Ысык-Көл областына арналган фотосынак өткөрүлүүдө

Облустун 70 жылдыгын белгилөө алкагында Ысык-Көлгө арналган “Ысык-Көл. Жээк сызыгы. Жашоо сызыгы. Жүрөк сызыгы” фотосынагы өткөрүлүүдө. Бул туурасында “КАБАР” агенттигинин кабарчысына көрөгөзмөнүн уюштуруучулары билдиришти.

Сүрөт көргөзмөсүнө катышуу үчүн фотосүйүүчүлөр жана кесипкөйлөр 31-августка чейин репортаж, портрет же пейзаж багытындагы иштерин тапшыруулары керек.

Конкурстун жыйынтыгы катары октябрь айында Гапар Айтиев атындагы сүрөт-өнөр музейинде көргөзмө уюштурулат.

А.Бенгард, МА, «Кабар» МА, 03.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.