Алыкул Осмоновдун үй-музейи ачылды

yiРедакциядан:
12-декабрь кыргыз эли сыймыктанган, улуу классик акыныбыз Алыкул Осмоновдун өлгөн күнү. Дал ушул күнгө карата Алыкул Осмоновдун Ысык-Көлдө жашаган үйү музейге айланып, анын ачылыш аземи болуп өттү. Ага Маданият жана маалымат агенттигинин жетекчиси Султан Раев, Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары конок катары чакырылышса дагы, бирөө да басып барганга жараган жок. Демейде эл алдында улуу акыныбыздын “Сен ооруба, мен оруюн Ата-Журт”-деген сөздөрүн улам-улам кайталап, өздөрүн чыныгы патриот көрсөтүп жүрүшкөн эл башчыларыбыздын мындай мамилеси алардын чыныгы жүзүн көрсөтүп койду. Чакырылгандардан жалгыз көлдүн тургуну жана коомдук ишмер катары экс-депутат Султан Урманаев катышып, чыгаан талантты баалап, барктай албаган кыргыз бийлигин сынга алды. Баарынан да керээлден кечке Бакиевин эле мактап бүтө албай аткан, улутубуздун жүзү болгон улуттук биринчи каналыбыз улут сыймыгы болгон Алыкулга эки мүнөттүк көрсөтүүсүн ыраа көрбөгөнү өкүндүрөт. Айтмакчы, Алыкулдун көлдөгү үйүн музейге айландырууда биздин кесиптешибиз, “Азаттык” үналгысынын журналисти Рита Нурманбет кызы жана анын жолдошу ат көтөргүс иш аткарып, музейди өз каражаттары менен уюштурушкан.

Анда эмесе, “Азаттык” үналгысынын Ысык-Көл областы боюнча кабарчысы Рита Нурманбет кызынын Алыкул Осмоновдун Чолпон-Ата шаарындагы үй-музейинин ачылыш аземинен атайын репортажды сунуштамакчыбыз.

Акындын Чолпон-Ата шаарындагы үй-музейинин ачылышына чакырылган ЖКнын Ысык-Көлдүк депутаттары, акын-жазуучулары, маданият жана маалымат агенттигинен бир да өкүл келген жок. Коомдук ишмер, Ысык-Көлдүк Султан Урманаев А.Осмоновдой эч ким Ысык-Көлдү урматтап даңазалай электигин белгилеп, жергиликтүү бийлик акынга сыртын салып келгенин ачыктады.

Кумтөрдүн акчасын жебеген,( ооз тийбесин деп айталычы) бир да чиновник калган жок го Кыргызстанда. Ошондон деле бир аз бөлүп, эчак эле музейге көңүл бөлүш керек эле да. Эми музей ачыпсыңар, музей музей менен. А.Осмоновдун чыгармаларын кайра басып чыгаруу керек. Азыр акындын жазган китептери жокко эсе. Биз баарыбыз ошого жардамдашалы.Бийлик да өз милдетин парзын аткарсын, иштесин!

Классик акын Алыкул Осмонов кургак учук менен жабыркап жүрүп, 35 гана жашында көз жумган. Ошол дарттын азабынан 1945-50-жылдарда Чолпон-Ата шаарындагы кургак учук санаториясына дарыланып, ал жерден 3 бөлмөлүү үйдү байырлап калат. Бул учур акындын өмүрүнүн акыркы жылдары болуп калды, анткени Алыкул Осмонов 1950-жылы 12-декабрда кайтыш болгон. А.Осмоновдун жээни Нестан Сыдыгалиева акындын өлгөн күнүндө музей ачылганын кубаттады.
Көл жергесинде музей ачылып атканына кубанып атабыз, ыраазыбыз, атам Болотбек Сыдыгалиев А.Осмоновдун жээни болот, ал киши 80 жашка таяп калгандыктан, алыскы Каптал-Арык айылынан келе албай калды, салам айтты.

Мурда ЖКнын депутаты, министр, губернаторлук кызматта иштеп жүргөн С.Урманаев музейдин ачылышына 5 миң сом берсе, Рамис Рыскулов баштаган Бактыгүл Чотурова ж.б. акындар китептерин тапшырды. Ысык-Көл районунун акими Т.Мансуров да келип, чакан материалдык жардам берди.
Жергиликтүү бийлик Алыкул акындын үйү турган аймакты Чолпон-Ата шаарындагы А.Осмонов атындагы паркка айландырып, ошол жерге айкелин орнотууга уруксат берээрин убадалады.
А.Осмоновдун үй – музейинин негиздөө-чүсү, фотожуналист Б.Асанбаев ага Бишкектеги “Алыкул үй – борбору” коомдук бирикмесинин башчысы Памир Казыбаев да көмөктөшкөнүн белгилеп, бул ишке эмне түрткү болгонун чечмеледи.

Акындын үйү кароосуз калганын көрүп, чыгармачыл адам , көлдүк атуул катары кайдыгер боло албадым. Чолпон-Ата шаар башчысына барсам, Нурлан Насирдинов чечип берди. Анан чоңдорго же ишкерлерден барып суранган деле жокмун, үй-бүлөмдүн жардамы менен оңдоп чыктым, экспонаттарды чогулттум.

А.Осмоновдун ондогон ырлары эл оозунда ырдалып жүрөт.Обончулардан Камчыбек Букалаев акындын “Жалжалым”, жана “Түнкү кайык” аттуу ырларына обон чыгарганын айтып, аткарып берди..

Атың жакшы Ысык-Көл..
Ата-Бабам сыйлаган…
Айланасы жашыл көл
Көрбөй калсам сагынам…

«Эл сөзү» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.