Бишкекте «Көчмөн. Мезгилдеги агым» аттуу заманбап искусствонун республика боюнча алгачкы көргөзмөсү өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинде «Көчмөн. Мезгилдеги агым» аттуу заманбап искусствонун республика боюнча алгачкы көргөзмөсү өтөт. Көргөзмөдө Каракол, Ош, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларынын 20дан ашык сүрөтчүлөрүнүн эмгектери – инсталляция, сценалык аткаруу, видео, фотосүрөттөр коюлат. Бул туурасында Кыргыз Республикасындагы кызматташтык боюнча Швейцария бюросунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Турсунай Чодурова билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган иш чара Кызматташтык боюнча Швейцария бюросу тарабынан каржыланып, Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы кызматташтыктын 15 жылдыгын белгилөөнүн алкагында уюштурулууда.

«Көчмөн. Мезгилдеги агым» аттуу көргөзмөнүн максаты заманбап искусство аркылуу Кыргызстандын аймактарынын көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу жана республиканын ар башка шаарындагы сүрөтчүлөрдү кызматташтыкка тартуу болуп саналат. Мындай долбоор 2009-жылдын башталышында ишке ашырылып башталып, аймактык сүрөтчүлөр үчүн атайын мастер-класстар жана тренингдер өткөрүлгөн.

Аталган көргөзмө бардык каалоочулар үчүн ушул жылдын 17-октябрынан 1-ноябрына чейин уланат.

М.Ибраева, “Кабар” МА, 13.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.