Алтайлык Мукан Мойноков: «Кыргыз-Алтай ынтымагын түзгүбүз келет»

– Кандайча алтайлык болуп калгансыз?
– Өзүм Көлдүн Жети- Өгүзүнөн болом. Кесибим – эсепчи. Турмуш-шартка байланыштуу Алтайга 2004-жылы бардым. Ошондон бери эле карапайым калк менен иштешип, ал жерде жүргөн элди, кыргыздарды бириктирели деген ойдо, жергиликтүү бийлик менен бирге иштешип келебиз. Учурда алтайлык кыргыздар менен кеңешип, депутаттар менен сүйлөшүп, алардын да сунушун эске алып, Кыргыз-Алтай достук коомун ачалы деп аракет кылып жатабыз. Бул багытта жогорку органдарга кайрылдык, буюрса, жыйын-тык жакшы чыгат деген ойдомун.

– Кыргызстанга ошол маселе менен келсеңиз керек?
– Ооба. Алтай – өзүбүздөн тарыхый мекенибиз, муну тереңдеп карасак, VIII кылымдын орто ченинде Манас Алтайда олтурукташып жашаган экен. Калмактар кол салганда алар экиге бөлүнүп, жарымы Таласты көздөй ооп, Алтайда калганы өзүнчө эл болуп, өз оокатына өзү тың жакшы жашап кетет. Дагы тарых булактарына таянсак, мындан 300000 (үч жүз миң) жыл мурун Алтайда 1 жарым миллион кыргыз болгон экен. Жуңгарлар басып кирип, Алтай эли сакталып калыш үчүн качып, бүт дүйнөгө тараган дейт.

– Бүгүнкү күндө Алтайда канча уруу кыргыз бар?
– Азыркы убакта он беш уруу жашайт, ошонун сегизи кыргыз: кыпчак, дөөлөс, мундуз, найман, төлөй, кыргыз ж.б. Так санын эсептеш кыйын. Алтайда жалпысынан алганда 67 миң (алтымыш жети миң) адам жашайт.

Алтайлыктар кыргыз экенине сыймыктанып жашашабы, же..?
– Эми, эң башкысы, элдин улуттук маданияты, менталитети сакталып калган. Жарандар дээрлик билимдүү. Алтайча,орусча окушат, бирок, өз эне тилдеринде сүйлөшөт.

– Кыргыз мектептери барбы?
– Алтай мектептери бар, азыр “улуттук” сыяктуу көп маселелер көтөрүлүп жайпайбы. “Алтай тилинде тилди кеңейтели, өнүктүрөлү” деген маселелер бар.

– Кыргыздын салт-санаасы, үрп-адаты сакталып калган дедиңизби?
– Биздин салттар, Кыргызстанда дегеним, бир топ эле өзгөрсө керек. Алтайлыктар азыр да тоо-ташка, сууга сыйынат дегендей, бирок, кадимки кыргызча. Көөнө эски сөздөр сакталып калган. Эң негизгиси, улут сакталып калган. Аларга XIX кылымда аябай катуу кысым көрсөтүүлөр болгон экен, ошондон улам, айла жок “ов”, “овага” өтүшүптүр: “Мундузов, Дөөлөсов” деп.

Айрымдары таптакыр эле орусча ысым коюп алышыптыр. Өңү кыргыз, бирок фамилиясы: “Иван Васильев” сыяктуу. Азыр эми аттарын кайра: Зарыл, Таалай деп коюп жатышат. Анан да ар бир уруунун өзүнчө жайсаңы бар экен, ал да жоюлуп кетип, эми алар кайра пайда болду.

– Эмне үчүн Жайсаң? Биздин түшүнүгүбүздө бул жеке, тарыхый инсандын аты эмеспи?
– Жайсаң аларда – эл башчысы деген сөз. Коомдук кызматкерди ошентип аташат. Эл ичинде аброю, кадыр-баркы өтө чоң. Айлык алышпайт, бирок, эли ушунчалык сыйлап-урматташат.

Алтайлык кыргыздарда да коррупция барбы?
– Коррупция кайда гана жок? Акча көп жерде коррупция сөзсүз болот. Мисалы, биздин коррупцияга караганда Алтайдыкы оорураак болсо керек.

– Демек, бизге караганда байыраак турушабы?
– Ооба, бизге караганда бай турушат. Негизинен мал менен эле алектенишет. Билимдүүлөр деле бар, университеттер бар, мугалимдер, врачтар бар. Бирок, жана айтпадымбы, Алтай – ырыстуу жер. Жылына 1,5 миллион турист келет. Алардан көп киреше түшөт. Андан сырткары мал багышат, жер айдашат. Жери деле бизге окшош. Негизинен жери тоо-токойлуу, ырыстуу жер. Жер – кенен, эл – аз.

– Кышкысын суукпу?
– Суук деп айтыш кыйын, бизде 35 градус суукка эл чыдабайт го. Ал жакта жүрө беришет. 20 градус суукта костюм-шым менен көчөгө басышат. Көнүп калышкан.
Россиянын курамында болгондон кийин техника да күчтүү. Кыргызстанга салыштырмалуу пенсия, айлык-акы үч-төрт эсе жогору. Ооруканаларда кененчилик, кары-картаңдарга жардам күчтүү.

Аябай жакшы экен. Боордошторубуз бул жактык кыргыздар жөнүндө кандай пикирде?
– Кыргыздар жөнүндө аябай жакшы пикирде. Бирок байыркы бабаларга: “Бизди эмнеге таштап кетишет, биз деле чогуу көчүрүп кетишсе болмок”, – деген карапайым элдин таарынычы бар.

Эми деле көчүп келүүгө кеч эмес го?
– Эми отурукташып калганда кайдан? Анын үстүнө Кыргызстанда эл жыш экенин билишет.
Бул жакка келип жогорку билим алган жаштар барбы?
– Кыргызстанда жашаган алтайлыктар да бар, жылына бир топ балдар келип окуп кетишет.

Бизден алып кеткен дипломдор аякта кандай мааниге ээ?
– Кайра бир сыйра курстардан окушат. Бул жактан мединститутту окуп кеткен адистер, бара-бара кесипкөй врачка айланышкан. Кафе-ресторан ачып, бутунан турган бизнесмендер мындан көп.

– Эли маданият жагында кандай?
– Кыргызга эле окшош, комуз, ооз комуз чертишет, обон чыгарышат, ыр жазышат, ырларды созолонто ырдашат, айырмасы аз, сөздөрүнөн гана айырмаланбаса. Ооз комузга көбүрөөк басым жасашат.

Кыргыз деген сөздү баалаган эл да, акындар жок эмес чыгаар. Китеп чыгарууга мүмкүнчүлүк кандай?
– Эми дүйнөнүн баары өз каражатынан чыгарат. Албетте, акчаң болсо болот. Өкмөттүк колдоо да бар дегендей.

Текшерип, кысым көрсөтүү жокпу?
– Акын-жазуучулар менен көп эле сүйлөшөм, андайды укканым жок.

Анан сиз Алтайлык кыргыздардан өкүл катары келип атасыз да? Эмне үчүн кызматташууга Таласты тандадыңыздар?
– Жогоруда айтылгандай, ал жакта: “Манас Алтайда жашап жүрүп Таласка келген”, – деген түшүнүк бар. Ошол себептен.

– Муну жетекчилер кандай колдоп жатышат?
– Башында бул демилгени депутаттар да колдоп, Москвага чейин жеткиргенбиз. Убагында ыраматылык Ч.Айтматовго кайрылганбыз. Буюрса, Таластын губернатору Президент Курманбек Бакиев менен кеңешип, биздин сунушубузду билдирет деген ойдобуз.

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.