Орус тилин кыргыздын эне тилине айланткысы келген Т.Усубалиев, Гитлерге “жолдош” болгон А.Карыпкулов, БКнын айласын кетирген Т.Сыдыкбеков

Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Казат Акматовдун эскерүүсү

Казат аба, кыргыз интеллигенциясынын ичинде бир насак кеп айтылып жүрөт. Ал мындайча. Кыргызстан Жазуучулар союзунун кайсы бир чогулушунда кайсы бир жазуучунун чыгармасы талкууланып, катуу сындалып жаткан экен. Ошондо бир жазуучубуз ордунан обдулуп: “Мага да сөз берип койгула” дейт. Сөз беришет. Анан тигил жазуучубуз трибунага чыгып: “Эми мен ал чыгарманы окуй элек элем. Окубасам деле оюмду айтып коёюн” деген тура. “Окубасам деле оюмду айтып коёюн” деген кеп ошондон кийин лакап болуп кетиптир. Бул лакаптын автору ким эле, билесизби?
Мен ал сөздү өз кулагым менен уккан эмесмин. Бул жазуучулардын мурунку муунунда болгон тамаша экен. Мен деле кийинки муундун өкүлү болуп калбадымбы.

Угушумда, бул Түгөлбай Сыдыкбековдун “Көк асаба” романы талкууланып жатканда болгон окуя. Те 60-жылдары болсо керек, “Көк асаба” романынын үзүндүлөрү адегенде “Ала-Тоо” журналына жарыяланган. Ошондон кийин чатак пикирлер чыгыптыр. “Бул миллитаристтик чыгарма. Романда кыргыздардын Сибирдеги тарыхы чагылдырылат экен. Анын бизге эмне кереги бар? Биз башынан эле Ала-Тоону мекендеген элбиз. Романда жалаң согуш баяндалып, кыргыздар бирөөлөрдүн жерин тартып алып, миллитаристтик саясат жүргүзөт экен”. Айтор, “Көк асаба” романына каршы ушул өңдөнгөн өтө катуу сын-пикирлер айтылат. Агездеги саясат ошондой болчу. Анан Кыргызстан КПБКдан “бул романды Жазуучулар союзунун чогулушунда талкуулагыла” деген көрсөтмө келет. Элдин айтымында, ошол чогулушта Темиркул Үмөталиев сөз сурап чыгып, тигинтип сөз баштаган тура. Ошондон калган сөз.

Ошого карабастан “Көк асаба” романы китеп болуп чыгып кетип, 70-жылдары кайра чатакка кабылса керек эле…
Ооба. Мен ошол чатагына аралашып калдым. Анда мен БКда инструктор болуп иштеп, адабиятты, чыгармачыл союздарды тейлеп аткам. Ошондо Турдакун Усубалиевге кимдир бирөөлөр: “Көк асаба” деген миллитаристтик роман басмадан чыгып кетти” деп арыз жазыптыр. Усубалиев катка “Комиссия түзүп, романды талкуулап, кайра бюрого кабарлагыла” деп орусча виза коюп, маданият министри Күлүйпа Кондучалова менен КПБКнын үчүнчү катчысы Кеңеш Кулматовдун колуна тапшырат. Кулматов мени чакырып, “тигил-бул кишилерден комиссия түзөбүз” деди. Ошентип, жалаң чоңдордон комиссия түзүлдү. Адабиятты алар түшүнөбү, түшүнбөйбү, эч кимдин чатагы жок, агезде тартип ошондой болчу. Ошентип анан комиссияны Кулматовдун кабинетине чогулттук. Түгөлбай Сыдыкбековду Кондучалованын машинеси менен мен алып келдим. А киши чакырса эле жөн келе берчү эмес, ал тургай Усубалиев чакырса дагы… “Көк асабанын” сөзү болуп атыптыр. Ал сөз сиз үчүн деле кызык да” деп, алдап-соолап араң алып келдим. “Макул” деп, келип отурду.

Комиссия отуруму ошентип башталып, адегенде Жазуучулар союзунун биринчи катчысы Теңдик Аскаров кеңири маалымат берди. А киши ийнин куушуруп алып, “миллитаристтик” деп, романды аябай туздап, мурда коюлган күнөөлөрдү кайталады Жазуучулар союзунун атынан. Андан кийин биринчи сөздү Кулматов Илимдер Академиясынын президенти Курмангалы Каракеевге берди эле, а киши: “Ой, Түгөлбай, сен бу эмне кыласың аякты жазып, эмне, сага тамак жетпей жатабы, же кийим жетпей жатабы? Енисейди жазып эмне кыласың?” деп кирди эле, Түкөм: “Ай, Курмангалы, сенин тамагың барбы, кийимиң бүтүнбү, анда өзүң жөн жүрө бербейсиңби? Адабиятта эмне жумушуң бар?” деп аны шүк кылды.

Андан кийинки сөз Министрлер Советинин төрагасынын Сакин Бегматова деген идеологиялык маселелерди тейлеген орун басары бар эле, ошого берилди. Бегматова: “Мен сиздин чыгармаңызды такыр окуй албай койдум. Ох, ух эле дей берет экенсиз” деди эле, Түкөм: “Окуй албасаң жакшы болуптур. Окубай эле кой. Ага эмнеге капа болосуң. Капа болбогун” деп койду. (“Ох, ух” дегени, Түкөм романында Енисей тилиндеги идиомаларды көп колдонгон эмеспи.) Андан кийин Күлүйпа Кондучалова оюн айтты. Ал эстүү киши болчу, сыр алдырган жок. Баарынан кызыгы ошондон кийин болду. Агезде Аманбек Карыпкулов БКнын илим-билим бөлүмүнүн башчысы, БКнын парторгу болчу. Ага сөз келгенде оюн айтам деп жатып, Гитлер жөнүндө сүйлөп калды. Анан сөз арасында “жолдош Гитлер минтип айткан экен” деп, оозунан жаңылып калса болобу!

Анан…
Ошондо эле Түкөм: “Омэ-эй, биерде Гитлердин жолдоштору отурган турбайбы. Койгула, биерден кетейин” деп тура жөнөп калды. Коркуп кеткен Кулматов “кетпеңиз, кетпеңиз” деп чуркап барып эшигин тосо койду. “Жо-жок, мен Гитлердин жолдоштору менен сүйлөшпөйм. Көрсө, баары биякка кирип алышкан турбайбы?!” Түкөм болбой обдулат. Мен дагы чуркап барып, экөөбүз эки колунан кармап келип, араң отургуздук. “Коюңуз, Түкө, жөн эле оозунан жаңылып калды да” деп атып…

А Карыпкулов эмне деди?
Кыпкызыл болуп, оозунан алласы түшүп калды. Кокустан партиядан чыгып каламбы деп коркуп кетти да.

Ошол чогулушта Теңдик Аскаровдун орун басары, Жазуучулар союзунун экинчи катчысы Касым Каимов “Көк асабаны” катуу колдоп сүйлөдү. Көкжал, абдан мыкты киши экен деп койдум аны. “Эмне үчүн биз Енисейдеги тарыхтан качабыз. Тарыхыбызды танабызбы? Түкөм Радлов, Малов сыяктуу орус, немис окумуштууларынын эмгектеринен маалымат алды. Архивди казды, археологдордун эмгектерин колдонду. Кыргыздын тарыхы эч качан Енисейден өчпөйт. Биз биякта туруп алып эле өчүрө албайбыз” деп кашкайган калыстыгын көрсөттү. Ошентип, талкуубуз аяктады. Талкуунун жүрүшү боюнча справка жазууну Кулматов мага тапшырды. Мен справканы негизинен Касым Каимовдун сөзүнө таянып жаздым. Анда Нусупова деген БКнын маданият бөлүмүнүн башчысы бар эле. Мен ошонун бөлүмүндө сектор башчысы болчумун. Анан ошол киши менин справкамды көрүп эле: “Ой, бул эмне? Сен кечээ түшүнгөн жоксуңбу, откуда дует ветер? Дует боюнча жазыш керек. Сен, бала, эч нерсе түшүнбөйт турбайсыңбы? Мындай, кичине башты иштетиш керек да. Минтип отурсаң иштей албайсың, бар” деп чыгарып жиберди.

Комиссиянын кийинки аныктамасы кандай болду?
Аны мен Нусупованын столунан көрүп калдым. Аскаровдун “талкалаган” сөздөрү келтирилиптир. Сыягы справка жазуу Аскаровго тапшырылып, анан ал романды өлөрчө жамандап, терисин оң-тетири сыйрып жазып алып келсе керек. Анан ошол справканы тиркеп БКнын бюросуна киргизишти. Бюродо “осудить” деген чечим чыгарылып, ошондон кийин “Көк асаба” окулбай калды. Чыккан китептерди топтоп, жок кылышты окшойт.

Казат аба, Турдакун Усубалиев башында турган БКнын арааны жүрүп турган мезгилде дагы кайсы чыгармалар айыпталган?
Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч”, менин “Мезгил” романым, Бексултан Жакиевдин “Алтын аяк”, Мар Байжиевдин “Поезд дальнего следования” пьесасы, Орозбек Айтымбетовдун “Ала-Тоо” журналына жарыяланган Ысык-Көлдүн балыктары жөнүндө жазган очерки айыпталганы эсимде. Айтымбетов өзүнүн очеркинде “Октябрь революциясына чейин Ысык-Көлдө баланча тонна балык бар эле. Балык аябай көп болчу. Себеби кыргыздар өздөрү балык жечү эмес. Эми ошол балыктын баарын орустар жеп бүтүп, көлдө балык калбай калды” деген мааниде жазыптыр. Кызык, тоннасынан бери жазган экен…

Анан Көчкөн Сактановдун “Дарбаза” деген очерки да айыпталган. Кочкордон чыга бериште Дарбаза деген тоо бар. Автор очеркин ошонун атынан койсо керек. Ал очеркин автор Нарын облусунун мектептериндеги кыргыз тилин окутууга арнаса керек эле. Анда “Кочкордо үй саткысы келгендер “Дом продаётся” деп жазышат экен. Кокус, “үй сатылат” деп жазышса, чоңдор өчүртүп салат экен” дейт Көчкөн Сактанов. “Кочкор-Нарын өрөөнүндөгү кыргыз мектептеринде кыргыз тилинен сабак берилбей калса, чоңдордун башы оорубайт. Эгер орус тили бирдеме болсо, баары дүрбөлөңгө түшөт экен” деп жазат.

Жазуучу ачуу сынды так эле Турдакун Усубалиевдин туулган жеринен баштаган экен да…
Ооба. Ал кезде Абдылда Каниметов деген киши агартуу министри болчу. Ошол учурда Усубалиев Москвада өткөн кайсы бир жыйында: “Орус тили – биздин экинчи эне тилибиз” деп сөз сүйлөгөн. Андан кийин орус тили боюнча атайын Кыргыз ССР КПнын пленумун өткөрүп, Каниметов анда орус тилинде доклад жасаган. Ошондон кийин Усубалиев менен Каниметов “экинчи” дегенди кээде кошсо, кээде кошпой, “орус тили – биздин эне тилибиз” деп жүрүштү. Көрсө, орус тилине биротоло өтүп кетүү үчүн катуу аракет башталган экен да ошондо.

“Пресс.kgнин” эмдиги санында Казат Акматов, Түгөлбай Сыдыкбеков Мөскөөдөн келген КПСС БКнын өкүлүнө кандайча талап койгондугу, анан кадырлуу Түкөнү Чыңгыз Айтматовдун жардамы менен кандайча тарбиялашкандыгы жөнүндө сөз кылат.

Суроо салган Абдувахаб Мониев, “Пресс.kg” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 13.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.