Көрнөктөрдү алдырып салууга укугубуз жок

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Кыргыз Туусу” гезитинин 4-августундагы № 58 санына “Көчө Лермонтовдун атасынын ысмына коюлганбы?” деген макаланы карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет:

Макала ээси, белгилүү журналист Д.Юсупов туура байкагандай борбор калаабызда көрүнөө жазуу-сызууларды, жарнамаларды, көрнөктөрдү (көчө такталарын) мамлекеттик тилде сабаттуу жазууда бир топ кемчиликтер орун алып келе жаткандыгы чындык. Айрыкча элибизге эмгегин өтөп кеткен залкар инсандарыбыздын ысымдарын көчөгө койгондо эркектерин аялга айлантып, орус тилинин “а” аффиксин жармаштырып жазып, ал турсун оозу-мурду кыйшайбай айтып жүргөндөрдү да кездештиребиз. Албетте, бул жүрөк өйүгөн маселе. Мындай кемчиликке ким жол берген? – деген мыйзамдуу суроо туулат.

Биз алган маалыматтарга караганда кайсы бир көчөнүн атын коёрдо, аны жазып илерде Бишкек шаардык мэриясынын токтому чыгат. Ошол токтомго ылайык көчө көрнөгү жазылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көзөмөлдөнүп илиниши шарт. Бул жерде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренеси менен “КРнын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын 27- жана 29-беренелери, ошондой эле “Кыргыз тилинин орфографиялык эрежелери” жетекчиликке алынышы керек. Тилекке каршы, бул ченемдик-укуктук актыларды караганга, же тиешелүү мекемелерден кеңеш сураганга мойну жар бербегендер, улуу инсаныбызды аял кишиге айлантып (Тыныстанова, Ахунбаева, Боконбаева ж.б.) жазып коюудан уялбагандар жогоруда айтылгандай чалмакейлерди чалууда.

Жарнамаларда кезиккен орфографиялык, грамматикалык жана лексикалык каталар, келегей котормолор биз менен макулдашпай, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген жарнама агенттиктеринин “ишмердиги” болуп эсептелет. Алардын мындай мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында жапайы жарнамалар жаандан кийинки козу карындай жайнап чыгууда. Алардын ар биринин артында үлкөн атка минерлер тургандыктан, аны кайра алдырып салуу – азаптын иши. Бизде андай укук да жок. Тек гана түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз, түшүнбөсө прокуратурага, монополияга каршы агенттикке тиешелүү чара көрүүсүн өтүнүп кат жазабыз.

Азыр Бишкек шаардык мэриясынын “Үгүт” жарнама-маалымат агенттиги менен бирдикте текшерүүлөрдү жүргүзүп, мыйзамсыз көрнөк-жарнактарды алдыруу иштерин жүргүзүүдөбүз. Бирин алдырып салсаң, экинчисин илип алган өзүм билемдик өктөмү өкүндүрбөй койбойт. Көчө көркү, өлкө жүзү болгон жазуу-сызууларды жазууда ар бир жаран атуулдук сезимде болуп, колдонуудагы мыйзамдарды сыйласа эле баары иретке келээри шексиз.

Ташбоо ЖУМАГУЛОВ,
Кыргыз Республикасынын
Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы
«Кыргыз туусу», («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.