларды түзүп алсаӊыздар болот.

Эгерде сиз өзүӊүзгө сайт ачсаӊыз, бул жерге пикир катары шилтеме калтырып койсоӊуз абдан ыраазы боломун 🙂

http://kg.kyrgyzstan.neweurasia.net, 05.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.