Жаныбек Жанызак Агата Кристини “Кыпкыргыздаштырып” койду. Эми Жазмакерлер союзун түзүп, Жазуучулар союзун “социалисттик мелдешке” чакыргысы келет

Жаныбек Жанызакты кимдер билбейт?! “Каттама” атап, Кыргызстандагы биринчи эротикалык гезитти чыгара коюп, анда бир “дүң”болгон. Компьютердин “тишин” да кыргызда биринчи болуп ачып, аны колдонууну үйрөтүү боюнча усулдук китеп чыгарып, биринчилерден болуп кыргызча шрифттерди жасаган да Жакебиз. Кыргыз тилдүү гезиттер Жанызакка ыраазы болушу керек. Биринчи болуп кыргыз гезиттери үчүн интернет-сайт ачкан да ошол.

Жаны жай албаган Жаныбек мырза бүгүнкү күндө китеп басып чыгаруу иши менен шугулданып жүрөт. Кыргызда “билбегени жок”деп коёт эмеспи. Кай маселе болбосун сүңүп кирип, өзүнчө талдоо жүргүзүп, оригиналдуу ой айткан Жакебиз да ошондой адамдардан. Эмнени кеп кылсаң, үстүнөн түшөт.

Жаныбек Жанызак менен жолукканда биздин адепки кебибиз Казат Акматовдун “Архат” романынын тегерегиндеги чуудан башталды. К.Акматов “Архаттын” өзөгүн кайсы бир чет өлкөлүк жазуучунун “Третий глаз” деген китебинен көчүрүп алган деген сынга кабылып жүргөндүгүн көпчүлүк билсе керек…

– Мен илгери бир: “Кыргыздын бири башка элдин бир нерсесин өзүмдүк кылып, кыргызга сиңе тургандай деңгээлде жеткире иштеп берсе, аны окуганда ыраазы болуп, толкундансаң, ала бериш керек! Сырттагыны алып келип, кыпкыргызча кылып, кыргызга сиңирип таштаган адамды азаматсың” деш керек деген мааниде макала жазган элем. Автордук укук деген түшүнүк кыргыздын өзүнүн ичинде гана иштеп, чет өлкөлүктөргө өтпөш керек. Мисалы, Эсенбай Жаныбектикин уурдап албаса болду.

Өзүм баштан өткөргөн бир тарыхты айтып берейин. Детектив китептер чыгып, базарда өтө баштаганын көрүп, башка авторлорго акча төлөгөнчө, мен өзүм эле которуп китеп чыгарайын деп, Агата Кристинин китебин котордум. 160 беттик котормо даяр болду. Азыр кыргыз китеп базарында Орозбек Бөрүгулов деген белдүү соодагер бар. Анан ошондон кеңеш сурасам: “Ээ, Жаке, эгер китебиңдин каармандары кыргыз эмес, чет элдик болсо, өтүшү кыйын” деди. Не кылуу керек деп ойлонуп жүрсөм эле Казат Акматовдун тарыхы чыгып калды. Анан “Манастан Чубак кем бекен” деп, китептеги каармандарды бүт кыргызчалатып берүүнү гезит базардагы Эркин Кырбашев деген анча -мынча чымыны бар жигитке тапшырдым. “Акыңа элүү китеп берем” дедим. Өзүмдүн ишим көп эмеспи, чолоом тие бербейт. Анан ал Агата Кристинин китебиндеги каармандарды бүт кыргыз кылып чыгыптыр. Англиядагы курортко барган жерин кыргыздын кымызга чыкканы кылып, жер аттарын да бүт кыргыздаштырыптыр. Мен: “Детективдин атын гана Жаныбек кылып сал” дедим эле, ошондой кылыптыр. Азыр ал китеп басылып, базарда жакшы өтүп жатат. Албетте, Кудай өзү кечирсин ,бул жерде чатак жок. Агата Кристинин автордук укугу бүткөн. Автордук укуктун мөөнөтү-70 жыл. Ошого карабай, мен Агата Кристиники деп эле айтып жатам.

– Жаке, китеп басып чыгарып, сатуу бизнесин жүргүзүп, байыса болгудайбы өзү Кыргызстанда?
– Китеп окуунун өзү тамеки чеккендей эле муктаждык. Муктаждык барбы, сунуш да болушу керек. Эгер өңүтүн таап алсаң, бул пайдалуу жумуш. Авторлорду таап, аларды окурмандарга ыңгайлаштырып, нааразы кылбай иштешүү керек. Анан антпей эле, өкмөттөн акча сурап отуруштун өзү ыпластык. Эгер өкмөттөн кыргыз тилиндеги адабиятты өнүктүрүү боюнча жардам болсо, бул таза экономикалык жаатта гана болушу керек. Мисалы, китеп басып чыгаруунун салыгын азайтып, башка да жеңилдиктерди берип, кедерги кылбасын.

Сиз азыр кайсы жазуучу, авторлор менен иштешип жатасыз?
Менде азыр негизинен эки автор бар. Баратбай Аракеев, анан Айгүл Шаршен кызы.

Баратбай Аракеев го башынан белгилүү адам. Акыркы кездери Айгүл Шаршен кызы тууралуу укчу болдук. Аптасына бир китеп жазып коёт экен. Кыргызда илгертен төкмө акындар болчу эле. Эми төкмө -жазуучулар пайда болгон го деп таңбыз…
Чын айтасың, бул өзү чын эле төкмө-жазуучу экен. “Мындай болду эле” деп, бир окуянын четин эле чыгарып койсоң бүттү… Көбүртүп-жабыртып, куда-кудагый кылып, адамдын зээнин кейиткен, же кубанткан окуяларды таап, сюжеттин куруп, бүтүн чыгарма жаратып салат.

Жаке, сиз анынбир китеби үчүн 7 миң сом калем акы төлөйт экенсиз. Аз эмеспи?
Мен баарын эсептеп көргөм, чыгымын, убарасын. Иште өзүм жалгыз кишимин. Менде жумушчу, кошумча редактор деген жок. Компьютерде иштей турган өзүм. Китепти жалгыз өзүм чыгарам. Албетте, мындан өзүмө бираз пайда. Кошумча редакторго төлөй турган акчаны үнөмдөп жатпаймынбы. Айгүл Шаршен кызы чыгармасын кол менен жазат. Аны мен өзүм компьютерге түшүрөм. Эгер компьютерде жазып, дапдаяр кылып алып келсе, калем акысын мүмкүн10 миң сомго чыгарып берет элем.

Анын азыр канча китеби чыкты?
Жыйырма үч. Ушунча китеби чыгып, элге кеңири таанылып калганында да менин аракетим бар. Аракет болгон жерде берекет болуп, биртке тыйыны мага калышы керек да. Жазуучуларда артисттердегидей “жылдыз” оорусу болот окшойт. Эмнегдир акыркы кездери мурдун көтөрүп, тырыңдай баштады.

Жаке, сиз өзүңүз Жазуучулар союзуна мүчөсүзбү?
Илгери мүчө бол дешкенде да мүчө болгон эмесмин. Мен өзүм жанбактылыкка башынан каршымын. Акча маңдай тер менен табылышы керек. Жазуучулар союзунун мамлекет тарабынан каржыланышы туура эмес деп эсептейм. Аларга акча бербей, акча табууга мүмкүнчүлүк берүү керек. Азыр эми жазуучу жана жазмакер деген эки термин пайда болду. Жазуучу аталгандар өздөрүнүн оюнда асыл тукум, ак сөөктөр, а жазмакерлер четтен чыга калып өзүнчө бирдеме жаза коюп эле, элге таанылып жүргөндөр. Жазуучулар жазмакерлерди тоготпойт. Себеби, өздөрүн ак сөөк санап, буларды букара катары санайт да. Жазуучулар жазмакерлерге ушундай бир бой көтөрүп, жүргөн бир бечарадай карайт. Аты бар, заты жок бечарабы, же заты бар, аты жок бечарабы? Кимиси бечара экендиги дагы белгисиз. Териштирип көрүш керек. Маселен, Айгүл Шаршен кызынын “Ойнош” деген китеби 5000 нуска менен чыкты. Азыр Кыргызстанда чыгармасы 5000 нуска менен басылган жазуучу барбы?

Жок го дейм..
“Ой, бул ар нерсени эле жаза бериптир” дешет. А эл окуп жатпайбы. Анда сенин элиң кеңгир башпы?! Эмне, окурман журт жакшыны көрө албайт бекен?! Ошол чыгармаларда жакшылыктын жок дегенде кичинекей бир данеги болбосо, эл окубайт эле да. Жалаң эле ыплас, жамандыкка чакырган нерсе болсо, окурман кызыкпайт эле. Элиң окуп жаткандан кийин, ошондо бир данек бар. Өрдөк жокто чулдук бий болот. Өрдөктөр өкмөт оозун карап отурса, чулдук чыгат да. Бирок, ошол чулдук бара – бара окурмандардын табитине, кызыкчылыгына ыңгайлашып, деңгээлин өстүрө баштайт. Басмачы (китеп чыгарып сатуучу) да чыгарманын деңгээли жогору болушуна кызыкдар болот. Эгер ал көркөмдүк, товардык деңгээли төмөн, начар чыгарма болсо, баспайт.

Мен жакында өзүбүздүн авторлорду чакырып. “Давай, жазмакерлер союзун түзөлү да, жазуучулар союзун социалисттик мелдешке чакыралы, ким канча китеп чыгарып, окурмандар үчүн канча түшүм берет экен, көрөлү” дедим.

Деги учурдагыдай жазуучулар союзу бизге керекпи?
Анысын билбейм. Негизгиси, өкмөт аларды каржылаганды токтотушу керек. Буларга балык бербей, кайрымак карматканы оң.

Жазуучулар союзуна өкмөттөн канча каражат бөлүнөт?
Жылына 3 млн. сом берет деп атыша беле…Канча берсе деле менин кылым кыйшайбайт. Бирок жанбактыларды көбөйтүп атпайбызбы… Байкап көрүш керек. Булар кызык болуп жатышат. “Жазмакерлерди тыйыш керек” деген сөздөрүн бир-эки жерден окуп калдым. Көркөм кеңеш дегенди уюштуруп, булардын жазганын алар текшерет имиш. Анан жакса чыгарат экен. Болбосо жок. Социализм мезгилинде “Главлит” деген цензура бар эмес беле. Оюна койсо, ошону кайра апкелишкиси бар. Анын тузагынан араң кутулгандыктары менен иштери жок. “Главлит” ошол мекеме эмес, сатып алуучу болбойбу. Китеп жакпайбы, албай коёт. Эмне, китеп сатып алып жаткан азыркы окурмандар бул “асыл тукум” жазуучулардан келесоо бекен? Чөнтөгүндөгү тыйынын коротуп сатып алып жаткан адам эмнени сатып алып жаткандыгын жакшы билет. Анын өзүнүн жеке талабы, мүдөөсү бар. А көркөм кеңеш дегени “мындай китеп окуш керек” деп, цензураны кайра апкелгени калганбы?

Жаныбек Жанызак менен маек уланып, кийинки санда Жаныш Кулманбетовдун “Чыңгыз менен Бүбүсара” көркөм фильми, дегеле Чыңгыз Айтматовдун тегерегиндеги ар кандай “чыгармачылык кызыл кулактык” жөнүндө сөз болот.

Маектешкен Тайчабар Улукбеков, “Пресс.kg” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 13.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.