«Манас» айтуучулук өнөрү жөнүндө

«Манастын» толкуу доорлору…

Ушул таңда, «Манас» дүйнөлүк адамзаттын заттык эмес маданият мурасына кирип, аны коргоо, куткаруу кыргыз эле эмес, жалпы адамзаттын милдети катары ортого түштү. «Манастын» мындай дүйнөлүк чөлкөмдө таанылуусу, адамзатка орток маданият төрүнө кирүүсү, тек гана «бир улуттун нерсеси экен, куткарып калалычы» деген «жеңилдик берүү» мамиледен улам эмес (бечаралык кейипте эмес), «Манас» адамзатка чыныгы жаралганынан, адамзаттын көз карашы болуп ортого түшкөнүнөн (К.Жусубалиевдин сөзү) ушундай кадырга жетишип жатканын атайлап айтуубуз керек. Биздин тикчийип туруп изилдөөбүз, «Манаста» адамзаттын кайсы көз карашы кыргыздын оозу менен айтылды? дегенге жооп издөө чоң илимди талап кылат. «Манас» тарыхына кылчайсак, биздин жеткен баамыбызда, «Манастын» үч чоң толкуган доору болуптур: биринчи толкуган доору, «Манастын» жаралуу доорундагы улуу күр- шар толкуусу болуп, аны как эле кыргыз рухунун туйлаган, серпилген доору!!! деп атоо ылайыктуу экен. «Манас» жаралуу доорунун толкуну менен кыргыз рухунда «Манас» ысымы серпилип чыгып, кыргыз дилине соктуккан (кудум теңиз толкуну жээгине соктуккандай күч менен), ооба, «Манас деген ысым кыргыздын мураты, акыйкаты, руху, ишеними» (Т. Ысмайыл) катары толкуп, ал жомокчулардын көкүрөгүндө узакка тыгындалып жүрүп, доору жеткенде атырылып, ооздорунан кыйкырык болуп айтылып чыккан. «Манастын» обону күрпүлдөп, улуу сүрөөн менен кыйкырып айтылуусу, тегинде, рухтун ичке батпай атырылуусунан уламдыр. Айтар сөзгө кайра кайрылсак, «Манастын» биринчи толкуу доору «атылып чыгуу» (жаралуу) доору деп бөлө айтсак болот; «Манастын» экинчи толкуу доору жомокчулардын (манасчылардын) «Манасты» элге жайылтуу толкуу доору болуп, эл ичинде жомокчулардын толкуп чыгуу (жалпылашуу) доору деп көрсөтсөк төп айтылган болот. Бул доордун белгилери XVIII кылымдарда чоң жомокчулардын (манасчылардын) эл ичинде толкуп чыгуусу менен, азыркы маалыматта, Балыкооз, Тыныбек сыяктуулардын жалпы кыргызга таанылуусу, шакирт жетиштирүүсү, кадыресе, кыргыз жашаган эле жерлерде «Манастын» бар болуу толкуну болуп, бизге көрүнгөнү, ал толкундун туу чокусунда Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев, Жүсүп Мамайлар жалпы улуттук деңгээлде көрүнүп, океан «Манасты» толкутуп, молуктуруп, калыптандыруу (көлөмүн чыгаруу) доору болуп, көлөмүн чыгаруусу ушул доордун толкуу өзгөчөлүгү катары бөлүнүп көрүнгөн. Бул улуу толкуунун берекети «Манасты» калыптандыруу болгон деген мүнөздөмө берүүгө болот; «Манастын» үчүнчү толкуу доору, мына биздин ушул доор болуп, XX кылымдын соңунан күр-шар этип басма сөз менен толкуп чыга келгенин өз көзүбүз менен көрүп турабыз. Башы 1860- жылдарда кагазга түшкөн (Ч. Валиханов, В. Радловдор), 1900-жылдары (Балбай Мамай), 1922- жылдары (Абдыракман Ибраимов) кыргыздар өздөрү калем кармап, «Манасты» кагаз бетине түшүрүп, «Манастын» экинчи өмүрүн кагаз менен улоо толкуну шарпындуу үнү менен чыга келди. XX кылымдын соңку кездеринен баштап Сагымбай, Саякбай, Жүсүп Мамайлардын толук айтымдары китеп аркылуу элге тарады. Элге «Манастын» экинчи жолку жалпылашуу чоң толкуну жетти. «Манас» китеп болуп эл аралагандан кийин, аны «изилдөө» деген «Манас» таануу мөртү жаралып, мурдагы угуп гана коюудан, анын маани- маңызын түшүнүү, адамзатка керектүү «караштарды» таап чыгууга аракеттер жасалды. Атап айтканда, «Манас» илим катары окумуштуулардын оозуна кирди. Ушул доордун «Манас» толкуусуна дүйнө көңүл бурбаса болбос даражага жетти. UNESCO «адамзаттын заттык эмес маданият мурасы» деген тизимге киргизип, «Манастын» ордун өз жайына чыгарып койду. Жер бетинде «Манас айкели» деген айкелдер тургузулду. Манас айкели кыргыз жердеген жерлерде гана эмес (аны атабай эле кетели), төр жагы Москва, Түркия, Кытайдын Чыңхайда, дагы башка жерлерде, Манаска арналган айкелдер көк мелжиди. Мындай көрүнүш тарыхта болгон эмес. Кытай, Кыргызстан мамлекеттеринде ондогон жолу «Манас» эл аралык илимий чогулуштар уюштурулуп, «Манастын» адамзатка калтырган асылдары ортого түштү. «Манастын» үчүнчү толкуу доорун «Манастын» кайра жашоо доору деп мүнөздөмө берүүгө болот. Ушул «Манастын» тарыхта (бизге белгилүү болгон) үч толкуу доорун элестеткенде, чоң жомоктун өзүндө айтылган «түгөнгөн сайын түтөгөн − Манас» дегенге болгон ишеничибиз бекемделе берет экен. Биз «Манасты» үч толкуу доорун басканын айтканыбыз, «Манастын» үч жолку ооматын теңиз толкунуна теңеп көзгө тартып элестетип көрүү эле.

Биз «Манастын» үчүнчү толкуу доорунда, жалпак тил менен айтканда, «Манастын» жер бетине (мурда кыргыз эл ичинде гана болсо) болуп көрбөгөндөй жайылган оомат дооруна туш келгенибиз менен сыймыктанган чакта, ошону менен кошо эле, «Манаска» кызмат өтөө доорунда турганыбызды ар дайым эстен чыгарбоо акылдуулук болот. Себеби, «Манастын» түп нускасы менен түз таанышкан биз «Манастын» ичиндеги баалуулуктарды алып чыгуу менен, «Манастын» түпкү касиетин даана, бурмалабай, ушул замандын «тузун татытпай», өз даамы менен коргоп, адамзаттын көз карашын бурчултпай сактап, коргоп калуу, анан чыныгы коргогондук болот. Чынында, ал үчүн, оболу, өзүбүздүн билим жана баалуулугубузду тааный турган көз чабытыбыз ажат болот. Кыргыздар өзүбүз «Манасты» түшүнбөй, же үстүрт түшүнүп, аны башкаларга толук түшүндүрүп бере албасак (которуп бере албасак), ата- бабанын эмне үчүн мындай чоң жомок (эпос) жараткан максатын билбеген болобуз. Кубатбек Жусубалиев айткандай, эми да «Манасты» адабият деген гана түшүнүктө жүрүүнүн убактысы өттү. Ушул ойдун желеси менен, мен «Манастын» эки канатынын бирөө болгон айтуучулук өнөрүнүн түпкү нускасын көрсөтүүгө далалат жасап, айтуучулук өнөрдүн маани- маңызынан кеп салып, аны илим катары калыпташтыруу жагына көөн бурдурууну максат кылып турам.

Чын эле, «Манасты» куткаруу, коргоо түйшүгү али жеңилдей элек. Басма бети аркылуу (кагазга түшүрүп алып) анын негизги мазмунун куткарып калганыбыз менен, «Манастын» айтуучулук өнөрүн олуттуу орунга коюу, кадыресе, айтуучулук өнөрдүн жөрөлгөлүү түпкү түрүн сактап калуубуз, ушул күндө, абдан керек болуп турганын азыркы манасчылардын «Манас» айтуу жагдайынан көрүп турабыз. Кыргыздын жомокчулук (манасчылык) тарыхында, алдыңкы муун манасчылар шакирттерине «Манас» жомогунун мазмунун үйрөтүүнү өз шыгына, жомокчулук жөндөмүнө коюп, оболу «Манас» айтуунун жөрөлгөсүн, билимдерин үйрөтүү аркылуу манасчы катарына кошуп келген. Ошол айтуучулук өнөрдү үйрөткөнү үчүн, анан устат- шакирттик байланыш түзүлгөн. Ушул мааниден караганда, «Манас» айтуучулук өнөр манасчылыктагы эң эле зарыл бир бөлүк, кадыресе, «Манас» жомогун элге жеткирүүнүн бир канаты, анын мазмунун жеткирүү болсо, дагы бир канаты, анын айтуучулук өнөрү экенине жетик көөн бурсак, анан «Манасты» толугу менен, эки канатын тең куткарып, эл ичине оболотуп, аны кийинки муунга, дүйнөгө жөрөлгөсү менен улаган болот экенбиз. Айтуучулук өнөр боюнча изилдөөнү тереңдетпей туруп, «Манасты» түшүнүүгө жетүү, болуп да «Манастын» кылымдардан бери келүүсүнө ушул айтуучулук өтө чоң өбөлгө болуп келгенин, айтуучулук өнөр «Манасты» тирүү алып жүргөн (кагаз бетинде гана калган болсо, өлүү эпос болорун) чоң ролу бар экенин  эске салуу максатында ушул макала ортого түштү.

«Манас» айтуучулук өнөр дегенде, «Манасты» элге айтуу, жеткирүүдө мазмунга ылайыкташкан обон, жаңсоолор, нускоолор, дене мүчө кыймылдарын көркөм көрсөтүү аркети болуп, бул аракеттер азыркынын сөзү менен айтканда, сахна драмалык аракеттер болгон. Устаты шакирттерине мына ушул өнөрдү үйрөткөн, мисалы, Сагымбай, Эшмат, Жусубакун манасчылар атайын Тыныбектин жылкысын кайтарып, оокатын иштеп берип жүрүп «Манасты» өздөштүргөн. Жоромолдосок, алардын үйрөнүп жатканы кайсыл мазмунду кандай өнөр менен айтуу өнөрүн үйрөнгөн. Ал үчүн, залкар манасчы Ж. Мамай агасы Балбай «Манасты» кандай айтуусун (аракетин) үйрөткөн сыңары, алды менен айтуучулук өнөрдү үйрөтүү керек болгон. Албетте, алдынкы шарты «Манастын» мазмунун, окуяларын толук өздөштүрүү болгонун айтпасак да түшүнүктүү. Бул өнөрдү аткара алган киши угарманына жаккан жомокчу (манасчы) эсептелген. Эгер айтуучулук өнөр болбогон болсо, «Манас» угарманга көркөм жетпей, угармандын кызыгуусу солгундап, «Манас» жомогу кылымдарды жиреп бизге тирүү бойдон жетпей калмак. «Манасты» тирүү алып жүргөн айтуучулук өнөр төмөнкүлөр болгон.

 

Айтуучулуктун обонго салуу өнөрү

«Манас» айтуучулуктун башкы өнөрү, аны  обону менен айтуу болгон. «Манас» жомогу кыргыздардын башка кенже жомокторунан айырмаланган өз алдынча айтуу обонун калыпташтырган. Эгер, мазмунун кошпой туруп, бир кыргызга анын обонун айтып берсе да «Манастын» обону экен дегенди бардык кыргыз айтып бере ала турган даражада жалпылашкан.

«Манас» жомогунун обону мазмунга ылайкташкан жана угарманга атайлап чыгарган обондору болгон. «Манаста» обонду улам кубулжутуу − күрпүлдөтүү, кыйкырык салуу, бадыратуу, созуу, муңайтуу, муң кошок обонуна салуу жана шаттык обон сыяктуулар менен бир эле убакыттын ичинде, бир нече обонго салуу «Манас» айтуучулук өнөрдүн обонго салуу өнөрү деп айтылат. Ушул күндө, үн алгыдан жөрөлгөлүү Манасчылардан Саякбай Каралаев, Уркаш Мамбеталиев, Жүсүп Мамай жана Шаабай Азизов сыяктуулардын айтуучулуктагы обон өнөрүн уксак, алардын обондорунда чоң жагынан «Манас» обону экени билинген бирдиктүүлүк сакталганы менен, аткарууда, обон өнөрүн көрсөтүүдө айырмачылык көрүнүп, ар ким өздөрүнүн обон салуу стили менен угарманына бөлүнүп көрүнө алышканын айтса болот. Мында айтарлуусу, угарман ичтен манасчы обонун эмне үчүн андай өзгөртөт? Айтып бара жатып эмнеге кыйкырык салат? деген суроону койбой тыңшайт да, ошол обонду өзү билген сыңары коштоп олтурат. Себеби, ал обончулук өнөрүн көрсөтүп жатканы болгондуктан, өнөр угарманды арбап эчак алып кете алган деңгээлге жеткен болот.

Биз жогоруда, «Манас» айтуучулуктагы обон өнөрүн экиге бөлүп, бирөө, мазмунга карай обон салуу, дагы бирөө угарманга карай обон салуу болгон дегенди кыйытып кеттик. Андай айтуубуздун себеби мындай, обонду мазмунга карай салуу да, согуш мазмунунда обонду күрпүлдөтүп (марш) айтуу обонуна салып, сүр көрсөтүү обону менен айтылса; турмуштук жана табиятты, көрүнүштү сүрөттөө мазмундары шаттык, эс алуучу созолонгон, ал ат менен жол жүрүп бара жатканды бадыратуу, ат туяк дүбүртүн чыгаруу (кээде «Манас» айтып жатканда, угарман талаадагы ат дүбүртүн уккандай болуп олтурган); ал эми муң, кошок мазмундар күрпүлдөк обон эмес, муңайыңкы, жашык обонго салынган да, өлүм кошогу, керээз, күйүт мазмундарды уккан угарман анын мазмунунан коштолгон муң обонуна ыйлап олтурушкан. «Манас» айтканда, «ыйлабаган киши болбойт» дегенди Чыңгыз Айтматов да айтканы бар. Ошентип, мазмунга карай обон салуу өнөрү «Манастын» көркөмдүгүн, уккулуктуулугун ашыра турган айтуучулук чоң өнөр болгон.

Ал эми жомокчу «Манас» айтып жатканда, угарманына да чоң көөн бурган, угарманы толуп турган соорунда, жомокчу оштонуп, күүлүү обон менен айтканы, айтып бара жатып кыйкырык салып айтканы, ал тургай, атайын эле «айт! оп!» деп кыйкырып жибергени угарманга каратылган. Улуу жомок «Манас» бир- эки саат ичинде бүтө койбойт. Угарман таалыгып, көшүп бара жатканда, манасчы атайлап салган «айт!» деген кыйкырык менен угарманын селт караткан. Обонго салуу өнөрү, «Манас» айтуучулук өнөрүнүн, айтып жеткирүү өнөрүнүн эң башкысы болуп, обон мазмунга, обон аракетке коштолуп тартымдуу драмалык көрүнүш бир адам менен көрсөтүлүүгө жетишкен өнөр болгон.

 

Айтуучулуктун олутун сактоо өнөрү

oluttuu

Айтуучулуктун олутун сактоо өнөрү дегени, айтуучулук соорунда өзүнүн сымбатын сактап, угарманга олуттуу, чыныгы турпатын көрсөтө билүү болгон. Олуттуу туруу дегени, улуу жумушка маани берүү позициясы болуп, жомокчу (манасчы) кийимин бажоо кийүү, ар кандай соорундун төрүн тандоо сыяктуулар манасчынын өз олутун сактоосу эсебине кирет. Улуу жомокту айткандар малдаш курунуп олтуруп айткан. Чөк түшпөй, сыңар тизелебей, өрө турбай малдаш курунуп олтуруп айтуу олутун тапкандык катары гана эмес, кадыресе айтуучулукка омоктуу олтуруп, жайбаракат, узакка чейин айтуунун олутун тапкандай, чыныгы мамиле жасагандай сыягын да көрсөткөнү болгон. Кадыресе, мындай олтурууда обону күчтүү чыгууга жардам берүү менен кошо, арка- алдына жүткүнүү, обдулуу, төрт жагына эмин- эркин кол жаңсоого, обдулганда, алкынганда, көчүк менен жылуу аракеттерине малдаш курунуп олтуруу ыңгайлуу болуп, ушул өнөрдү көрсөтүүнүн олутун тапканы катары болгон. Кыргыздын малдаш курунуп олтуруусу адамдын сымбатын чыгаруу менен эле чектелбей, улуу жер энеге бек олтуруп, олуттуу ишти чындап аткаруу сыяктуу жашырын мазмундарды камтый алган.

Олутун сактоо өнөрүндө, «Манас» жомогун айтып жатканда, айтууну токтото калып, угарманга тамаша жөнөтүү, азилди аралатып жиберүү, угарманга көз- кашын серпүү, ымдоо, ыргалуу, мүрүсүн шалкылдатуу сыяктуу жоруктарды улуу ишти жеңил баа көрсөтүү аракети катары караган. Жомокчу бүт эле айтуучулуктун ичине кирип кетүү олутун көрсөтүү өнөрү катарында каралган. Угарман «бали!» деген сүрөөн кыйкырыгы менен анда- санда коштоп койгон. Дегинкиси, «Манас» айтуу сооруну өтө олуттуу, чыныгы позицияны, сүрдү карманып олтуруусу олутун сактоо жөрөлгө катары калыпташкан. Олутту сактап «Манас» айтууда, жомокчу обонунун кардыктырбоо үчүн, май ууртоо, тамакты жумшартуу иштерин жасаганы ашыкча иш катары каралбай, арийне жайбаракаттыгын көрсөтүп турган. «Кайталап айтуу», кээ бир окуяларды жөө жомокко салып айтуу ыкымдары да олутун сактаган өнөрдүн ичинде каралып келген. Айтмак, ушул күндө, «Манасты» күрскүнүн үстүндө айтуу, өрө туруп айтуу сыяктуулар олутун сактап айтуу өнөрүн мүчүлткөн, обдулуу кыймылдарын чектеген жагдай катары каралбай келе жатат. «Манасты» жөрөлгөсү менен коргошту ойлогондо, жомокчуну малдаш курунуп олтуруу шартына ээ кылуубуз айтуучулуктун олутун сактап айтуу өнөрүн коргогонубуз, «Манас» айтуучулук өнөргө урмат кылганыбыз болот. Ар кандай соорунда (сахнада) «Манасты» олтуруп айтууну «Манас» айтуучулук өнөрдүн башы катары көрсөк, ар кандай эл да кандай турса, ошондой айта бере турган «жеңил баа» нерсе эмес, «Манастын» айтылыш каадасында өзүнчө эрежеси бар, олуттуу сооруну бар катары кабыл алат.

Олутун сактап айтууда, кээ бир топтук уюштурган «Манас» айтууда, топ манасчыларды ыргалып «Манас» айттыруу адатына буруп бара жатканын, ал баягыл эле кор айткан кебетеге түшкөнүн көрүп келебиз. Бизче, «Манас» олутунан тайыбай, каадалуу, сүрдүү айтылуусу гана түп нускасы болот дегибиз бар. Төмөнкү сүрөттөрдөн олутун сактап айткан көрүнүштөрдү көрөлү.

 

Айтуучулуктун жаңсоо-нускоо, обдулуу аракет өнөрү

obduluu_araketi

«Манас» мазмунун угарманга жеткирүүдө, айтуу өнөрү кошулуп − обону, жаңсоо, нускоо, обдулуу сыяктуу аракеттери бир бүтүн «Манас» жомогун түзгөн. Эгерим, жаңсоо, нускоо аракети жок болсо, толук «Манас» айтуу эсептелбеген. Жомокчуда (манасчыда) мазмунун өздөштүрүү жомокчулук касиет, куроо, улоо жөндөм шарты болгондон бөлөк, атайын үйрөнө турган жаңсоо, нускоо аракет өнөрдү да өздөштүрүүгө туура келген. Жаңсоо, нускоо аракети «Манас» айтуучулук өнөрүн драмалык  кызыктуулукка көтөрүп, окурманды өзүнө тарткан. Нускоо, жаңсоого негизинен орой- чырай, кабак- каш, көз, ооздун кебетеси, кол нускоо, жаңсоосу, дененин обдулуу, алкынуу кыймылы катышкан. Ошол аракеттерден окуянын элесин угарман көз алдына тартууга жетише алган. Жомокчу Манас айта баштаганда, төмөнкү аракеттерди айтуучулук өнөр катары көрсөткөн.

 

Жомокчунун өң-чырай аракети

on_araketi

Жомокчу Манас айтууну баштаганда, өңүн дароо өзгөртүп, мустая, сүрдүү түскө кирет. Өңүнөн кандайдыр чоң аракетке өткөнүн, кайсы бир чоң окуяны баяндап берүү сүрүнө киргенин өңүнөн көрсөтө алат. Демейде тамашакөй, өңүнөн жагым көрүнүп жүргөн кишинин, Манас айта баштаганда, башка түскө кирип, кээси бетинен түгүн чыгарып, көзүнүн чарасы оңурайып, бөтөнчө өңүн бурганы «Манаска» өтө олуттуу мамиле кылып, угарманды да чоң окуяга көөнүн бурдуруп салган өнөр эле. Тиги манасчынын өңүн көргөн угарман өздөрүн дароо ошол олуттуу түскө буруп, оюн көрүп жаткандай эмес, кадыресе тым- тырстыкка камалып кала берет. Угарманда, шыбыр- күбүр тыйылып, бүт теребел сүр басат. Ал үчүн, манасчынын өңүн өзгөрткөнүн бул сүрөттөрдөн көрүңүз:

 

Жомокчунун көз аракети

k

Манас айтып жатканда, көбүнчө манасчылар көздү жуумп, же жерди карап, угарманга тике карабай айтуу аракетине өткөн. Көздү жуумп айтуу дилдин быяктагы айнегин жаап туруп, бүт эле «Манастын» ичине дилин чогултуп, угарманды өзүнүн башка жакка бара жатканына каратып коюп, өз рух чөлкөмүнө кетип, тигил жомоктогу окуяларга гана дилин берип жатканын байкатат. Окурман манасчынын көздү жумган көрүнүшүн чындап айтып жатканга жоруп, ошол эле турпатын таңыркап тыңшайт. «Манас» айтканда, жомокчунун (манасчынын) көздү жуумп айтуусу өзүнчө бир изилдөөнү талап кыла турган, илим катарына коё турган маселе. Себеби, бүт «Манаска» кирип бараткан киши көз алдындагы иштерден бүт эле арылып, ошол эле окуянын ичине кирип кетүү үчүн, быяктагы (көз алдындагы) нерседен кечүүгө, алагды болбоого туура келген чоң астейдилдик болуп, тарыхта зүкүттө олтургандар, өзүн руху дүйнөгө арнагандар бүт көздү жуумп турган турбатка өтөт. Ал бул жакта эмес, өзүн тапшырган жакка кеткени сыяктуу, манасчылардын көзүн жумганы бүт эле «Манаска» өзүн арнап, аны төкпөй- чачпай айтуу болгон. А көзүн ачып айтканда, окуяга кошо бара жаткан жерден кайра кайткандай болуп, рух качып, мазмун төгүлүп- чачылып кетүүсү мүмкүн. Төмөнкү сүрөттөрдөн көрүңүз.

 

Жомокчунун кабак-каш аракети

kabak_araketi

«Манас» айтып жатканда, жомокчунун кабагы чытылуу, бүркөө аракетке өткөн. Кабакты чытыган аракет жоого каары менен тийген баатырдын мүнөзүн, окуянын татаал, кейипкер тагдырларынын өтө катуу экенине болгон пазыцыясын туюнтуп, окурманды «кандай болор экен?» деген суроого кабак- каш аракети менен чулгап кеткен. манасчынын кабак- каш аракет өнөрү окуянын өтө сүрдүү, капшаптуу экенин туйгузууга алып бара алган. Кабакты чытуу дагы бир жагынан улуу ишке олуттуу мамиледе болуп жатканын, угарманга айтып жатканы жеңил- желпи иш эмес, чоң окуялар болуп жатканын кабарлаган түрпкө өткөнү болгон. Бул сүрөткө караң.

 

Жомокчунун ооз аракети

ooz_araketi

Жомокчу «Манас» айта баштаганда, көбүнчө, а деп баштаганда, коңур үн менен жай айтып жаткандыктан, ооз аракети айкын билинбейт. Улам күүлөнүп, окуяга кире баштаганда, күрпүлдөк доош, кыйкырык доошто ооз аракет шамдагайлыкка өткөн. Эң эле кызый, узакка созо айтканда, манасчынын оозунан ак көбүк ууртка бүркүлүп, бирок, шилекей чачыратпоо чеберчилигин ооз аракетине колдоно алган. Жомокчу «Манас» айтканда, ооз- мурдун кыйыштыра турган, ылжактоо, кемшиңдөө аракеттерди жасабаган. Ооз аракети (ачылып- жумулуусу) окуянын мазмунуна карай колдонулган. Алсак, күйүт тартып, боздоо доошунда эки эрин чормоюп турса, ач кыйкырык, сүрөөн окуяда оозду ачып кыйкырык доошун чыгарган. «Манастагы» окуя өтө күйүттүү, жанга машакаттуу тийгенде арандай ооз ачылып (арстандын каарланганындагы ооз кебетесиндей) кыйкырык салып айткан. Бул сүрөттөргө караң:

 

Жомокчунун кол аракети

kol_araketi

Жомокчу «Манас» айтканда, жаңсоо- нускоо эки аракет өнөрүн кол менен көрсөткөн. Оболу, баштаганда жай, коңур доош менен, олутун сактап олтуруп, эки кол малдаш курунган эки тизеге алакан коюп айтат. Окуя улам курчуй, болуп да кан майдандагы салгылашуу окуялары айтыла баштаганда, кол аракет өз мазмунуна карай жасалат: болуп да окуяда кол менен иштелип жаткан мазмунду кол аракет менен көрсөтүүгө табийгы чыгат; «жанчты, муштады, булкту, жулкту» деген этиш сөздөр, жулган- тарткан көрүнүш окуялар кол жаңсоо менен көзгө тарта айтылган. Болгону, кол аракет ошол иштин жасалуусун туурайт. Мисалы, «кезгерип найза чунайтып» деген сүйлөм айтылганда, найзаны сунган кейипти кол кошо кезелип нускайт; «алыстан чети көрүнүп» деген сүйлөм айтылганда, колду чекеге алып, серепчилей кароо менен жаңсап айтылат. «өйдө карай, үстүндө, асманда» деген сыяктуу үстү жакты баяндаган сөз айкаштары айтылганда, кол жогору асманга карай жаңсалат; «түштү, төмөнгө куюлгуду, жерге шуңгуду» деген сыяктуу этиш сөз айкаштары айтылганда, кол жер жакка жаңсалып айтылат. Айтор кол менен иштелип жаткан мазмунду туюнтканда кол аракет жасалган. Кол аракетте колдун олутун сактоо да чоң сымбат болгон. Эки кол жарым жумулуу абалда болгондо, кол учу арбаңдап көрүнбөй, кол аракет да кандайдыр өз көркөм кыймылында көрүнгөн. Каныккан манасчылар кол жаңсоону келсе- келбес колдонбогон. Айтуучулук өнөрдө колду башкара билүү манасчынын жеңил- желпи эместигин көрсөтө турган өлчөм катары көрүнгөн. Кол аракети болгон нускоо- жаңсоо айтуучулук өнөрдүн эң көп колдонулган түрү болуп, угарман ушул аракетке көбүрөөк арбалып, мазмунду кол жаңсоодон элестете олтурган. Ошого манасчы айтып жатканда, кол жаңсоону жөн салды иштебей, болуп да кол жаңсоону ката иштебей, мисалы, «асманда» деген сөз айтылганда, колду жерге карата жаңсабай, «жерде» деген сөздү айтканда, колду асманга жаңсабай, сөз менен аракет шай чыгуу өнөрүн бек карманышкан.

Ушул кезде, кээ бир манасчылар эки колду эки жанына чайпап, арбаңдата берүү жоругун таап алган. Ал кыска айтуу аракетинде билинбегени менен, «Манасты» нече сааттап айтканда, колду чабак уруп айта бергенде, жомокчу оңой эле соолугуп калат. Кол аракетти көп жасаса, угармандардын да тынчы кетет. Мисалы, жөн сүйлөшүүдө колду көп серелетип сүйлөгөн кишиге, сабак сүйлөгөндө, же чогулушта лекция, баян жасаган киши колун такай серелете берсе, угармандын көзү тажап, зээни чачылгандай болгон сыңары. Айтор, манасчылык өнөрдү өздөштүрүүдө, айтуучулук өнөрдүн кол аракетин, мазмунга шай кылуу менен кошо, угарманга кудум окутуучу сабакканада өзүн кандай сымбат менен кармап сүйлөө тартиби болгон сыңары, манасчыда да өнөрпоздук көркөм сымбат талап кылынып келген. Болуп да кол аркеттин таасири күчтүү болгондуктан серелөө, калдактоо, арбаңдоо сыяктуу орой аракеттер улуу жомоктун каадасын бузарын, угармандын зээнин чачарын өзгөчө ойго алууну сунуш кылар элек. Сүрөттөргө караңыздар.

 

Жомокчунун бут аракети

Жомокчу «Манас» айтканда, малдаш курунуп олтуруп айткандык үчүн, бут аракет дегени негизинен обдула калганда, жүткүнгөндө, булкуна айтканда, жоон сандын аракети менен жылуу кыймылын колдонгону эле. «Манас» айтып жаткан жомокчу ордунан тура калууга, же бутту сунуп олтуруп айтууга болбойт. Бирок олтурган олутун жазбай темине, обдула калуу аркылуу айтып жаткан окуяны аракеттүү кыймылга алып көрсөтө алат. Ал тургай, олтурган угармандар да өзүнүн жүткүнүп, ээлигип манасчы менен кошо кыймылга келип кетүү аракетине киргизе алат. Манасчынын обдулуу, жүткүнүү аракет жасоосуна шарт жаратууну угарман жакшы билет. Кадыресе, манасчы күрпүлдөтүп айтып, өзүнүн жүткүнүп кете бергенин туйбай бара жатканын угарман түшүнүү менен кабыл алып, коломтого (азыркы сахнанын илебине) жакындаганда, айтуусун токтотпой, кайра артына сүйрөп келип, олутуна олтургузуп коюуну жасай алышат. Кээ бир манасчылардын алкынып, жүткүнүп айтуусун өөн албай, угарман драмалык аракет катары кабыл алат. Обдулуу, жүткүнүү жөн эле өнөр көрсөтүп, алкынып- булкунуп кызытуу эмес, мазмундун капшаптуу, алдыга талпынуучулугу, мисалы, «жете барып кармады, алкынтып алга чурады, кууп жөнөп калганы» деген сыяктуу мазмундарды кошо сүрөп айтуунун аракети теминүү, жүткүнүү менен коштолгон. Ооба, демейде, кыргыздар ат байгесинде, маарага жакындап калган атты сүрөп, кээ бирөөлөр алдында олтурган, турган адамдарды унута калып, ордуларынан тура кетип, алдыга жүткүнүп, булкунуп быяктан туруп кыйкырып сүрөөнгө түшкөн сыяк, манасчы ошондой капшаптуу окуяларды обдулуу, сүрөөндөө аракети менен айткан. Сүрөттөргө караңыздар.

 

Майнап

Ушул күндө, эми жетилип келе жаткан манасчыларга ким канчалык айта алат деген талапты гана коюп калдык. Биз эми канчалык айта алат дегенден өтүп, кандай айта алат? деген талапты койбосок, манасчыларды толумдуу, түпкү манасчылык өнөргө мурастуулук кылган манасчыга жетиштире албайбыз. Ушул күнгө чейин, бизге Тыныбек манасчы шакирттерин кандай жетиштирди, ал өз окуучуларына эмнелерди айтып үйрөттү? дегенди билүү мүмкүнчүлүгүбүз жок. Себеби, алардын оозунан «Манас» кагаз бетине түшкөнү менен, «Манасты» кандай айтуу керек? деген мазмунду эч ким жазып калбаган. Биз жомокчулуктун (манасчылыктын) устат- шакирттик байланышы бар деп баамдаганыбыз менен, манасчы устат шакиртин кандай жетиштирди? деген суроонун жообун билбейбиз. Биз «Манасты» мындан ары урпактарга өз каадасы, кадыры менен улайбыз, мурасчыларды тарбиялайбыз дейт экенбиз, сөзсүз «айтуучулук билимдерин» түзүп, калыптандырып, ошол бирдиктүү колдонмо менен «Манас» айтуу илимин калпташтыруубуз керек. Болбосо, ар ким өз билгени боюнча айта турган, айтуучулуктун негизи эмне десе, айтып бере албай турган, ички мыйзамы жок нерсе болуп жүрө берет. Ички мыйзам-эрежеси жок нерсе илимге көтөрүлө албайт.

Макелек Өмүрбай уулу,
«Тил жана Котормо» журналынын башкы редактору,
филология илимдеринин доктору

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.