Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев: “МАНАС” КИМДИКИ?

ЮНЕСКО, “Манас”, кыргыздар жана кытайлар туурасында Кыргыз эл жазуучусу, профессор Бексултан Жакиев менен кабарчыбыз маектешкен. Ошол маекке көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Бексултан агай, Сиз “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча деректирликтин көркөм жетекчиси, кийин деректири болдуңуз. Эпостун эл кызыгып окуй тургандай жыйнакталган тыкан вариантын да түзүп чыктыңыз. Мындан бир нече жыл мурда сиз даярдаган долбоордун негизинде кыргыздын манасчылык, дастанчылык жана төкмө акындык өнөрү ЮНЕСКО тарабынан бүткүл адамзаттын оозеки жана руханий мурасынын щедеври деп жарыяланган. Кыскасы, эпосубузга, анын өсүп-өнүгүп, тамыр жайышына кайдыгер эмессиз. Ушундан улам мындай суроом бар: “Манас” кытай кыргыздарынын эпосу катары ЮНЕСКО тарабынан жарыяланып кетиптир деген уу-дуу болуп жатпайбы. Ушуга пикириңиз кандай? Деги эле ЮНЕСКОго “Манас” эпосун биз сунуштасак болбойт беле?
– Сурооңо кененирээк жооп айтайын, антпесек, түшүнүксүз түйүндөр чиеленип кала берет…

– Каршы эмесмин, айтыңыз.
“Манас” эпосун биз, кыргызстандыктар, сунуштаганбыз. Ал мындайча болгон. 2000-жылдын күзүндө Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын ошол кездеги жооптуу катчысы Адаш Токтосунова мага бир топ документ алып келди: “Ушуларды карап көрүп, долбоор даярдасаңыз жакшы болот эле, башка мекемелерге кайрылсак, бири да көңүлдөнбөй койду” деп. Негизги документи бүткүл адамзаттын оозеки мурасынын шедеврлерин жарыялоо жөнүндөгү ЮНЕСКОнун (орусча-“Резолюция о провозглашении Шедевров устного наследия человечества”) чечими экен. Калган документтер долбоор түзүү боюнча Парижге тапшырыла турган толгон-токой иштин аттары, аларды даярдоонун ирээти, талабы жана тартиби, ошондой эле ЮНЕСКОнун баш деректири Коичиро Мацуура мырзанын ЮНЕСКОго мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларына, өкмөт башчыларына, тышкы иштер жана маданият министрлерине жогорудагы резолюция боюнча жазган каты, оозеки жана руханий мурасты өнүктүрө турган уюм түзүү зарылчылыгы жөнүндөгү сунушу экен. Колума тийген документтерди окуп, аябай кызыктым. “Манастан” өткөн кайсы шедевр болсун деген ойдо, ЮНЕСКОнун талабына тууралап, эпосубуздун маанисин, өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын жазып бердим. Аны англис тилине которуп, Парижге жөнөтүштү. Парижден мындай жооп келди: “Манас” эпосу миң жылдык мааракесинен кийин дүйнөнүн көп эли билип калды. Силер башка элдер билбеген, же чала билген, же жоголуп кетүү коркунучунда турган өнөрүңөр жөнүндө долбоор тапшырсаңар гана ЮНЕСКОнун программасына катыша аласыңар” деген. Дүйнө элдерине белгисиз болуп келаткан философиясы терең, мыкты эпосубуз “Кожожашты” сунуштадым. Парижден жооп келди: “Бул эпосуңардын ою терең, окуясы кызык, абдан актуалдуу экен, ошого жараша күнүмдүк жашоо-тиричилигиңерге, маселен, оюн-шоок, майрам, ырым-жырым салттарыңарга, салтанат, дагы башка чараларыңарга аралашабы бул эпосуңар, же андай милдеттерди аткара албайбы? Аткара албаса, ЮНЕСКОнун программасына туура келбейт” деп. Чынында да ошондой, “Кожожаш” китеп бетинде гана бар, анын обонун да унутуп койгонбуз. ЮНЕСКОнун талабын эми түшүнгөндөй болдум. Оюма гректердин “Илиада”, “Одиссеясы” келди. Бул эпостор дүйнө жүзүнө кеңири белгилүү. Көп тилге которулду. Алар боюнча толгон фильмдер тартылды, пьесалар, музыкалык чыгармалар жазылды, айкелдер орнотулуп, сүрөттөр тартылып, кыскасы, билбеген адам жокко эсе. Бирок өлүү эпостор алар, анткени, алардын биздин манасчылардай айтуучулары жок. Жүрө-жүрө биздин “Манасыбыз” да, “кенже” эпосторубуз да кагаз бетинде гана калып, өлүү эпосторго айланып кетиши мүмкүн. Андай жоготууга дуушар болбос үчүн манасчыларга, дастанчылык, акындык өнөргө материалдык, чыгармачылык, моралдык шарт түзүлүп, үзгүлтүксүз колдоо болуп туруусу зарыл! Ушул пикирим ЮНЕСКОнун “Оозеки мурастар бөлүмүнө” жакты. Мен “Кыргыздын манасчылык, семетейчилик, дастанчылык жана төкмө акындык өнөрү бүткүл адамзаттын оозеки жана руханий мурасынын ажырагыс бөлүгү” (орусча – “Искусство кыргызских сказителей манасчы, семетейчи, дастанчы и акынов токмо – как составная часть устного наследия человечества”) деген ат менен долбоор даярдаганга кириштим. Парижден сунуш кылышты: “Манасчы, семетейчи, дастанчы, төкмө акын” деп, санап отурбай, аларды бириктирип туруп, “акыны-сказители кыргызских эпосов” десеңер, ЮНЕСКОнун түшүнүгүнө ылайык болот деп. Көрсө, ЮНЕСКОнун түшүнүгүндө “Манас” сыяктуу улуу дастан деле, терме, санат ырлары деле эпостун катарына кирет экен. Ошолорду эске алып, долбоорубуз “Искусство акынов-сказителей кыргызских эпосов как составная часть устного и нематериального наследия человечества” деген ат менен далай калбыр, электерден өткөн соң, ЮНЕСКОнун эксперттери, жюриси тарабынан жактырылып, манасчылык, дастанчылык жана төкмө акындык өнөрүбүздү бүткүл адамзаттын оозеки жана руханий мурасынын шедеври деп, 2003-жылдын 7-ноябринде ЮНЕСКОнун баш деректири Парижде расмий жарыялаган. 2004-жылдын 11-июнунда биздин филармониянын чоң залында ЮНЕСКОнун баш деректири Коичиро Мацуура мырза Кыргыз Республикасынын ошол кездеги премьер-министри Танаевге “Искусство акынов-сказителей кыргызских эпосов” бүткүл адамзаттын оозеки мурасынын шедеври сертификатын кыргыз улутунун элдик өнөрпоздорунун сонун концертинин соңунда салтанаттуу эргүү менен тапшырган.

– Кечиресиз, агай, “салтанаттуу эргүү” дегениңизди кандай түшүнсөк болот?
Концерт Мацуура мырзага аябай жаккан экен, Уркаштан жети-сегиз бала манасчыга чейинки, Эстебес, Ашыраалы, Тууганбай, Замирбектер баштаган он чакты төкмөлөрүбүздү, Асек Жумабаевди, Роза Аманованы, Малик Аликеевди, долбоордо аталган дагы башка элдик өнөрлөрүбүздүн таланттуу өкүлдөрүн кайра-кайра куттуктап, колдорун кысып, сахнадан көпкө кетпей: “ЮНЕСКО силерге шедеврликти эң туура бериптирбиз!” деп, баладай эргип жүргөнүн айттым да. 2004-жылдын апрелинен ЮНЕСКОнун колдоосунда Ош, Жалал-Абад, Талас, Каракол, Бишкекте жаш манасчы, дастанчы, ырчылардын сегиз өнөрканасы иштей баштады. Ал өнөрканаларга компьютер, телевизор, аудио-видео аппаратуралар, стол, стулдар, кийим илгичтерге чейин, китептер, комуздар сатылып берилген. Насаатчыларга айлык, шакирттердин жолкиресине, тамагына ай сайын акча төлөнөт. ЮНЕСКОнун өз бюджети болбогондуктан долбоорубуз Япония өлкөсүнүн Ишеним фонду тарабынан каржыланган. Дүйнөлүк кризистин кесепети тийди окшойт, долбоорубуз бир нече ай каржыланбай, быйыл апрелден бери алты өнөрканабызды кыскартып, эки гана өнөркананы каржылап атышат. ЮНЕСКОнун 2004-жылы башталган жардамы ушул жылдын декабринде бүтөт. Андан ары программаны биздин өкмөт өз каржылоосуна алууга тийиш – ЮНЕСКОнун талабы ушундай. Апрелден кийин эки өнөрканага 15 манасчы, 10 ырчы, дастанчы жаш таланттарды жаңыдан кабыл алдык.

– Эми эмне, ЮНЕСКОнун чечиминен кийин “Манас” эпосу кытайлардыкы болуп калабы?
Андай болушу мүмкүн эмес. Анткени, ЮНЕСКО бир өлкөнүн өнөрүн башка өлкөгө ыйгарып жибере албайт. Акысы жок. Шедевр деп жарыялайбы же дүйнөлүк мурастын тизмесине кошобу, айтор, кандай чечим чыгарса да, тигил же бул өлкөнүн энчисине бекиди деген күбөлүк же патент эмес. Андай чечим бүткүл адамзаттын оозеки жана руханий (нематериальное) мурасына татыктуу атак дегенди билгизет. Андай баркка 2003-жылы биздин манасчылык, дастанчылык жана төкмө акындык өнөрүбүз татыктуу болбодубу! Кеп “Манасыбызды” тиги эл ээлеп кетет, бул эл жулуп кететте эмес, “Манасыбызды” колдоо, тамырын жайылтуу, аны өркүндөтүү, манасчылардын баркын көкөлөтүү, кадырлоо, урматтоодо болушу керек! Кеп ошондо! Анте албай жатпайбызбы! Ошонун айынан “Манастын” маани-маңызын мындай кой, окуясын билген кыргыз өтө аз, бирди-жарым! “Манасты” окутуунун программасы анча-мынча эле саат! Баладан карыяга чейин “Манасты”, манасчылык өнөрдүн маанисин терең түшүнүп, баркына жеткенде гана биз кыргыз деген улуттун улуулугуна дейре көтөрүлө алабыз! Кытай Эл Республикасындагы Кызыл-Суу кыргыз автоном облусундагы бир боорлош туугандарыбыздын “Манасы” бар. Жусуп Мамайдын “Манасы” аларда 18 том болуп чыккан. Биз болсо Сагынбай менен Саякбайдын айткандарын толук чыгара албай отурабыз. Биздин Кыргызстанда “Манастын” бир канча варианты бар. Жусуп Мамайдыкын ошол биздеги көп варианттын бири катары эсептеп келатабыз го. Кытайлык кыргыз боордошторубуз деле аны биздин “Манаска” каршы эсептебейт. Жусуп Мамайдын варианты бирөөгө жакса, бирөөгө жакпашы мүмкүн. Ошондон улам аны кемсинтүү, андан кыйынсынуу текебердик, дардаңбайчылык болот. Башка өлкөлөрдөгү кыргыз боордошторубуз Кыргызстанды, кыргызстандык кыргыздарды бел тутат. 170 миңдин ары жак-бери жагындагы кызыл-суулук туугандарыбыздын руханий дөөлөтү биздин да руханий дөөлөт! Аны жерибей “Манасыбызды” биримдикте дүнүйөгө дүңгүрөтсөк, жаманбы?! Парижде ЮНЕСКОнун “оозеки жана руханий мурастар секциясы” деген бөлүмү бар. Ошол бөлүм, кытай тарап “Манасты” сунуштаганда, 2000-жылы Кыргызстан адегенде эпостун өзүн сунуш кылганын унутуп койгонуна таңмын. Менимче, бул алардын илээндилиги. Кытайдан сунуш келгенде, ЮНЕСКОдогулар: “Кыргызстандан сунуш болгон, биз момундай жооп айтканбыз, силер ири алды кыргызстандыктар менен такташкыла да биргелешип долбоор жөнөткүлө” десе, алиги уу-дуу болмок эмес.

“Манас” биздики экенин бышыктаган далилдер топ-толтура экенин айтуунун кажети жок болсо да, кайсы бирлерин эске сала өткөнүм туура болгудай: академик Радлов жазып кетип, орус, немис тилдеринде чыгарган “Манасыбыз”, Чокон Валиханов жазып барып жарыялаган “Көкөтөйдүн ашы”, венгер окумуштуусу Алмашинин жазып чыгарганы, дагы толгон окумуштуулардын изилдөөлөрү, Мухтар Ауэзовдун өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарында “Манас” эпосу боюнча жактаган кандидаттык диссертациясы, баягы “Манас” эпосун жоготуу максатында өткөрүлгөн Бүткүл союздук конференция жана “Манасты” коргоп калган андагы чечим, ошондо “Манасты” жактап да, жактабай да сүйлөгөндөрдүн бардыгы “Манас” эпосунун бизге гана таандык экенинен күнөм санаган эмес. Демек, “Манас” ир алды кыргызстандык кыргыздарга таандык дегендин далили булар. “Манасты” коргогондору үчүн куугунтук жеген, түрмөгө камалып, айдалгандарды айтпай эле коөюн. Алар да “Манастын” биздики экенинин далили. Баарын айтып отурбайлы. Бириккен Улуттар Уюмунун Бийик ассамблеясынын чечими менен 1995-жыл “Манас” жылы деп жарыяланып, миң жылдык маараке өткөндүгү, миң жылдыкты ЮНЕСКО колдоп, “Манастын” англис тилине которулуп чыгышына акча бөлгөнү, БУУнун имаратында Кыргызстандын атынан Манас баатырдын айкелининин тургандыгы…- айтор, далилдер көп. Ошондойлордун баары турса, ким эле “Манасты” бизден тартып алып, өзүнө энчилей коөт?! Же бири “Манасты” айта алсачы! “Манасты” кыргыздан башка эч бир эл айта албайт! Кайсы бир гезитте ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Жыпар Жекшеевди бирөө жерден алып көргө, көрдөн алып жерге шыбаптыр. Мүмкүн, мага да бирөөлөр асылаар? Асылса, айла канча, өкүнүп тим болом да… Балким, тим калбастырмын?..

– Агай, жашырын болбосо, түзгөн долбооруңуз үчүн канча акы алдыңыз?
Ишенбейсиң го? Нөл! Акысыз бүтүргөм. Долбоор “Дүйнө элдеринин эпостору” эл аралык ассоциациянын атынан даярдалган. Анын жетекчиси мен. Уюмдун жетекчиси даярдаса, акы төлөнбөйт деп, улуттук комиссиядан айтышканынан, ишенгем.

– “Манастын” кысылган тыкан вариантын түзгөндүгүңүз үчүн жакшы эле акы алгандырсыз?
Анын акысы да сметага кирбептир. Эпостун баш сөзү жана түшүндүрмө сөздүгүн түзгөнүм гана сметага киргизилип, беш жүз доллардын тегерегинде акы алгам. Кудай бар, гонорарсыз иштегениме кейиген эмесмин, анткени, “Манастан” пайда өндүрөм дегендер жакшы тагдырга дуушар болбоптур. Ак ниетиң менен иштеп берсең, Манас өзү колдойт деген ишенимдемин.

– “Манас” кытайларга өтүп кетти деп, чуу көтөргөндөр жөнүндө эмне демексиз?
– “Манас” -кыргыздыкы! Ал эч кимге өтпөйт, өтүшү мүмкүн да эмес! “Манастын” тагдыры, руханий дөөлөттөрүбүздүн тагдыры, маданиятыбыздын тагдыры – кыргыздын тагдыры! “Манас” деп, кыргыз деп, күйүп-бышкандарга, эл тагдырына кайдыгер эместерге миң-мертебе ыраазымын! Бирок кандай гана нерсе, кандай гана учур болбосун ири алды жөн-жайын даана билип, түшүнүп туруп, анан бакырсак туура болмок. “Оң колуңдун ачуусун сол колуң менен бас” деп, ата-бабабыз сабырдуулукка бекер үндөгөн эмес да.

– Маегиңизге ыракмат, агай. Кем болбоңуз!
Өзүңө да ошону тилейм.

Маектешкен Айгүл БАКЕЕВА, “Назар” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 17.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.