Улукбектин санжырасы (1)

Улукбек 1394-жылы 22-мартта Самаркандда төрөлүп, 15 жашында Самарканддын башкаруучусу болуп дайындалган. 1447-жылы Тимуриддердин династиясынын башчысы болгон. 1449-жылы 27-октябрда ордо чагымы менен уулунун колунан шейит кеткен. Дүйнө илим ааламында эң көрүнүктүү астроном, математик, агартуучу катары өз орду бар.
Мырза Улукбек “Төрт улус тарыхы”
(30-31-беттердеги маалыматтардын котормосу)

 

Нух пайгамбардын балдары

Хам уктап жаткан атасынын авраты (уяттуу жери) ачылып калганын көрүп каткырып күлүп жиберет. Анын бул кылыгына Сам ыңгайсызданып, атасынын авратын (уяттуу жерин) жаап, кечирим сураш үчүн ынтылат. Ал эми Яфас Хамдын бей адеп кылыгына ачууланып, ага атырылат. Хам да тим калбай Яфаска кол көтөргөндө экөөнүн ызы-чуусунан атасы азирети Нух пайгамбар ойгонуп кетип караса Хам менен Яфас кармашып, Яфас үстөмөндөп жатыптыр. Самдан алардын жаңжалы эмнеден чыкканын сураганда уялып жооп бере албайт. Балдарынын жаңжалы кантип чыкканын сураштырып билген Нух пайгамбар Самга : ” Алла таала Сенин перзенттериңди илимдүү, такыба жана олуяларга айлантсын!”, Хамга: “Жараткан сенин тукумдарыңан караларды жаратсын”, ал эми Яфаска: “Кудай Сенин жана перзенттериңдин адамдык бийик сапатыңарды арттырып, ардактуу, кадырлуу абийир берип, тукумуңду өзүңүн жолуңу жолдогондордон кылсын.” деп бата кылат.

Тарых айдыңында көпчүлүгү жогорудагы накылдын таасирин жоготуунун аракетин жасоого тырышып, Хам тууралуу кылынган дубаны башкача түшүндүрүүгө аракет жасашат: Болсо болгондур. Ар кандай тагдырда бул үч ага ини ар бири өз тиричилигин жасашып, атасынын дубасынан жана жараткан насип эткен ырыскыларын издеп үчкө бөлүнүп кетишкен.

Азирети Нух пайгамбар буудай ыраң, өзгөчө мээримдүү, шадылуу, көзү бакыракай, кабагы бийик, карылуу, айрым учурларда ашкере каардуу жана ачуулуу болгон.

Топон башталаардан хижратка чейин 3984-жыл өткөн дешет.(1)

Хамдын “Жахоннама” маалыматында Абурайхан жана анын шакирттеринин тактагандыгына караганда Топон башталган жумадан хижраттын бейшембисине чейин 3725 жыл 348 күн өткөнү эсептелген.(2)

Аловиддин ибн аш-Шотир Димошкий өзүнүн “Китоби нузхатун-назир” деген эмгегинде Топондун башталышын бейшемби күн деп белгилеген. Топон башталган бейшембиден хижраттын бейшембисине чейин 3725 жыл 350 күн. Бул жылдардын күндөрү 13 лак ( жүз миң) 59975 күн болот.(3)

Убакыт учкан куштай. Бир катар аалымдардын жазганына караганда Адам алейхиссаламдын жерге түшкөнүнөн Нух пайгамбардын Топон суусуна чейин 2242 жыл өткөн деп айтылат. (4)

“Жохонноро” китебинин ээсинин жазганына караганда бул аралык 2200 жыл.(5)

Айрымдар Заххакты ушул доордо жашап өткөн дешет.(6) Бул туура эместир. Эмнеге дегенде ишенимдүү тарых китептеринде Заххакты Мархасп ибн Тоз ибн Арам ибн Сам ибн Нух алейхиссаламдын уулу деп жазган. Заххок Нух алейхиссаламдын кылымына жакын деген маалымат талаштуу маселе. Себеби, Нух алейхиссалам бул ааламдан өткөндө ал кишиден үч уулдан башка тукум калган эмес.

 

Түшүндүрмө

1. Топон суу башталаардан бүгүнкү күнгө чейин тактап эсептегенде 3984+1428=5412 жыл болот экен.

2. “Жаханнама” эмгегинин өзөгүндө турган жыл санак боюнча алганда азыркы күнгө чейин 3725,348күн+1428= 5153 жыл 348 күнгө туура келет.

3. “Китоби нузхатун-назир” деген эмгектеги тактоо боюнча топон башталгандан хижраттын бейшембисине чейин 1миллион 359миң 975 күн эсеби чыкты. Ал эми топондон бүгүнкүгө чейинки жалпы 3725,350+1428= 5153 жыл 350 күн жыл арымы такталаар.

4. Айрым аалымдардын белгилөөсүндө Адам атадан бүгүнкүгө чейин 5412+2242=7654 жыл болоору божомолдонот.

5. “Жохонноро” эмгегинде жазылган кабар боюнча 5412+2200=7612 жыл болгондой.

6. Е.М. Мелетинскийдин жетекчилигинде “Советская энциклопедия” басмасынан 1990-жылы чыгарылган “Мифологиялык сөздүктүн” 672-бетинде ” Заххак–Иран мифологиясында учураган Иран падышаларынан такты тартып алып, падышаларды өлтүргөн чет жердик душмандардын падышасы.”-деп берилет.
Котормочудан: Жогорудагы Улукбек мырзанын эмгеги балким кыргыз окурмандарына тааныш эместир. Биз, ошондуктан мүмкүнчүлүктүн жетишинче өзүбүз зарыл деп эсептеген санжыра башатынан бир үзүм маалыматты маанисин бузбай назарыңыздарга сунуштоону туура көрдүк. Кудай буйруса, тарых айдыңында мыкты бийлик эгеси эле эмес аалым, акын, агартуучу, тарыхчы катары аты калган Мухаммед Тарагай Улукбектин жетекчилигинде жазылган “Төрт улус тарыхы” аттуу эмгектин орчундуу жерлерин мындан ары сунуштап турабыз. Адам атадан бүгүнкү күнгө чейинки жыл санактарын Улукбектин астроном жана математик катары так эсебин алып, алабармандыкка жол бербестигине ишенгенибиз үчүн коштук. Бул аракеттер учурда талаш-тартышты жаратып жаткан башатка ишенимдүү далилдер менен кароого ачкыч болуп берээр.

Өзбекчеден которуп, түшүндүрмө жазган Султан Абдыракманов Абдыкадыр Орозбековдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына карата

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын кабыл алган №125 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү саясый жана мамлекеттик ишмери Абдыкадыр Орозбековдун 120 жылдык мааракесин 2009-жылдын ноябрь айында өткөрүү белгиленген.

Совет бийлигин жана Кыргыз мамлекетин түптөөдө советтик-партиялык иштерди жогорку деңгээлде аткарып, СССРдеги ири масштабдагы мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын ошол кездеги биринчи Президенти болгон. Ал бул кызматта он жыл эмгектенген.

А.Орозбековдун 120 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөтүү максатында “Тарыхый мурас” журналы А.Орозбеков жөнүндө материалдарды окурмандарга үзгүлтүксүз жарыялап турмакчы.

«Тарыхий мурас» журналы («Кыргыз гезиттер айылы»), 19.08.2009-ж.

КЫРГЫЗ жана МОНГОЛ САНЖЫРАЛАРЫНДАГЫ ЖАЛПЫЛЫКТАР

Биздин бул макалада козгой турган маселе, ал кыргыз менен монгол санжыраларындагы окшоштуктар тууралу. Б.а. Кыргыздын Оң Канатына тиешелүү кээ бир уруулардын келип чыгышы монгол санжырасында айтылгандар менен бирдей экенинде. Ал окшоштуктар түпкү тотемдик белгилерде эле эмес, түпкү эненин атына байланышкан уламыш-мифтерде да сакталган. Анда сөз ирээти менен болсун.

 

“ГАО МАРАЛ” жана “БУГУ ЭНЕ”

Рашид-ад-Дин менен Санан Сецендин жазгандары боюнча Чынгыздын атасы Есугей баатыр кыят-боржигин менен ага тектеш нирун урууларынын башчысы болгон. Есугейдин атасы – Бартан баатыр, анын атасы – атактуу Кабул-хан. Ошентип санжыра боюнча, Чынгыз хандын 12-муундагы атасы – Бөртө-Чино(“көк бөрү”), энеси – Гао-Марал(“сулуу марал”) деп айтылат.

 

* * *
Мына ушул жерде, кыргыз санжырасы боюнча да, бугу уруусунун энеси – марал экени эске түшөт. Санжыра боюнча: Ак уул, андан Адыгине, Тагай, Наалы эже. Тагай бийден: Богорстон, Койлон, Кылжыр (өз аты – Сарбагыш), ордо аялынан Карачоро.
Кылжырдан: Орозбакты, Дөөлөс.
Орозбактыдан: Арыкмырза, Мырзакул, Асанмырза, Карамырза, Токочмырза.
Мырзакулдан: Алсейит, Тынымсейит.
Алсейиттин биринчи саруу аялынан: Ардам, Токтоке;
экинчи аялы-Бугу энеден: Жамангул, Бапа.
үчүнчү калмак аялы – Чежимжандан: Туума-Кашка.

 

* * *
Кыргыз санжырасында айтылган уламыш боюнча кайберендин тилин, сырын билген бир касиеттүү адам ушул Ала-Мышык тоосуна келип, дүйнөдөн кайткан экен. Өзү менен кошо ээрчип жүргөн бир уулу менен бир кызы сыягы кеч күз болуп, айылга түшө албай, тоо арасында бир үңкүрдө кыштап калышат.

Ушул убакта жогоруда биз сөз кылган Орозбактынын Асанмырза менен Карамырза деген эки уулу Ала-Мышык тоосуна аң уулап чыгышат. Бир жерге келгенде тоонун боорунан созулуп чыгып жаткан көк түтүндү көрүшөт. “Бул жерде бирөө бар окшойт” дешип, түтүн чыгып жаткан жерге жакын келишсе, үңкүргө бугулар кирип-чыгып жатышыптыр. Карамырза мылтыгын алып, бирин атып жиберет. Ошол убакта ачуу кыйкырган кыздын үнү чыгат. Кирип барышса, бугунун терисин кийинишкен бир кыз, бир улан. Окко учуп өлгөн бир тууганын кучактап бир кыз ыйлап отуруптур. Ыйлап отурган кыз “кимиңер аттыңар” деп сурайт. Карамырза моюнуна алганда, кыз алаканын тетири жайып: “Тукумуң жүзгө жетпесин, жүзгө жетсе да, күзгө жетпесин” деп бата кылып жиберет.

Эки бир тууган өлгөн баланын сөөгүн ошол жерге жашырып, кызды алып келип агасы – Арыкмырзага беришет. Аялы айла амал менен кызды “аялы ит багып кеткен” Алсейитке нике кыйдырат.

Нике кыйылган соң, кыз Алсейиттен үч нерсени суранган экен. “Биринчиси: Мен жуунуп жатканда үйдөн чыгып кетип, артыңызды кылчайып карабаңыз” дейт. “Экинчиси: Турмушта ар кандай болот, урушуп калсак, башыма урбаңыз”. “Үчүнчүсү: Мен киммин, кайдан келдим, эмне кылгам, тегим ким экенин сурабаңыз”.

Алсейит кызга үйлөнгөндөн кийин иши оңолуп, даражасы өскөн экен. Бирок, ал “эмне үчүн минтип айтты” деп, жуунуп атканда шыкалап карайт да, кыздын башында мүйүзү бар экенин көрөт. Ошентип, ал биринчи шартын бузуп коюп, кийин анын айынан “тукумунун көзү кароо” болуп калыптыр.

Кыз жашы өйдөлөп барганда, “мүйүздүү байбиче” деген атка конуп, анын олуялыгынан улам Алсейит калмак кызы – Чежимжанга үйлөнүп, ушунчалык көп жана мыкты тукумга ээ болгон экен.

Санжыра боюнча, адагенде Алсейит дүйнөдөн кайтып, анан Бугу эне көз жумат. Балдары Жамангул менен Бапа бардык зыйнатын жасап, эртең жерге коебуз деген күнү сөөктү таппай калышат. Мезгил кеч күз экен. Эртең менен карашса, сөөк жаткан үйдөн жылаң аяк аялдын изи чыгып, жаңы кыламык жааган карга 4-5 кадам аттаптыр да, андан нары эч кандай белги жок…

Ошентип, кыскартып айтканда, дал ошол Мүйүздүү энеден Бугу уруусу тарайт.

 

* * *
Жеке менин пикирим боюнча, марал(бугу) бир эле бугу уруусунун эмес, Оң Канатка тиешелүү көпчүлүк кыргыз урууларынын энеси сыяктанат Болгону, бугу уруусу өзүнүн ушундай аталышынан улам “түпкү эне” тууралу уламышты унутпай сактап калган. Эгер адыгине тукумунан чыккан “бөрү” менен бугу уруусунан чыккан “маралды” кошсок, анда өйдөдө Чынгыз хандын 12-муундагы атасы тууралу айтылган мифке туш болобуз. Балким бул жөн гана окшоштуктур Бирок кандай болгон учурда да илимий изилдөөгө ала турган тема экенин эстен чыгарбашыбыз керек.

Жогорку айтылгандарды башкы тарыхый булак болгон “Монголдордун ыйык баяны” да тастыктайт.

Анда: Чынгыз хандын түпкү атасы Көктүн эрки менен жарык дүйнөгө келген Борте-Чино, энеси – Гао Марал деген болгону айтылат. Алар Деңизди кечип өтүп, Бурхан – Халдундагы Онон дайрасын бойлоп, көчүп-конуп жүрүшкөн. Алардын урпагы Бата-Чиган делет.

АЛАН -ЭХЕ (АЛАН КӨӨ)

“Монголдордун ыйык баянында” Алан -Көө эне тууралу дагы бир мындай уламыш бар:

Түпкү ата Борте-Чино менен түпкү эне Гао Маралдан Бата-Чиган экенин жогоруда кеп кылдык. Анын уулу – Тамача. Анын уулу – Хоричар Мерген. Анын уулу – Ажам Борол. Анын уулу – Сали Хача. Анын уулу – Еке Нидун. Анын уулу – Сим Сочи. Анын уулу – Харчу.

Харчунун уулу Борчигидай Мерген Монголчин-гао деген аялга үйлөнгөн. Анын уулу Тороголчин Байандын аялы Борохчин гаонун Боролдой Суйалби деген боз улан кызматчысы жана дагы Дайир, Боро деген эки күлүк аты бар болчу.

Тороголчинден: Дува Сохор жана Добун Мерген деген эки уул.

Дува Сохордун маңдайында жалгыз гана көзү болуп, үч күндүк жолдогу келаткандарды көрчү. Бир күнү Дува Сохор иниси Добун Мерген экөө Бурхан Халдун тоосуна чыгып, этекти карап отурса, Тенгелик суусун бойлой бир журт көчүп келаткан болот. “Ошол топ менен жабык арабанын ичинде бир сулуу келатат, барып сураштырып көрчү, ким экен” дейт Дува Сохор инисине. Добун Мерген барып сураштырса, ал атактуу тектен чыккан Алан Көө деген сулуу кыз экен.

Анын теги мындай болчу: Кол-Баргучин-токумдун13 башчысы Бархудай Мерген кызы Баргучин гаону, Хори-Туматтын нойону Хорилартай Мергенге берген эле. Арабада келаткан Алан Көө дал ошол Хорилартай Мергендин Баргучин гаодон Хори-Тумат аймагындагы Арих-Усун деген жерде төрөлгөн кызы болчу.

Хори-Тумат жеринде мергенчилердин айынан уруулар арасында чатак чыгып, Хорилартай Мерген өзүнүн “хорилар” деп аталган уругу менен бөлүнүп, аңга мол атактуу Бурхан Халдун тоосун карай көчүп келаткан эле. Дал ушул жерде Добун Мерген хори-туматтык Хорилартай Мергендин кызы – Алан Көөнүн колун сурап, көп өтпөй эле ага үйлөндү.

Ошентип, Алан Көө Добун Мергенден: Бугунотай жана Белгунотай деген эки уул төрөдү.

Ушул учурда Дува Сохор дүйнөдөн кайтып, анын төрт уулу Добун Мергенден бөлүнүп кетишти да, кийин “төрт урук Дорбен улусун” түзүштү.

Бир күнү Добун Мерген ууга чыгып, токойдон үч жылдык бир бугу атып алып, шишкебек кылып жеп отурган уранхайлык адамга жолукту. Добун Мерген олжо сурады эле, тигил бугунун терисин, анан бир аз эт кесип алып, калган этин бүт ага берди. Жолдо келатса, уулун ээрчиткен бир бечара учурады. “Сен кимсиң” деп сурады эле, тигил: “Мен – Малик Байат” деген болом, бирок атыма жараша бай эмес, кедей жашайм, мага этиңден берсең, мен баламды сага берейин” деди. Добун Мерген этинин жарымын кесип берип, баланы үйүнө алып кетти. Малик Байат ошентип Добун Мергендин үйүндө кызмат кылып калды.

Арадан бир топ убакыт өтүп, Добун Мерген дүйнөдөн кайтты. Күйөөсү өлгөндөн кийин Алан Көө кимден экени белгисиз, дагы үч уул төрөдү. Алар: Бугу – Хадаги, Бухату – Салжи жана ак көңүл Бодончар эле.

Кийинки үч баланын кимден болгонун билишпеген Белгунотай менен Бугунотай апасы Алан Көө тууралу акырын сүйлөшүштү: “Апабыз үч уул төрөдү, а бирок үйдө же атабыздын бир туугандары, же жакын кишилерден эч ким жок. Бир гана эркектен Малик Байат жүрөт. Демек үч бала ошондон болуу керек”.

Бул сөз акыры Алан Көөгө да угулду. Бир күнү ал балдарын чогултуп алып, анан мындай деди: “Силердин шектенгениңердин негизи бар. Бирок, чынында мындай: Күндө кечинде, күн батып ай чыга электе бир сары чач нурлуу киши келип, ичимди сылайт. Анын колдорунан чачыраган нур менин ичиме кирет. Анан ай батып, күн чыга электе силкинет да, сары итке айланып чыгып кетет. Ар нерсени айтып, оозуңарга келгенин оттой бербегиле. Бул үч бала теңирдин эрки менен жарык дүйнөгө келди. Келечекте алардын ким болорун азырынча эч ким билбейт. Карапайым эл, качан алар хандардын ханы, бектердин беги болгондон кийин анан түшүнөт”

Мына болгон санжыра-уламыш ушул.

 

* * *
Эми ушул уламыш-миф боюнча өз пикирилерин айткан адамдардын сөздөрүнө көңүл буралы.

Абулгазы Бахадур: “Алангу үч уул тапты. Улугунун аты Бугун Катаган, Барча Катаган эли анын насилинен турур. Экинчисинин аты Бусак Жалчы. Жалжут эли анын насили туру. Үчүнчү уулунун аты Буданчар (Бууданчаар). Аны хан көтөрүштү” дейт.

Демек, нурдан төрөлгөн балдардын улуусу – Бугун Катагандан кийин катаган уруусу тараган. Бул тууралу Ыйык Баянда да: “Белгунотай – Белгунот, Бугунотай – Бугунот, Бугу Хатаги – Хатаги, Бухуту Салжи – Салжиут, Бодончар – Боржигин уруусунун түп аталары болуп калды” деп айтылат. Сыягы, “Манас” эпосунда байыркы кыргыз урууларынын бири катары айтылган катагандар жөнүндөгү монгол санжырасында баяндалган биринчи кабар ушундай.

“Манас” эпосунда катаган уруусу менен кыргыз бир атадан экени тууралу маалымат берилип, негизинен катагандар кыргыз экени бизге жакшы маалым. Бирок түпкү атасы ким экени кеп кылынбайт. Эпосто айтылган “үч уруунун” түп атасы – Кыргызбы, же Манаспы – белгисиз.

Е. И. Кычанов: Чынгыз хандын түпкү теги Алан Көөнүн кичүү уулу Бодончардан тарайт. Монголдор нирундар жана дарлекиндер болуп эки канаттан турушкан. Алан Көө менен Добун Мергендин биринчи эки уулунан тарагандар “нирундар”(“тазалар”) деп аталып, алар салжиуттар менен хатакиндердин ата-бабалары болуп саналат. Ал эми кичүү уул Бодончардан тарагандар боржигиндер деп аталышкан. Алар тигилерден айырмаланып, чачтары сары, көздөрү көк адамдар болгон. Чынгыз хандын сырткы көрүнүшү да ошолорго окшош эле.

Чын эле алардын тукумунда сары чач, көк көз адамдар көп болгон. Ошондуктан Алан Көө өзүнүн кийинки үч уулун кыргыздан төрөгөн деген ойлор айтылып жүрөт. Бул ойду П. Рачневский да жактап, Малик Байаттын түпкү теги түрк жана Бодончардан тараган Чынгыз хандын чыныгы ата-бабасы дейт.

 

НААЛЫ ЭЖЕ

Биздин изилдөөлөр Алан Көөнүн ысмы кыргыз санжырасында “Наалы эже” формасына өтүп айтылып калганын көрсөтүүдө. Ал санжыра боюнча мындай: Илгери Көкө, Тахир деген эки уул Түркстандын Ак-Дөбө деген жеринен качып келет. Алардын атасы Кылыч хан деген болуптур. Ал кезде Адыгине, Тагай Оштун үстү жагындагы Керме-Тоо, Сары-Белде турушкан. Хандын баласы болгону үчүн Адыгине, Тагай Көкөгө өзүнүн маакулдугу менен Наалы эжесин алып беришет.

С. Аттокуровдун маалыматы боюнча, ушул эле китепте, Тахир эмнеге экени белгисиз, Көкөгө таарынып, казактын ичине кирип кетет да андан жалайыр уруусу тарайт.

Наалы эже Көкөдөн бир уул төрөп, атын Муңуулдур койот. Могол, моңол аталган уруу ушундан.

 

* * *
Белгилүү тарыхчы окумуштуу С. Аттокуров жогорку аңыз кептен кыргыздын “могол” уруусунун келип чыгышын көрөт. Ал минтип жазат: “Моңолдор уруусу могол империясы кулай баштаган мезгилде кыргыз чөйрөсүндө пайда болгон. Экинчиси “жаңы” уруулардын бири”. Демек, ал байыркы кыргыз уруусу эмес. Кыргыз ичинде пайда болгон “жаңы” уруу. Тарыхта Монгол империясы кыйрай баштаган мезгил 15-16к.к. туура келет. Демек, Кыргыз ичинде могол уруусу дал ушул мезгилдерде пайда болгон.

Андан нары автор сөзүн улантып, минтип жазат: “Махмуд Чурас моңолдорду түз эле Кыргыз Мухаммеддин небереси катары берип отурганы бекеринен эмес. Муну чындык катары кароого болот. Ал байыркы кыргыз этносунун курамында болгон эмес. Алардын түпкү аталарынын бири кыргыз болгонуна карабастан кийин моңголдук бийлик кылуучу чөйрө менен аралашып, анан кыз алып, кыз беришүү жолу аркылуу кыргыздар менен кудаа сөөк болуп кетишкен. Ошол себептен Монголстан кыйраганда алар таекелерине, түпкү тегине келип баш калкалашы мүмкүн”.

 

* * *
Белгилүү санжырачы Жапар Кенчиевдин варианты боюнча, Долон бий өлүп, маңгулдар кыргызды камчыга ченеп бөлгөндө, Акуул ат жалын тартып минип, элге аралашып калган мезгил экен.

Акуулдун байбичеси бугу уруусунан чыккан Сурмакаш деген көзү ачык, олуя чалыш аял болуптур. Ал өзү Акуулдан: Наалы эжени, Адыгине менен Тагайды көрүптүр. Өзүнөн кийин Атбашынын Чечтөбөсүн жердеп турган катагандын кара сакал урусуунан Акуулга дагы бир аял алып берет. Андан Муңгуш төрөлөт .

Бир күнү жоо менен болгон салгылашта Акуул кайтыш болот. Адыгине, Тагай, Муңгуш жаш, Наалы эже чачын төбөсүнө түйүп, мал кайтарып, аштык айдап инилерин асырап багып чоңойтот. Үч уулдун ичинен Тагай тири карак чыгып, кырк жигит күтүп, бат эле эл оозуна алынып калат.

Ошол учурда Кебез Тоонун бери жагы, Пияз Тоонун ары жагында Ак-Чий деген жерде жашап турган нойгуттардын ханы Кылыч хандын Болот хан деген уулу болот. Ошол Болот хандын Көкө, Тайыр деген эки уулу бар экен. Экөөсү тең келишкен эр азаматтар болуп өсүшүптүр. Эми эр жетип келатканда, энеси өлүп калып, Болот хан башка бир аялга үйлөнөт. Эрке токол эки балага ашык болуп, кепке келтире албагандан кийин, “балдарың мага тийишти” деп аларды ханга жамандайт. Болот хан өлтүрө турган болгондо, балдары билип калышып, качып чыгышат да, Тагай бийге келип туруп калышат.

Наалы эже Көкөнү көрүп жактырып, ага баш кошот. Экөөнөн кыргыздын моңолдор уруусу тарайт .

 

* * *
Негизинен Кыргыз санжырасы боюнча, Көкө, Тайырдын теги нойгут эли.

Кыргыз санжырасынын дээрлик баарында Наалы эже 32 жашка чыкканда эшигинде кызмат кылып жүргөн Көкөгө турмушка чыкканы айтылат. Андан моңолдор уруусу тамырлап өсөт.

 

БӨРҮ жана МАРАЛ эне.

Биз Кыргыз элинин Оң Канаты менен Монгол элинин келип чыгышына байланышкан уламыштарды салыштырып жатканыбыздын себеби, андагы көптөгөн окшоштуктардын бар экендиги себеп болууда.

Мисалы, жогоруда айтылгандай, Кыргыз элинин Оң Канатына тиешелүү уруулардын көбү негизинен Бугу эненин балдары. Сыягы, алардын жалпы жана байыркы патриархалдык тотем аты – Багыш.

Уламышты дагы кыскача кайталасак, Асан мырза жолдоштору менен Ала-Мышык тоосуна ууга чыгышып, анын Талды-Булак деген жеринен бир кызды таап алышат. Кыздын башында мүйүзү болот. Кызды Мырзакулга алып беришет .

Башка бир вариантта Асанмырза менен Карамырза бугу энени 4-5 жашар кыз кезинде Ала-Мышык тоосунан таап келишип, жеңеси Арыкмырзанын аялына беришет. Ал аны өз кызындай багып чоңойтуп, Алсейитке нике кыйдырдат.

 

* * *
Уламыш боюнча монголдор болсо, Бөрү(Борте-Чино) менен Бугу энеден(Гао – Марал) тарайт. Бирок, монголдордо Борте-Чино ким болгону, Гао Марал кимдин кызы экени айтылбайт.. Түпкү теги тууралу эч кандай кабар жок. Менимче, ал кабар бир аз өзгөрүлгөн формада кыргыз санжырасында айтылып отурат.

Балким бул сюжеттин түпкү чындыгында Адыгиненин “бөрүсү” менен Тагайдын “бугусунун” кошулуу тарыхы жатат.

Бул жерде эки элдин(бугу жана монгол) тең энелери марал(бугу), монголдордун атасы – “Бөрү”, бугулардыкы – Мырзакул же Алсейит. Бирок санжырада Асан Мырзанын эмне үчүн сыртта калып калганы белгисиз Анткени, менин жеке байкоомдо анын “асан” деген ысмында байыркы түрк тилиндеги “бөрүнүн” маанисин билдирген сөз жаткансыйт Ал: “Асан” – “Асян”(Асьян-шад – Асан-мырза)- “Ашан” – “Ашин” – “Ашина” формаларында айтылуусу толук мүмкүн. Ошентип менин жеке пикиримде, кыргыз санжырасындагы Асан мырза – ал түрк санжырасындагы – “Асян-шад”, монгол санжырасындагы Борте-Чино.

Экинчиден, Мырзакулдун ысмы да, Алсейиттин ысмы да алардын тектүү адамдар экенинен кабар берип турат.

 

АЛАН КӨӨ жана НААЛЫ ЭЖЕ

Экинчи окшоштук Алан-Көө менен Наалы эженин ысымдарында жатат. Алан оодарылып “нала”, “наалы” формаларына өтүшү мүмкүн.

А балким Алан Көөнүн ысмы адегенде “Налан” же “Налын” формасында айтылгандыр Анткени, кыргыз тилинин мыйзамы боюнча кээде “найза- айза”, “найман – айман”, “ногой – огой” делип, “н” тамгасы түшүп айтылган учурлар арбын. Ошентип, тилдин жогоруда биз көрсөткөн мыйзамы менен Налы – Налын – Налан – Н-алан – Алан формасына өтүшү ыктымал.

Профессор О.Каратаевдин этнографиялык сөздүгүндө “нал” монгол тилинде “кызыл асыл ташты” билдирери жазылган. Эгер ысмы боюнча ой жүгүртсөк, анда Наалы энебиз аброю бийик, касиеттүү жан болгонун боолгоп билүү кыйын эмес.

Мисалы, Ыйык Баянда анын ысмы түп эне катары айтылып “Алан-эхэ” деп жазылып турат. “Апа” маанисин билдирген монгол тилиндеги ошол “эхэ” деген сөз кыргыз тилинде “эже” формасында айтылып калган.

 

* * *
Алан көөнү алыстан Добун Мергендин агасы Дува Сохор көрөт. Ал: “Үстү жабылган арабада бир касиеттүү кыз келатат, барып сураштырчы ким экен” дейт.

Наалы эжени да Ичке-Суу тараптан бир жолоочу келатып, айылга кайрылып, суусун жутат да, ордо ойноп аткан жигиттердин кызыгына батып, бир аз туруп калат. Ошол кезде “зор денелүү чачын беш көкүл кылып өрдүрүп, такыя кийип, үкү тагынган кыз бир үйдөн чыгып, экинчи үйгө кирип кетет”. Кыз менен келиндин айырмасы өрүлгөн чачынан, кийген такыясынан билинет. Кызга көзү түшкөн жолоочу: “Ой тигил чоң кыз – кимдин кызы” деп сурайт. Анткени, ал кезде кыздарды 13-14 жаштарында эле күйөөгө беришчү. “Аны сурап эмне кыласың, ал Тагай бийдин турмуш кура элек чачына ак кирген эжеси ” дейт бир тилин тартпаган жигит элге угуза. Муну уккан Тагай чычалап, элден алыс алып чыгып, тигил жигитти өлтүрмөк болот. Ошондо тигил жигит минтип айтат: “Деги кудайды карасаңчы, Тагай бий. Баш кесмек бар, тил кесмек жок. Сөздү аягына чейин угуп тур. Наалы эжең быйыл туура 32 жашка чыгат. Сенин каарыңан коркуп хандар кудаа түшкөн жок. Мага окшогон карапайым адамга бербейсиң. Мен ошол эжеңи күйөөгө бер деп сага угуза айтканымдын жөнү ошол. Ага терикпе. Жанагы эшигиңдин алдында бири жылкыңды, бири коюңду кайтарып жүргөн эки жигит хандын тукумдары. Наалы эже ошол экөөнүн Көкөсүн жактырат. Алар сен баягы касташып жүргөн Кылыч хандын балдары” дейт.

Жүйөөлү сөзгө Тагай бий жыгылып, эжесинин маакулдугу менен аны Көкөгө алып берет.

Алан Көө да, Наалы эже да атактуу тектен. Наалы эженин эшигинде кызмат кылып жүргөн Көкө менен Тайыр – Кылыч хандын балдары.

Ал эми адегенде күйөөсүнө, анан Алан Көөнүн алдында кызмат кылып жүргөн “сары чач Малик Байаттын” теги ким экени белгисиз Бирок, ордо ойноп жаткан жигит айтканга чейин Көкө менен Тайырдын тегин да адегенде эч ким билген эмес. Сыягы, жакшы көрүп, жактырып жүргөнүнө караганда, Наалы эже Көкөнүн ким экенинен кабары болгон. А чынында санжыранын кээ бир варианттарында, балдар кимдер экенин качып келери менен эле айтышат. Б.а. алардын ким экенин көпчүлүккө маалым болбосо да, Адыгине, Тагай жана Наалы эже билишкен .

Дал эле ушул ой Алан Көөгө да тиешелүү. Анткени, Малик Байаттын ысмы анын жөн адам эмес экенин айтып турат. Малик – “малчы” . Ал эми “байат” байыркы огуз урууларынын биринин тилинде “кудай” дегенди түшүндүрөт. Мындай ысымды илгерки мезгилдерде малайлар, кулдар алып жүргөн эмес. Сары чач, көк көз Малик Байат, түндүктөн нур болуп куюлуп түшкөн “сары адамдын” эле өзү болушу толук мүмкүн Албетте, анын ким экенин Алан Көө гана билген. Ошол үчүн ал мурунку күйөөсүнөн төрөлгөн балдарга: “Оозуңарга эмне келсе, ошону сүйлөй бербегиле. Бул балдардын ким экенин кийин “хандардын ханы”, “бектердин беги” болгондо, эл анан түшүнөт” деп атат.

Өңү-түсүнө караганда, монгол санжырасындагы Малик Байат – кыргыз. Ал эми өгөй энесинин кысымынан улам качып келген кыргыз ханынын тукуму – Көкө, Тайырдын уругу – нойгут.

(уландысы бар)

Байас Турал, «Тарыхий мурас» журналы («Кыргыз гезиттер айылы»), 19.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.