Китеп марафону улантылат

Быйылкы жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы өзүнүн 75 жылдыгын белгилейт. Бул салтанаттуу мааракеге байланыштуу Улуттук китепканада 2009-жылдын ноябрь айына чейин “Китеп-2009” жалпы улуттук китеп марафону улантылат.

Китеп марафонунун негизги максаты – окурмандардын маалыматтык булактарга кирүү шарттарын жакшыртуу, китеп окурмандарынын китеп окууга кызыгуусун арттыруу, ошондой эле китепкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо.

Китепканага жардам иретинде техникалык каражаттар, финансылык көмөктөр, аудио-видео продукцияларын, ошондой эле көркөм чыгармаларды, илимий окуу китептерин белекке берсеңиз болот. Сизге марафондун отчёту боюнча так маалымат беребиз, ошондой эле анын жыйынтыгы жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

Улуттук китепканага өзүңүздүн каалаган ыңгайлуу убакытта келип, акцияга колдоо көрсөтсөңүз болот. Тел.: 30-46-75, 30-50-57.

Кош келиңиздер, ардактуу китептин күйөрмандары!

«Кыргыз туусу», («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.